ТЕХНИКА, ТЕХНОЛОГИЯ, ЭКОЛОГИЯ
Абдылдаев О.Т.
НАРЫН ДАРЫЯСЫНЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК АБАЛЫН БАЙКОО БОЮНЧА ЖҮРГҮЗҮЛГӨН ИЛИМИЙ-ИЛИКТӨӨ ИШТЕРИ
Абдылдаев О.Т.
НАУЧНО-ИССЛЕДОВАТЕЛЬСКИЕ РАБОТЫ ПРОВЕДЕННЫЕ ПО ИЗУЧЕНИЮ ЭКОЛОГИЧЕСКОЙ СИТУАЦИИ РЕКИ НАРЫН
O.T. Abdyldaev
RESEARCH WORK CARRIED OUT ON STUDYING ENVIRONMENTAL SITUATION OF THE RIVER NARYN
УДК: 599.32-16
Макалада Нарын дарыясынын экологиялык абалы баяндалат.
В статье излагается экологическое состояние реки Нарын.
The article describes the environmental status of the river Naryn.
Нарын дарыясы Сыр-Дарыянын оң куймасы катары узундугу 534 километр, ал эми Чоң-Нарын куймасын кошкондо 807 километрге чукулдап чыгыштан-батышты (өйдөдөн-ылдый) карай жер кыртышынын рельефи боюнча капчыгай, коктуларды, тоо арасындагы өрөөндөрдү, ойдуң-түздүктү, ал жактарда жайгашкан шаар-айылдарды аралап агат. Нарын дарыясы кээ бир жерлерде туурасы кыска, капталдары аска-таш тирелген кокту-колоттор аркылуу добуш чыгарып шаркырап агып, бирде жайылып туурасы кеңейип, мелмилдеп үнсүз агып, өзүнүн сапарын улантат.
Нарын дарыясы Орто Азиядагы эң ири кубаттуу дарыя катары сугат иштеринде жана суу электр чордондоруна курууга ылайыкталып пайдаланылып келе жатат. Кыргызстандын территорияда союз маалында салынган гидроэлектрдик станцияларды санасак: Үч-Коргон, Токтогул, Күрп-Сай, ШамалдыСай, Таш-Көмүр жана Ат-Башы. Жакында Нарын дарыясынын баш жагы Чоң жана Кичи куймаларына чукул Россия мамлекети инвестиция жумшап жаңы суу электр чордондору курулушу баштала турган болду.
Нарын дарыясынын жогорку куймалары Чоң Нарын жана Кичи Нарындан баштап, суу жээктеп жолдогу айылдарды камтып, Нарын шаары аягы Ак-Кыяга чейин суунун пробаларын алып, андагы химиялык элементтердин курамы жана пайыздык катышы атомдукабсорбциялык метод менен аныкталган [1]. Андан тышкары Нарын шаарынын ар кайсы жерлеринен алынган топурактын, анда өскөн чөптөрдүн жана Таш-Рабатка чейин абанын радиациялык активдүүлүгүн изилдөө радиометриялык дозиметрдин жардамы менен жүргүзүлгөн [2-3].
Нарын регионунун айлана-чөйрөсүнүн экологиялык абалы, өзгөчө Нарын дарыясына Кум-Төр алтын комбинатынын тийгизген таасири тууралуу көп маселелер козголуп келе жатат. Нарын районунун депутаттар кеңешинен, жана С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинен химия илимдеринин кандидаты, доцент Турдалиев И.К. баштаган топ Кум-Төргө барып, тегерек-чети, айлана-чөйрөсү менен таанышып, таштанды түшкөн жайдан чыккан киргил суюктуктун Чоң-Нарын дарыясына куюлуп ууландырып, келтирген зыяндарын лабораториядан алынган анализдер жана Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан айылдардын жашоочуларынын байкоолору боюнча билдирилген маалыматтар боюнча көрсөтүштү. Ага карабай «Камеко» компаниясы тарабынан жүргүзгөн анализдерден суу таза деп таңуулап, моюндарына алышкан жок. Андан тышкары Жогорку Кеңеш жана Өкмөт тарабынан түзүлгөн комиссия да келтирилген зыяндар туурасында айтылганы менен жыйынтык чыккан жок. Алтын комбинаттын жанындагы көлдүн булганышы, чаң баскан мөңгүлөрдүн жылышуусу жана эриши тууралуу да кеп козголгон бойдон калды.
