АКШ

Оценка 4.9
Образовательные программы
doc
география
11 кл +1
08.08.2020
АКШ
Америка Кошмо Штаттары, АКШ (англ. United States of America, USA) – Түндүк Америкадагы мамлекет. Түндүгүнөн Канада, түштүк-чыгышынан Куба (Гуантанамо аскер базасы), түштүк-батышынан Мексика менен чектешет. Чыгышын Атлантика океаны, батышын Тынч океан, түштүгүн Мексика булуңу чулгайт. Аянты 9,4 млн км2. Калкы 314,5 млн (2012). Борбору - Вашингтон шаары. Мамлекеттик тили - англис тили. Акча бирдиги - АКШ доллары. Адм.-айм. жактан 50 штаттан, штат укугун алган өзүнчө Аляска, Гавайи штаттарынан жана Колумбия федерация (борбордук) округунан турат . АКШнын ээликтери: Вест-Индиядагы Виргиния аралы., Чыгыш Самоа, Гуам жана Океаниядагы бир топ майда аралдар. АКШнын убактылуу «опекасында» Тынч океандагы Каролина, Мариана жана Маршалл аралдарынан турат. 1903-жылдан бери ушунун таандык Панама каналынын зонасы
Америка Кошмо Штаттары.doc

Америка Кошмо Штаттары (АКШ

https://edu-nlsit.jet.kg/media/Geografiya_11-kl/00022.png   

https://edu-nlsit.jet.kg/media/Geografiya_11-kl/00023.png

Мамлекеттик Желеги

Мамлекеттик Герби

Негизделген

4-июль 1776-жыл

Расмий тили

Аңглисче

Борбор шаары

Калып:Өлкө желеги/Колумбия округуВашингтон

Ири шаарлар

Нью-ЙоркЛос-АнжелесЧикагоМайамиХьюстонФиладельфияБостон,  Сиэтл,  Сан-Франциско,  Сан-Антонио,  Сан-ДиегоЛас-ВегасАтлантаЖаңы ОрлеанФиниксДалласАнкориж 

Президентти
Вице-президентти
 

Доналд Трамп
Майк Пенс

Аянты
• Жалпы

дүйнөдө 4-орунда
9 519 431 км²

Калкы  (2016)
• Жыштыгы

325 310 275 адам (3-чү орунда)
32 ад./км²

Акча бирдиги

АКШ доллары

 

Америка Кошмо Штаттары, АКШ (англ. United States of America, USA) – Түндүк Америкадагы мамлекет. Түндүгүнөн Канада, түштүк-чыгышынан Куба (Гуантанамо аскер базасы), түштүк-батышынан Мексика менен чектешет. Чыгышын Атлантика океаны, батышын Тынч океан, түштүгүн Мексика булуңу чулгайт. Аянты 9,4 млн км2. Калкы 314,5 млн (2012). Борбору - Вашингтон шаары. Мамлекеттик тили - англис тили. Акча бирдиги - АКШ доллары. Адм.-айм. жактан 50 штаттан, штат укугун алган өзүнчө Аляска, Гавайи штаттарынан жана Колумбия федерация (борбордук) округунан турат . АКШнын ээликтери: Вест-Индиядагы Виргиния аралы., Чыгыш Самоа, Гуам жана Океаниядагы бир топ майда аралдар. АКШнын убактылуу «опекасында» Тынч океандагы Каролина, Мариана жана Маршалл аралдарынан турат. 1903-жылдан бери ушунун таандык Панама каналынын зонасы АКШнын ижарасында.

АКШнын штаттары

Штаттары

Аянты, миң км2 (1996)

Калкы, млн киши (1996)

Админ. борборлору

Айдахо (Idaho)

216

1,2

Бойсе (Boise)

Айова (Iowa)

146

2,9

Де-Мойн (Des Moines)

Алабама (Alabama)

133,9

4,3

Монтгомери (Montgomery)

Аляска (Alaska)

1523

0,6

Жуно (Juneau)

Аризона (Arizona)

295

4,4

Финикс (Phoenix)

Арканзас (Arkansas)

138

2,5

Литл-Рок (Little Rock)

Батыш Виргиния (West Virginia)

62,6

1,8

Чарлстон (Charleston)

Вайоминг (Wyoming)

253,4

0,5

Шайенн (Cheyenne)

Вашингтон Штат (Washington)

176,5

5,5

Олимпия (Olympia)

Вермонт (Vermont)

24,9

0,6

Монтпильер (Montpelier)

Виргиния (Virginia)

105,2

6,7

Ричмонд (Richmond)

Висконсин (Wisconsin)

