География предмети боюнча мамлекеттик стандарт
Оценка 4.7

География предмети боюнча мамлекеттик стандарт

Оценка 4.7
Документация
doc
другое
СCУЗ, ВУЗ
07.08.2020
География предмети боюнча мамлекеттик стандарт
Азыркы билим беруудогу мамлекеттик стандарт география предмети боюнча
Кыргыз Респуб.мамл.стандарт.doc

 

Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин

МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ

 

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 590, 2017-жылдын 18-августундагы № 496, 2017-жылдын 30-августундагы № 544 , 2018-жылдын 7-декабрындагы № 573 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

1-бап. Жалпы жоболор

 

1. Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандарты (мындан ары - Мамлекеттик стандарт) төмөнкүлөрдү белгилейт:

 

1) жалпы орто билимдин коомдук макулдашылган артыкчылыктарын;

 

2) жалпы орто билимдин максаттарын жана милдеттерин;

 

3) негизги компетенттүүлүктөрдүн тизмесин жана аларга жетүүнүн деңгээлин;

 

4) билим берүү тутумунун деңгээлинде, мектептин, класстын жана айрым окуучулардын билиминин натыйжаларына баа берүүнүн негизги принциптерин;

 

5) мектептик билим берүүдөгү уюштуруу жана методикалык (технологиялык) өзгөртүүлөрдү.

 

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 590 токтомунун редакциясына ылайык)

 

2. Мамлекеттик стандарт төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

 

1) мектептик билим берүүнүн бардык баскычтарда бардык билим берүү тармагында белгиленген максаттарды жүзөгө ашырууну;

 

2) окуу жүгүн ылайыкташтыруу үчүн билим берүү тармагында предметтерди интеграциялоо үчүн методикалык негиздерди;

 

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 590 токтомунун редакциясына ылайык)

 

3. Мамлекеттик стандарт компетенттик негизде билим берүү тутумун курууну камсыз кылган жана коомдун социалдык тапшырыгы менен мектептик билим берүүнү макулдашкан жөнгө салуу документтеринин (же куррикулум) тутуму аркылуу жүзөгө ашырылат:

 

1) предметтик стандарттар;

 

2) окуу пландары;

 

3) окуу-методикалык комплекстер.

 

4. Мамлекеттик стандарт предметтик стандарттарды, окуу планын жана негизги билим берүү программаларын иштеп чыгуу үчүн негиз болуп саналат.

 

5. Окуу планы 7 билим берүү тармагынан турат, алардын ар бири өзүнө белгилүү предметтерди, анын ичинде - интеграцияланган предметтерди камтыйт. Билим берүү тармактары Мамлекеттик стандартта белгиленген негизги компетенттүүлүктү (ушул Мамлекеттик стандарттын тиркемеси) эске алуу менен коом жана ар бир адам үчүн актуалдуу баалуулук белгилерге, Кыргыз Республикасынын билим берүү тутумунун негизги чакырыктарына жараша калыптанат.

 

6. Мамлекеттик стандарт билим берүү процессинин катышуучуларынын ар биринин - билим берүүнү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн, мектептин администрациясынын жана мугалимдердин, окуучулардын өзүнүн, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрүнүн билим берүүдө белгилүү натыйжаларга жетишүү үчүн жоопкерчилик чөйрөсүнө өзгөрүүлөрдү бекемдейт.

 

Бул үчүн билим берүүнү башкаруу органдары билим берүү тармагында саясатты иштеп чыгууда стратегиялык, программалык документтерди жана ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга бизнес-коомчулуктун, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн, ата-энелерди, окуучулардын өздөрүн тартат.

 

7. Мамлекеттик стандарт Кыргыз Республикасында мектепке чейинкиден жогорку кесиптик билим берүүгө чейинки билим берүү тутумун куруунун бирдиктүү методологиясын камсыз кылган компетенттүү-багытталган стандарттар тутумунун бир бөлүгү болуп саналат.

 

8. Мамлекеттик стандартты кайра кароо жана жаңылоо мектеп окуучуларын даярдоонун Кыргыз Республикасынын стратегиялык документтеринде бекемделген стратегиялык артыкчылыктарга, иш берүүчүлөрдүн керектөөлөрүнө, окуучулардын жана алардын ата-энелеринин суроо-талаптарына ылайык келишин камсыз кылуу максатында беш жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлүп турат.

 

9. Ушул Мамлекеттик стандартта негизги түшүнүктөр жана атоолор төмөнкү мааниде пайдаланылат:

 

- базалык жалпы билим берүү предметтери - мектептик билим берүүнүн бардык баскычтарында жана профилдеринде бардык окуучулар үчүн милдеттүү болуп саналган предметтер;

 

- базистик окуу планы - милдеттүү предметтердин тизмесин, аларды окутуунун ырааттуулугун, окуу жүгүнүн көлөмүн жана формасын белгилеген документ;

 

- мамлекеттик компонент - менчигинин түрүнө карабастан бардык типтеги мектептер үчүн милдеттүү болгон мамлекеттик стандарттардын талаптарын жүзөгө ашырган мектептик билим берүүнүн окуу планынын бөлүгү;

 

- жалпы мектептик билим берүүнүн мамлекеттик стандарты - ченемдик-укуктук документ, ал:

 

мектептик билим берүүнүн бардык баскычтарында билим берүүнүн бардык тармактарында белгиленген максаттарды жүзөгө ашырууну камсыз кылат;

 

билим берүү процессин жөнгө салат;

 

улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерде билим берүү тутумун өнүктүрүүнү камсыз кылат;

 

- жеке билим берүү траекториясы - педагогдун ата-энелер менен бирге өз ара аракеттенүүсүндөгү координациялык, уюштуруучулук, консультациялык ишмердигинде жүзөгө ашырылган ар бир окуучунун тийиштүү жөндөмдүүлүгүнө, мүмкүнчүлүгүнө, жүйөлөрүнө, таламдарына ылайык жеке билим берүү максаттарын жүзөгө ашыруу боюнча алардын окуу ишинин элементтеринин белгилүү ырааттуулугу:

 

- инклюзивдик билим берүү - балдарды сегрегациялоонун ар кандай формаларын четке каккан ийгиликтүү окуу жана социалдашуу үчүн шарттарды түзүү аркылуу бардык окуучулардын керектөөлөрүнүн жана муктаждыктарынын ар түрдүүлүгүнө улуттук билим берүү тутумунун багытталышынын жана таасир кылышынын динамикалуу процесси;

 

- билимдин сапаты - билим берүүнүн натыйжасынын ар кандай билим берүү субъекттеринин (окуучулардын, педагогдордун, ата-энелердин, иш берүүчүлөрдүн, бүтүндөй эле коомдун) күткөндөрүнө же алар алдыга койгон максаттары менен милдеттерине ылайык келүү даражасы;

 

- негизги компетенттүүлүк - социалдык, мамлекеттик, кесиптик тапшырыкка ылайык аныкталган, окуу предметтеринин базасында жүзөгө ашырылган жана окуучунун социалдык тажрыйбасына негизделген көп функциялуулукка ээ болгон жана предметтен жогору турган билим берүүнүн өлчөнүүчү натыйжасы;

 

- компетенттүүлүк - белгилүү бир кырдаалда (окуу, жеке жана кесиптик) билимдин жана ыктын ар кандай элементтерин өз алдынча колдонууга адамдын интеграцияланган жөндөмү;

 

- компетенция - окуучуну (үйрөнүүчүнү) билим алууга даярдоого карата мурдатан коюлган, анын белгилүү бир чөйрөдөгү натыйжалуу үзүрлүү иши үчүн зарыл болгон социалдык талап (ченем);

 

- куррикулум - компетенттүүлүк негизде билим берүү тутумун курууну камсыз кылган, билим берүүнүн натыйжаларына, окуу процессин уюштурууга талап койгон жана мектептик билим берүүнү коомдун социалдык тапшырыгы менен макулдашкан жөнгө салуучу жана багыт берүүчү документтердин тутуму;

 

- билим берүү тармагы - адамдын ишмердигинин белгилүү чөйрөсүнө тиешелүү, илимий жана практикалык иштин педагогикалык жактан жатыккан тажрыйбасы түрүндө берилген билим берүүнүн мазмуну;

 

- билим берүү процесси - педагогдордун түздөн-түз катышуусу менен ар кандай түрдөгү сабактар жана окуучунун өз алдынча сабактары формасында, ошондой эле окуучулардын жана бүтүрүүчүлөрдүн сынактары, зачеттору, аттестациялоонун башка түрлөрү сыяктуу окутуунун жана тарбиялоонун уюштурулган процесси. Билим берүү программаларын ишке ашыруу билим берүү процесси аркылуу жүзөгө ашырылат;

 

- белги - бул символ, окуучулардын окуудагы жетишкендиктеринин баасын цифралар, тамгалар, сүрөттөр же жаңсоолор менен шарттуу-формалдык түрдө, сандык туюндуруу;

 

- баа - окуучуларды баалоонун жыйынтыктарын сандык жана сапаттык чагылдыруу;

 

- баа берүү - окуучулардын алардын этикалык жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө жана алар тарабынан турмуштук зарыл болгон компетенцияларга ээ болуусуна, ошондой эле бул иштин билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарынын талаптарына ылайык келүүсүн аныктоо үчүн окуучулар, мугалимдер, ата-энелер менен эки жактуу байланышты жүзөгө ашырууга багытталган маалымат арттыруучу ишин өлчөө, интерпретациялоо жана талдоо процесси;

 

