Мамлекеттик туу
Оценка 4.6

Мамлекеттик туу

Оценка 4.6
Лекции
docx
21.12.2021
Мамлекеттик туу
мамлекеттик туу доклад.docx

   Мекенди сүйүү-бул  мамлекеттик атрибуттарды туу,герб,гимнди сүйүүдөн башталат.

Туу-бул мамлекеттин символикасы.Андыктан аны ардактап уру-нуу,көздүн карегиндей сактоо- ар бирибиздин атуулдук милде-тибиз.

    Туу жөнундө тушүнүк байыртадан эле белгилүү болгон.Муну “Манас” эпосундагы:

    “Ак асаба кызыл туу,

      Айгайлаган ызы-чуу,

      Көк асаба кызыл туу,

      Көк жаңырган улуу чуу”,-деген саптар айгинелеп турат.Жоого аттанганда тууну  алып жүргөнгө эр жүрөк, ишеничтүү жоокер дайындалган.Ал салгылашуу учурунда аскерге дем,кубат берүү максаты менен бийик дөңсөө жерге кармап турган.Ошондуктан туу ыйык катары сакталган.

 Кыргыздар орто кылымдардан бери кызыл түстөгү тууну колдонуп келишкен. Кызыл түс - эрдиктин жана тайманбастыктын символу. Жаркыраган алтын күн-бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат.Ал эми түндүк-үй кутунун символу.Аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыр-кы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин тастык-тайт.Бул символдор элибиздин улуттук руханий дүйнө таанымынан жана басып өткөн тарыхый жолунан жаралып келип чыккан сим-волдор.Бул символдордун мамлекеттик туубузда айкалышта чагылып турушу-дөөлөттүн көөнөрбөстүгүн,ыйыктыгын,элибиздин өткөндү унутпай,келечекке ишенимдүү кадам койгондугун айгине-леп турат.

 Ар бир өлкөнүн өз доорунун туусу болот.Бир катар мамлекеттерде Мамлекеттик туусун жарандар үйлөрүнө илип ыйык тутат.

 Кыргыз Републикасынын мамлекеттик туусу 1992-жылы  3-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

           Кечээгисин унутпай,

          Бүгүнкүсүн курутпай,

          Эртеңине көз салып,

          Эркин жүргөн булуттай.

          Нарктуу кыргыз тукуму,

          Терең түшүн ушуну,

          Барктабасак урбайбы,

          Бабалардын кусуру,-демекчи,ата-бабаларыбыздан калган улуу мурасты,малекетибиздин сыймыгы болгон туубузду келечек урпактарыбызга  аздектеп,мурас кылып берели !

 


 

Мекенди сүйүү-бул мамлекеттик атрибуттарды туу,герб,гимнди сүйүүдөн башталат

Мекенди сүйүү-бул мамлекеттик атрибуттарды туу,герб,гимнди сүйүүдөн башталат

Кечээгисин унутпай,

Кечээгисин унутпай,
Материалы на данной страницы взяты из открытых истончиков либо размещены пользователем в соответствии с договором-офертой сайта. Вы можете сообщить о нарушении.
21.12.2021