Осмон империясы 17-19- клымдарда
Оценка 4.8

Осмон империясы 17-19- клымдарда

Оценка 4.8
Домашнее обучение +2
pptx
история
8 кл—11 кл +1
03.10.2022
Осмон империясы 17-19- клымдарда
17-19- кылымдардагы Осмон империясындагы Селим 3нүн, Махмуд 2нин реформалары жана Танзимат реформасынын мааниси тууралуу маалыматтар бул презентацияда берилген
phpm4AuhN_Osmon-imperiyasy-17-19-kylymdarda.pptx

И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети

И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети

И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультети тема: Осмон империясы 17-19- кылымдарда

Аткарган: Ишенбек уулу Бакберген

План: Селим III реформасы жана аскердик модернизация

План: Селим III реформасы жана аскердик модернизация

План:

Селим III реформасы жана аскердик модернизация
Махмуд II реформасынын артыкчылыгы жана кемчилиги
Танзимат реформасынын мааниси жана Решид пашанын ролу

Селим III 1789-жылдан 1807-жылга чейин

Селим III 1789-жылдан 1807-жылга чейин

Селим III 1789-жылдан 1807-жылга чейин Осмон дөөлөтүндө бийлик жүргүзгөн. Султан Селим Осмон дөөлөтүн жакшы ниет жана тайманбастык менен жаңылануу, оңдолуу жолуна салган падыша катары тарыхта калган. Ал мыкты реформатор, акын жана музыкант болгон

Селим III реформасы Селимдин такка чыгышына

Селим III реформасы Селимдин такка чыгышына

Селим III реформасы

Селимдин такка чыгышына Осмон дөөлөтүндөгү калктын баары аябай кубанган. Осмон армиясы менен калкы жаңы падышадан көп нерсени үмүт кылышкан.
Селим III падыша болгон мезгилде Осмон армиясынын абалы жакшы эмес болчу.

1792-1793-жж.Султан СелимIII реформа жүргүзгөн.Ал реформа «низам-ы-джедид» же «жаңы түзүлүш» дегенди түшүндүргөн.
Европалык үлгүдөгү аскердик корпус түзүү,реформа үчүн атайын акча бөлүү жөнүндө султан указ чыгарган.
Селим IIIтүн реформасы цехтердин жоюлушун жана анын ордуна мануфактуралардын пайда болушун тездеткен.
Селим IIIтүн реформасына көптөгөн тимариоттор жана зеаметтер каршы чыгышкан.

Аскердик модернизация Осмон империясы аскердик жактан алсыз экенин ошол эле

Аскердик модернизация Осмон империясы аскердик жактан алсыз экенин ошол эле

Аскердик модернизация

Осмон империясы аскердик жактан алсыз экенин ошол эле Россия, Австрия менен согушта көргөзгөн. Натыйжада келишимдердин негизинде бир катар аймактарынан айрылган.
Осмон империясында армиянын эски түзүлүшү орногон. Анын негизин атчандар жана янычарлар түзгөн.

Селим султандын реформасы аскердик түзүлүштү европалык үлгүдө толук кайра курууну көздөгөн.
Аскердик корпустар түзүлүп, атайын акчалар бөлүнгөн
Аскердик реформа францус офицерлеринин жетекчилигинде жүргөн
Жаңы корпустар түзүлүп, солдаттар тарбияланган жана жыл өткөн сайын акырындык менен көбөйгөн.
Аскердик-инженердик окуу жайлар ачылган.
Аскердик флоттор да жаңылануулар болгон
Аскердик реформаны каржылаш үчүн жаңы салыктар киргизилген.

Махмуд II Махмуд II (1808-1839)

Махмуд II Махмуд II (1808-1839)

Махмуд II

Махмуд II (1808-1839) Осмон империясынын 29- султаны. Анын башкаруу жылдарында империяда крисиз күч алган. Ага карабай бир катар реформаларды жүргүзүп, империяны турукташтырууну көздөгөн. Осмон империясын батышка жакындатуу үчүн да реформаларды жүргүзгөн

Махмуд II реформасынын артыкчылыгы

Махмуд II реформасынын артыкчылыгы

Махмуд II реформасынын артыкчылыгы

Султан Махмуд мамлекеттик башкаруу системасын өзгөрткөн. Европанын министрлер кабинети сымал системаны киргизген. Атайын министрликтерди түзгөн
Аскердик блокторду түзүп, армияны чыңдаган. Янычарлык армияны толугу менен жок кылган.
Жер ээлөөчүлөрдүн эскирген системалары модернизацияланып, тимориоттордун жерлери мамлекетке өткөн.
Султан Махмуд II кансарайдын айрым салттарынан айрылып, Европа өкүмдарлары сыяктуу жашай баштаган. Сакалын кыскартып, өзүнүн сүрөтүн мамлекеттик мекемелерге илдирген. 
Батыштыктардын кийимине окшош кийимдер кийген. Мамлекеттик кызматкерлер феска кийип жүрүүгө мажбур болушкан.
Махмуд IIнин падышалык доорунда осмондуктардын мамлекеттик башкаруу, билим берүү, укук ж.б. көптөгөн тармактарында реформалар жасалган.