- предметтик компетенттүүлүк - негизги компетенттүүлүккө карата мамиле боюнча жекече компетенттүүлүк, билим берүү натыйжаларынын топтому түрүндө айрым предметтердин материалдары менен аныкталат;

 

- предметтик стандарт - окуучунун билим алышынын, аларга жетишүү ыкмаларын жана предметтин алкагында өзгөрүүлөрдүн натыйжаларын жөнгө салган документ;

 

- долбоор - практикалык же теориялык маанилүү маселелерди чечүүдө жетишиле турган, окуучулардын өз алдынча жана топтук ишин талап кылган натыйжаларга багытталган мектеп окуучуларынын когнитивдик (таанып-билүү), аффективдик (эмоционалдык-баалуулук) жана жүрүм-турумдук ишмердигин уюштурууну камсыз кылуучу педагогикалык технология;

 

- профилдик билим берүү - билим берүү процессинин түзүмүн, мазмунун жана уюштурулушун өзгөртүүнүн эсебинен окуучунун кызыкчылыгын, шыгын жана жөндөмдүүлүгүн кыйла толук эске алууга, жогорку класстын окуучуларынын билим алуусун улантуу жагындагы кесиптик кызыкчылыктарына жана ниеттерине ылайык алардын окуусу үчүн шарт түзүүгө мүмкүнчүлүк берген окутуунун дифференциациялоо жана жекелештирүү каражаты;

 

- натыйжалар (билим берүүчү) - негизги жана предметтик компетенттүүлүккө ээ болуу деңгээлинде билдирилген билим берүү процессинин белгилүү этабында окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктеринин топтому;

 

- баа берүү тутуму - жетишкендиктерди өлчөөнүн жана окутуу маселелерин диагноздоонун, эки жактуу байланышты түзүүнүн, окуучуларга, мугалимдерге, ата-энелерге, мамлекеттик жана коомдук түзүмдөргө илим берүүнүн абалы, маселелери жана жетишкендиктери жөнүндө маалымат берүүнүн негизги каражаты;

 

- окутуу технологиясы - билим берүүнүн максаттарына жана натыйжаларына жетишүүгө жана өлчөөгө багытталган окуу процессин уюштуруунун ыкмаларынын жана методдорунун тутуму;

 

- билим берүү процессинин катышуучулары - окуучулар, педагогикалык кызматкерлер, билим берүү уюмунун башкаруучу жана окуу-көмөкчү персоналы, окуучунун ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү);

 

- окутуунун максаты - күн мурунтан берилген жана сыпатталган шарттар, окуучунун келечектеги ишинин ыкмалары; билим алуунун натыйжасында ээ болгон иштин мүмкүн болгон түрлөрүнө карата анын жөндөмү;

 

- мектептик стандарт - билим берүү уюму иштеп чыгып, бекиткен жана конкреттүү билим берүү уюмунун компетенциясынын чегинде окуу-тарбиялоо процессин уюштуруу боюнча анын өзгөчөлүгүн чагылдырган документ;

 

- мектептик билим берүү - тарбиялоо жана билим берүү системасы, ал коомдогу активдүү иши үчүн жетиштүү болгон, анын баскычтарына тиешелүү билимди, ыктарды, тажрыйбалык көндүмдөрдү камсыз кылат.

 

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 590 токтомунун редакциясына ылайык)

 

2-бап. Жалпы мектептик билим берүүнүн максаттары, милдеттери жана натыйжалары

 

10. Билим берүүнүн максаты: улам өзгөрүп жаткан көп түрдүү дүйнөдө жеке жана коомдук жыргалчылыкты камсыз кылган инсандын жарандык жана кесиптик ишке даярдыгы.

 

11. Билим берүүнүн милдеттери:

 

- окуучунун курактык өзгөчөлүгүнө ылайык педагогикалык жактан жатыккан адамзаттын илимий жана практикалык жетишкендиктеринин негизги өзөгүн өздөштүрүү;

 

- ийгиликтүү социалдашуу максатында жарандык маданиятты, толеранттуулукту, өз укуктарын коргой билүүнү калыптандыруу;

 

- коммуникативдик компетенттүүлүгүн, маек кура билүүнү, маңыздуу компромисстерди издеп жана табууну калыптандыруу;

 

- окуучуларда өз алдынчалуулукту, демилгелүүлүктү жана өзүн тыкан алып жүрүү жөндөмдүүлүгүн, өз жосундары жана өз өмүрү үчүн жоопкерчиликти ала билүүнү тарбиялоо;

 

- ачык маалыматтык-билим берүү мейкиндигинде, өз алдынча издөө, окуу ишмердигинде багыт алып жана иштей билүү жөндөмүн өнүктүрүү;

 

- ар бир бала үчүн анын коомго аралашуусун камсыз кылуу жана билим алуусуна бирдей укуктарды берүү.

 

12. Компетенттүүлүк билим берүүдө билим алуунун натыйжалары катары билим берүү процессинин белгилүү этабында негизги жана предметтик компетенттүүлүгүнө ээ болуу деңгээли менен көрсөтүлгөн окуучунун билимдеги жетишкендигинин топтому алынат. Билим берүү натыйжаларына окуучулардын калыптанган баалуулук максаттары жана окутуунун натыйжалары кирет, башкача айтканда бүтүрүүчүлөрдүн жеке, жарандык жана кесиптик керектөөлөрүн жүзөгө ашырууну камсыз кылган ар бир окуучунун негизги жана предметтик компетенттүүлүккө ээ болуу деңгээли үчүн жеке натыйжалары кирет.

 

13. Мамлекеттик стандарт төмөнкүдөй баалуулук максаттарга багытталган окуучунун жеке мүнөздөмөсүнүн калыптанышын камсыз кылат:

 

- Ата Мекенди сүйүү, улуттук салттарды урматтоо жана Кыргызстандын маданий жана табигый байлыктарына сарамжалдуу мамиле кылуу;

 

- негизги демократиялык жана жарандык укуктарды, эркиндиктерди түшүнүү, кабыл алуу, эркиндиктин адептик маанисин жоопкерчилик менен ажыралгыс байланышта түшүнүү, жеке тандоо жасап жана аны коргой билүү;

 

- социалдык, саясий, маданий турмушта толеранттуу жүрүш-туруш, өз өлкөсүнүн жана дүйнөнүн элдеринин маданий, руханий дөөлөттөрүн өздөштүрүү менен бир учурда эне тилге жана маданиятка аралашуу үчүн негиз катары маданияттардын көп түрдүүлүгүнүн баалуулугун аңдап-түшүнүү жана кабыл алуу;

 

- өзүн-өзү урматтоого жана инсандык потенциалды жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү, заманбап социалдык-экономикалык шартта жеке жыргалчылыкты камсыз кылган жигердүү эмгектик ишке даяр болуу;

 

- туруктуу өнүгүү принциптерин жолдоо, коопсуз жана дени сак жашоо ыңгайынын ченемдерин кармануу, техниканын жана технологиялардын өнүгүшүнүн социалдык жана экологиялык кесепеттеринин алдын-алуу.

 

14. Окутуунун натыйжасы катары Мамлекеттик стандарт негизги компетенттүүлүктүн тизмесин жана калыптануу деңгээлин аныктайт.

 

15. Негизги компетенттүүлүк болуп конкреттүү предметтердин мазмуну аркылуу калыптануучу жана ишке ашырылуучу, окуучунун социалдык тажрыйбасына негизделүүчү билим берүүнүн натыйжасы саналат.

 

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 590 токтомунун редакциясына ылайык)

 

16. Билим берүү процессинде негизги компетенттүүлүккө окуучулар төмөнкү шарттарда ээ болушат:

 

- окуу процесси окуучунун өз ишинин уюштурулушу жана натыйжасы үчүн өз алдынчалуулугун жана жоопкерчилигин өнүктүрүүгө багытталган;

 

- окуучулар жалпы билим берүүнү уюштурууда жана сабактан тышкары жана класстан тышкары иштерде долбоордук, изилдөө, социалдык иштерди жүргүзүүдө окутуу процессинде билим берүү ишинин ар кандай түрлөрүн жүргүзүүгө кошулган;

 

- окуучулардын максаттарды алдыга коюп жана ага жетишүү тажрыйбасына ээ болушу үчүн жагдайлар түзүлгөн;

 

- баа берүүнүн негизинде окуучунун жекече билим берүү траекториясын туруктуу түзөтүп туруу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынган;

 

- мектептердин педагогдору билим берүү жана тарбиялоо ишинде компетенттүү мамилени көрсөткөн.

 

17. Адам жеке жана кесиптик чөйрөсүндө пайдаланган ресурстардын (маалыматтык ресурстар, башка адамдар жана адамдардын топтору, жеке сапаттары жана адамдын өзүнүн мүмкүнчүлүктөрү) категориясына ылайык төмөнкү компетенттер негизги болуп саналат:

 

1) Маалыматтык компетенттүүлүк - өз ишин пландаштыруу жана жүзөгө ашыруу, негиздүү тыянактарды калыптандыруу үчүн маалыматтарды пайдаланууга даярдык. Маалымат менен иштей билүүнү талап кылат: жетишпеген маалыматты максатка умтулуу менен издөө, айрым фрагменттерди салыштыруу, гипотезаларды бирдиктүү талдоо жана коюу ыкмаларына ээ болуу. Адамга сын көз менен ой жүгүртүлгөн маалыматтын негизинде акылга сыярлык чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет.

