НЕГИЗГИ КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮК
Маалыматтык: Кыргыз Республикасынын жаза кодексине САБАКТЫН ТЕМАСЫ: «Мен коррупцияга каршымын».
1) ылайык”коррупция”деген түшүнүктү,себептерин билишет.
2) Социалдык-коммуникативдик: Коомдогу мындай терс көрүнүштөргө өз
ой-пикирлерин билдиришет.
3) Өз көйгөйүн чечүү: Адилеттүүлүккө,чынчыл болууга тарбияланышат.
САБАКТЫН ТИБИ: Жаңы билимин өздөштүрүү сабагы.
САБАКТЫН ЫКМАСЫ: Аңгемелешүү,талкуу сабак.
САБАКТЫН ЖАБДЫЛЫШЫ: Таркатмалар,синквейн.
САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ: а) Уюштуруу
б) Үй тапшырмасы.
в) Жаңы тема.
МЕН КОРРУПЦИЯГА КАРШЫМЫН.
Коррупция деген эмне?Коррупция-бул мамлекеттик кызматкерлер тарабы-нан ээлеген кызмат ордуларын,кызматтык укуктарын жана бийлигин,мый-замсыз байлык чогултуу,жеке материалдык жана башка жыргалдыктар үчүн колдонуу.
Албетте коррупцияны бир гана мамлекеттик чиновниктер жасайт деп айтуу туура эмес.Жөнөкөй адамдардын арасында да коррупционерлер көп.Корруп
циянын зыяны өкмөткө,экономикага зыян келтирип,жалпы коомдун жашоо
деңгээлин төмөндөтөт.Андан тышкары бул элдин бийликке болгон ишенимин азайтат,жеке ортосундагы ишенич жоголот.
Пара алуу-коррупциянын чыныгы жүзү десек болот жана бул абдан корку-нучтуу да,жугуштуу да көрүнүш.
Мыйзам тарабынан пара алуу,же берүү-бул кылмыш.
Пара алуу жалаң эле акчалай болбостон,баалуу кагаздар,мөөр басуу,тактама алуу,мал-жан берүү,колдоо сөздөрүн айтуу менен коштолот.Кандай гана бол-босун баары бир бул өкмөткө зыянын тийгизет.Өкмөткө зыяны тийген сон,ал сөзсүз сага да,мага да зыяны тиет.
Баарыбыз коррупцияны жоюуга аракеттенели!
КОРРУПЦИЯНЫН СЕБЕПТЕРИ.
1.Мамлекеттик кызматчылардын эмгек акысынын төмөндүгү.
2.Мыйзамдарды жетиштүү деңгээлде билбегендиги.
3.Оңой окатты тандоосу,б.а.адамдардын жалкоолугу.
4.Адамдардын ар кандай кызматтарга бат-баттан алмашуусу.
5.Өлкөдөгү туруксуздук.
6.Коррупциянын адат болуп калышы.
7.Калктын жашоо-турмушунун жогорулашы.
8.Жумушсуздук.
БЫШЫКТОО: Суроо-жооп.
1.Коррупция деген эмне?
2.Коррупциянын кесепети мамлекетке зыяны тиеби?
3.Коррупцияга малынбаш үчүн эмне кылуу керек?
Жыйынтыктоо:
Демек,балдар мамлекетибиздин келечеги үчүн коррупция менен күрөшүү-ар бирибиздин милдетибиз.Мен сабакты Искак Раззаковдун”Мен таза болсом, сен таза болсоң,коом да таза болот”,-деген сөзу менен жыйынтыктагым ке-лет.
СИНКВЕЙН
1.Коррупция
2.зыяндуу,жийиркеничтүү,жат.
3.жардылантат,зыян келтирет,коркутат.
4.Мен коррупция менен күрөшөм.
5.паракорлук.
БААЛОО: Окуучулардын жөндөмүнө жараша.
ТАПШЫРМА: Кластер түзүп келүү.
© ООО «Знанио»
С вами с 2009 года.