Антарктида материгинин жаратылышы
Оценка 4.9

Антарктида материгинин жаратылышы

Оценка 4.9
Презентации учебные
ppt
география
7 кл
07.08.2020
Антарктида материгинин жаратылышы
Антарктиданын жаратылышы.ppt

Мугалим: Сүйүндүкова Мейизгүл иманалиевна

Мугалим: Сүйүндүкова Мейизгүл иманалиевна

Мугалим: Сүйүндүкова Мейизгүл иманалиевна

Тема: Антарктиданын
жаратылышы

Антарктиданын климаты Географиялык абалынын, муз менен капталуусунун таасири астында катаал климат “Жердеги эң суук климат” калыптанат

Антарктиданын климаты Географиялык абалынын, муз менен капталуусунун таасири астында катаал климат “Жердеги эң суук климат” калыптанат

Антарктиданын климаты

Географиялык абалынын, муз менен капталуусунун таасири астында катаал климат “Жердеги эң суук климат” калыптанат. Бул жерде биздин планетанын эң төмөнкү температурасы 89,2o С катталган.
Материктин үстүндө суук жана кургак антарктикалык аба массалары калыптанган. Материктин борборундагы дөмпөк тарткан бийик муздардан дайыма “аккан шамалдар” согуп турат, аларды катабатикалык деп аташат. Антарктидада шамалдардын уюлу “Русская” станциясында жайгашкан.

Антарктида материгинин жаратылышы

Антарктида материгинин жаратылышы

Антарктида материгинин жаратылышы

Антарктида материгинин жаратылышы

Антарктиданын кышы ѳзгөчө ызгаардуу, алардын орточо температурасы –70оС

Антарктиданын кышы ѳзгөчө ызгаардуу, алардын орточо температурасы –70оС

Антарктиданын кышы ѳзгөчө ызгаардуу, алардын орточо температурасы –70оС. Ички областтарындагы жайкы температуралар чанда –36оС чейин көтөрүлөт. Материктин борбордук бөлүгүндө жаан – чачындар жылына 100 мм/ жаайт жана алар кар түрүндө гана түшүшѳт.
Антарктидалык оазистерде тегерегиндеги муздарга караганда абанын температурасы 3- 4°Сдан жогору. Бул жайында кардан жана муздан бош аскалар күн нурунун 85% тартып алат да, ѳзүлѳрү +20 - +30°С га чейин жылынганы менен байланыштуу, ал эми алардан курчаган аба жылынат. Кээ бир оазистердеги майда көлдөрдѳ суунун температурасы + 10 - +15°Сга жетет. Жээктеринин климаты башкача. Бул жерде катуу шамалдар дайыма болот, жаан – чачындын саны кѳбѳйѳт (жылына 300 мм. ге чейин жетет), жайкы температура бийигирээк (–1,0оС), жаан жаайт. Материкте эки климаттык алкак бөлүнөт: антарктикалык жана субантарктикалык.

Антарктида материгинин жаратылышы

Антарктида материгинин жаратылышы

Антарктида - туруктуу агуучу дарыялар жана туруктуу көлдѳрү жок

Антарктида - туруктуу агуучу дарыялар жана туруктуу көлдѳрү жок

Антарктида - туруктуу агуучу дарыялар жана туруктуу көлдѳрү жок Жердеги жалгыз материк. Бирок, жайында эриген суулардын убактылуу жылышы океанга умтулушат жана жер бетинде эриген суулардан дарыяларга жана көлдөргө окшошкон жүздөгөн чөөттөр пайда болушат. Антарктидадагы чыныгы кѳлдѳр калың муздардын алдында жайгашат. Ири муз астындагы Чыгыш көлүн 1996-жылы антарктидалык “Чыгыш” станциясынын районунда табышкан. Ал 4000 метрге жакын муз калыңдыгынын алдында жайгашкан жана анын аянты 15,5 миң км² түзѳт.