 

2) Социалдык-коммуникациялык компетенттүүлүк - өз умтулууларын башка адамдардын жана социалдык топтордун таламдары менен айкалыштырууга даярдык, өз көз карашын позициялардын ар түрдүүлүгүн таануунун жана башка адамдардын (диний, этностук, кесиптик, инсандык) баалуулуктарына урмат менен мамиле кылуунун негизинде цивилизациялуу коргоп калуу. Маектешүүдө зарыл маалымат алууга даярдык жана аны жеке, социалдык жана кесиптик маселелерди чечүү үчүн оозеки жана жазуу жүзүндө билдирүү. Милдеттерди чечүү үчүн башка адамдардын ресурстарын жана социалдык институттарды пайдаланууга мүмкүндүк берет.

 

3) "Өз алдынча уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү" компетенттүүлүгү - маалыматта, окуу жана турмуштук жагдайларда карама-каршылыктарды табууга жана ар кандай ыкмаларды пайдалануу менен аларды өз алдынча же башка адамдар менен өз ара аракеттенүү менен чечүүгө, ошондой эле андан аркы аракеттер жөнүндө чечимдерди кабыл алууга болгон даярдык.

 

18. Компетенттүүлүктөрдүн калыптануу деңгээлин аныктоо үчүн окуучулардын өз алдынчалуулук деңгээли жана милдеттерди чечүүдө ишмердиктин пайдаланылган түрлөрүнүн татаалдыгы негиз болуп саналат.

 

19. Негизги компетенттүүлүктүн калыптанышынын үч деңгээлин бөлүп көрсөтүүгө болот:

 

1) биринчи деңгээл (репродукциялык) окуучулардын үлгүлөрдү (аракеттерди аткаруунун дайындалган алгоритми) жолдой билиши менен мүнөздөлөт;

 

2) экинчи деңгээл (продукциялык) курамы боюнча жөнөкөй иштерди аткаруу, ишмердиктин өздөштүрүлгөн алгоритмин башка кырдаалдарда колдонуу жөндөмү менен мүнөздөлөт;

 

3) үчүнчү деңгээл (креативдик) өз алдынча конструкциялоо жана негиздөө элементтери менен татаал курамдагы ишмердикти жүзөгө ашырууну түшүндүрөт.

 

20. Окутуунун ар бир баскычында окуучулар анын курактык жана жеке өзгөчөлүктөрүнө ылайык жана билим берүү шарттарын эске алуу менен бардык деңгээлдеги компетенттүүлүктөргө ээ болот.

 

21. Маалыматтык компетенттүүлүк.

 

Аспект

 

1-деңгээл

 

2-деңгээл

 

3-деңгээл

 

Милдетти чечүүгө ылайыктуу булактарды издөө

 

- издөөнүн берилген параметрлерин жолдоо менен маалыматтарды табуу;

 

- берилген маселе боюнча маалымат булагын өз алдынча табат;

 

- берилген ишмердик милдеттерине ылайык (анын жүрүшүндө изделген маалыматты пайдалануу зарыл) маалыматты издөө пландаштырылат;

 

- тигил же бул булактарды пайдаланууну негиздейт;

 

- алдыга коюлган милдетти чечүү үчүн кандай маалымат бар экендигин, кайсынысы кем экендигин аныктайт;

 

- сунуш кылынган ашкере маалыматтардан милдеттерди чечүүдө зарыл болгон маалыматты бөлүп көрсөтөт

 

- ишмердиктин милдетине таянуу менен тигил же бул типтеги маалыматтарды пайдаланууну негиздейт;

 

- милдетти чечүү үчүн жеткиликтүүлүк жана ылайыктуулук көз карашынан алынган маалыматка баа берет;

 

- маалыматтык издөөнүн аяктагандыгы жөнүндө өз алдынча жана жүйөлүү чечим кабыл алат;

 

- аныктамаларды, энциклопедияларды пайдаланат, китепте мазмуну, ал эми сайтта шилтемелер боюнча багыт алат.

 

- карточкалык жана электрондук каталогдордон, Интернеттин издөө тутумдарынан пайдаланат;

 

- библиографиялык басылмалардан, мезгилдүү басылмалардын макалаларынын тизмелеринен пайдаланат

 

- берилген маалыматты кайсы типтеги булагынан издөө керектигин көрсөтөт же маалыматтык издөө милдетине ылайык булакка мүнөздөмө берет;

 

Маалыматты алып чыгуу жана адеп иштетүү

 

- бир же бир нече булактардан (анын ичинде оозеки сөздөн) бир негиз боюнча маалымат алып чыгат жана анын алкагында берилген түзүмдү тутумга салат

 

- бир же бир нече булактардан эки жана андан ашык (анын ичинде оозеки сөздөн) негиздер боюнча маалымат алып чыгат жана анда берилген түзүмдүн алкагында тутумга салат, суроо берүү менен диалогдо кошумча маалымат алат, бир тема боюнча маалыматтарды баштапкы тутумга салуу үчүн жөнөкөй түзүмдү өз алдынча берет;

 

- бир же бир нече булактардан эки жана андан ашык негиздер боюнча маалыматты алып чыгат жана маалыматтык издөө милдетине ылайык өз алдынча аныкталган түзүмдө аны тутумга салат;

 

- негизги ойду аныктоо менен монологдо, диалогдо, дискуссияларда (топтордо) иш жүзүндөгү баа берүүчүлүк маалыматтын негизги мазмунун, себептик-натыйжанын байланышын, сүйлөп жаткан адамдын окуяларга жана аракеттеги адамдарга мамилесин кабылдайт

 

- статистикалык булактан, тарыхый булактан, көркөм адабияттан берилген суроо боюнча маалыматты алып чыгат;

 

- статистикалык булактан, тарыхый булактан маалыматты алып чыгууну өз алдынча алып чыгат жана жүзөгө ашырат;

 

- графика жана символдор менен берилген жөнөкөй маалыматтарды ачып көрсөтөт

 

- графикада берилген жөнөкөй (бир курамдык) же формалдаштырылган (символдук) маалыматты текстке жана андан кайра которот

 

- графикада берилген курамы боюнча татаал (көп аспекттүү) же формалдаштырылган (символдук) маалыматты текстке жана андан кайра которот

 

Маалыматтарды иштетүү жана анын негизинде чечимдерди кабыл алуу

 

-маалыматтын жетишсиздигин же өзүнүн маалыматты түшүнбөстүгүн көрсөтүү менен суроолорду берет

 

- маалыматтын аныктыгын текшерүүнүн мугалим сунуш кылган ыкмасын жүзөгө ашырат;

 

- текшерүүгө муктаж болгон маалыматты өз алдынча көрсөтөт, жана маалыматтын аныктыгын текшерүү ыкмасын колдонот;

 

- маалымат булагынан белгилүү тыянактарды негиздеген аргументтерди бөлүп көрсөтөт

 

- берилген критерийлер боюнча алар жөнүндө маалыматты салыштырып талдоонун негизинде объекттер, процесстер, кубулуштар жөнүндө тыянак чыгарат, конкреттүү шарттарда жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрдү колдонуу жөнүндө тыянак жасайт

 

- алар жөнүндө маалыматты салыштырып талдоонун негизинде объекттер, процесстер, кубулуштар жөнүндө тыянак чыгарат, тандалган эмпириялык маалыматтардын негизинде жалпылоону жасайт;

 

Маалыматтарды берүү

 

- алынган маалыматтарды так баяндайт

 

- алынган маалыматты чечилүүчү милдеттин контекстинде баяндайт;

 

- маалымат берүүнүн стратегиясын өз алдынча иштеп чыгат жана аны берилген милдетти, аудиторияны ж.б. эске алуу менен сунуш кылат;

 

- бир формада алынган маалыматты башка форматта сунуш кылат

 

- оозеки чыгып сүйлөө жана жазуу жүзүндөгү продукта берилген жанрда маалыматты сунуш кылат;

 

- оозеки бетачарды түшүнүүнү жеңилдеткен жазуу жүзүндөгү продукту даярдайт

 

22. Социалдык-коммуникациялык компетенттүүлүк

 

Аспект

 

1-деңгээл

 

2-деңгээл

 

3-деңгээл

 

Коммуникациялык кырдаалды талдоо

 

- стандарттуу коммуникациялык кырдаалда өз ролун жана өнөктөрдүн позицияларын аныктайт (мен киммин, кандай максаттар бар, катышуучулар ким, алар жөнүндө эмне билем)

 

- өз позициясын жана коммуникациялык кырдаалдын катышуучуларынын позицияларын, алардын социалдык ролун жана ниеттерин сырттан берилген коммуникациялык максаттар менен салыштырат, алардын мүмкүн болуучу позицияларын ролдорун, сүйлөө амплуасын жана ниеттерин аныктайт

 

- коммуникациянын жагдайын жана анын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн өз алдынча баалайт жана божомолдойт

 

Коммуникациялык ишти пландаштыруу жана даярдоо

 

- стандарттуу планга ылайык өзүнүн жүрүм-турумун жана коммуникациялык милдеттерин аныктайт

 

- берилген максаттын негизинде сүйлөнүүчү сөздүн планын, максаттуу аудиторияны жана чыгып сүйлөө жанрын даярдайт

 

- стандарттуу кырдаалда өзүнүн коммуникациялык жүрүм-турумунун планын түзөт;

 

- коммуникациялык милдетке ылайык оозеки же жазуу жүзүндөгү тексттин (максат - аудитория) мазмунун түзөт жана түзүмүн аныктайт

 

- коммуникациялык жагдайдын өнүгүшүнө божомолго негизденүү менен маалыматты оозеки же жазуу жүзүндө баяндоо ыкмасын тандайт;

 

- коммуникациялык жагдайга негизденүү менен коммуникациялык милдетти (максат-роль-аудитория) өз алдынча жүзөгө ашырат;

