Календарный план по Информатике за 2020-2021-учебный год

  • docx
  • 25.10.2020
Публикация в СМИ для учителей

Публикация в СМИ для учителей

Бесплатное участие. Свидетельство СМИ сразу.
Мгновенные 10 документов в портфолио.

Иконка файла материала KALENDARDYK_PLAN_INFORMATIKA(1)-1.docx

  
2019-2020 ОКУУ ЖЫЛЫНА КАРАТА ИНФОРМАТИКА САБАГЫ БОЮНЧА КАЛЕНДАРДЫК ПЛАН
	Сорос-Кыргызстан фонду тарабынан иштелип чыккан 5-6 жана 7-9 класстар үчүн Информатика китеби боюнча окуу программа

 

5 класс

Тема

саат

Аткарылчу окуу тапшырмалары

 

1-чейрек

8

 

 

1 бөлүм

Информатика жана маалымат

(7 тема)

 

 

1.1

Коопсуздук техникасы

·         Компьютерде иштөө боюнча коопсуздук эрежелери жөнүндө түшүнүк берүү.

1

·         “Коопсуздук техникасы” түшүнүгүн киргизүү.

·         Электр приборлоруна кирген компьютер менен коопсуз иштөөнүн негизги эрежелерин карап чыгуу.

·         Компьютердин алдында туура отуруу эрежелерин аныктоо.

 

1.2

Информатика жана маалымат

·         Информатика – бул маалыматтын түрлөрү, маалыматтын касиети жана маалымат менен жасалган аракеттер тууралуу илим экенин түшүндүрүү.

 

1

·         Информатика илими эмнени үйрөтөөрүн аныктоо.

·         “Маалымат” түшүнүгүн киргизүү.

·         Кабыл алуу формасы боюнча маалыматтын кандай түрлөрү бар экенин түшүндүрүү.

·         Маалыматтын чындыкка дал келбеши мүмкүн экенин көрсөтүү.

·         Мисалдар аркылуу маалыматтын негизги касиеттерин түшүндүрүү: пайдалуу, түшүнүктүү, актуалдуу, толук, ишенимдүү.

·         Кабыл алуу боюнча маалыматтын түрлөрүн аныктоо.

·         Маалымат менен жасалган аракеттерди талкуулоо.

 

1.3

Бит жана байт

·         Компьютерде маалыматты сактоо принциптери тууралуу түшүнүктү калыптандыруу жана маалыматты сактоо бирдиктерин карап чыгуу.

2

·         Компьютерде малымат кандай сакталаарын карап чыгуу.

·         Экилик сигнал түшүнүгүн берүү.

·         Маалыматты өлчөө бирдиктерин жана алардын айырмачылыктарын аныктоо.

 

1.4

Экилик эсептөө системасы

·         Окуучуларды компютердеги сандарды коддоо менен тааныштыруу.

3

·         “Эсептөө системасы” түшүнүгүн киргизүү, эсептөө системасынын түптөлүшү.

·         Мисалдар аркылуу сандардын экилик эсептөө системасынан ондук системага өтүшүн көрсөтүп берүү.

·         Сандардын ондук системадан башка позициялык системаларга которулушунун алгоритмин түшүндүрүү.

·         Позициялык эсептөө системасындагы сандардын которулушунун ыкмаларын териштирүү.

 

1

бөлүм

Текшерүү иши

1

 

 

 

2-чейрек

7

 

 

1.5

Логика жана ой жүгүртүү

·         Окуучулар арасында “Логикалык туюнтма” түшүнүгүн калыптандыруу.

1

·         Фомалдык логиканын негизги түшүнүкөрүн аныктоо.

·         “Логикалык туюнтма” түшүнүгүн калыптандыруу.

·         Логикалык туюнтма эмне экенин жана кандай маани бере ала турганын түшүндүрүү.

 

1.6

Логикалык маселелерди чыгаруу ыкмалары

·         Логикалык маселелерди чыгаруу ыкмалары жөнүндө түшүнүктү калыптандыруу, маселенин шартына жараша чыгаруу ыкмасын өз алдынча тандоого машыктыруу.

3

·         Окуучуларды логикалык маселелерди чыгаруунун бир нече жолдору менен тааныштыруу(ой жүгүртүү ыкмасы, таблица, Эйлер диаграммасы).

1.7

Объекттердин модели жана моделдөө.

