Энелер мектебин түзүүнүн зарылчылыгы

  • pptx
  • 17.12.2021
Публикация на сайте для учителей

Публикация педагогических разработок

Бесплатное участие. Свидетельство автора сразу.
Мгновенные 10 документов в портфолио.

Иконка файла материала Энелер мектебин түзүүнүн зарылчылыгы.pptx

№11 М.Темирбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби

Тема :
«Энелер мектебин түзүүнүн зарылчылыгы»


Мугалим:
Усубалиева Г.У.

« Ар бир ата-эне өз балдары үчүн биринчи жана түбөлүктүү тарбиячы,педагог болуп саналат.Баланы окутардан мурун аны ар тараптуу билүү керек»,-деп улуу педагог К.Л.Ушинский айткан.

Тарбиянын булактары :

1. Үй-бүлө

2.Мектеп

3.Чөйрө

«Энелер мектеби» бүгүн эле пайда болуп калган жок.Чех педагогу Я.А.Коменский өзүнөн мурдагы окумуштуулардын жана үй-бүлөдөгү тажрыйбала-рын пайдаланып,биринчилерден болуп мектепке чейинки курактагы балдарга үй-бүлөдө тарбия-таалим берүү жөнүндө чыгармаларында жазган.
Ал эми биздин өлкөнүн аймактарында 1997-жыл-дан жандантып,өзүнүн педагогикалык ишмердүү-лүгүн ушул багытка арнаган каарманыбыз Гапыр Мадаминовдун эмгеги зор.

Бала тарбиясына эне гана жооптуубу?...

Эмне үчүн энелер?...

А аталарчы?...

ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИН ТҮЗҮҮНҮН
ЗАРЫЛЧЫЛЫГЫ
- Ата-эненин мектеп менен байланышынын начардыгы
- Ата-эненин сабактарга кызыгып катышпоосу
- Тарбия маселесинде жалгыз мугалимдин күнөөлүү болушу
- Окуучулардын үйдөн сабак аткарбай келиши
- Окуучулардын убакытты туура эмес пайдаланып жатышы
- Бала бакчалардын жетишсиздиги

Энелер мектебинин максаттары :

Баладагы бардык жакшы сапаттардын көпчүлүгү энелерден өткөнүн эске алып,айыл жериндеги энелерге үй-бүлөдө балдарды мектепке даярдоодо,акыл-эс,адеп-ахлак тарбиясы жонүндө педагогикалык маалымат берүү.

Үй-бүлөдөгү балдардын сезүү,кабылдоо,ойлоо,эстеп калуу,таанып-билүүгө,билим алууга зарыл сапаттарын калыптандыруунун эң жөнөкөй жолун,ыкмаларын үйрөтүү.

Айрыкча жаш энелерге балдарын тарбиялап өстүрүүгө кызыгууну,жоопкерчиликти ойготуу.

Балдар бакчасына барбаган балдардын мектепке чейинки даярдыгын үй-бүлөдө толтурууга аз да болсо энелерге жардамдашуу.

Эң жөнөкөй педагогикалык маалыматтардын негизинде эне тарбиячы,эне педагогду даярдоого көмөктөшүү.

Көңүл бурганыңыздарга ыракмат!