Молдова Республикасы
Оценка 4.6

Молдова Республикасы

Оценка 4.6
Презентации учебные
ppt
география
9 кл—11 кл +1
09.08.2020
Молдова Республикасы
Молдова (Молдавия), Молдаван Республикасы – Европанын түштүк-чыгышындагы мамлекет. Түндүк-чыгышынан жана түштүгүнөн Украина, батышынан Румыния менен чектешет. Аянты 33,8 миң км2. Калкы 3,56 млн киши (2010: 518,7 миң киши түзгөн Днестрдин сол жээгин жана Бендеры муниципийин кошпогондо). Борбору – Кишинёв. Административдик-аймактык жактан 32 районго, 5 муниципийге жана 2 автономия аймагына (Гагаузия, Днестрдин сол жээги) бөлүнөт. Акча бирдиги – молдаван лейи. Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006) Молдавия – БУУнун, ЭВФтин, Эл аралык соода уюмунун, ИНТЕРПОЛдун, Эл аралык электр байланышынын, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын, ЮНЕСКОнун ж. б. мүчөсү.
молдова.ppt

Бишкек шаарындагы А.Каниметов атындагы №1 жалпы билим берүүчү гимназия-интернатынын география мугалими:

Бишкек шаарындагы А.Каниметов атындагы №1 жалпы билим берүүчү гимназия-интернатынын география мугалими:

Бишкек шаарындагы А.Каниметов атындагы
№1 жалпы билим берүүчү гимназия-интернатынын география мугалими: Сүйүндүкова Мейизгүл Иманалиевна.

ГЕОГРАФИЯ
9-КЛАСС

Украина кайсы мамлекет менен чектешпейт?

Украина кайсы мамлекет менен чектешпейт?

Украина кайсы мамлекет менен чектешпейт?

А) Россия
Б) Румыния
В) Белоруссия
Г)Тажикстан

Г)Тажикстан

Г)Тажикстан

Г)Тажикстан

Аймактык-администрациялык жактан

Аймактык-администрациялык жактан

Аймактык-администрациялык жактан Украина канча облуска бөлүнөт?

А)24
Б)25
В)26
Г)27

А)24 облуска бөлүнөт.

А)24 облуска бөлүнөт.

А)24 облуска бөлүнөт.

Деӊиз порттору жана аба жолдору

Деӊиз порттору жана аба жолдору

Деӊиз порттору жана аба жолдору Украинаны канча өлкө менен байланыштырат.

А)110 өлкө менен
Б) 100 өлкө менен
В) 80 өлкө менен
Г) 60 өлкө менен

В) 80 өлкө менен

В) 80 өлкө менен

В) 80 өлкө менен

Чыгыш Европанын кайсы өлкөсү жүзүм менен атагы чыкканын, дүйнө жүзү боюнча өнүмдөрү жогору бааланарын билесиӊерби?

Чыгыш Европанын кайсы өлкөсү жүзүм менен атагы чыкканын, дүйнө жүзү боюнча өнүмдөрү жогору бааланарын билесиӊерби?

Чыгыш Европанын кайсы өлкөсү жүзүм менен атагы чыкканын, дүйнө жүзү боюнча өнүмдөрү жогору бааланарын билесиӊерби?

МОЛДОВА

Сабактын максаты : Физика- географиялык абалы, өлкөнүн табигый шарттары жана ресурстары, экономикалык мамилелери тууралуу маалыматка ээ болосуӊар

Сабактын максаты : Физика- географиялык абалы, өлкөнүн табигый шарттары жана ресурстары, экономикалык мамилелери тууралуу маалыматка ээ болосуӊар

Сабактын максаты:

Физика- географиялык абалы, өлкөнүн табигый шарттары жана ресурстары, экономикалык мамилелери тууралуу маалыматка ээ болосуӊар.

Логикалык ой жүгүртүү менен статистикалык маалыматтарды талдай билүүгө, географиялык жайгашуу өзгөчөлүктөрүн, табигый шарттарын жана КМШ өлкөлөрү менен салыштыруу жүргүзүү жөндөмүӊөрдү арттырасыӊар.

Башка элдердин маданиятын жана каада-салттарын сыйлоого тарбияланасыӊар.