·         Моделдөө процессинин максаттары жана негизги түшүнүктөрү тууралуу маалымат берүү.

·         Материалдык жана материалдык эмес объекттер дагы (энергия, маалымат) изилденүүчү объекттер боло алаарын аныктоо.

·         Объекттердин негизги касиеттерин карап чыгуу.

1

·         “Объект”, “модель” түшүнүктөрүн киргизүү.

·         Объекттин касиеттерин жана белгилерин аныктоо.

·         Моделдерди жаратуу себептерин карап чыгуу.

·         Натуралдык жана маалыматтык моделдердин айырмачылыгын талкуулоо.

·         Адамдын ишиндеги моделдөөнүн ордун аныктоо.

·         Моделдердин түрлөрү жана типтери менен тааныштыруу.

·         Маселени коюу этаптарын көрсөтүү: маселени сүрөттөө, моделдөөнүн максаты, маселенин формализациясы

2 бөлүм

Компьютер жана программалык камсыздоо     (7 тема)

 

 

2.1

ЭЭМ. Компьютерлердин түрлөрү жана алардын милдети

·         Компьютерде маалыматты иштеп чыгуунун өнүгүүсүнүн негизги баскычтарын аныктоо.

1

·         ЭЭМ өнүгүү этаптарын карап чыгуу

·         Компьютердин функционалдык блоктору, компьютердин түзүлүшү жана түрлөрү менен тааныштыруу

 

Текшерүү иши

1

 

 

 

3-чейрек

10

 

 

2.2

Компьютердин негизги түзүлүшү 

·         Жеке компьютер жана анын мүнөздөмөсү менен окуучуларды тааныштыруу

1

·         Системдик биримдиктин түзүлүшүн карап чыгуу

·         Киргизүү жана чыгаруу түзүлүштөрүнүн ортосундагы байланыш менен алардын ишинин принциптерин көрсөтүү.

2.3

Топбаскыч жана чычкан

·         Топбаскыч жана чычкан менен иштөөнүн негизги ыкмаларын өздөштүрүү.

1

·         Топбаскычтын негизги аймактарын, баскычтардын негизги милдеттерин изилдөө.

·         Чычканды колдонуунунун негизги ыкмаларын карап чыгуу

 

2.4

Операциялык система

·         Окуучуларга операциялык системанын иши жөнүндө жалпы түшүнүк берүү.

1

·         “Операциялык система” түшүнүгүн аныктоо.

·         ОС курамы жана функционалдык мүнөздөмөлөрүн үйрөнүү

·         Окуучуларды популярдуу операциялык системалар менен тааныштыруу.

·         Графикалык интерфейс жөнүндө түшүнүктү калыптандыруу.

 

2.5

Файлдар

·         Окуучуларды файлдар менен иштөөгө үйрөтүү: жаратуу, көчүрүү, жылдыруу, өчүрүү, файлдарды корзинадан кайра кайтаруу, маска боюнча издөөнү ишке ашыруу

1

·         Файл, анын аты, файлдын маскасы тууралуу түшүнүктү калыптандыруу.

·         Окуучуларга файлдын мүнөздөмөлөрүн жана файл менен жасалчу аракеттерди көрсөтүү. 

·         Окуучуларды файлдарды кеңейтүүнүн түрлөрү жана файлдардын атрибуттары менен тааныштыруу.

 

2.6

Жөнөкөй тексттик редактор(Блокнот)

·         Компьютердеги системалык чөйрөдө жана блокнотто иштөө технологиясын өздөштүрүү.

2

·         Текстти терүүнүн негизги эрежелерин үйрөнүү.

·         Тексттик документти редакциялоо жөнүндө тушүнүк берүү.

·         Окуучуларды Блокнот программасына текстти киргизип, редакциялоого үйрөтүү.

 

2.7

Графикалык редактор

Системалык ой жүгуртүүнүн негиздерин калыптандыруу, чыгармачыл потенциалды өнүктүрүү.

3

·         Компьютердик графика деген эмне экенин түшүндүрүү.

·         Окуучуларга графикалык объекттерди жаратуу боюнча графикалык редактордун мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү.

·         Окуучуларды графикалык редактордун интерфейси жана анын негизги объекттери – куралдар панели, түстөр панели менен тааныштыруу.

 

 

Текшерүү иши

1

 

 

 

4-чейрек

8

 

 

3 бөлүм

Программалоо

(2  тема)

 

 

 

3.1.