169,6

5,2

Мадисон (Madison)

Гавайи (Hawaii)

16,7

1,2

Гонолулу (Honolulu)

Жоржия (Georgia)

152,6

7,4

Атланта (Atlanta)

Делавэр (Delaware)

5,3

0,7

Довер (Dover)

Иллинойс (Illinois)

150

11,9

Спрингфилд (Springfield)

Индиана (Indiana)

94

5,8

Индианаполис (Indianapolis)

Калифорния (California)

411

31,9

Сакраменто (Sacramento)

Канзас (Kansas)

213,1

2,56

Топика (Topeka)

Кентукки (Kentucky)

104,6

3,9

Франкфорт (Frankfort)

Колорадо (Colorado)

270

3,8

Денвер (Denver)

Коннектикут (Connecticut)

12,9

3,3

Хартфорд (Hartford)

Луизиана (Louisiana)

125,6

4,4

Батон-Руж (Baton Rouge)

Массачусетс (Massachusetts)

21,4

6,1

Бостон (Boston)

Миннесота (Minnesota)

225,2

4,7

Сент-Пол (St. Paul)

Миссисипи (Mississippi)

123,5

2,7

Жэксон (Jackson)

Миссури (Missouri)

180,5

5,4

Жефферсон-Сити (Jefferson Sity)

Мичиган (Michigan)

250,5

9,6

Лансинг (Lansing)

Монтана (Montana)

380,8

0,9

Хелина (Helena)

Мэн (Maine)

85,8

1,2

Огаста (Augusta)

Мэриленд (Maryland)

27,1

5,07

Аннаполис (Annapolis)

Небраска (Nebraska)

200,3

1,7

Линкольн (Lincoln)

Невада (Nevada)

286,4

1,6

Карсон-Сити (Carson City)

Нью-Джерси (New Jersey)

20,2

8

Трентон (Trenton)

Нью-Йорк (New York)

137,3

18,2

Олбани (Albany)

Нью-Мексико (New Mexico)

315

1,7

Санта-Фе (Santa Fe)

Нью-Хемпшир (New Hampshire)

24

1,2

Конкорд (Concord)

Огайо (Ohio)

116,1

11,2

Колумбус (Columbus)

Оклахома (Oklahoma)

181,1

3,3

Оклахома-Сити (Oklahoma City)

Орегон (Oregon)

251,2

3,2

Сейлем (Salem)

Пенсильвания (Pennsylvania)

118,5

12,1 (1994)

Харрисберг (Harrisburg)

Род-Айленд (Rhode Island)

3,2

1,0

Провиденс (Providence)

Түндүк Дакота (North Dakota)

183

0,7

Бисмарк (Bismarck)

Түндүк Каролина (North Carolina)

136,4

7,3

Роли (Raleigh)

Теннесси (Tennessee)

109,2

5,3

Нашвилл (Nashville)

Техас (Texas)

691,2

19

Остин (Austin)

Түш. Дакота (South Dakota)

199,7

0,7

(1994)

Пирр (Pierre)

Түш. Каролина (South Carolina)

80,6

3,7

Колумбия (Columbia)

Флорида (Florida)

152

14,4

Таллахасси (Tallahassee)

Юта (Utah)

219,9

2

Солт-Лейк-Сити (Salt Lake City)

Колумбия (Columbia) округу (борб.)

0,2

0,5

Вашингтон (Washington)

 

Мамлекеттик түзүлүшү. АКШ - федерациялык мамлекет. АКШнын Конституциясы 1787-ж. 17-сентябрда кабыл алынып, 1789-ж. 4-мартта күчүнө кирген. Башкаруу формасы - президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы - президент; ал ошондой эле куралдуу күчтөрдүн да башкы командачысы. Президент жана вице-президент эки баскычтуу шайлоо менен 4 жылга шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - Конгресс, ал 2 палатадан – өкүлдөр (435 депутат 2 жылга шайланат) жана сенаттар палаталарынан (ар бир штаттан 2ден сенатор 6 жылга шайланат) турат. Сенаттын курамынын үчтөн бир бөлүгү ар 2 жылда жаңыртылат. Өкүлдөр палатасынын укугу сенаттан кененирээк. Ар бир штат өз конституциясына, мыйзам чыгаруу (легислатура) жана аткаруу органдарына ээ. Штаттарды башкаруу губернаторлор тарабынан ишке ашырылат. АКШда негизинен эки партиялуу система орун алган: Демократиялык (1828) жана Республикалык (1854) партиялар. Мындан сырткары Коммунисттик ж. б. саясий партиялар да бар.