Антарктиданын ички суулары

Антарктида материгинин жаратылышы

Антарктида материгинин жаратылышы

Антарктиданын өсүмдүктөр дүйнөсү

Антарктиданын өсүмдүктөр дүйнөсү

Антарктиданын өсүмдүктөр дүйнөсү

Материктин көпчүлүк бөлүгүн антарктикалык чөл ээлегендигине карабастан, жашоо бул жердин бардыгында кездешет, уюлдун районунда, суукта, карда дагы бактериялар табылган.
Өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү негизинен оазистерде кездешет. Бул жерде негизинен мох, эңилчек, эң майда козу карындар, гүлдүү өсүмдүктөр тобунан: антарктикалык шалбаа (Антарктикалык жарым аралда) гвоздика тобунан колобантус кито – өсөт.
Антарктиданын бардык өсүмдүктөрү түбөлүк суукка ийгиликтүү ыңгайлашышкан. Алардын клеткаларында суу аз, ал эми бардык процесстер өтө жай жүрѳт.

Антарктидалык шалбаа өсүмдүктөрү жакшы күн тийген жер аянттарында гана ѳсѳт

Антарктидалык шалбаа өсүмдүктөрү жакшы күн тийген жер аянттарында гана ѳсѳт

Антарктидалык шалбаа өсүмдүктөрү жакшы күн тийген жер аянттарында гана ѳсѳт. Шалбаа чөбү 20 см бийиктике чейин өсөт. Ѳсүмдүктүн ѳзү суукту жакшы көтөрөт. Гүлөдөгөн убакта дагы ѳсүмдүккѳ суук зыян тийгизбейт.

Колобантус кито – майда ак жана агыш-сары гулдөрү менен жаздык сыяктуу формасындагы чөп өсүмдүгү. Чоң ѳсүмдүктүн бою 5 см ден ашпайт.

Антарктиданын жаныбарлар дүйнөсү

Антарктиданын жаныбарлар дүйнөсү

Антарктиданын жаныбарлар дүйнөсү

Антарктиданын жаныбарлар дүйнөсү ѳсүмдүктѳргѳ караганда бай жана ѳзгѳчѳлѳнгѳн. Көптөгөн жаныбарлардын жашоосу океан менен байланышкан, кургактыктагы жаныбарлар аз.
Кургактыкта сөөлжандар, канаты жок курт-кумурскалар табылган. Жээк сууларында балыктар, киттер, тюлендер азыктанган планктондор көп. Жайында жээктеринде канаттулар кѳп: ак чардактар, бакландар, чайка-поморниктер, альбатростор, пингвиндер. Антарктиданын адаттагы жаныбары – пингвиндер.
Алар учушпайт, жакшы сүзүшөт, балыктар, моллюскалар жана рактар менен тамактанышат. Бул жерде пингвиндердин 17 түрү бар.
Эң кеңири таралган – чоң эмес Адели пингвини. Эң чоңу - император пингвини, анын салмагы 50 килограмм жана бою метрден көбүрөөк.

Антарктида материгинин жаратылышы

Антарктида материгинин жаратылышы

Антарктидадагы адам Антарктидада туруктуу жашаган калк жок, ал бир дагы ѳлкѳгѳ тиешелүү эмес жана өз алдынча мамлекет болуп эсептелбейт

Антарктидадагы адам Антарктидада туруктуу жашаган калк жок, ал бир дагы ѳлкѳгѳ тиешелүү эмес жана өз алдынча мамлекет болуп эсептелбейт

Антарктидадагы адам

Антарктидада туруктуу жашаган калк жок, ал бир дагы ѳлкѳгѳ тиешелүү эмес жана өз алдынча мамлекет болуп эсептелбейт. Материкте изилдөөчү станциялар жайгашкан, окумуштуулар рельефти, климатты изилдешет.
Жайында убактылуу тургундардын саны болжолдуу 4000 адамды, кышында 1500 адамды түзѳт. Бул жерде эч ким 18 айдан ашык жашаган эмес.
1959 -жылдагы Эл аралык келишимге ылайык, Антарктида илимий изилдөөлѳрдүн толук эркиндигинде тынчтык максатта гана пайдаланган нейтралдык, демилитардык зона.
Материкте 14 мамлекеттерге тиешелүү 70 илимий станция, анын ичинен туруктуу 42 станция бар.
Антарктидада согуштук сыноолорду өткөрүүгө тыюу салынган, ал эми 1991 - жылдан бери кен байлыктарды алууга тыюу салынган.