 

Коммуникациялык милдеттерди жүзөгө ашыруу

 

- алдыга коюлган коммуникациялык милдетке жана берилген социалдык ролго ылайык берилүүчү маалыматтын мазмунун калыптандырат;

 

- берилген үлгү боюнча жөнөкөй түзүмдөгү аргументти түзөт;

 

- берилген үлгү боюнча оозеки жана жазуу жүзүндө стандарттарга ылайык өз оюн тариздейт;

 

- оозеки жана жазуу жүзүндө башкаларга (башкалар) берилген маалыматтарды кабылдайт;

 

- мугалим берген коммуникациялык форматта өнөк (өнөктөр) менен өз ара аракеттенүүнү колдоого алат

 

- берилүүчү маалыматтын мазмунун түзөт жана алдыга коюлган коммуникациялык милдетке ылайык социалдык ролду тандайт;

 

- өз позициясын түшүндүрүү менен аргументтерди келтирет;

 

- коммуникациянын алдыга коюлган максатына жана адресатына ылайык белгилүү жанрдын жана түзүмдүн оозеки жана жазуу жүзүндөгү формасындагы (белгилүү формаларынын ичинен) стандарттарга ылайык өз оюн тариздейт;

 

- башкалар (башкаларга) берилген маалыматты кабылдайт, тандалган формада (оозеки же жазуу жүзүндө) маалыматтын мазмунун берет;

 

- коммуникациялардын бир нече форматтарын билет жана сапаттуу кайра чагылдырат

 

- социалдык ролду жана коммуникациялык милдетти (жагдайга жараша) өз алдынча аныктоо менен берилүүчү маалыматтын мазмунун түзөт

 

- талкуулоо үчүн сунуш кылынган позицияларга "жактап" жана "каршы" жүйөлөрдү тизмектейт, өз позициясына негиздеме берет;

 

- коммуникациялык жагдайга ылайык коммуникациянын максатын, дарегин жана жанрын өз алдынча аныктоо менен иштетилген маалыматты оозеки жана жазуу жүзүндө тариздейт;

 

- башкаларга (башкалар) берилген маалыматты оозеки же жазуу жүзүндө адекваттуу интерпретациялайт;

 

- коммуникациянын ар кандай форматтарына ээ болот, коммуникациялык жагдайга ылайык аларды өз алдынча тандай билет;

 

Коммуникациянын ийгиликтерине баа берүү (рефлексия)

 

- жүзөгө ашырылган коммуникациялардын күчтүү же чабал жактарын белгилейт;

 

- коммуникациянын айрым жактарына тиешелүү жеке тыянактарды калыптандырат;

 

- жүзөгө ашырылган коммуникацияларга эмоционалдык деңгээлде баа берет ("жакты" - "жаккан жок") мисалдарды келтирет

 

- коммуникациялардын натыйжаларын талдайт жана катышуучулардын позицияларынын күчтүү же чабал жактарын белгилейт;

 

- коммуникациялар боюнча жалпы тыянак чыгарат, аларды жарым-жартылай максаттар менен салыштырат;

 

- коммуникациялардын айрым аспекттерине баа берет жана негиздейт

 

- катышуучулардын позицияларынын күчтүү жана чабал жактарын жана аларга өзүнүн катышуусун белгилөө менен коммуникациянын натыйжаларын талдайт;

 

- жалпысынан жүзөгө ашырылган ишмердик боюнча жүйөлүү тыянак чыгарат жана аларды коммуникациянын максаттары менен салыштырат;

 

- жүзөгө ашырылган коммуникациянын маанисинин даражасына, натыйжалуулугуна өзү үчүн баа берет:

 

- эмнени билдим

 

- эмнени түшүндүм

 

- эмнени үйрөндүм

 

23. "Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү" компетенттүүлүгү

 

Компетенттүүлүк аспекттери

 

I деңгээл

 

II деңгээл

 

III деңгээл

 

Көйгөйдү аныктоо

 

- мугалим берген параметрлерге ылайык сунуш кылынган кырдаалга талдоо жасайт;

 

- маалыматта же кырдаалда карама-каршылыктарды табат (белгилейт);

 

- алар эмне менен айырмалана тургандыгын көрсөтүү менен реалдуу жана каалагандай кырдаалды сыпаттайт

 

- каалаган кырдаалды негиздейт, чыныгы кырдаалды талдайт жана каалаган жана чыныгы кырдаалдын ортосундагы карама-каршылыктарды аныктайт;

 

- көйгөйдүн пайда болуусунун мүмкүн болуучу айрым себептерин көрсөтөт;

 

- мугалим берген логикалык схемалардын негизинде чыныгы жана каалаган кырдаалга талдоо жасайт;

 

- кырдаалга өз алдынча талдоо жасоонун негизинде маселени аныктайт жана баяндайт;

 

- маселеге талдоо жасайт (анын себептерин жана анын жашап турушунун кесепеттерин көрсөтөт);

 

- маселени чечүүнүн мүмкүн болуучу жолдорун баяндайт жана негиздейт

 

Максаттарды коюу жана пландаштыруу

 

- берилген максаттын шартында милдеттерди коет;

 

- алдыга коюлган милдеттерди чечүү үчүн сунуш кылынган ишмердиктин түрлөрүн тандайт;

 

- милдеттерди чечүү боюнча кадамдардын ырааттуулугун түзөт

 

- берилген маселеге адекваттуу максат коет;

 

- милдеттерди, адекваттуу максаттарды коет;

 

- ага баа берүүнүн берилген критерийлеринин негизинде (мүнөздөмөлөрдү сыпаттоо менен) өз ишинин продуктусу өз алдынча пландаштырат

 

- маселени чечүүнүн альтернативдүү ыкмаларын талдоонун негизинде алдыга максат коет;

 

- максатка жетишүүдө келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктер жана тоскоолдуктарды көрсөтөт жана алдыга коюлган максаттарга жетишүүнү негиздейт

 

Технологияларды колдонуу

 

- оозеки жана жазуу жүзүндөгү нускамалар боюнча технологияларды туура көрсөтөт (аракеттердин ырааттуулугу)

 

- мурда белгилүүлөрдүн ичинен (милдеттерди чечүү ыкмасы) ишмердиктин технологияларын тандайт же конкреттүү милдетти чечүү үчүн белгилүү алгоритмдин бир бөлүгүн бөлүп көрсөтөт жана ишмердиктин планын түзөт

 

- продуктуларга карата параметрлер / талаптар өзгөргөндө белгилүү болгон же нускамада сыпатталган технологияларды колдонот;

 

- колдо бар алгоритмдердин комбинацияларынын негизинде кадамдардын жаңыча ырааттуулугун пландайт

 

Пландаштыруу жана (ички жана тышкы) ресурстарды уюштуруу

 

- белгилүү ишмердикти аткаруу үчүн зарыл болгон ресурстарды атайт

 

- алдыга коюлган милдеттерди (убактылуу, маалыматтык, материалдык ж.б.) чечүү үчүн зарыл болгон ички жана сырткы ресурстарды пландаштырат

 

- ар түрдүү ресурстарды талдайт жана милдеттерди чечүү үчүн тигил же бул ресурсту пайдалануунун натыйжалуулугун негиздейт

 

Ишмердиктин жана продуктунун натыйжаларына баа берүү

 

- сырттан берилген алгоритм боюнча өз ишмердигине контролдук кылат;

 

- берилген критерийлер, берилген ыкма боюнча өз ишмердигинин үзүрүнө баа берет;

 

- үлгүлөрдүн мүнөздөмөлөрүн жана алынган продуктуну салыштырат жана алардын шайкештигинин деңгээли жөнүндө тыянак чыгарат

 

- иш планына ылайык өз ишмердигин өз алдынча контролдойт;

 

- ишмердиктин максатына ылайык критерийлер менен өз алдынча аныкталган өз ишмердигинин продуктусуна баа берет

 

- максатка жетишүүнүн көрсөткүчтөрүн аныктайт жана негиздейт

 

- учурдагы контролдун натыйжалары боюнча өз ишмердигине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү негиздүү сунуш кылат (четке кагат)

 

Рефлексия (өзүнө-өзү баа берүү)

 

- өз ишинин күчтүү жана чабал жактарын көрсөтөт;

 

- өз аракеттеринин жүйөлөрүн көрсөтөт.

 

- ишиндеги ийгиликтердин жана иши жүрбөй калуунун себептерин көрсөтөт;

 

- милдеттерди чечүүдө туш болгон кыйынчылыктарды атайт жана аларды жоюунун / андан аркы ишмердикте алардан оолак болуунун жолдорун сунуш кылат;

 

- чечимдерди кабыл алууда өз жүйөлөрүн жана тышкы кырдаалды талдайт.

 

- башка милдеттерди чечүүдө алган билимин, жөндөмүн, тажрыйбасын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жүйөлөштүрөт

 

3-бап. Окутуу түзүмүнө жана процессине карата талаптар

 

24. Билим берүүнүн максаттарынын жана мазмунунун, окутуу технологиясынын өзгөрүшүнө байланыштуу, ошондой эле дүйнө жөнүндө бир бүтүн түшүнүктүн окуучуларда калыптанышы үчүн окуу предметтери билим берүү чөйрөсүнө топтоштурулган.

 

25. Мамлекеттик стандартта төмөнкүдөй билим берүү чөйрөлөрүн бөлүп көрсөтүүгө болот, алардын ар бири базистик окуу планында бекемделген бир катар предметтерден турат.

