Айлана-чойрону коргоонун проблемалары
Оценка 4.8

Айлана-чойрону коргоонун проблемалары

Оценка 4.8
Научные работы
doc
экология
11 кл +1
11.08.2020
Айлана-чойрону коргоонун проблемалары
Экологиялык билимге ээ болуу, табияттагы көп байланыштардын маанилерин түшүнүү жандуу-жансыз жаратылыштын биримдигин билүү үчүн курчап турган чөйрөгө жооптуу мамиле кылууга тарбиялоого ар бир инсан көмөк көрсөтүүгө тийиш. «Экология» деген термин Oikos (турак-жай, жашаган жер) жана logos - илим деген сөздөрдөн келип чыккан. Ал немец биологу Эрнст Беккель тарабынан, 1866–жылы «Организмдин жалпы морфологиясы», 1868-жылы «Дуйнөнүн жаратылышынын табигый тарыхы» деген эмгектеринде сунуш кылынган болчу. Адам баласы жашаган, эмгектенген жана эс алган жаратылыштагы жер, суу, аба, тоо тектери, өсүмдүктөр, жаныбарлар жана адамдардын колунан жасалбаган обьектилерди айлана–чөйрө деп түшүнөбүз. Айлана–чөйрө адам баласынын күнүмдүк жашоосуна жана эмгектенишине түздөн-түз таасирин тийгизет. Бүгүнкү күндө адамзат үчүн айлана-чөйрөнү булгануудан сактоо проблемаларынын мааниси зор. Бул проблема татаал жана көп кырдуу. Азыркы убактагы биосфера тууралуу концепция академик В.И.Вернадскийдин ысымы менен байланыштуу. Биосфера планетанын тиричилик тарап, өздөштүрүлгөн бардык бөлүктөрүн өзүнө камтыйт. Бул - атмосфера да, океан да, тиричиликтин ар кандай формаларында орун алган жер бетинин бүткүл аймагы да. Биосферанын башкы компоненти болуп анын тирүү заты эсептелет. Жер бетинин тирүү организмдер тарап жана алардын иш-аракетинен өзгөргөн аймагы биосфера деп аталат.
Айлана чойронун коргоонун проблемалары.doc

АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГООНУН НЕГИЗИ ПРОБЛЕМАЛАРЫ

Экологиялык билимге ээ болуу, табияттагы көп байланыштардын маанилерин түшүнүү жандуу-жансыз жаратылыштын биримдигин билүү үчүн курчап турган чөйрөгө жооптуу мамиле кылууга тарбиялоого ар бир инсан көмөк көрсөтүүгө тийиш.

«Экология» деген термин Oikos (турак-жай, жашаган жер) жана logos - илим деген сөздөрдөн келип чыккан. Ал немец биологу Эрнст Беккель тарабынан, 1866–жылы

«Организмдин жалпы морфологиясы», 1868-жылы «Дуйнөнүн жаратылышынын табигый тарыхы» деген эмгектеринде сунуш кылынган болчу.

Адам баласы жашаган, эмгектенген жана эс алган жаратылыштагы жер, суу, аба, тоо тектери, өсүмдүктөр, жаныбарлар жана адамдардын колунан жасалбаган обьектилерди айлана–чөйрө деп түшүнөбүз.

Айлана–чөйрө адам баласынын күнүмдүк жашоосуна жана эмгектенишине түздөн-түз таасирин тийгизет. Бүгүнкү күндө адамзат үчүн айлана-чөйрөнү булгануудан сактоо проблемаларынын мааниси зор. Бул проблема татаал жана көп кырдуу.

Азыркы убактагы биосфера тууралуу концепция академик В.И.Вернадскийдин ысымы менен байланыштуу. Биосфера планетанын тиричилик тарап, өздөштүрүлгөн бардык бөлүктөрүн өзүнө камтыйт. Бул - атмосфера да, океан да, тиричиликтин ар кандай формаларында орун алган жер бетинин бүткүл аймагы да. Биосферанын башкы компоненти болуп анын тирүү заты эсептелет. Жер бетинин тирүү организмдер тарап жана алардын иш-аракетинен өзгөргөн аймагы биосфера деп аталат.