Аткаруучунун командалар системасы (АКС) жана алгоритми

·         Сюжеттик тапшырмаларды моделдөөдө чыгармачыл мүмкүнчүлүктү жана алгоритмдик,  логикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү.

2

·         Алгоритм түшүнүгүн жана касиеттерин изилдөө.

·         Айлана-чөйрөдөгү алгоритмдердин мисалдарын карап чыгуу.  

·         Окуучуларды формалдуу аткаруучулар, аткаруучулардын чөйрөсү жана АКС менен тааныштыруу.

 

3.2.

Негизги алгоритмдик конструкциялар

·         Сызыктуу алгоритм.

·         Тармактуу алгоритм.

·         Циклдык алгоритм.

3

·         Негизги үч алгоритмдик конструкцияны териштирип, аларды колдонуунун айырмачылыгын көрсөтүү.

·         Алгоритмдерди жазуу ыкмаларын карап чыгуу

 

4 бөлүм

Компьютердик тармактар жана интернет

(3 тема)

 

 

 

4.1

Компьютердик тармактар жана интернет

·         Интернет тармагынын иштөө принциптери тууралуу түшүнүктү калыптандыруу.

1

·         Окуучуларга интернет тармагы, анын мүмкүнчүлүктөрү, функциялары (маалыматты таратуу принциптери ж.б.) тууралуу түшүнүк берүү.

·         «Домен», «URL», «IPдарек» түшүнүктөрүн киргизүү.

·         Сайттын домендик атын жаратуу принциптерин түшүндүрүү.

 

4.2.

Сайттар жана социалдык тармактар

·         Сайттардын, социалдык тармактарынын иши жана санарип жарандуулуктун принциптери тууралуу түшүнүктү калыптандыруу.

1

·          Интернетте жана социалдык тармактарда өздүк маалыматтык коопсуздукту камсыздоо принциптерине өзгөчө көңүл бурулат.

4.3.

Издөө системалары, энциклопедиялар

·         Издөө системалары, электрондук китепканалар, онлайн тейлөөлөрдүн (сөздүктөр жана котормочулар) иштөө принциптери жөнүндө түшүнүктү калыптандыруу.

·         “Издөө системасы” түшүнүгүн киргизүү.

·         Ийгиликтүү жана ийгиликсиз түзүлгөн издөө талаптарынын мисалдарын  көрсөтүү.

·         Популярдуу сөздүктөр менен котомо сервистерди жана аларды жөнөкөй жашоодо колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу.

 

Текшерүү иши

1

 

 

 

Резерв

1 саат

 

 

6 класс

Тема

саат

Аткарылчу окуу тапшырмалары

 

1-чейрек

8

 

 

1 бөлүм

Информатика жана маалымат

(9 тема)

 

 

1.1

Эргономика, ресурстарды үнөмдөө

·         Эргономика жана ресурстарды үнөмдөө жөнүндө түшүнүктү калыптандыруу.

1

·         Окуучулардын эргономика тууралуу түшүнүгүн калыптандыруу.

·         Компьютер жана телефондо “Энергияны үнөмдөө режимдеринин” үлгүлөрүн көрсөтүү.

 

1.2

Сандардын пайда болушунун тарыхы

·         Окуучуларды  унардык, египеттик, алфавиттик жана башка эсептөө системалары, сандардын пайда болушунун тарыхы менен тааныштыруу.

2

·         Окуучуларды сандардын пайда болушунун тарыхы менен тааныштыруу.

·         Эсептөөнүн түрдүү системаларын колдонуп, сандарды жазуу ыкмаларын үйрөнүү.

 

1.3

Эсептөө системаларынын түрлөрү

·         Окуучуларды позициялык жана позициялык эмес эсептөө системалары менен тааныштыруу.

1

·         Окуучуларга позициялык жана позициялык эмес эсептөө системаларынын айырмачылыктарын көрсөтүү.

·         «Эсептөө системасынын алфавити» жана «эсептөө системасынын негизи» түшүнүктөрүн карап чыгуу.

 

1.4

ЭЭМ үчүн позициялык эсептөө системалары

·         Эсептөө системалары жана чыгаруу ыкмалары жөнүндө түшүнүк берүү.

1

·         Эсептөө техникасында маалыматты таратууда колдонулган эсептөөнүн түрдүү системаларын карап чыгуу.