 

1) тилдик;

 

2) социалдык;

 

3) математикалык;

 

4) табигый илим;

 

5) технологиялык;

 

6) искусство;

 

7) ден соолук маданияты.

 

26. Окутуунун жогорку баскычында ар бир билим берүү чөйрөсүнүн алкагында же бир нече билим берүү чөйрөлөрүндө окуучулар багытталган профилдешүүнү тандоо мүмкүнчүлүгүн алышат.

 

27. "Тилдик" билим берүү чөйрөсү сөз сүйлөө ишинин бардык түрлөрүнө (аудирлөө, окуу, сүйлөө, жазуу) ээ болуунун негизинде окуучулардын сүйлөө, тилдик жана социалдык-маданий компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган. Тилдик билим берүү чөйрөсүнө эне (кыргыз, орус, тажик, өзбек), мамлекеттик жана/же расмий тил, ошондой эле бир чет тили кирет. Эне тилине окутуунун натыйжаларына коюлуучу талаптар биринчи тил үчүн предметтик стандарттар менен аныкталат. Башка тилде окутуучу мектептерде мамлекеттик/расмий тилдерге окутуу стандарттары экинчи тил үчүн предметтик стандартта, ал эми чет тилдер үчүн - тийиштүү түрдө чет тилдер үчүн предметтик стандартта аныкталат.

 

28. "Социалдык" билим берүү чөйрөсү инсандык, жарандык, социалдык компетенттүүлүктөрдү калыптандырууга жана өнүктүрүүгө багытталган жана адекваттуу окутуу чөйрөсүн түзүүнү камсыз кылат, анда окуучулар коомдо социалдык ролдорду аткаруу үчүн жетиштүү болгон социалдаштыруу тажрыйбасына ээ болушат.

 

29. "Математикалык" билим берүү чөйрөсү математикалык тилге, логикалык операцияларга, түзүмдөр менен иштөө жол-жоболоруна, сан жана форма түрүндө берилген өз ара мамилелерге, маалыматты иштетүүнүн жана берүүнүн так ыкмаларына ээ болууну камсыз кылат. Издөөнүн, өлчөөнүн, талдоонун, талкуулоонун, классификациялоонун жана жалпылоонун негизинде милдеттерди чечүү ыкмаларына ээ болуу окуучуларга күндөлүк турмуш үчүн, ошондой эле табигый процесстерди иликтөө жана сыпаттоо, табигый жана социалдык кубулуштардын өз ара байланыштарын, адамдын ишмердигинин курчап турган чөйрөгө таасирин кароо үчүн практикалык аспаптарды берет.

 

30. "Табигый илим" билим берүү чөйрөсү төмөнкү компетенттүүлүктөрдү калыптандырууга багытталган: таанып билүү жана илимий суроолорду коюу, кубулуштарды илимий түшүндүрүү, илимий далилдерди пайдалануу. Айрым предметтер жана табигый илимдик билим берүү чөйрөсүнүн интеграцияланган курстары жансыз жана жандуу табияттын биримдигин жана көп түрдүү касиеттерин түшүнүүнү, организмде, табигый жамааттарда, курчап турган чөйрөдө болуп жаткан мыйзам ченемдүүлүктөр жөнүндө түшүнүктөрдү камсыз кылып, туруктуу өнүгүү принциптерин жолдоого, ресурс үнөмдөөчү аракеттерди жүзөгө ашырууга, жаратылышты пайдалануунун терс кесепеттеринин тобокелдиктерин аңдап-түшүнүүгө жардам берет.

 

31. "Технология" билим берүү чөйрөсү эмгектик, долбоордук жөндөмдөрдү жана маалымат менен иштөө жөндөмүн, анын ичинде маалыматтык технологияларды пайдалануу менен калыптандырат. Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ) жеке идеяларды иштеп чыгуу жана сунуш кылуу, маалыматтары чогултуу, түзүмдөштүрүү, талдоо жана маселелерди чечүү үчүн пайдаланылат.

 

32. "Искусство" билим берүү чөйрөсү эмоционалдык чөйрөнү жана улуттук жана жалпы адамзаттык маданияттын чыгармаларын сунуш кылган окуучулардын курчап турган дүйнөнү көркөм-образдык кабылдоосун өнүктүрүүгө, өзүн чыгармачылык жактан көрсөтүүнү жана көркөмдүк иштин ар кандай ыкмаларына ээ болууну өнүктүрүүгө багытталган. Улуттук жана дүйнөлүк көркөм маданият иликтөөнүн жүрүшүндө көркөм өнөр чыгармаларын талдоо жөндөмү окуучуларда маданий айырмачылыктарды түшүнүүнү, көп түрдүү дөөлөттөрдү жана жеке маданий бирдейликти таанууну калыптандырууга көмөк көрсөтөт.

 

33. "Ден соолук маданияты" билим берүү чөйрөсү адамдын дене тарбия, эмоционалдык жана социалдык ден соолугун камсыз кылат, өзүнүн , ошондой эле башка адамдардын ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылууга үйрөтөт. Бул чөйрөгө кирген предметтер ден соолукту сактоо жана жакшыртуу, жашоо турмуштун коопсуздук ыкмаларына ээ болууга багытталган.

 

34. Бардык билим берүү мектептик жалпы билим берүүнүн бардык баскычтары үчүн Мамлекеттик стандарттын жана окуу планын негизинде иштелип чыккан предметтик түзүмдөр белгиленет, алар төмөнкүдөй түзүмдөргө ээ болот:

 

1) Жалпы жоболор.

 

- документтин статусу жана түзүмү;

 

- жалпы билим берүүчү уюмдар үчүн негизги ченемдик документтердин тутуму;

 

- негизги түшүнүктөр жана терминдер;

 

2) предметтин концепциясы.

 

- окутуунун максаттары жана милдеттери;

 

- предметтик түзүүнүн методологиясы;

 

- предметтик компетенттүүлүк;

 

- негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдүн байланышы;

 

- мазмундуу тилкелер. Окуу материалдарын мазмундуу тилкелер боюнча бөлүштүрүү.

 

- предметтер аралык байланыштар. Тепчиме тематикалык тилкелер;

 

3) билим берүүнүн натыйжалары жана баа берүү.

 

- окуучулардын окуусунун күтүлгөн натыйжалары (баскычтар жана класстар боюнча);

 

- окуучулардын жетишкендиктерине баа берүүнүн негизги стратегиялары.

 

4) билим берүү процессин уюштурууга карата талаптар.

 

- предметтик стандартты аткарууга мүмкүндүк берген ресурстук камсыз кылууга минималдуу талаптар;

 

- жүйөлүү окутуу чөйрөсүн түзүү.

 

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 590 токтомунун редакциясына ылайык)

 

35. Предметтик стандарт Мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарын мектептик билим берүүнүн баскычтарына ылайык ишке ашырат жана конкреттештирет. Окуучулар тарабынан иликтелип жаткан мазмундуу материал башка билим берүү жаатындагы предметтердин материалдары менен координацияланууга жана өзүнүн билим берүү тармагында жолун жолдоочулукка жана ырааттуулукка ээ болууга тийиш.

 

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 590 токтомунун редакциясына ылайык)

 

36. Мамлекеттик стандарт окутуу тилине, уюштуруу-укуктук формасына жана менчиктин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын бардык жалпы билим берүүчү уюмдары үчүн окуу планынын бирдиктүү моделин калыптандыруунун негизи болуп саналат.

 

37. Окуучулардын класстар боюнча окуу жүктөмүнүн чеги алардын физиологиялык жана психологиялык мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле окуу материалдарын өздөштүрүү үчүн коюлган талаптарды жана иштин түрлөрүн эске алуу менен класстар боюнча төмөнкүдөн ашпаган көлөмдө (1-4-класс - беш күндүк окуу жумасында, калган класстар - беш күндүк окуу жумасында, жумалык окуу жүктөмү 30 сааттан ашкан учурда - жалпы билим берүү уюму 6 күндүк окуу жумасын аныктайт) бекемделет:

 

 

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 590, 2017-жылдын 18-августундагы № 496, 2017-жылдын 30-августундагы № 544 , 2018-жылдын 7-декабрындагы № 573 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

38. Окуу планы билим берүү чөйрөлөрүнүн тизмесинен жана жалпы билим берүүчү фундаменталдык даярдыкты, окуучунун инсандыгын калыптандыруу жана өнүктүрүү максатында жалпы адамзаттык жана улуттук дөөлөттөргө ээ болууну камсыз кылган предметтерден турат.

 

39. Окуу планы инварианттык - мамлекеттик жана варианттык - мектептик компоненттерди жана тандоо боюнча предметтерди бөлүштүрүүнүн негизинде мектептик билим берүүнүн мазмунун калыптандырууда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, райондук жана шаардык билим берүү органдарынын жана жалпы билим берүүчү уюмдардын ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин аныктайт.

 

40. Бир жумалык окуу жүктөмүнүн алкагында убакытты мамлекеттик, мектептик жана элективдик (тандоо боюнча предметтер) үлүштөргө болжолдуу бөлүштүрүү төмөнкү схема боюнча жүргүзүлөт:

 

Класстар

 

Мамлекеттик компонент (%)

 

Мектептик компонент (%)

 

Элективдик компонент (тандоо боюнча предметтер) (%)

 

1-7-класстар

 

95

 

5

 

-

 

8-9-класстар

 

90

 

10

 

-

 

10-11-класстар

 

85

 

10

 

5

 

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 590 токтомунун редакциясына ылайык)

 

41. Мамлекеттик компонент окутуунун бардык баскычында бардык окуучуларга окутуунун бүткүл мезгилинде ар бир билим берүү чөйрөсүнө тиешелүү предметтерди камтыган тең салмактуу окуу планына жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.

