Өткөн сабакты кайталоо
Этиш деп эмнени айтабыз? Суроолору кайсы?
Этиштин канча жагы бар? Алар кайсылар?
Келер чак деп эмненин айтабыз?
Учур чак деп эмнени айтабыз?
Өткөн чак деп эмнени айтабыз?
Алтын эреже
С – сабакка активдүү катышуу.
Ы – ынтымак менен жооп берүү.
Н – намыска тик туруу .
А – айтылган ойлорду сыйлоо.
Т – тапшырмаларды аткаруу.
О – окуучулардын пикирин угуу.
О – оюн топтоп жооп берүү.
Ч – чыгармачылык менен катышуу.
Сабактын максаты:
Сын атооч жөнүндө кеңири маалымат алышат. Кепте анын колдонулушу боюнча маалыматтарын кеңейтишет.
Ойлоо жөндөмдүүлүгүн, кругозорун, сүйлөө речин өстүрөт.
Адамдык мыкты сапаттарын ачуу менен бири-бирине кайрымдуу, сабырдуу болууга тарбияланышат.
пункт первый презентации
пункт второй презентации
пункт третий презентации
пункт четвертый презентации
пункт пятый презентации
Көрсөткүчтөр:Окуучулар максатка жетет деп билсек болот, эгерде алар:
Сын атооч жөнүндө кеңири маалымат алышса;
Кепте, сүйлөө речинде аны туура колдоно алышса;
Сүйлөмдөрдү түзүп, андан сын атооч сөздөрдү туура таба алышса;
Ойлоо жөндөмдүүлүгүн, кругозорун, сүйлөө речин өстүрсө;
Адамдык мыкты сапаттарын ачуу менен бири-бирине кайрымдуу, сабырдуу болууга үйрөгүшсө;
Сын атооч деп эмнени айтабыз?
Заттын сын-сыпатын, өңү-түсүн, даамын, формасын, көлөмүн билдирип, кандай? кайсы? деген суроолорго жооп берген сөз түркүмү сын атооч деп аталат.
М и с а л ы: жакшы, ак, бийик, пайдалуу ж. б.
Аквариум
(лат. aquarium – суу куйгуч) - суу жаныбарлары менен өсүмдүктөрүн өстүрүүгө арналган, айнектен жасалган идиш. Анын кээ бир түрлөрүн дельфинарий, океанариум деп аташат. Алардын курулушу менен көлөмү да ар кандай. Аквариумдар балыктардын табыгый жашоосуна шайкеш жабдыкталат. Аквариумга аба да жиберилип турат. Анын суусу мезгил-мезгили менен алмаштырылып турат.
Балыктар
Ысык-Көлдө түрдүү балыктар бар. Анын ичинен 12си көлдүн өзүнүкү, калганы башка жактан алып келинген. Көлдөгү балыктар – көк чаар, түрпү, каңылтыр, чабак, форель, карп жана башкалар.
Аквариум балыктары эң кичинекей, кооз балыктар. Алар алыскы өлкөлөрдөн алынып келет.
Аквариумдагы кызыл, сары, алтын түстүү балыктарды карап отуруу – ден соолукка пайдалуу.
4-көнүгүү. Тексттин акыркы сүйлөмүн көчүрүп жазгыла. Сын атоочтордун астын сызып, суроо бергиле.
Аквариумдагы кызыл, сары, алтын түстүү балыктарды карап отуруу – ден соолукка пайдалуу.
5-көнүгүү. Балык темасына синквейн түзгүлө. Кандай сын атоочторду пайдаландыңар?
1. Балык Көл Аквариум
2.
3.
4.
5.
Жыйынтыктоо
Сын атооч сөз түркүмү эмнени билдирет?
Сын-сыпатты билдирген сөздөр кайсылар?
Даамды билдирген сөздөргө мисал келтиргиле.
Көлөмдү кайсы сөздөр билдирет?
Форманы кайсы сөздөр билдирет?
Заттын өңү –түсүн билдирген билдирген сөздөр кайсылар?
Сын атооч кайсы суроолорго жооп берет?
Материалы на данной страницы взяты из открытых источников либо размещены пользователем в соответствии с договором-офертой сайта. Вы можете сообщить о нарушении.