Нарын дарыясына кошулганга чейинки Чоң-Нарын дарыясы (22-март, 2014-ж.)
Эки-Нарын айылы тарапка баратканда, ТашБашат айылынан чыгып түндүк жакка багыталып, Нарын дарыясынын жээгине чукулдап чыгышка бурулгандан кийин жол менен ылдый кыялап түшүп солго бурулганда маңдайда капчыгай аралап чыккан дарыянын Чоң-Нарын куймасы түштүк-чыгыш тараптан агып чыкканы көз алдыга чалдыгат. Кайра батыш жакка бурулуп, кичине суу жээктеп жол менен жүргөндө эскилиги жетип калган жыгач көпүрөгө туш келебиз. Фотоаппараттын жардамы менен тартылып алынган сүрөттөргө көңүл бурсак жана эки дарыянын кошулганга чейинки абалына байкоо жүргүзүп, салыштырып карасак Чоң-Нарын дарыясынын ортосундагы муздар эрип суунун агыны көзгө көрүнөт.
Суунун үстүндөгү жыгач көпүрөгө чукулдап токтоп, көпүрөгө туруп сол жакты карасаң түндүк тараптан кокту аркылуу агып келген Кичи-Нарын дарыясынын куймасынын Чоң-Нарын менен кошулган жери көз алдыга алаканга салгандай көрүнөт. Ал эми Кичи-Нарын дарыясынын үстү тоң бойдон кээ бир жерлери эле ачылып суу көрүнбөсө, тоң абалда турат. Мындан жашоочулардын айтканы туура чыгып, Чоң-Нарын суусунда кыш мезгилинде муз калың тоңбогондугун айкындап турат.
Чоң-Нарын (сол жак) жана Кичи-Нарын (оң жак) дарыяларынын биригиши (22-март 2014-ж.)
Чоң-Нарын дарыясынын башы чыгыш тараптан
Тоң районуна караштуу Кум-Төр тоо кыркаларын бетине урунуп агып көлөмү көбөйүп бирдиктүү жана кубаттуу Нарын дарыясына айланат. Дарыянын нугу төмөн карай терендеп суу капчыгайдын беттери зоока-таштар менен тирелген ичи менен өзүнүн агынын улантып агат. Жаз айлары ортолоп суу киргенде карасаң, эки дарыянын сууларынын өңдөрү эки башка, бул эмнеден экенин – жер кыртышы топурактан, же эрип түшкөн кар-муз, мөңгүдөн көз каранды экендигин так айтыш кыйын. Суу ылдыйлап өзүнүн рельефи боюнча батыш тарапка акканда Нарын районуна караштуу айылдар аркылуу өз нугу менен аралап агып, өрөөндүн туурасы 5-8 километрге кеңейет.
Фотографиядагы сүрөткө көңүл буруп карасак, эки дарыя кошулгандан кийин пайда болгон Нарын дарыясынын үстү аз-аздан эрүүн болбосо тоң эле бойдон. Элде айтылып калган кеп бар «суу бир нече чакырым аралыкты агып өткөндөн кийин өзүнөн-өзү тазаланат», - деп. Ошондой эле «Аккан сууда арам жок, пайдалана берсе болот», - деген каймана мааниси да бар. Бул айтылган сөздүн маанисинде кандайдыр бир чындык болушу мүмкүн, себеби булактардан куралып чыккан суулар утур жаңырып аралашышы жана жер кыртышынын курамы аркылуу тийишип, жээктерди каптап агуусу аркылуу курамы өзгөрүшү мүмкүн. Бирок муну тактап илимий тастыктаган эсептөөлөр, анализдер жүргүзүлгөндүгү күмөндүү. Себеби суунун кайсы аралыкта канчалык пайызда тазаланышына так жооп берип, кепилдик бериш кыйынчылыкка турат.