Экосистеманын схемасы


«Жер бетинде өзүнүн түпкү натыйжалары боюнча бүтүндөй алынган тирүү организмдердин иш–аракетинен ашкан, бир кыйла кубаттуу туруктуу аракеттене турган химиялык күч жок», - деп жазган В.И. Вернадский. Тирүү зат ар кандай өлчөмдөгү организмден турат. Алардын ичинен эң ириси - киттер. Азыркы убактагы киттердин денесинин узундугу 1,1 м ден 33 мге чейин, массасы 30 кг дан 150 тоннага чейин. Эң бийик дарак - түбөлүк жашыл секвойя, анын узундугу 110-112 м жана диаметри 6-10 мге чейин жетет. 1942-жылы орус окмуштуусу академик В.Н.Сукачев «биогеоценоз» деген терминди сунуш кылган.

Биогеоценоз түшүнүгү кургактагы жаратылыш системаларын мүнөздөөдө пайдаланылат. Биогеоценоз – жалпы тиричилик – кургактыктын участкасында же көлмөдө бирге тиричилик өткөргөн жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн, козу карындардын жана


микроорганизмдердин жыйындысы. Экосистеманын ажырагыс бөлүгү.

Азыркы мезгилде айлана-чөйрөнү жана жаратылышты коргоонун төрт негизги проблемасы: айлана-чөйрөнү ар кандай булганычтан сактоо, калкты таза тамак–аш менен жабдуу, өнөр жайда минералдык сырьё менен камсыз кылуу, энергетикалык маселелерди чечүү - адам баласынын түздөн түз милдети.

Азыр адамзат таптакыр башка коркунучка дуушар болду. Ал адамзаттын чарбачылык өзгөрүшүн түзүү иш–аракеттеринен келип чыккан коркунучтун чексиз өсүп жаткандыгы менен байланыштуу. Кыскача, жер жүзүндөгү адамзаттын өнүгүүсүн карап көрсөк: жыгачты кургак айдоо, соданын алынышы, күкүрт кислотасы, карбид жана азот кошулмалары, асфальт, толь, эфир майы, олиф, лак, пластмасса, жасалма кездемелер, лавсан, азот жер семирткичтери, жарылгыч заттар, АЭСтер, термохимиялык изидөөлөр, космос өнүгүүдө ж.б. Ушул сыяктуу жаңы технологияларды, экологиялык проблемаларды дүйнөлүк масштабда карасак, өндүрүш илим менен чогу болбой, алдыга озуп кетти, анын ичинен химия жаратылыштагы булгоочу группалардын лидеринин туруктуусу болуп калды. Илим жана практика сыяктуу медалдын эки жагы бар дегендей, акыркы жылдары бул байланыштын бири бирине көз карандылыгы бузулгандыгы көрүнүүдө. Кыскасын айтканда, дүйнөлүк масштабда экологиялык проблемаларды чечүүнүн мааниси зор экендигин турмуш агымы ырастоодо. Мындан сырткары, автомобилдерден бөлүнүп чыккан газдардын таасиринен, токойлордун ченеми жок кыйылуусунан кычкылтек жер шарында көп өлчөмдө азаюуда. Жерден жылына 100 млн. тонна кен байлыктар казылууда, ал эми алардан чыккан таштандылар 2 млрд. тоннага жетти. Абага жылына 200 млн. тонна көмүр кычкыл газы, 50 млн. тонна углеводдор, 150 млн тонна SO2 бөлүнүп чыгып кайра жерге кислоталык жаан жаап жатат. Мисалы, 1952-жылы декабрь айында Лондон шаарында мордон, завод, фабрикадан жана автомобилден чыккан түтүн суунун буусу мене биригип, зор туманды пайда кылып, смог аз жерден жер атмосферасын катастрофага дуушар кыла жаздаган. Смог - шаарлардагы мордон чыккан ыштан, түтүндөн турган каралжын түстөгү оор туман. Бул туман холеранын эпидемиясына айланып, 4000 киши өлүп, 9000 киши оор илдетке чалдыгышкан, тумандын айынан автомобилден көп катастрофа болгон. Падышанын указы менен мештерди көмүр менен жагууга тыюу салынып, өлүм жазасына тартууга указ чыгарган.