 

42. Мамлекеттик компонент окуу планынын базалык бөлүгүн түзөт жана Кыргыз Республикасынын аймагында бирдиктүү мектептик билим берүү мейкиндигин камсыз кылат.

 

43. Окуу планынын мектептик компоненти билим берүү уюмунун өзгөчөлүктөрүн (багыттарын) чагылдырат жана окуп жаткандардын жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) макулдашылган кызыкчылыктарын, муктаждыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн билдирет.

 

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 590 токтомунун редакциясына ылайык)

 

44. Мектептик компонент билим берүү уюмдары тарабынан өз алдынча иштелип чыгат жана окуп жаткандардын жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) макулдугу менен ишке ашырылат. Бир жумалык окуу жүктөмүнүн алкагында мамлекеттик, мектептик жана элективдик (тандоо боюнча предметтер) компоненттер республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат,

 

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 590 токтомунун редакциясына ылайык)

 

45. Мектептик жана элективдик (тандоо боюнча предметтер) компоненттердин убактыларын ийкемдүү пайдалануу окуучулардын жана алардын ата-энелеринин керектөөлөрүнө, артыкчылыктуу өнүктүрүү жана ар бир конкреттүү мектептин жана жергиликтүү билим берүү органынын мүмкүнчүлүктөрүнө негизделет.

 

46. Предметтик стандарттарды жана базистик окуу планын иштеп чыгуу жана бекитүү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылат.

 

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 590 токтомунун редакциясына ылайык)

 

47. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жалпы билим берүү уюмунун окуу планын Мамлекеттик билим берүү стандартынын 37-пункту менен ар бир класс үчүн белгиленген окуу жүктөмүнүн алкагында эксперименталдык (пилоттук) ишмердиктин муктаждыгынан улам, билим берүүнү башкаруунун тиешелүү бөлүмдөрүнүн сунушу боюнча бекитет.

 

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 590 токтомунун редакциясына ылайык)

 

48. Стандарттардын негизине коюлган максаттарга жетишүү үчүн окуу процессин уюштуруу жагында стандарттарды жүзөгө ашыруунун шарттарына коюлуучу талаптар белгиленет.

 

49. Натыйжаны көздөгөн жана окуучуларда жеке компетенттүүлүктүн топтомун өнүктүрүүгө багытталган окуу процесси өз окуусуна карата окуучулардын жигердүү позициясын калыптандыруу боюнча ишмердиктин ар кандай формаларын пайдаланууну талап кылат. Окуучулардын жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүнү камтыган механизмдери болуп окутуу технологиялары саналат.

 

50. Окутууга болгон технологиялык мамиле окуучуну бир катар өз ара аракеттенүүгө тартат, алардын арасында - окуучулардын мугалим менен өз ара аракеттенүүлөрү (жупташып же топтошуп); конструктивдүү өз ара аракеттенүүлөрү (жеке же топтошуп); ар кандай типтеги маалыматтар менен өз алдынча иштөө.

 

51. Окутуу технологиялары окутууда жана өз окуусунун натыйжалары үчүн алардын жоопкерчиликтерин жогорулатууда окуучулардын өз алдынчалуулугун арттырууну камсыз кылат. Мугалим максаттарга жетишүү үчүн консультант катары иштин катышуучусу болуп калат.

 

52. Усулдук мамиледен технологиялык мамилеге өтүүдө окутуу максаттарын коюу ыкмалары өзгөрөт. Окутуу максаттары окуучулардын негизги жана предметтик компетенттүүлүктүн белгилүү деңгээлине ээ болушунан байкалган окутуу натыйжалары аркылуу баяндалат, аны мугалим жазбай тааный жана баа бере алат.

 

53. Компетенттик мамилеге негизделген стандарттарды өздөштүрүү үчүн окутууну уюштуруу формалары өзгөрөт. Салттуу сабактар менен катар окутуунун активдүү жана интерактивдүү технологиялары, долбоордук жана изилдөөчүлүк иштер колдонулат.

 

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 590 токтомунун редакциясына ылайык)

 

54. Долбоордук иштер окуучулар, мектеп, жамаат үчүн маанилүү болгон маселелерди чечүүдө пайдаланылат жана окуучулардын өз алдынча ишмердигине багытталган, ал жеке, жупташкан, топтошкон формада белгилүү убакыт ичинде жүзөгө ашырылат. Долбоорду жүзөгө ашырууга ар кандай курактагы топтор катыша алат. Долбоор окуучуларга ар кандай түрдөгү маалыматтарды пайдалануу менен билимин өз алдынча конструкциялоого мүмкүнчүлүк берет, когнитивдик жөндөмдүүлүктү жана социалдык компетенттүүлүктү өнүктүрөт.

 

55. Компетенттик билим берүүгө өтүүдө мугалимдин ролун жана функцияларын өзгөртүү педагогикалык кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу стандарттарын жана программаларын жана алардын кесиптик өнүгүшүнүн треакториясын өзгөртүүнү талап кылат.

 

4-бап. Баа берүү тутуму

 

56. Билим берүүнүн сапатына баа берүү окуучунун билим алуудагы жетишкендиктеринин, билим берүү программаларынын, билим берүү процессинин касиеттеринин жана билим берүү уюмдарында мамлекеттик билим берүү стандарттарынын ресурстук камсыз кылынышын жана билимдин сапатынын ченемдик-укуктук актыларда белгиленген башка талаптарга шайкеш келишин аныктоо максатында жүргүзүлөт.

 

57. Билимдин сапатына, анын ичинде билимдин сапаты жөнүндө маалыматты чогултуу, сактоо, иштетүү жана интерпретациялоо процессине контролдук кылуу жана баа берүү, ошондой эле иш аткаруучуларды жана маалымат берүү формаларын аныктоо регламенти билим берүү тутумунда колдонулган ченемдик-укуктук актылар менен белгиленет.

 

58. Мектептик билимдин сапатына баа берүү тутуму төмөнкүлөрдү камтыйт:

 

1) окуучунун жеке натыйжаларын коррекциялоо, окутуунун, аттестациялоонун кийинки баскычына өтүү үчүн окуучунун билимдик жетишкендиктерине баа берүүнү (билимдин белгилүү деңгээлине жетүүнү ырастоону);

 

2) окутуу жана окуу процесстерин өркүндөтүү үчүн мектептердин жетишкендиктерине баа берүүнү (мугалимдердин же мектептин ишмердигине баа берүүнү);

 

3) билим берүү тутумуна мониторинг жүргүзүүнү жана баа берүүнү.

 

59. Билим берүү тутумуна баа берүү жетишкендиктердин стандартташтырылган тесттерин колдонуу менен ар кандай билим берүү чөйрөсү боюнча баштапкы жана негизги мектептик деңгээлде окуучулардын билимдеги жетишкендиктерин туруктуу улуттук изилдөө жүргүзүү аркылуу ишке ашырылат. Билим берүү тутумунун абалына мониторинг жүргүзүү үчүн негизги жана жогорку мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн жыйынтыктоочу аттестациялоонун натыйжалары да пайдаланылат.

 

60. Билим берүү уюмуна баа берүү тутуму тышкы жана ички мониторинг жана контроль жүргүзүүнү айкалыштырууга негизделет. Мектептик билимдин сапатына мониторинг жүргүзүү жана контролдук кылуу түздөн-түз билим берүү уюмунда (өзүнө-өзү баа берүү, ички мониторинг) же билим берүү уюмуна карата тышкы баа берүү ишмердиги аркылуу жүргүзүлөт.

 

61. Окуучулардын жеке билимдик жетишкендиктерине баа берүү тутуму төмөнкү принциптерге негизделет:

 

1) баа берүү тутуму киргизгенге чейин билим берүүнүн натыйжаларын жана аларга жетишүү деңгээлин аныктоо;

 

2) окутууну өркүндөтүүгө жана окуу процессине багыт берүү;

 

3) окуучуларды даярдоо деңгээлине, инструментарийге, баа берүү жол-жоболоруна карата бирдиктүү талаптарды иштеп чыгуу;

 

4) окуучунун жетишкендиктерине баа берүү аспаптарынын Мамлекеттик жана предметтик стандарттар менен белгиленген окутуу натыйжаларына ылайык келиши;

 

5) баа берүү тутумун иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу процессине мугалимдерди кошуу;

 

6) баа берүү критерийлери менен жол-жоболорунун ачыктыгын, билим берүү процессинин бардык субъекттери үчүн натыйжалардын түшүнүктүүлүгүн камсыз кылуу;

 

7) баа берүү тутумун туруктуу өркүндөтүү.

 

62. Окуучулардын жеке билимдик жетишкендиктерин жана прогрессин өлчөө үчүн баа берүүнүн диагностук, форматтык жана жыйынтык сыяктуу үч түрү колдонулат.

 

63. Диагностук баа берүү окуучунун прогрессине баа берүү үчүн колдонулат - окуу жылынын ичинде мугалим окуучулардын компетенттүүлүгүнүн калыптанышынын баштапкы деңгээлин жетишилген натыйжалар менен салыштырууну жүргүзөт. Диагностук баа берүүнүн натыйжалары сыпаттама түрүндө катталат, алар жалпыланат жана мугалим үчүн окутуу милдеттерин жана окуучулар үчүн окуу милдеттерин коюу жолу менен окуу процессине түзөтүүлөрдү киргизүү жана өркүндөтүү үчүн негиз болуп, кызмат кылат.