Билинбей жылдар өтүп, Чоң-Нарын дарыясы булгангандын эле ичинде, ал тараптагы Эки-Нарын айылынын жайлоолорунун алкагында малдарын жайлаган тургундар, кышкысын суу мурунку жылдарга салыштырмалуу муз кармабай жука тоңуп калды деп сарсанаа боло башташты. Анткени мал-
дагы Петров деп аталган тоо мөңгүлөрүнөн агып түшөт, андан Тарагай жана Кара-Сай суулары кошулгандан кийин башталат. Ошондуктан ЧоңНарын суусуна Кум-Төрдөгү алтын комбинатынан чыккан ташдандылардын тийгизген таасири болушу мүмкүн. Анткени Кум-Төрдөгү алтын комбинаты жыйырма жылга чукул иштеп, эмне деген уулуу химиялык заттарды, анын ичинен цианидди таштанды катары чыгарып сууга куюп булгап келе жаткандыгынын таасири болот. Эки дарыянын куймалары кошулуп чогулган жерде жай айларында байкоо жүргүзсөк суулар аралашып айлампа пайда болуп оргуштап, коктунун Чоң-Нарын жана Кичи-Нарын куймалары кошулгандан кийинки Нарын дарыясы, (22-март, 2014-ж.) |
жандын көбү сугарылат, ал жакта суу тамак-ашка да пайдаланылат. Ага көңүл буруп, ар жылы иликтеп изилдөө иштерин жүргүзгөн кыймылдагы лаборатория жок.
Жыл сайын Кум-Төрдөгү алтындан республикабыздын бюджетине түшкөн акчалардын жыйырма пайызына чукулун жергиликтүү бюджеттерге берет деп айтылып келет. Ошого жараша айлана-чөйрөнү көзөмөлгө алып илимий-изилдөө иштерине акча бөлүнүп, лаборатория ачылып иш жүргүзүлсө, бардык жактан жергиликтүү калк кабардар болмок эле.
Нарын облусунун экологиялык абалын эске алып, Кум-Төрдөгү алтын комбинатынын келтирген зыяндарын калыбына келтирүү үчүн чара көрүлсө. Мындай көйгөйлүү маселелерди республиканын масштабында көтөрүп чыккан бирин-серин эле атуулдар болбосо, аны Өкмөттүн деңгээлинде алып чыккан, эл тарабынан шайланган депутаттардан эч ким жок. Алтынды чыгарып, пайданын көбүн көрүп жаткан чет элдик тараптын жасаган иштери, көзөмөлгө алынбаса, алар эч убакта айлана-чөйрөгө зыян келтирдик деп айтышпайт.
Адабияттар:
1. Турдалиев И.К., Абдылдаев О.Т., Бакирова Г. Атомноабсорбционное определение тяжелых металлов (Pb, Cu, Zn, Cd, Co, Ni). Журнал «Наука и новые технологии», №3, 2000.
2. Абдылдаев О.Т., Турдалиев И.К., Шерматов С.М. Радиометрические и радиохимические исследования радиоактивности почвы и растений. Изв. НГУ, №1, 2000.
3. Абдылдаев О.Т.,Турдалиев И.К., Шерматов С.М.Радиометрические исследования β-активности атмосферной осадки в г. Нарын. Бишкек, ИИМОП КГНУ, 1999
Рецензент: к.хим.н., доцент Турдалиев И.К.
_______________________
© ООО «Знанио»
С вами с 2009 года.