·         Экилик эсептөө системасы.

·         Сегиздик эсептөө системасы.

·         Он алтылык эсептөө системасы.

·         Сандарды которуудагы  түрдүү эсептөө системаларынын шайкештик таблицасын колдонууну карап чыгуу.

·         Сандарды ондуктан экиликке, сегиздиктен он алтылык эсептөө системаларына которуу алгоритмдерин үйрөнүү.

 

 

1.5

Сандарды которуу алгоритми

·         Сандардын экиликтен туугандык системага которулушунун негизги алгоритмдерин карап чыгуу.

2

 

 

Текшерүү иши

1

 

 

 

2-чейрек

7саат

 

 

1.6

Арифметикалык операциялар

·         Экилик, сегиздик жана он алтылык сандар менен жасалган негизги арифметикалык операцияларды карап чыгуу

2

·         Түрдүү эсептөө системаларын колдонуу менен калыптык маселелерди чыгаруу

 

1.7

Коддоо жана декоддоо

·         Маалыматты коддоо жана декоддоо ыкмаларын үйрөнүү.

2

·         Окуучуларды коддоо жана декоддоо түшүнүктөрү менен тааныштыруу.

·         Тексттик маалыматты коддоо ыкмаларын карап чыгуу.

·         Сандык маалыматты коддоо ыкмаларын карап чыгуу.

·         Маалыматты графикалык коддоо ыкмаларын карап чыгуу: вектордук жана растердик.

 

1.8

Моделдер жана моделдөө

·         Модель, алардын касиеттери жана моделдөө этаптары түшүнүгүн киргизүү.

2

·         Окуучулар менен бизди курчап турган моделдерди карап чыгып, объекттерди, процесстерди жана кубулуштарды моделдөөнү айырмалап билүүгө үйрөтүү.

·         Окуучуларга натуралык (материалдык) жана маалыматтык (материалдык эмес) моделдердин айырмасын көрсөтүү.

·         “Маалыматтык моделдер” түшнүгүн берип, түрлөрүн талдап чыгуу.

 

 

Текшерүү иши

1

 

 

 

3-чейрек

10

 

 

1.9

Компьютердин логикасы

«Логикалык айтым» түшүнүгүн киргизүү, ошондой эле «логикалык вентилдер» менен таанышуу.

2

·         Жөнөкөй жана курама логикалык айтымдар деген эмне экенин карап чыгуу.

·         Логикалык байламталардын маанисин изилдөө.

·         Төмөнкү тушүнүктөр менен таанышуу:  

o    Логикалык кошуу – дизъюнкция (И)

o    Логикалык көбөйтүү – конъюнкция (ИЛИ)

o    Логикалык төгүндөө – инверсия (НЕ)

·         Логикалык операцияларды чыгаруу алгоритмдерин колдонуу.

 

2 бөлүм

Компьютер жана программалык камсыздоо

(5 тема)

 

 

 

2.1

Операциялык система, системалык утилиттер

·         Операциялык система жана анын функциялары менен таанышуу.

1

·         Окуучуларды ОС, утилиттер, драйверлер, архиваторлор жана ОС менен биргелешип иштешкен башка кошумча программалык каражаттар менен тааныштыруу.

·         Окуучуларды компьютерге орнотулган ОС аныктоого үйрөтүү.

 

2.2

Файлдык система

·         Компьютерде файлдарды сактоо жана издөө ыкмаларын өздөштүрүү.

1

·         Оуучуларды файлдын атындагы анын аталышын жана кеңейтмесин айырмалоого үйрөтүү.

·         Файлды издөө үчүн маскаларды колдонуу

·         Файлдарды локалдык жана булуттук сактоонун принциптери менен окуучуарды тааныштыруу.

 

2.3

Тексттик процессор

·         Тексттик процессордо тексттик маалыматты жаратуу, жасалгалоо жана өзгөртүү ыкмаларын үйрөнүү.

3

·         Текст менен иштөөгө арналган программаларды карап чыгуу: тексттик редактор менен тексттик процессор жана алардын айырмасы

·         Тексттик докуметтин структурасын түзүү үчүн колдонулган куралдар менен тааныштыруу (кийин мазмунун түзүш үчүн).

·         Колонтитулдарды коюп, беттердин номерин белгилеп, баракчаны альбомдуктан китептик абалга алмаштырууга үйрөтүү.

·         Тексттерди мамычаларга бөлүүгө үйрөтүү.