Махмуд II реформасынын кемчилиги

Махмуд II реформасынын кемчилиги

Махмуд II реформасынын кемчилиги

Махмуд IIнин саясат майданындагы ийгиликсиздиги жана өлкөдө жасаган реформалары эл арасында нааразычылыкты жараткан.
Босния- Герцеговиния жана Араб жарым аралында көтөрүлүштөр чыккан.
Стамбулда Махмуд IIни «каапыр падыша» дегендер да болгон.
Бирок ушундай нерселерге карабастан Султан Махмуд туура деп эсептеген жолунан кайткан эмес.

Танзимат реформасы Танзимат ( «тартипке келтирүү») —

Танзимат реформасы Танзимат ( «тартипке келтирүү») —

Танзимат реформасы

Танзимат ( «тартипке келтирүү») — Осмон империясындагы биринчи конституциянын кабыл алынышынан кийинки, 1839 дан 1876 га чейинки модернизациялык реформалар. Танзимат реформасында армияны жанылоо, акча реформасы, салыкты тартипке келтирүү , соодада өзгөрүүлөрдү киргизүү, сот жана администрациялык жанылануулар жөнүндө жазылган.

Абдул-Межит 1 (1839-1861) Осмон империясынын султаны. Ал тактыга отургандан кийин Танзиматтты жарыялаган.

Танзимат реформасынын мааниси жана

Танзимат реформасынын мааниси жана

Танзимат реформасынын мааниси жана Решид пашанын ролу

1830-жылдарда Осмон дөөлөтү өзүн-өзү коргой албай турган абалда эле. Ушундан улам Осмон бийлиги Европадагы «теңдем» принцибинен пайдаланууну туура көргөн. Ошентип Осмон дөөлөтүнүн территориалдык бүтүндүгүн жактаган Англия менен Францияга жакындаганга аракет кыла баштаган. Осмон дөөлөтү күч-кубатын топтошуна жана Англия менен Франциянын ишенимине киришине жол ачкыдай жаңы системага муктаж эле. Мустафа Решит паша мындай системанын «Танзимат-и хайрийе» менен курулаарына ишенген.

Танзиматты ишке ашырууда Абдул

Танзиматты ишке ашырууда Абдул

Танзиматты ишке ашырууда Абдул Межит Мустафа Решид пашага ишенген. «Танзимат-и хайрийе» буйрук түрүндө жазылып, 1839-жылдын 3-ноябрында Мустафа Решит паша тарабынан «Гүлхане» деген атактуу бакчада салтанаттуу түрдө жарыя кылынган. Буйрукту жарыялоо салтанатына падыша, бардык министрлер, грек, армян жана жөөттөрдүн дин лидерлери, элчилер жана башкалар катышкан.
Осмон падышасы «Гүлхане» буйругун жана ушул буйруктун негизинде жазыла турган мыйзамдарды сыйлоого ант берген. Падыша ант берүү аркылуу Осмон дөөлөтүндө анын «ыйык» ыйгарым укуктарынан башка «мыйзам» деген күчтүн бар экендигин тааныган. «Гүлхане» буйругу жарыяланган күнү Осмон дөөлөтүндө «Танзимат» доору башталган. «Танзимат» деген термин «Гүлхане» буйругундагы жалпы принциптерге негизделген тартипти түшүндүрөт. «Танзимат» доорунун биринчи этабы 1856-жылы аяктаган жана анын экинчи этабы ошол эле жылы «Ыслахат» деген буйруктун жарыяланышы менен башталган.

Гүлхане» буйругу жарыялангандан кийин анын негизинде жаңы мыйзамдар жазылып, жаңы комитеттер түзүлгөн

Гүлхане» буйругу жарыялангандан кийин анын негизинде жаңы мыйзамдар жазылып, жаңы комитеттер түзүлгөн

«Гүлхане» буйругу жарыялангандан кийин анын негизинде жаңы мыйзамдар жазылып, жаңы комитеттер түзүлгөн. Бул буйруктун принциптери Осмон дөөлөтүнүн укук тармагында бурулуш жасаган.

Бул буйрук жарыялангандан кийин Осмон дөөлөтүнүн армия, билим берүү сыяктуу ар кандай тармактарында жаңылануу кыймылы башталган. «Танзимат» мурдагы реформаларга окшогон эмес. Ушундан улам империянын ичинде жана сыртында чоң резонанс жараткан.

Материалы на данной страницы взяты из открытых истончиков либо размещены пользователем в соответствии с договором-офертой сайта. Вы можете сообщить о нарушении.
03.10.2022