Жаратылышты коргоо-мекенди коргоо
Сабакты иштеп чыккан Сокулук районунун Военно-Антоновка мектеп-гимназиясынын башталгыч класстарынын мугалими Тюлемишева Жаңыл Жумадиловна
Сабактын максаты:
Ой жүгүртүп сөздөрдүн маанисине карап тууралап окууга жана сүйлөөгө машыгат. Жаңы сөздөрдүн маанисин түшүнүшөт. Сөз үйрөнүү боюнча билимдерин тереңдетишет. Божомолдоо стратегиясын колдонууга машыгышат. |
Эске сактоосу, кабыл алуусу, сөз байлыгы, сүйлөө кеби калыптанат. |
Окуучулар адептүү, акылдуу, билимүү болууга умтулууга үйрөнүшөт. Жаратылышты коргоого жана тапкычтыкка тарбияланышат. |
Күтүлүүчү натыйжалар:
Ой жүгүртүп сөздөрдүн маанисине карап тууралап окууга машыгат. Сөздүк ишин жүргүзүшүп жүргүзүшүп, жаңы сөздөрдүн маанисин түшүнүнсө. Сөз үйрөнүү боюнча билимдерин тереңдетишсе. Божомолдоо стратегиясын колдоно алышса. |
Эске сактоосу, кабыл алуусу, сөз байлыгысүйлөө кеби калыптанса. |
Окуучулар адептүү, акылдуу, билимүү болууга умтулууга үйрөнүшсө. |
Божомолдоо боюнча иштин ар түрдүү ыкмалары
Божомолдоо –биз эмне окуганыбызды түшүнүүгө, билген нерселерибиз жөнүндө ой жүгүртүүгө, мурдагы билгенибиз менен азыркы окуганыбызды салыштырууга жардам берет.
Суроолор аркылуу тастыктоолорду жүргүзөбүз. Суроолорго жооп берүү учурунда силердин ой жүгүртүүңөр абдан маанилүү. Жооп берүүдө убакытты 30 секундадан ашырбасаңар, убакытты сарамжалдуу колдонобуз жана көпчүлүгүбүз жооп берүүгө мүмкүнчүлүк алабыз.
Сабакты кунт коюп угуп, бири-бирибизди сыйлообуз сөзсүз. Анткени ар бир ой мааанилүү.
1-тапшырма
Көк чөптү үзбө, боюң өспөй калат.
Булакты булгаба, ак ниет адам тазалыкты булгабайт.
Кумурсканын уюгун бузба, сенин үйүң да бузулат.
Жаш бутакты сындырба, убал болот.
Чымчыктын уясын бузба, чыркырап ыйлайт.
Божомолдоо нускамасы
| Окуганга чейин | | Окугандан кийин | ||
Макул | Макул эмес | Макул | Макул эмес | ||
Дарак чын эле ыйлайбы? |
| ||||
Улуулар дайыма көк чөптү үзбө, чымчыктын уясын бузба, аларды өлтүрбө деген сөздрдү көп айтышат. Сен макулсуңбу? | |||||
Тамчы бул кайыңдын көз жашыбы? | |||||
Түшүнгөнүбүздү талкуулайлы
Суроолорду кунт коюп угуу керек. Ойлонуп жооп берели да, убакытты туура пайдаланалы.
Светофор белгилери бар карточкаларды даярда. Жооп берип жаткандарды ук жана байка.
3 жооп бири-бири менен дал келиши керек.
Баардык жооптор дал келди десең «жашыл»
Толук дал келген жок десең «сары»
Такыр дал келген жок десең «кызыл» карточкаларды көтөр
Түшүнгөнүбүздү талкуулайлыТапшырма
1-катар
Суроого жоопту унчукпастан доскадагы сүрөттөрдүн арасынан табат.
2-катар
Суроого оозеки жооп берет.
3-катар
Суроого жоопту китептен таап окуп берет.
Кошумча маалыматтар
Ак кайыңдын уругу шамал менен тез тарайт. Кыйылган токойдун ордуна башка дарактар өсө электе эле кайың өсө баштайт.
Кошумча маалыматтар
Ак кайың апрелдин акыркы күндөрүндө же майдын алгачкы күндөрүндө гүлдөйт. Анын гүлү жупуну, чачы гүл деп аталат.
Кошумча маалыматтар
Ак кайыңдар тез өсөт. Ным жерде бийиктиги беш кабат үйдүн бийиктигине чейин жетет. Жайкысын суткасына 40 чакадай ным соруп алат. Ошондуктан ал шире иштеп чыгарат. Анын ширесин ар кандай жолдор менен чыгарып куюп алууга болот.
Кошумча маалыматтар
Кайың өтө керектүү дарак. Анын бүчүрүнөн дары, шагынан шыпыргы жасалат, кабыгынан чабыра,себет согушат. Ак кайыңды отун кылса таптуу отун.
Кошумча маалыматтар
Ак кайыңдар негизинен Россия мамлекетинде көп. Орустардын мыкты сүрөтчүлөрү ак кайыңдар жөнүндө көп сүрөттөрдү тартышкан жана акындары көптөгөн ырларды жазышкан.
Божомолдоо нускамасы
| Окуганга чейин | | Окугандан кийин | ||
Макул | Макул эмес | Макул | Макул эмес | ||
Дарак чын эле ыйлайбы? |
| ||||
Улуулар дайыма көк чөптү үзбө, чымчыктын уясын бузба, аларды өлтүрбө деген сөздрдү көп айтышат. Сен макулсуңбу? | |||||
Тамчы бул кайыңдын көз жашыбы? | |||||
Үйгө тапшырма
-Тиги тамчы бекер тамды дейсиңби, уулум? – деп сөзүн улантты атасы – Ал жөнөкөй тамчы эмес, кайыңдын көз жашы го? Балким, кесилген жери ооруганына чыдабай, ыйлап жаткан чыгаар...
Материалы на данной страницы взяты из открытых источников либо размещены пользователем в соответствии с договором-офертой сайта. Вы можете сообщить о нарушении.