·         Шрифттерди, абзацтарды коюп, тизмелерди түзүүгө үйрөтүү.

·         Окуучуларды текстте таблица жана диаграммаларды түзүүгө, сүрөттөрдү коюп, стилдерди өзгөртүүгө үйрөтүү.

2.4.

Үн менен видеону жаратуу жана иштеп чыгуу

·         Үн менен видеону иштеп чыгуу боюнча программалар менен таанышуу.

Практика. Видеоредактордо видеону монтаждоо.

3

·         Видеоредакторлордун негизги талааларын, куралдар панелин карап чыгуу.

·         Клиптерди аралаштыруу үчүн кадрлоону колдонуп, клиптердин ортосунда эффекттерди коюу.

·         Үн жана видеону кошууга үйрөтүү.

·         Титр жана түрдүү аудио-эффекттерди кошууну үйрөтүү.

 

2.3.

GIMP графикалык редактору

GIMP растердик графиканы иштеп чыгуу боюнча программа менен таанышуу

Практика. Берилген темага графикалык редакторду колдонуп, коллаж түзүү.

2

·         Програманын интерфесин жана куралдар панелин карап чыгуу.

·         Окуучуларды редактордо сүрөттү ачууга, өлчөмүн, жарыктыгын, контрастын өзгөртүүгө, айрым аймактарын бөлүп, белгилөөгө, аларды өзгөртүүгө (түсүн, контрастын аламаштыруу ж.б.) үйрөтүү. 

 

 

Текшерүү иши

1

 

 

 

4-чейрек

7

 

 

3

бөлүм

Программалоо

(2 тема)

 

 

 

3.1

Программалар жана программалоо тилдери

·         Эсептөө машиналары кандайча программаланаары жөнүндө түшүнүктү калыптандыруу

1

·         Алоритм жана программанын касиеттерин, алардын окшоштуктарын жана айырмачылыктарын  карап чыгып, салыштыруу.

·         Окуучуларды ойдон чыгарылган робот үчүн кыймыл аракеттердин алгоритмдерин түзүүгө үйрөтүү.

·         Популярдуу программалоо тилдерин карап чыгуу.

 

3.2

Scratch тилинде программалоонун негиздери

·         Scratch программалоо тилинде блоктук программалоо менен таанышуу (окулушу «скрэтч»)).

 

3

·         Scratch интерфейси жана негизги командалары менен таанышуу.

·         Окуучуларды блокторду жылдырып, жөнөкөй командаларды түзгөнгө үйрөтүү

·         Scratch тилинде колонулуучу циклдар менен шарттардын блокторун карап чыгуу.

·         Практика. Окуучуларды маселени чыгарууга үйрөтүү: мышыкты квадратты айланып өтүүгө мажбурлоо.

 

4

бөлүм

Компьютердик тармактар жана интернет

(2 тема)

 

 

 

4.1

HTML – гипертексттик белги салуу тили

·         Интернетте сайттардын баракчалары кандайча түзүлөөрү жөнүндө тушүнүк берүү.

Практика. Мугалим берген тема боюнча өзүнүн HTML-баракчасын жаратуу.

2

·         Окуучуларга веб-баракчаларга жайгаштырылган түстүү сүрөттөр, жүгүрмө саптар, таблицалар менен көптөгөн толтуруу үчүн формалардын баары HTML тилинин жардамы менен чыгаарын айтып берүү.

·         «Гипертекст», «гипершилтеме», «тег», «HTML» терминдерине түшүндүрмө берүү.

·         HTML-документинин түзүлүшүн түшүндүрүү.

·         Түрдүү тегдердин функцияларын карап чыгуу (аталышы, шрифттин өлчөмү, түсү ж.б.).

·         Окуучуларды жөнөкөй тексттик редактордун жардамында, тизме, фото, жүгүрмө сап жана башка сайттарга гиппершилтемелерди жайгаштырып, HTML-документ түзүүгө үйрөтүү.

 

4.2

Интернет тармагындагы коопсуздук. Вирустар.

·         Вирустар деген эмне жана алар кандай жол менен компьютердин ишин үзгүлтүккө учуратаары тууралуу түшүнүк берүү.

1

·         Окуучуларга вирустардын түрлөрү жана алардын кооптуулугу тууралуу айтып берүү.

·         Түрдүү антивирустук программалар жана аларды колдонуу ыкмалары менен тааныштыруу.