 

64. Форматтык баа берүү материалды өздөштүрүшүнүн жекече өзгөчөлүктөрүн (ишти аткаруу темпи, теманы өздөштүрүү ыкмалары ж.б.) эске алуу менен окуучунун прогрессин аныктоо, ошондой эле ийгиликтерге жетишүү үчүн рекомендацияларды иштеп чыгуу максатында колдонулат. Мугалим форматтык баа берүүнү окутууну өз убагында коррекциялоо, пландаштырууга өзгөртүүлөрдү киргизүү, ал эми

окуучулар - алар аткарган иштин сапатын жакшыртуу үчүн пайдаланат. Окуучунун прогресси окуучу аткарган конкреттүү иштин негизинде билим берүү чөйрөсүнүн алкагында окутуу максаттарында түптөлгөн белгилүү натыйжаларга жетишүү катары аныкталат. Журналга белги коюу менен мугалим окуучунун жекече прогрессине көз салууну белгилейт.

 

65. Жыйынтык баа берүү окутуунун ар бир баскычы үчүн пландаштырылган натыйжаларга окуучунун жетишүү даражасын аныктоо үчүн жардам берет жана учурдагы, аралык жана жыйынтыктоочу баа берүүдөн келип чыгат.

 

66. Жекече аткарылган милдеттерге учурдагы баа берүү баа берүү ченемдерине (туура чечимдердин саны, жол берилген каталыктардын саны, тариздөө эрежелерин жолдоо ж.б.) жана мугалими жана/же окуучунун өзү берген айрым иштерди аткаруу критерийлерине жараша жүргүзүлөт. Мугалим окуу материалдарын өздөштүрүүдө окуучунун жекече өзгөчөлүктөрүнө учурдагы баа берүүнү жүргүзөт.

 

67. Орто аралык баа берүү предметтик стандартта аныкталган иштин түрлөрүнүн негизинде жүргүзүлөт: жазуу жүзүндөгү иштер/булактары менен иштер; оозеки жооп/бет ачар; долбоор, изилдөө иштери, иштин өзгөчөлүү түрлөрү; портфолио (жетишкендиктердин папкасы) ж.б. Иштин бардык түрлөрү баа берүү критерийлеринин негизинде бааланат, милдеттүү болуп саналат жана мугалим тарабынан баа берүү планын иштеп чыгууда алдын-ала пландаштырылат.

 

68. Жыйынтык баа берүү мектептин календарына (чейрек, жарым жылдык, окуу жылы) ылайык жүргүзүлөт жана колдонуудагы ченемдерге жана баа берүүнүн иштеп чыккан критерийлерине ылайык жазуу жүзүндө аткарылат. Милдеттүү иштердин түрлөрүнүн саны жана алардын жыйынтыктоочу баа берүүдөгү салыштырма салмагы окутуунун баскычтарын жана предметтердин өзгөчөлүгүн эске алуу менен предметтик стандарттар боюнча аныкталат. Иштердин формаларынын ар түрдүүлүгүн мугалим окуучулардын жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен аныктайт.

 

69. 1-2-класстарда натыйжаларга жетишүү ийгилигине баа берүү белги койбостон баа берүүнүн сапаттык жана сыпаттоо ыкмаларын пайдалануу менен жүргүзүлөт. Акырындык менен белги коюуну киргизүү экинчи класстын экинчи жарымынан башталат. 3-4-класстарда баа берүү үчүн белгилер, ошондой эле сапаттык жана сыпаттоо ыкмалары колдонулат.

 

70. Баа берүү максаттарына жетишүү үчүн баштапкы класстардын мугалими:

 

1) позитивдүү эки тараптуу байланышты (окуучунун ишине баяндама берген жазуу жүзүндөгү жана оозеки отчеттор) түзөт, окуучуларга азыркы натыйжалары менен мурдагы этаптагы натыйжаларын салыштырууга жардам берет, аңдап-түшүнүү процесстерин, жүйөлөрдү, окуу натыйжасы катары компенттүүлүктү өнүктүрүүгө оозеки баа берет;

 

2) натыйжаларга жетишүүгө жана инсандын өнүгүшүнө тиешелүү окуучунун прогрессине көз салат жана ар бир окуу жылынын акырында сыпаттоо баасын берет;

 

3) баа берүүнүн ар кандай ыкмаларын жана формаларын, анын ичинде өзүнө-өзү баа берүүнү, өз ара баа берүүнү, сапаттык баа берүүнүн аспаптарын (окуучунун портфолиосу, байкоо жүргүзүү, өнүгүү картасы ж.б.) пайдалануу;

 

4) маселени биргелешип чечүү үчүн окуучунун прогресси жана окутуу процессиндеги кыйынчылыктар жөнүндө ата-энелерге маалымдайт;

 

5) жыл сайын, экинчи класстан баштап белгилери жана коштоочу сыпаттоо формасы менен ар бир окуучунун жетишкендигинин табелин даярдайт.

 

71. 5-11-класстарда баа берүү окуучунун ички туюмуна дем берүү, өзүнө-өзү баа берүү, өзүнө-өзү талдоо жана өз ара баа берүү, өз ишине жана башка окуучулардын ишине сын көз менен баа берүү жөндөмүн калыптандырууга багытталган. Ушул максатта белгилер, ошондой эле сапаттык жана сыпаттоо ыкмалары колдонулат.

 

72. Баа берүү максаттарына жетишүү үчүн негизги жана жогорку мектептин мугалими:

 

1) бааны окутуунун натыйжасына жетишүү даражасынын көрсөткүчү катары карайт;

 

2) натыйжаларга жетишүүгө жана инсандык өнүгүшүнө тиешелүү окуучунун прогрессине көз салат;

 

3) сапаттык жана сандык баа берүүнүн (окуучунун портфолиосу, байкоо жүргүзүү, тесттер, контролдук иштер ж.б.) ар кандай формаларын (жеке жана топтук, оозеки жана жазуу жүзүндө ж.б.), усулдарды, ыкмаларды жана аспаптарды пайдаланат;

 

4) маселени биргелешип чечүү үчүн окуучунун прогресси жана окутуу процессиндеги кыйынчылыктар жөнүндө ата-энелерге маалымдайт;

 

5) ким, качан жана кайда, ага баа бергендигине карабастан окуучуларга коюлган талаптардын биримдигин камсыз кылат.

 

73. Негизги жана орто мектептин курсун аяктоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бүтүрүүчүлөрдүн Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясы, анын ичинде мектепке карата сырткы агенттик өткөргөн жетишкендиктердин стандартташтырылган тест формасында өткөрүлөт.

 

Кыргыз Республикасында

жалпы орто билимдин мамлекеттик

билим берүү стандартына

тиркеме

 

Билим берүү чөйрөлөрүн калыптандыруунун принциптери жана негиздери

 

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 590, 2017-жылдын 30-августундагы № 544 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Коомдун экономикалык жана саясый системасынын өзгөрүшү

 

Тез өзгөрүп жаткан (глобалдык) дүйнө, ал чакырыктарга жоопторду, тез арада ыңгайлаштырууну жана маселелерди чечүүнү талап кылат

 

Маалыматтык коомдун жана маалыматтарды берүүнүн техникалык каражаттарынын өнүгүшү

 

Курчап турган чөйрөнүн чакырыктары.

 

Ресурстарды үнөмдөөчү (энергия-суу ж.б.) технологияларга өтүү зарылчылыгы

 

Өлкөнүн, региондун, дүйнөнүн маданий көп түрдүүлүгү

 

Кыргызстандын экономикасынын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу зарылчылыгы.

 

Жаңы технологияларды өздөштүрүү, технологиялык ой-жүгүртүүнү өнүктүрүү

 

Ар кандай таламдык топтордун керектөөлөрүн эске алуу жана билим берүү системасы үчүн макулдашылган социалдык тапшырыгын иштеп чыгуу зарылчылыгы

 

Өмүр бою сапаттуу, анын ичинде инклюзивдик билим алууда бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу зарылчылыгы

 

Баалуулуктар

 

Өз Ата Мекенин - Кыргызстанды урматтоо жана сүйүү

 

Демократиялык жана жарандык укуктар, эркиндиктер жана социалдык жоопкерчилик

 

Көп түрдүүлүк баалуулуктарды таануу

 

Өзүн-өзү урматтоо жана жеке потенциалды жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүктөрү

 

Ден соолук жана курчап турган чөйрөнүн коопсуздугу

 

Максат

 

Инсандын улам өзгөрүп жаткан көп түрдүү дүйнөдө жеке жана коомдук бакубаттуулукту камсыз кылган жарандык жана кесиптик ишке даяр болуу

 

Негизги компетенттүүлүк

 

Маалыматтык

 

Социалдык коммуникациялык

 

Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү

 

Өз ишин пландаштыруу жана жүргүзүү үчүн маалыматтарды пайдаланууга, жүйөлүү тыянактарды жасоого даярдык. Ал адамга маалыматтын тегерегинде критикалык ой жүгүртүүнүн негизинде чечим кабыл алууга мүмкүндүк берет

 

Өз умтулууларын башка адамдардын жана социалдык топтордун кызыкчылыктары менен салыштырууга, позициялардын ар түрдүүлүгүнүн негизинде өз көз карашын негиздүү коргоо жана башка адамдардын баалуулуктарына (диний, этностук, кесиптик, инсандык ж.б.) урматтоо менен мамиле кылууга даярдык.