Учкуч-космонавт Владимир Шаталов космос корабли учканда абада тешик пайда болуп, кычкылтекти көп күйгүзүп учуудан кургакчылык, суу ташкыны пайда болорун, аба ырайы кескин өзгөрөрүн байкаган. Немец химиги Ф.Гебер өзүнүн ачылышы биринчи дүйнөлүк согушка алып келерин ойлогон эмес.

Тарыхчылар 1-дүйнөлүк согушту химиялык согуш деп аташкан. Мурун селитраны Европага Чилиден тартып келишкен. Гобер аммиакты 1-жолу абадан синтездеп алуунун жолун ойлоп тапкан. Ал Ле-Шательенин принциптерине таянып ачкандыгын айткан. Бул ачылыш Нобель сыйлыгына ээ болгон. Азот жер семирткичтери менен бирге, селитра жарылуучу зат катары пайдалана баштаган. Теория практика эксперимент химия менен бирдикте өнүгөрүн химик окмуштуулар далилдешти.

Швейцариялык химик Пауль Мюллер талаадагы өсүмдүктөр жана алма бактагы курт-кумурскаларды жок кылуучу препаратты ойлоп тапкан. Бул органикалык зат дихлор дифенил трихлор метил метанон же кыскача ДДТ. Бул ачылышын үчүн Нобель сыйлыгынын лауреаты болгон. 100 жыл бою органикалык эритмелерди алып окумуштуулар иштесе, 1900-жылы жаш окумуштуу Виктор Гриньяр магний органикалык кошулмаларынын алыныш методдорун ачып, бүткүл дүйнөлүк атак-даңкка ээ болуп, ал дагы Нобель сыйлыгына арзыган. ДДТ адамдын организмин өтө оор ооруларга дуушар кыларын аныкташкан, бирок экинчи дүйнөлүк согушта 25 млн. киши сакайып, 900 млн. киши оорусунан сакайгандыктан жана 28 оорунун түрүнөн айыгарын бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо комитети айткан. Кийинчерээк энергиялык сырьёлор нефть,


жаратылыш газы жана көмүрдүн ордуна кычкылтекти колдонгон, көп коромжуга учурабаган энергиялык буюмдарды: ядролук, гидрогелио, шамал ж.б. ойлоп табышкан. Мунун эки жолун табышкан. Биринчисинде физиктер термоядролук күндүн жана шамалдын энергияларын пайдалануунун жолдорун изилдеп чыгышкан. Экинчи жолунда химиктер автомобилдерде, транспорттордо зыяны жок суутекти колдонууну сунушташкан.

Молекулалык суутекти 1-жолу күйгүзгөндө 2Н22=2Н2О

Бензинге караганда үч эсе күчтүү жылуулук бөлүнүп чыгаарын аныкташкан. Ал эми атомардык суутек күйгөндө фантастикалык жылуулук бөлүнөрүн, б.а., бул жерде бензинге караганда 8 эсе күчтүү энергия пайда кылаарын аныкташкан:

4Н+О2=2Н2О

Америкалык окумуштуулар суюк азотту пайдалануунун булактарын иштеп  чыгышкан. Адам тамаксыз бир ай, суусуз бир жума, абасыз бир минуттан ашык жашай албайт. Азыркы убакта экология илиминин актуалдуу милдеттеринин бири болуп ар кандай факторлордун таасири астында биосферада болуучу глобалдык өзгөрүүлөрдү изилдөө саналат. Бул глобалдык проблема экологиянын предмети болуп, ал космостун, жердин алдында болуп жаткан процесстердин жана адамдын иш-аракетинин биосферага таасирин изилдөөгө тийиш. Глобалдык экологиядан тышкары, адамдын экологиясы жана социалдык экология экология илиминин эң маанилүү багыттарына айланууда.

Адамдын экологиясы - кишини курчап турган табигый жана социалдык чөйрөлөрдүн байланышын, адамдардын ден соолугун сактоону өнүктүрүүнү, алардын дене күчү менен психикалык мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтүү маселелерин изилдейт.

Биологиялык экология – тирүү организимдердин жашоо шарттарын жана организм менен алар жашаган чөйрөнүн ортосундагы өз ара байланыштарды изилдейт.