Табияты. АКШнын аймагынын 1/2ин (дээрлик батыш бөлүгүн) Түндүк Америка Кордильерасынын бийик кырка жана бөксө тоолору, платолор ээлейт. Кордильеранын чыгыш чет жакасын бийиктиги 4000 мден ашкан Аскалуу тоолору, батышын Тынч океанды бойлой жайгашкан Жээк кырка тоолору түзөт. АКШнын эң бийик жери (6193 м) - Мак-Кинли чокусу Аляска кыркатоосунда. Чыгышын Аппалачи тоолору (бийиктиги 2037 м) ээлейт. Кордильера менен Аппалачинин аралыгында жазы - Борбордук түздүктөр (бийиктиги 500 мге чейин), Улуу түздүктөр (бийиктиги 1600 мге чейин), түштүктө Жээк түздүктөрү Мексика бою ойдуңу, Атлантика бою ойдуңу (Флорида жарым аралы кошо) орун алган. АКШнын аймагынын, ошондой эле жалпы материктин эң чуңкур жери - Чоң Бассейндеги (Мохаве чөлүндөгү) Ажал өрөөнү, ал деңиз деңгээли - 86 м төмөн жайгашкан. АКШ табигый ресурстарга бай: көмүр, жез (өндүрүшү боюнча дүйнөдө 2-орунда), темир, сымап, күмүш, алтын, никель, цинк (дүйнөдө алдыңкылардын бири), вольфрам, уран, фосфат, нефть жана табигый газ (казып алынуусу боюнча дүйнөдө 2-орунда), жыгач даярдоо.

Климаты. Мелүүн жана субтропиктик континенттик климат басымдуу; Флорида жарым аралына тропиктик, Аляскага мелүүн субарктикалык климат мүнөздүү. Январдын орточо температурасы Аляскада -24,8°С, Борбордук түздүктөрдүн түндүгүндө -18°С, өлкөнүн түштүк-батышында -12°С, Флорида жарым аралында 20 Сге чейин. Июлдун орточо температурасы батыш жээктеринде 14-22°С, чыгышында 1626°С, ички платолор менен бөксө тоолордун түштүгүндө 32°С. Өлкөнүн, ошондой эле бүт материктин эң ысык жана кургакчыл жери да Мохаве чөлүндөгү Ажал өрөөнү, анда абанын абсолюттук максимуму 57,7°С катталган; жылдык жаан-чачындын өлчөмү 50-100 мм. Жаан-чачын чыгышында жана түндүк-батыш жээк тилкелеринде 1000-2000 түздүктөрдө 600-900 мм,Улуу түздүктөрдө 400-600 мм, ички бөксө тоолор менен платолордо 400 ммден, айрым жерлеринде 100 ммден аз (Мохаве чөлүндө) жаайт. Ири дарыялары: Миссисипи жана анын куймалары Миссури, Огайо, Колумбия, Колорадо, Юкон. Миссисипинин сол куймаларынын суусу мол, көп жерлерде кеме жүрөт, гидроэнергия ресурстарына бай. Оң куймаларынын суусу аз, агымы шар. Өлкөнүн түндүк-чыгышында Улуу көлдөр системасы (жарым-жартылайы Канадада) жайгашкан.

Калкы. Калкынын саны боюнча АКШ дүйнөдө 3-орунда (Кытай, Индиядан кийин). Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 28 киши. АКШ көп улуттуу өлкө, алардын көпчүлүгү өзүнүн тилин, салтын сактап калган. Калкынын көбүн ак расалар (84%) түзөт, ошондой эле африка-америкалыктар (12%) ж. б. улут өкүлдөрү (8%) да жашайт. Жергиликтүү. калкы - индейлердин (1%) көбү жок кылынган, калгандары резервацияда жашайт. Негрлер, индейлер, мексикалыктар, пуэрторикалыктар расалык дискриминациядан көп жапа чегишет. Ошондой эле испан, кытай, орус, поляк, корей, вьетнам, япон, грек, араб, хинди, урду, армян, навах тилдеринде да сүйлөшөт. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники - 73, аялдарыныкы - 79 жаш. Христиан (протестант - 53%, католик - 26%, башка христиандар - 8%), ислам (2%), иудаизм (2%) диндерин тутат. Шаар калкы 76,2%. Атлантика океанын, Түш. Калифорнияны жана Улуу көлдөрдү жээктей шаарлар дээрлик туташ тилкени - мегалополистерди түзөт. Ири шаарлары: Нью-Йорк, Лос-Анжелес, Чикаго, Филадельфия, Детройт, Сан-Франциско, Вашингтон ж. б.