 

Маектешүүдө зарыл маалымат алууга жана аны жеке, социалдык, кесиптик маселелерди чечүү үчүн оозеки түрдө жана жазуу жүзүндө берүүгө даярдык. Ал милдеттерди чечүү үчүн башка адамдардын жана социалдык институттардын ресурстарын пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет

 

Маалыматта, окууда жана/же турмуштук жагдайларда карама-каршылыктарды табууга жана ар кандай ыкмаларды пайдалануу менен өз алдынча же башкалар менен өз ара аракетте аларды чечүүгө, ошондой эле андан аркы аракеттер жөнүндө чечим кабыл алууга даярдык.

 

 


Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин

Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин

Окуу планы 7 билим берүү тармагынан турат, алардын ар бири өзүнө белгилүү предметтерди, анын ичинде - интеграцияланган предметтерди камтыйт

Окуу планы 7 билим берүү тармагынан турат, алардын ар бири өзүнө белгилүү предметтерди, анын ичинде - интеграцияланган предметтерди камтыйт

Билим берүү программаларын ишке ашыруу билим берүү процесси аркылуу жүзөгө ашырылат; - белги - бул символ, окуучулардын окуудагы жетишкендиктеринин баасын цифралар, тамгалар, сүрөттөр же жаңсоолор…

Билим берүү программаларын ишке ашыруу билим берүү процесси аркылуу жүзөгө ашырылат; - белги - бул символ, окуучулардын окуудагы жетишкендиктеринин баасын цифралар, тамгалар, сүрөттөр же жаңсоолор…

- баа - окуучуларды баалоонун жыйынтыктарын сандык жана сапаттык чагылдыруу; - баа берүү - окуучулардын алардын этикалык жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө жана алар тарабынан турмуштук зарыл…

- баа - окуучуларды баалоонун жыйынтыктарын сандык жана сапаттык чагылдыруу; - баа берүү - окуучулардын алардын этикалык жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө жана алар тарабынан турмуштук зарыл…

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 590 токтомунун редакциясына ылайык) 2-бап

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 590 токтомунун редакциясына ылайык) 2-бап

Ата Мекенди сүйүү, улуттук салттарды урматтоо жана

Ата Мекенди сүйүү, улуттук салттарды урматтоо жана

Маалыматтык компетенттүүлүк - өз ишин пландаштыруу жана жүзөгө ашыруу, негиздүү тыянактарды калыптандыруу үчүн маалыматтарды пайдаланууга даярдык

Маалыматтык компетенттүүлүк - өз ишин пландаштыруу жана жүзөгө ашыруу, негиздүү тыянактарды калыптандыруу үчүн маалыматтарды пайдаланууга даярдык

Милдетти чечүүгө ылайыктуу булактарды издөө - издөөнүн берилген параметрлерин жолдоо менен маалыматтарды табуу; - берилген маселе боюнча маалымат булагын өз алдынча табат; - берилген ишмердик…

Милдетти чечүүгө ылайыктуу булактарды издөө - издөөнүн берилген параметрлерин жолдоо менен маалыматтарды табуу; - берилген маселе боюнча маалымат булагын өз алдынча табат; - берилген ишмердик…

Маалыматтарды иштетүү жана анын негизинде чечимдерди кабыл алуу -маалыматтын жетишсиздигин же өзүнүн маалыматты түшүнбөстүгүн көрсөтүү менен суроолорду берет - маалыматтын аныктыгын текшерүүнүн мугалим сунуш кылган…

Маалыматтарды иштетүү жана анын негизинде чечимдерди кабыл алуу -маалыматтын жетишсиздигин же өзүнүн маалыматты түшүнбөстүгүн көрсөтүү менен суроолорду берет - маалыматтын аныктыгын текшерүүнүн мугалим сунуш кылган…

Социалдык-коммуникациялык компетенттүүлүк

Социалдык-коммуникациялык компетенттүүлүк

Коммуникациялык милдеттерди жүзөгө ашыруу - алдыга коюлган коммуникациялык милдетке жана берилген социалдык ролго ылайык берилүүчү маалыматтын мазмунун калыптандырат; - берилген үлгү боюнча жөнөкөй түзүмдөгү аргументти…

Коммуникациялык милдеттерди жүзөгө ашыруу - алдыга коюлган коммуникациялык милдетке жана берилген социалдык ролго ылайык берилүүчү маалыматтын мазмунун калыптандырат; - берилген үлгү боюнча жөнөкөй түзүмдөгү аргументти…

Компетенттүүлүк аспекттери

Компетенттүүлүк аспекттери

Максаттарды коюу жана пландаштыруу - берилген максаттын шартында милдеттерди коет; - алдыга коюлган милдеттерди чечүү үчүн сунуш кылынган ишмердиктин түрлөрүн тандайт; - милдеттерди чечүү боюнча…

Максаттарды коюу жана пландаштыруу - берилген максаттын шартында милдеттерди коет; - алдыга коюлган милдеттерди чечүү үчүн сунуш кылынган ишмердиктин түрлөрүн тандайт; - милдеттерди чечүү боюнча…

Ишмердиктин жана продуктунун натыйжаларына баа берүү - сырттан берилген алгоритм боюнча өз ишмердигине контролдук кылат; - берилген критерийлер, берилген ыкма боюнча өз ишмердигинин үзүрүнө баа…

Ишмердиктин жана продуктунун натыйжаларына баа берүү - сырттан берилген алгоритм боюнча өз ишмердигине контролдук кылат; - берилген критерийлер, берилген ыкма боюнча өз ишмердигинин үзүрүнө баа…

Окутуунун жогорку баскычында ар бир билим берүү чөйрөсүнүн алкагында же бир нече билим берүү чөйрөлөрүндө окуучулар багытталган профилдешүүнү тандоо мүмкүнчүлүгүн алышат

Окутуунун жогорку баскычында ар бир билим берүү чөйрөсүнүн алкагында же бир нече билим берүү чөйрөлөрүндө окуучулар багытталган профилдешүүнү тандоо мүмкүнчүлүгүн алышат

Технология" билим берүү чөйрөсү эмгектик, долбоордук жөндөмдөрдү жана маалымат менен иштөө жөндөмүн, анын ичинде маалыматтык технологияларды пайдалануу менен калыптандырат

Технология" билим берүү чөйрөсү эмгектик, долбоордук жөндөмдөрдү жана маалымат менен иштөө жөндөмүн, анын ичинде маалыматтык технологияларды пайдалануу менен калыптандырат

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 590 токтомунун редакциясына ылайык) 35

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 590 токтомунун редакциясына ылайык) 35

Бир жумалык окуу жүктөмүнүн алкагында убакытты мамлекеттик, мектептик жана элективдик (тандоо боюнча предметтер) үлүштөргө болжолдуу бөлүштүрүү төмөнкү схема боюнча жүргүзүлөт:

Бир жумалык окуу жүктөмүнүн алкагында убакытты мамлекеттик, мектептик жана элективдик (тандоо боюнча предметтер) үлүштөргө болжолдуу бөлүштүрүү төмөнкү схема боюнча жүргүзүлөт:

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 590 токтомунун редакциясына ылайык) 44

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 590 токтомунун редакциясына ылайык) 44

Окутуу технологиялары окутууда жана өз окуусунун натыйжалары үчүн алардын жоопкерчиликтерин жогорулатууда окуучулардын өз алдынчалуулугун арттырууну камсыз кылат

Окутуу технологиялары окутууда жана өз окуусунун натыйжалары үчүн алардын жоопкерчиликтерин жогорулатууда окуучулардын өз алдынчалуулугун арттырууну камсыз кылат

Билим берүү тутумуна баа берүү жетишкендиктердин стандартташтырылган тесттерин колдонуу менен ар кандай билим берүү чөйрөсү боюнча баштапкы жана негизги мектептик деңгээлде окуучулардын билимдеги жетишкендиктерин туруктуу…

Билим берүү тутумуна баа берүү жетишкендиктердин стандартташтырылган тесттерин колдонуу менен ар кандай билим берүү чөйрөсү боюнча баштапкы жана негизги мектептик деңгээлде окуучулардын билимдеги жетишкендиктерин туруктуу…

Форматтык баа берүү материалды өздөштүрүшүнүн жекече өзгөчөлүктөрүн (ишти аткаруу темпи, теманы өздөштүрүү ыкмалары ж

Форматтык баа берүү материалды өздөштүрүшүнүн жекече өзгөчөлүктөрүн (ишти аткаруу темпи, теманы өздөштүрүү ыкмалары ж

Ушул максатта белгилер, ошондой эле сапаттык жана сыпаттоо ыкмалары колдонулат

Ушул максатта белгилер, ошондой эле сапаттык жана сыпаттоо ыкмалары колдонулат

Билим берүү чөйрөлөрүн калыптандыруунун принциптери жана негиздери (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 590, 2017-жылдын 30-августундагы № 544 токтомунун редакциясына ылайык)

Билим берүү чөйрөлөрүн калыптандыруунун принциптери жана негиздери (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 590, 2017-жылдын 30-августундагы № 544 токтомунун редакциясына ылайык)

Ал адамга маалыматтын тегерегинде критикалык ой жүгүртүүнүн негизинде чечим кабыл алууга мүмкүндүк берет Өз умтулууларын башка адамдардын жана социалдык топтордун кызыкчылыктары менен салыштырууга, позициялардын ар…

Ал адамга маалыматтын тегерегинде критикалык ой жүгүртүүнүн негизинде чечим кабыл алууга мүмкүндүк берет Өз умтулууларын башка адамдардын жана социалдык топтордун кызыкчылыктары менен салыштырууга, позициялардын ар…
Материалы на данной страницы взяты из открытых истончиков либо размещены пользователем в соответствии с договором-офертой сайта. Вы можете сообщить о нарушении.
07.08.2020