Демек, экология «нормативдүү табият таануу» илими болуп саналат, б.а., илимдин теориялык натыйжаларынын чындыгы үчүн гана эмес, алардын практикалык колдонулушуна дагы жооптуу.

Анын негизин түзүүчү экологиялык проблемалар төмөндөгүлөр:

1. Коомдун жашашы жана өнүгүшү үчүн зарыл заттарды, энергияны, маалыматты жаратылыш чөйрөсүнөн алуунун татаалданышы.

2.  Өндүрүштүн калдыктары, өнөр жай заттары кошумча энергия менен курчап турган чөйрөнүн булганышы.

3.  Жаратылышта    маалыматтык    байланыштардын   бузулушу,    биологиялык   ар түрдүүлүктүн жакырланышы.

4.  Калктын    ден    соолугу,    экологиялык    абалынын    начарлашы,    социалдык туруктуулуктун бузулушу.

Азыркы убакта экологиялык проблеманын төмөндөгүдөй көрүнүштөрүнө өзгөчө көңүл булулуп жатат:

Кыртыштын бузулушу. Жыл сайын эрозиянын натыйжасында айыл чарба жерлеринен 26 млрд т кыртыш агып келип жатат. Флоранын жана фаунанын көп түрлөрүнүн жоголушу, жылына бир нече миң (жакынкы 20 жылда бүгүнкү күндөгү өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын бардык түрлөрүнүн 3/5 бөлүгү жоголушу мүмкүн).

Климаттын өзгөрүшү. Божомолдоолорго караганда, 2050-жылга карата жерде жылдык орточо температура 1,5-4,50С га жогорулашы мүмкүн. Атмосферанын жогорку катмарларында озон катмарларынын бузулушу. Салт болуп калган күйүүчү ресурстардын түгөнүп баратышы. Бул учурда илимий түшүнүүгө, билүүгө карай адамзатта жөндөмдүүлүктөрдүн пайда болушу кокустук эмес, мыйзам ченемдүү көрүнүш болот. Демек, адам жаратылыш тууралуу илимий ой жүгүртүү аркылуу өзүн өзү түшүнүп билет жана өзүнүн болочогун аныктайт.


В.И.Вернадский илимий ойдун жана адамдын эмгегинин таасири астында биосфера жаңы абалга – ноосферага - өтөт деп эсептеген.

Ноосфера адамдын акыл-эсинин жаратылышын жана анын өнүгүшүн, интеллекттик жогорку көрүнүшүн илимий талдап билүүгө, адамдардын терең ойлоруна жана өздөштүрүлгөн аракетине негизделүүгө тийиш.

Киши өзүнүн биосфералык милдеттерин дал ошол ноосферанын доорунда толук бойдон аткара алат. Биосферанын ноосферага өтүшүнүн негизги өбөлгөлөрү төмөндөгүлөргө алып келиши мүмкүн.

Илимдин өнүгүшүнүн жогорку деңгээли, ар кандай адамзаттын иш-аракетинин ар тараптуу негиздүүлүгү, адамдардын турмушунан зордук-зомбулукту жана согушту чыгарып салгандай адамзаттын биримдиги, адамдардын турмушунун жогорку деңгээли жана жогорку сапаты, улутчулдукту, жакырчылыкты эксплуатациялоону жокко чыгаруу, жердеги адамдардын массалык маалымат каражаттарынын жана комуникациялардын өнүккөндүгү, альтернативдик технологиялардын, энергия булактарынын болушу. Жыйынтыктап айтканда, улуттук жана дүйнөлүк саясаттын ажырагыс бөлүгү болуп экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу маселеси калды.

1982-жылы Кыргыз улуттук университетин бүткөндөн кийин Органикалык эмес жана физикалык химия институтунун илим изилдөө академиясында илимий кызматкер болуп иштедим. Майлуу-Суу шаарындагы лампа заводунда уу зат - азот оксидинин абаны тазалоодо, Ак-Түз шаарчасында союз убагындагы Кыргызстандын байлыктарын өздөштүргөндө көп экологиялык бузулуштарга дуушар болгондугу азыркы күндө да даана байкалып жатат.