4.3.

Онлайн окутуу сервистери

·         Окуучуларды билим берүүгө багытталган айрым системалар менен тааныштыруу: Code.org, gcflearnfree.org жана bilimbulagy.kg.

Практика. Code.org сайтында программалоонун блоктук тилин колдонгон оюндардын биринен өтүү.

·         Окуучуларга окуу үчүн онлайн системаларды кантип колдонууну көрсөтүү (ошондой эле смартфондор аркылуу дагы).

·         Программалоо ыгын өз алдынча өнүктүрүү үчүн колдонууга мүмкүн болгон code.org  сервиси жөнүндө кененирээк айтып берүү.

 

Текшерүү иши

1

 

 

 

Резерв

1саат

 

 

7 класс

Тема

Саат

Аткарылчу окуу тапшырмалары

 

1-чейрек

8

 

 

1 бөлүм

Информатика жана маалымат

(3 тема)

 

 

1.1

Компьютер адамдын жашоосунда

·         Адамдын саламаттыгына таасир этүүчү факторлорду, ден-соолукту сактоо үчүн профилактикалык чараларды, адамдын жашоосундагы компьютердин функцияларын изилдөө.

1

·         Компьютерде иштөөдөгү коопсуздук эрежелери тууралуу түшүнүктү калыптандыруу.

·         Ой жүгүртүү, эске тутуу, анализдөө менен негизгисин белгилөө, маселе коюп жана аны чечүү шыгын өнүктүрүү.

·         Эсептөө техникасын колдонууда, максаттуулукка, эмгекчилдикке, чыдамкайлыкка, ыкыластуулукка, тыкандыкка жана тактыкка тарбиялоо.

 

1.2

Маалыматтык процесстер жана маалматты сактоо

·         Маалыматты сактоо жана таратуудагы маалыматтык  процесстер тууралуу түшүнүктү калыптандыруу

1

·         Маалыматтык процесстер тууралуу окуучулардын түшүнүгүн кеңейтүү;

·         Окуучулардын маалыматты таратуучу шаймандар тууралуу түшүнүгүн системалаштыруу

·         Адамдын турмушунда, жаратылышта, коомдо, техникада маалыматты сактоо жана бөлүшүү мисалдарын карап чыгуу.

·         Маалыматты мазмундуу жана алфавиттик өлчөө ыкмалары менен окуучуларды тааныштыруу.

·         Маалыматты таратуу схемасын карап чыгуу.

 

1.3

Тексттик маалыматты коддоо

·         Тексттик маалыматты коддоо принциптерин үйрөнүү

1

·         Окуучуларга тексттик маалымат компьютердин эсинде кандайча коддолоору тууралуу түшүнүк берүү;

·         Тексттик редактор менен коддук таблицаларды колдонуп, кодун символун жана символду код боюнча аныктоого үйрөтүү;

·         ASCII коддоо таблицасынын түзүлүшүн колдонуу менен коддор таблицасынын жардамында символдорду коддоо жана декоддоого үйрөтүү. 

 

2 бөлүм

Компьютер жана программалык камсыздоо

 (3 тема)

 

 

 

2.1

Программалык камсыздоонун түзүлүшү жана түрлөрү

Системалык жана прикладдык программалык камсыздоонун түрдүү категориялары жөнүндө түшүнүктү системалаштыруу; адамдардын жашоосунда түрдүү системалык жана прикладдык программалык камсыздоонун колдонулушун карап чыгуу.

1

·         Системалык жана прикладдык программалар түшүнүгүн киргизүү.

·         Прикладдык прораммалардын үлгүлөрүн жана классификациясын карап чыгуу.

·         Программалык камсыздоону туура орнотуу жөнүндө билимди өнүктүрүү (ишенимдүү булактардан, ОС эске алуу менен ж.б.).

 

2.2

Электрондук таблицалар

·         Окуучуларды электрондук таблицалардын негизги мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу, OpenOffice.org Calc программасы менен иштөөнүн негиздерин үйрөтүү.

3

·         Интерфейс менен таанышуу жана электрондук таблицалар менен иштөө ыкмаларын үйрөнүү.

·         Электрондук табицалардын уячаларында тексттерди, сандарды жана формулаларды жайгаштыруу эрежелерин, электрондук таблицаларын иштөө шарттарын карап чыгуу.