ЧарбасыАКШ - экономикасы өнүккөн индустриялык-агрардык өлкө. Ички дүң продукциясында (ИДП) өнөр-жайынын үлүшү 19% ти, транспорт, байланыш жана коммуналык чарба 9%ти, айыл жана токой чарбалары, балыкчылык 2,0% ти түзөт. Ички улуттук продукциясын киши башына бөлүштүргөндө 26 980 доллардан (АКШ) туура келет. 1992-ж. Канада жана Мексика менен эркин соода жүргүзүү боюнча Түндүк Америка келишимине кол коюлгандан кийин дүйнөдөгү эң ири соода блогу түзүлгөн. Өнөр-жайынын башкы тармактары: машина куруу, химиялык, нефтини кайра иштетүү, тамак-аш - татымал, жеңил өнөр-жай ишканалары, айрыкча авиация жана ракета-космостук техникалык, электрондук жабдуулар (анын ичинде. компьютерлер жана микросхемалар), приборлор, жаңы конструкциялык материалдар, өнөр-жай тармактары жакшы өнүккөн. Өлкөнүн негизги өнөр-жайлуу аймагы, башкача айтканда «Өнөр-жайлуу алкак» - Түндүк Атлантика жээги менен Миссисипи дарыясынын аралыгы, анда АКШнын иштеп чыгаруучу өнөржайынын 1/2нен ашыгы, анын ичинде машина куруу жана металлургиянын 3/4нө жакыны, тамак-аш жана химиялык өнөр-жайынын 1/2нен ашыгы топтолгон. «Өнөр-жайлуу алкактан» тышкары өнөр-жай ишканаларынын чордондору, ошондой эле Тынч океан жээктеринде (авиаракета-космостук, радиоэлектроника, нефть иштетүү, тамак-аш, жыгач иштетүү), Техас, Луизиана, Флорида штаттарында (нефть ажыратуу, химиялык, авиаракета-космостук), ТүштүкЧыгыш АКШда (Флоридасыз; текстиль, химиялык, электр-металлургия, жыгач иштетүү өнөр-жайлары) жайгашкан. Негизги өнөр-жай борборлору: Нью-Йорк, Чикаго, Лос-Анжелес, Филадельфия, Детройт, Кливленд, Хьюстон, Бостон, Сент-Луис, Милуоки, Даллас-Форт-Уэрт, Сан-Франциско. Казып алуу өнөр-жайында алдыңкы орунду Техас, Калифорния, Луизиана (нефть, табигый газ), Кентукки, Батыш Виргиния, Пенсильвания (таш-көмүр), Миннесота (темир рудалары), Аризона, Юта, Монтана, Айдахо, Колорадо, Миссури (түстүү металлдар) штаттары ээлейт. 1991-ж. 8,8 млн автомобиль чыгарылып, 88,3 млн т болот, 22 млн т пластмасса жана синтетикалык чайыр өндүрүлгөн; түстүү металлдардан 1631 миң т жез, 4394 миң т алюминий, 518 миң т цинк, 466 миң т коргошун эритилип, 368 млн т нефть, 903 млн т көмүр, 529 млрд м3табигый газ казылып алынган. Өлкөнүн минералдык сырьёго жана отунга болгон муктаждыктарынын кыйла бөлүгүн импорт менен толуктайт. 1994-ж. 3268 млрд кВт с электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 71,1% жылуулук электр станцияларына, 8,6% ГЭСке, 20,3% АЭСке туура келет. АКШнын - дүйнөдөгү эң ири айыл-чарба продуктыларын иштеп чыгаруучу өлкө (калкынын 2% гана иштейт). Жогорку деңгээлде механикалаштырылган айыл-чарбасында негизги продукцияны индустриялык типтеги ири жекеменчик фермалары берет. Айыл-чарба структурасынын (Алясканы кошпогондо) 30%ин иштетилүүчү жер, 28%ин токой, 42% чейин жайыт ж. б. түзөт. Айыл- чарбага жарактуу жери 18,7 млн га. Айыл-чарбанын товардык продукциясынын 47%ке жакынын дыйканчылык, 57%тен ашыгын мал чарбасы түзөт. АКШ жүгөрү, буудай, пахта, тамеки, эт, сүт даярдоо боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Тоют өсүмдүктөрү, мөмө-жемиш (анын ичинде цитрустар да бар), жашылча өстүрүлөт. Буудай бардык жеринде өстүрүлөт, бирок негизги аймагы - «буудайлуу алкак» (Канаданын чегинен баштап Улуу түздүктөр аркылуу Техас штатынын борб. бөлүгүнө чейин камтыйт), жүгөрү - «жүгөрүлүү алкакта» (Айова, Иллинойс, Индиана штаттарында жана аларга чектеш жерлерде) өстүрүлөт. Пахтачылык жана тамекичилик өлкөнүн түндүгүндө жана түштүк-чыгышында өнүккөн. 1992-ж. 60 млн т буудай, 190 млн т жүгөрү, 59 млн т соя буурчагы, 3,9 млн т пахта жыйналган. Сүт багытындагы мал чарбасы негизинен өлкөнүн түндүк-чыгышында, эт багытындагысы батышында жана түштүгүндө, кой чарбасы тоолуу штаттарда, үйкушу чарбасы түштүк-чыгышта өнүккөн. 1995-ж. 102,8 млн бодомал, 59,9 млн чочко, 8,9 млн кой, 6 млрд дан ашык үй кушу болгон (анын ичинде бройлерлер да бар). 1991-ж. 4,3 млн т балык кармалган. Темир жолунун узундугу 225 миң км, автомобиль жолунуку 6,3 млн км (шаар жолдору кошо). Ички суу жолу өнүккөн, айрыкча Миссисипи, Огайо дарыясы, Улуу көлдөр, Жээк каналдары кеңири пайдаланылат. Деңиз соода флотунун тоннажы 23,3 млн брутто рег.-т (1992). Негизги деңиз порттору: Нью-Йорк, Жаңы Орлеан, Хьюстон, Филадельфия, Балтимор, Бостон, Ньюпорт-Ньюс, Норфолк, Сан-Франциско, Лос-Анжелес, Сиэтл; көлдөрдөгү негизги порттор: Чикаго, Дулут, Буффало, Кливленд, Детройт, Толидо. Труба транспорту өнүккөн (жалпы узундугу 300 миң кмдей). Туризм өнүккөн (жылына чет өлкөдөн 43 млндон ашык турист келет). Туристерди кызыктырган негизги объектилери: Вашингтондо: АКШнын конгрессинин имараты - Капитолий, өлкөнүн президентинин расмий резиденциясы - Агүй, Ж.Вашингтондун эстелиги, АКШнын улуттук музейи, Улуттук Искусство галереясы, Учуу жана космонавтика улуттук музейи ж. б.; НьюЙоркто: АКШнын символу - Эркиндик статуясы, Ыйык Патрик собору (19-кылым), Метрополитен музейи, Нью-Йорк калк китепканасы (20-кылымдын башы), Линкольн искусство борбору, Азыркы искусство музейи, С. Гуггенхейм музейи, Бродвей жана Таймссквер аянты (шаардын негизги театрлары менен) ж. б. Табигый кооз жерлери: Колорадо дарыясындагы Чоң Каньон улуттук паркы, Калифорниядагы Моно көлү, Ниагара шаркыратмасы, Улуу көлдөр. Калифорния жана Флорида шаарындагы Диснейленд эсалуу парктары, ошондой эле Флориданын пляжы дүйнөгө белгилүү. Экспортко өнөр-жай жабдуулары, самолет, автомобиль, электрондук жабдуулар, аскер техникасы, химикаттар, таш-көмүр, жүгөрү, соя буурчагы ж. б. чыгарат. Негизги сырткы соода шериктери: Канада, Япония, Мексика, Батыш Европа өлкөлөрү.

 

 


Скачано с www.znanio.ru

Америка Кошмо Штаттары (АКШ )

Америка Кошмо Штаттары (АКШ )

Маршалл аралдарынан турат. 1903-жылдан бери ушунун таандык

Маршалл аралдарынан турат. 1903-жылдан бери ушунун таандык

Коннектикут (Connecticut) 12,9 3,3

Коннектикут (Connecticut) 12,9 3,3

Түндүк Каролина (North Carolina) 136,4 7,3

Түндүк Каролина (North Carolina) 136,4 7,3

Мохаве чөлүндөгү Ажал өрөөнү, анда абанын абсолюттук максимуму 57,7°С катталган; жылдык жаан-чачындын өлчөмү 50-100 мм

Мохаве чөлүндөгү Ажал өрөөнү, анда абанын абсолюттук максимуму 57,7°С катталган; жылдык жаан-чачындын өлчөмү 50-100 мм

Вт с электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 71,1% жылуулук электр станцияларына, 8,6%

Вт с электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 71,1% жылуулук электр станцияларына, 8,6%
Материалы на данной страницы взяты из открытых истончиков либо размещены пользователем в соответствии с договором-офертой сайта. Вы можете сообщить о нарушении.
08.08.2020