Чыгыш Европанын эң кичинекей мамлекеттеринин бири

Чыгыш Европанын эң кичинекей мамлекеттеринин бири

Чыгыш Европанын эң кичинекей мамлекеттеринин бири

Кишинев

Молдова Румыния менен Украинанын ортосунда

Молдова Румыния менен Украинанын ортосунда

Молдова Румыния менен Украинанын ортосунда Европанын түштүк-чыгышында жайгашкан.
Аянты: 33,846 км²
Калкы: 2 млн 681 мин 700 киши
Калкынын саны боюнча дүйнөдө 118-орунду ээлейт.
Аймагынын узундугу түндүктөн түштүктү көздөй 350 км, батыштан чыгышты көздөй 150 км
Бириккен парламенттик республика.
2016-жылдын 23-декабрынан бери Игорь Додон президент болуп келген.
32 районго, 13 муниципалитетке, Гагаузиянын автономиялык аймактык бирдигине жана Днестрдин сол жээгиндеги административдик-аймактык бирдиктерге бөлүнөт.


Румыния

Украина

Молдова

Кишинев

350 км

150 км

Гагаузия

Днестр

Географиялык абалы

Молдованын аймагынын көпчүлүк бөлүгү дөбөлүү түздүк

Молдованын аймагынын көпчүлүк бөлүгү дөбөлүү түздүк

Молдованын аймагынын көпчүлүк бөлүгү дөбөлүү түздүк.
Чыгыш-Европа түздүгүнүн түштүк-батыш четинде жайгашып, Днестр менен Прут дарыя аралыктарынын көпчүлүк бөлүгүн ээлейт.
Борбордук бөлүгүндө Кодры дөңсөөсү
Эң бийик жери Баланешты чокусу, бийиктиги 429м
Түндүгүндө Түндүк Молдован (250–300 м), түштүгүндө Түштүк Молдаван өрөөндөрү бар.

1

2

К о д р ы

429 м

Кендерден акиташ, гипс, чопо, айнек куму, гравий, аз санда нефть жана газ кездешет

Кендерден акиташ, гипс, чопо, айнек куму, гравий, аз санда нефть жана газ кездешет

Кендерден акиташ, гипс, чопо, айнек куму, гравий, аз санда нефть жана газ кездешет.

Климаты мелүүн континенттик. Июлдун орт

Климаты мелүүн континенттик. Июлдун орт

Климаты мелүүн континенттик.
Июлдун орт. температурасы
19–22°С, январдын орточо t –5–3°Сге чейин.
Жылдык жаан-чачындын саны түштүгүндө 400 ммден,түндүгүндө 560 ммге чейин.
Кыртышы негизинен кара топурактуу (75%); күрөң жана боз топурак да учурайт.
Молдова талаа жана токойлуу талаа зонасында жайгашкан. Аймагынын көбү айдоого жарактуу.
Токой өлкөнүн аймагынын 35%тин ээлейт. Негизинен жазы жалбырактуу.
Кодры коругу уюштурулган.

Дүйнөдө калкынын саны боюнча 118-орунда

Дүйнөдө калкынын саны боюнча 118-орунда



Дүйнөдө калкынын саны боюнча 118-орунда. Калкынын 75,8%и молдавандар, 8,3%и украиндер, 5,9%и орустар, 4,3%и гагауздар, 1,9%и болгарлар, цыгандар ж.б. Христиан динин тутат.
Орт. жыштыгы 1 чарчы км жерге 132 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники – 64 жаш, аялдарыныкы – 72.
Төрөлүүнүн деңгээли (1000 кишиге 14,4) жана өлүм-житим (1000ге 12,4) орточо.
Ири шаарлары: Кишинёв, Тирасполь, Бельцы.
Өлкөнүн жалпы калкынын 48,41% эркектер жана 51,58% аялдар.
Шаарларда 2014-жылы 995 227 адам, айыл жеринде - 1 918 054 адам эсептелген.
Ошентип, өлкөдө айыл жеринде калктын басымдуу деңгээли сакталууда: анын шаар калкы менен салыштырмалуу катышы 65,8% ды, 34,2% ды түзөт.