·         Окуучуларды маалыматты киргизип, иргеп жана сорттоого үйрөтүү.

·         Формулалар, шилтемелер жана функциялар менен иштөө.

·         Мастер диаграммды колдонуп, диаграммаларды жаратуу, диаграммалардын элементтерин кошуу жана форматтоо.

 

 

Текшерүү иши

1

 

 

 

2-чейрек

8

 

 

2.3

Презентациялар

·         Технология жана мультимедиага байланыштуу негизги түшүнүктөрдү ситемалаштыруу; дизайн, сүрөт, видео жана башкаларды колдонуп, жөнөкөй презентацияларды түзүү.

4

·         OpenOffice.org Impress тиркемесинин интерфейсин өздөштүрүү; слайд жана презентацияларды түзүү технологиялары тууралуу түшүнүк берүү.

·         Презентацияларды форматтоонун негизги мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө: слайддарды, тексттерди, сүрөттөрдү кошуу, тизмелерди түзүү ж.б.

·         “Анимация” түшүнүгүн карап чыгуу, конкреттүү мисал аркылуу презентацияда анимацияны колдонуу жолдорун көрсөтүү, презентациядагы анимацияны  тууралоо жөндөмүнө ээ болуу боюнча окуучулардын ишин уюштуруу.

3 бөлүм

Программалоо (5 тема)

 

 

 

 

3.1

Python программалоо тили

·         Python  программалоо чөйрөсү менен таанышуу, ошондой эле аны менен иштеп баштоо.

3

Компьютерде программалоо чөйрөсүн орнотуу процесин карап чыгуу, интерфейс менен таанышуу.

·         Базалык функцияларын изилдөө: print, input, randint.

·         “Өзгөрмө” түшүнүгүн киргизүү

·         Сандарды кошуу боюнча жөнөкөй программаны жазуу.

 

Текшерүү иши

1

 

 

 

3-чейрек

10

 

3.2

Маалыматтардын тиби жана алар менен болгон амалдар

·         Маалыматтардын түрлөрүн жана аларга жол берилген операцияларды үйрөнүү.

3

·         Маалыматтын түрлөрүн карап чыгуу (int, float, bool, str)

·         Python программасындагы арифметикалык туюнтмаларды жана сандар менен болгон операцияларды үйрөнүү.

·         Маалыматтарды киргизүү жана чыгаруу.

·         Адашкан сандарды чыгаруучу программаны колдонуу.

·         Math модулунун стандарттык математикалык функцияларын карап чыгуу.

 

3.3

Шарттуу операторлор

·         If жана else шарттуу операторлор менен салыштыруу операторлорун колдоно билүү.

3

·         Окуучуларды шарттуу операторлордун жардамында бир катар альтернативдик шарттар менен жөнөкөй программаларды жазганга үйрөтүү.

·         Окуучуларга салыштыруу операторлорун колдонуп, жөнөкөй программаларды жазууну үйрөтүү.

 

3.4

while жана for циклдери

·         Циклдарды жазууда while жана for операторлорун колдонууну үйрөнүү.

3

·         Циклдарды жазууда while жана for операторлору эмнеси менен айырмаланаарын карап чыгуу.

·         Берилген операторлорду колдонуу менен кыска программаларды жазуу боюнча маселелерди чыгаруу

 

 

Текшерүү иши

1

 

 

 

4-чейрек

7

 

 

4

бөлүм

Компьютердик тармактар жана интернет (3 тема)

 

 

 

3.1

Татаал издөө суроо талаптары

·         Интернет желесинде маалыматты издөөнү ишке ашырууга үйрөнүү жана татаал издөө суроо талаптарын түзүү эрежелери менен таанышуу.

1

·         Окуучулардын дүйнөлүк желе боюнча түшүнүктөрүн жалпылап, системалаштыруу.

·         Интернет тармагындагы маалыматтарды издөө ыкмалары жана издөө системаларынын иштөө принциптери тууралуу маалыматты системалаштыруу.

·         Татаал издөө суроо талаптарын түзүү эрежелери менен таанышуу.

 

3.2

Сайт конструкторлору

·         Чакан сайттарды ыкчам түзүү үчүн колдонулган конструкторлор менен таанышуу.

3

·         Сайттын “кыймылдаткычы” түшүнүгүн киргизүү (content management system – CMS) – сайттын ичиндегилерди башкаруу системасы.