Картада Антарктидалык “Чыгыш”(Россия) станциясы кайда жайгашканына көңүл бургула

Картада Антарктидалык “Чыгыш”(Россия) станциясы кайда жайгашканына көңүл бургула

Картада Антарктидалык “Чыгыш”(Россия) станциясы кайда жайгашканына көңүл бургула. Ал материктин аз изилденген жана ѳтѳ татаал жеткиликтүү районунда, материктин бардык жээктеринен абдан алыс жайгашкан. Бул жер “Жеткиликтүү эмес Уюл” деп аталат.

Антарктида материгинин жаратылышы

Антарктида материгинин жаратылышы

Антарктида материгинин жаратылышы

Антарктида материгинин жаратылышы

Антарктиданын экологиялык кѳйгѳйлѳрү

Антарктиданын экологиялык кѳйгѳйлѳрү

Антарктиданын экологиялык кѳйгѳйлѳрү

Муздардын эриши-Антарктиданын эң башкы көйгөйү. Бул глобалдык жылуулануунун натыйжасында болууда. Материкте абанын температурасы дайыма жогорулоодо.

Ларсен шельфтик мөңгүсү стабилдүү деп эсептелген, анткени ал акыркы мөңгүлүк мезгилден бери 10 000 жылдан кѳбүрѳѳк жашап келген

Ларсен шельфтик мөңгүсү стабилдүү деп эсептелген, анткени ал акыркы мөңгүлүк мезгилден бери 10 000 жылдан кѳбүрѳѳк жашап келген

2002 - жылга чейин Ларсен шельфтик мөңгүсү стабилдүү деп эсептелген, анткени ал акыркы мөңгүлүк мезгилден бери 10 000 жылдан кѳбүрѳѳк жашап келген.

Бирок 2002 -жылы андан кѳлѳмү 2500 км² айсберг бѳлүнгѳн. Мѳңгүнүн бѳлүнгѳнүнѳн Уэдделла деңизине миңдеген айсбергдер түшкөн. Айта кетсек, бул биздин планетадагы эң таза деңиз деп эсептелет.

Антарктиданын үстүндө озон жыртыгы бар

Антарктиданын үстүндө озон жыртыгы бар

Антарктиданын үстүндө озон жыртыгы бар. Озон катмары күн радициясынан жердин бетин коргобогондугу менен коркунучтуу, абанын температурасы күчтүрѳѳк ысый баштайт жана глобалдык жылуулануу көйгөйү актуалдуулугун жоготпойт. Озон жыртыгы адамдын ден соолугуна дагы, деңиз жаныбарлары жана өсүмдүктөрдүн жашоосуна дагы коркунуч туудурат.

Озон жыртыгы
Окумуштуулардын заманбап изилдөөлѳрүнѳ ылайык Антарктиданын үстүндөгү озон жыртыгы акырындап тартыла баштады жана, мүмкүн, ондогон жылдардан кийин жоголуп кетет.

Акыркы убактарда эң муздак материкке туристердин кызыгуусу да кескин ѳсүп жатат

Акыркы убактарда эң муздак материкке туристердин кызыгуусу да кескин ѳсүп жатат

Акыркы убактарда эң муздак материкке туристердин кызыгуусу да кескин ѳсүп жатат. Эгер азыр туристтер материкке кораблдер менен сүзүп келишсе, анда келечекте Антарктиданы планетадагы эң мыкты туристтик орун катары пайдалануу пландаштырылууда.
Оюубузга дароо эле кѳптѳгѳн мейманканалар, сатуучулар болгон сүрѳт тартылат.
Туристтердин агымы кѳбѳйгѳндѳ континентти эмне күтүп жаткандыгын ѳзүңѳр түшүнүп жатсаңар керек. Т
аштандылардын тоосу, жаныбарлардын ѳлүмү. Адам казып алуучуларга дагы да болсо жете элек. Ал эми чоң муздун алдында алар абдан кѳп эмеспи.

Антарктида материгинин жаратылышы

Антарктида материгинин жаратылышы

Антарктида материгинин жаратылышы

Антарктида материгинин жаратылышы

:

:

:

Материалы на данной страницы взяты из открытых истончиков либо размещены пользователем в соответствии с договором-офертой сайта. Вы можете сообщить о нарушении.
07.08.2020