Калкы

Молдованын экономикасынын негизин өнөр жай жана айыл чарба продуктуларын кайра иштеткен ишканалар түзөт

Молдованын экономикасынын негизин өнөр жай жана айыл чарба продуктуларын кайра иштеткен ишканалар түзөт

Молдованын экономикасынын негизин өнөр жай жана айыл чарба продуктуларын кайра иштеткен ишканалар түзөт.
2018-жылга ИДПнын көлөмү 20,226 млрд долларды (киши башына 5697,8$) түзгөн. Акча бирдиги - Молдова лейи.
Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 76,3% өнөр жайыныкы 15,8%, айыл чарбасыныкы 7,9%, 1,1 млрд кВт·с электр энергиясы өндүрүлгөн.
Дан эгиндери (буудай, жүгөрү), тех. өсүмдүктөр (кант кызылчасы, күн карама, тамеки), картөшкө, жашылча, мөмө-жемиш ж. б. өстүрүлөт.
Жүзүмчүлүк менен алектенип, шарап тартат. Молдовадагы Криковский шарап сактоочу жер төлөсү чоңдугу боюнча дүйнөгө даңкталган.

Аймактык-экономикалык өздөштүрүү

Бодо мал менен чочко асыралып, үй куштары багылат

Бодо мал менен чочко асыралып, үй куштары багылат

Бодо мал менен чочко асыралып, үй куштары багылат.
Тамак-аш (консерва, кант, май, сүт азыктары ж. б.) өндүрүшү өнөр жайда өндүрүлгөн продукциясынын 1/3ин түзөт.
Машина куруу (айыл чарба машиналары жана тамак-аш өнөр жайы үчүн жабдуулар), текстиль, тигүү, курулуш материалдары, тамеки өнөр жай ишканалары иштейт.
Автомобиль жолунун узундугу 9,34 миң км (анын 95%и асфальтталган; 2008), темир жолунуку 1150 км. Днестр жана Прут дарыясында кеме жүрөт.
Сыртка азык-түлүк, шарап чыгарат. Негизги соода шериктештери: Европа союзуна кирген (негизинен Румыния, Италия) жана КМШ өлкөлөрү (Россия, Украина).

Румыния Молдованын продукцияларынын негизги рыногу болгон (18%), биринчи жолу

Румыния Молдованын продукцияларынын негизги рыногу болгон (18%), биринчи жолу

2008-жылы Румыния Молдованын продукцияларынын негизги рыногу болгон (18%), биринчи жолу Россиядан ашып өткөн .
2008-жылдын январь-октябрь айларында импорттун көлөмү 4100,6 млн АКШ долларын түзгөн, бул 2007-жылдын ушул мезгилине караганда 41,4% га көп.
Импорт боюнча биринчи өнөктөш өлкөлөр Украина, Румыния, Россия жана Германия болгон.
2008-жылы Румыниядан Молдованын импортунун жалпы наркы 449 миллион АКШ долларын түзгөн.
2010-жылы сооданын жалпы наркы төмөндөгүдөй болгон:
Россия - 980 миллион доллар, Румыния - 644 миллион доллар, Украина - 620 миллион доллар, Италия - 418 миллион доллар, Германия - 370 миллион доллар, Иран - 1 миллион доллар.

Молдованын расмий тили Молдован тили

Молдованын расмий тили Молдован тили

Өзүңөрдүн билимиңерди баалагыла.

Молдованын расмий тили

Молдован тили

Молдованын эң ири дарыясы

Днестр, Прут

Өлкөнүн айыл чарбасынын негизги тармагы

Жүзүм

Дептерге жазып иштөө. Молдованын каада салттары тууралуу конспект түзгүлө

Дептерге жазып иштөө. Молдованын каада салттары тууралуу конспект түзгүлө


Үйгө тапшыра

1.Дептерге жазып иштөө.
Молдованын каада салттары тууралуу конспект түзгүлө.
Мүмкүнчүлүгүӊөргө жараша презентация даярдагыла.
2. Контур карта менен иштөө.
Географиялык абалы, чегараларын, ири шаарларын түшүргүлө.
3. Венн диаграмасын пайдаланып, Россия, Украина, Молдова мамлекеттерин салыштыргыла.
4.Аткарган тапшырмаӊарды мугалимиӊер менен кайтарым байланыш кыласыӊар деп ишенем!

Көӊүл бурганыӊарга чоӊ рахмат!!!

Көӊүл бурганыӊарга чоӊ рахмат!!!


Көӊүл бурганыӊарга
чоӊ рахмат!!!

Материалы на данной страницы взяты из открытых истончиков либо размещены пользователем в соответствии с договором-офертой сайта. Вы можете сообщить о нарушении.
09.08.2020