Ал убакта жаратылышка тийгизген зыянына көз жуумп келген, мындай мамиле СССРдин убагында өзгөчө күчтүү эле. Маселен, Кыргызстандагы Майлуу-Суу уран кенинен (1946-1968-ж.) 22 жылдын ичинде 10 миң тонна уран казылып алынган. Мындан сырткары, Майлуу-Сууга Германия, Чехословакия, Болгария, Кытай, Тажикстан өлкөлөрүнөн жана жакын жердеги Шакафтар кыштагынан сырьёлор ташылып келип, жогоруда айтылган көлөмдөн кем эмес уран өндүрүлгөн. Булар иштелгенден кийин жалпы көлөмү 3 млн. м3 уу калдыктары 23 уу сактагыч, 13 уу калдыктары топтолгон жайларда сакталууда. Союз мезгилинде бул уу зат калдыктары «Средмаш» деген министрлигинин карамагында болгон. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин Кара-Балта тоо-кен ишканасынын карамагына өтүп, бирок каражаттын тартыштыгына шылтоолонуп кароосуз калган. Азыр Кыргызстанда союз менен кошо жоюлган 67 обьект «кожоюнсуз» калды. 2002-жылы 4000 м3 жер көчкү Майлуу–Суу дарыясын тосуп, «Электроизолит» заводунун короосунда топтолуп калганда, коомчулук бир солк этти. «Экологиялык коркунуч өтө чоң масштабда болуп кетиши мүмкүн», - деп эл аралык уюмдар каккан коңгуроо баарыбызды ойготту. Бактыбыз бар экен, ошол эл аралык уюмдардын жардамы менен бул кырсыкты тез арада жоё алдык. Мындай кырсыкты Кыргызстан 1956-жылы Майлуу-Сууда, ал эми 1964-жылы Кичи-Кеминде өз башынан өткөргөн. Декабрь айындагы жер титирөөдөн улам Ак-Түздөгү №2 уу сактагычтын тосоту жарылып, жарым млн. м3 жакын радиоактивдүү калдыктар Кичи-Кемин суусуна келип куюлган. Суунун курамындагы уулуу зат 40 км ге чейин агып келип, коңшу Казакстанды кошкондо баш аягы 3,5 миң гектардан ашык жерди ууландырган, мунун кесепетинен бир топ жыл бою уудан арылуу аракеттери көрүлгөн.

Бирок ошондон бери 45 жыл өткөнүнө карабай, анын саркындыларынан Кичи- Кемин, Боролдой айылдарында жашаган адамдар жана жаратылышы запкы чегип келе жатат. «Уйкудагы ажыдаар» деп аталган уу сактагычтар Кыргызстандын жер титирөө коркунучу чоң аймактарында орун алганы аз келгенсип, өзөн боюнда калк жашаган айылдардын алыс эмес жайгашкандыгы эки эсе коркунучтуу. Мындай «уулуу аймак» Жалал–Абад областында Майлуу–Суудан башка дагы үч калктуу пункта: Кызыл-Жар, Сумсар жана Шакафтарда орун алган. Шакафтар кыштагына жакын жайгашкан уран кен ишканасы 1946-1957-жылдары иштеп, казып алгандан калган калдыктарын рекультивация

кылган эмес.


АЙЛАНА-ЧӨЙРӨН Ү КОРГООНУН НЕГИЗИ

АЙЛАНА-ЧӨЙРӨН Ү КОРГООНУН НЕГИЗИ

Экосистеманын ажырагыс бөлүгү.

Экосистеманын ажырагыс бөлүгү.

Мунун эки жолун табышкан. Биринчисинде физиктер термоядролук күндүн жана шамалдын энергияларын пайдалануунун жолдорун изилдеп чыгышкан

Мунун эки жолун табышкан. Биринчисинде физиктер термоядролук күндүн жана шамалдын энергияларын пайдалануунун жолдорун изилдеп чыгышкан

В.И.Вернадский илимий ойдун жана адамдын эмгегинин таасири астында биосфера жаңы абалга – ноосферага - өтөт деп эсептеген

В.И.Вернадский илимий ойдун жана адамдын эмгегинин таасири астында биосфера жаңы абалга – ноосферага - өтөт деп эсептеген
Материалы на данной страницы взяты из открытых истончиков либо размещены пользователем в соответствии с договором-офертой сайта. Вы можете сообщить о нарушении.
11.08.2020
Посмотрите также: