Атмосферадагы суу кайдан келет?
Атмосферада суу молекулалар (буу), тамчы жана майда кристаллдар түрүндө кездешет. Алар ошол жакта жер бетинен суунун бууланышынын, дем алуу жана заттар менен алмашуу процессинде тирүү организмдер бѳлүп чыгуунун натыйжасында, ошондой эле жанар тоолордун ишмердүүлүгүнүн, ѳнѳр - жай ѳндүрүшүнүн жана ар түрдүү заттардын туздануусунун кошумча азыгы катары пайда болот. Сууну океандар, көлдөр, дарыялар эле буулантышпастан, ал мөңгүлөрдөн, кардан, топурактан, өсүмдүктөрдөн ж.б. бууланат. Андан кийин атмосферадагы буу, конденсацияланып сууга айланат.
Атмосферадагы суу буулары, булуттар, жаан-чачындар.
Суу бууларынын касиети кандай?
2. Туман буудан эмнеси менен айырмаланат?
З.Булут эмнеден турат?
Абсолюттук нымдуулук — бул 1 м3 абадагы суу буусунун саны. Ал грамм менен көрсөтүлөт.Мисалы: эгерде абсолюттук нымдуулук 15 ке барабар дешсе, бул 1 м3 абада 15 г суу буусу бар дегендикке жатат.
Абадагы суу буусунун курамы нымдуулук көрсөткүчү менен мүнөздөлөт. Эгерде буунун санын 1 м3 граммда санаса, анда бул абсолюттук нымдуулук. Абадагы буунун курамынын кѳбүрѳѳк таралган мүнөздѳмѳсү болуп салыштырмалуу нымдуулук эсептелет, анын маанисин аба-ырайынын күнүмдүк отчеттору кабарлайт. Салыштырмалуу нымдуулук – абадагы суу бууларынын (чыныгы серпилгичтигин) ошол эле температурадагы абаны каныктыруу үчүн керек болгон суу бууларына (максималдуу серпилгичтигине) болгон катышы катары пайыз менен көрсөтүлөт. Ал абанын суу буусуна каныгуу даражасын кѳрсѳтѳт.
Атмосферага суу буулары жер бетинен буулануу процессинин натыйжасында келет. Буулануу абанын салыштырмалуу нымдуулугунан жана буулануучу суунун температурасынан көз каранды. Каныккан аба, эгерде анын температурасы жогорулабаса, суу бууларын кѳп батыра албайт. Температуранын жогорулашынан ал каныгуудан алыстайт, тѳмѳндѳ тескеринче, анда конденсация башталышы мүмкүн жана ар түрдүү шарттарда булуттар жана ар түрдүү атмосфералык жаан-чачындар пайда болушат.
Атмосфералык жаан-чачындардын санын өлчөөчү даана чогултуучу аспап ушундай. Ал жаан - чачын өлчөгүч плювиометр деп аталат. Ал метео аянтчада тургузулган так аныктап кесилген цилиндр чакасы сыяктуу. Жаан-чачындардын саны атайын жаанды ѳлчѳѳчү стаканга жаан-чачын чакасына куюу жолу аркылуу түшкѳнү менен аныкталат, анын кесилүү аянты дагы белгилүү.
Катуу жаан-чачындар (кар, таруу, мөндүр) алдын ала эритилет. Ал эми метео байкоо жүргүзүүдѳ кардын калыңдыгын ченѳѳ үчүн кар өлчөгүч сызгычты колдонушат.
Туман кантип пайда болот?
Туман -нымга каныккан аба муздаган кезде мурдагы өлчөмдөгү суу буусун өзүнө батыра албай калат, ошондо буу бири-бирине биригип, майда тамчыларга айланат (конденсацияланат). Жайкысын асман ачык, салкын түндөрдө оён жерлер менен өзөндөрдүн үстүндө көп учурларда туман пайда болот, анткени бул жерлерде аба кыйла муздап калгандыктан суу бууларынын бир бөлүгү туман тамчыларына айланат.
Булуттар -ошол эле тумандын езү, бирок ал жердин бетине жакын пайда болбостон, бир кыйла бийиктикте пайда болот. Булуттун ар бир тамчысы буурчактан миллион эсе кичине, алардын жерге түшүүсүнүн етө эле жай болгондугу мына ушунда. Бул тамчылар эң майда чаңдарга окшоп, абада калкып жүргөндөй көрүнөт.
Материалы на данной страницы взяты из открытых источников либо размещены пользователем в соответствии с договором-офертой сайта. Вы можете сообщить о нарушении.