·         Wix платформасынын үлгүсүндө, сайттын мазмунун түзүү, иреттөө, редакциялоо мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу: документ жана медиафайлдарга толтуруу ж.б.

 

3.3

Электрондук почта жана булуттук сервистер

·         Gmail базасында электрондук почталарды жана булуттук тейлөөнү колдонууну үйрөнүү.

 

2

·         Окуучуларды электрондук почтаны колдонууга үйрөтүү (эгер окуучунун э-почтасы жок болсо, жаңысын түзүү шарт). Туура логиндерди жаратуу эрежелерин сактоо зарыл.

·         Окуучуларды Google Диск кызматын пайдаланууга жана башкаларга ал жактагы маалыматты колдонуусуна түрдүү деңгээлдеги уруксат берүүгө үйрөтүү.

·         Окуучуларды Google документтери (тексттик, таблицалык, презентациялар) менен иштөөгө, ошондой эле документтер менен папкаларды чогуу редакциялоого үйрөтүү.

·         Окуучуларды Google котормочулары менен иштөөгө үйрөтүү.

·         Окуучуларды Google Maps менен иштөөгө үйрөтүү – каттамдарды түзүү, аралыктарды аныктоо ж.б. (муктаж болсо мобилдик каражаттарда дагы).

 

 

Текшерүү иши

1

 

 

 

Резерв

1 саат

 

 

8 класс (68 саат)

Тема

саат

Аткарылчу окуу тапшырмалары

 

1-чейрек

16

 

 

1 бөлүм

Информатика жана маалымат

 

 

 

1.1

Логикалык айтымдар жана аракеттер

·         Төмөндөгү түшүнүктөр жөнүндө билимди системалаштыруу: логикалык туюнтма, логикалык чоңдуктар, логикалык операциялар, ошондой эле татаал туюнтмалады түзүү.

2

·         “Логика”, “Логикалык билдирүүлөр”, “татаал билдирүүлөр”, “логикалык туюнтмалар” түшүнүктөрүн киргизүү.

·         Негизги логикалык операциялар менен тааныштыруу (дизъюнкция, конъюнкция, импликация, инверсия, эквиваленттүүлүк).

·         Логикалык операциялардын жашоодогу үлгүлөрүн көрсөтүү.

·         Окуучуларды аныктык таблицасын колдонууга үйрөтүү.

 

1.2

Логика мыйзамдары

·         Логика мыйзамдары жана логика мыйзамарын колдонуп, логикалык туюнтмаларды өзгөртүү эрежелери менен таанышуу.

3

·         Окуучуларды логика мыйзамдары менен тааныштыруу; логикалык туюнтмаларды өзгөртүү эрежелерин тактоо.

·         Логикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү.  

·         Логиканын негизги мыйзамдарын так айтууга үйрөнүү.

 

1.3

Логикалык туюнтмаларды чыгаруу

·         Логикалык туюнтмаларды чыгаруу жана аныктык таблицасы боюнча логикалык туюнтмаларды куруу жөндөмдүүлүгү менен билимдерин тереңдетүү.  

4

·         Логикалык теңдемелерди чыгаруу ыкмаларын карап чыгуу.

·         Логикалык туюнтмаларды билдирүүлөр алгебрасынын жардамы менен чыгаруу.

·         Аныктык таблицасын түзүү.

 

2 бөлүм

Компьютер жана программалык камсыздоо (2 тема)

 

 

 

2.1

Программалык камсыздоо жана лицензиянын түрлөрү  

·         Программалык камсыздоонун лицензияларынын түрлөрү жана жеке компьютерлердин програмалык камсыздоосу тууралуу окуучулардын түшүнүгүн системалаштыруу.

1

·         Компьютердин “программалык камсыздоосу” түшүнүгү жана анын курамы менен тааныштыруу.

·         “Лицензия” түшүнүгүн киргизүү, ПК лицензияларынын түрлөрү тууралуу айтып берүү:  проприетардык (акылуу) жана эркин (акысыз).

·         Аналитикалык ой жүгүртүүнүн өнүгүшүнө, конкреттүү программа кайсы программалык камсыздоого тиешелүү экенин аныктай билүүгө көмөктөшүү.

·         Этикалык жана укуктук нормаларды эске алуу менен интеллектуалдык менчикке жоопкерчиликтүү мамиле жасоого тарбиялоо.

 

2.2

Малыматтар базасы

·         Open Office.org Base  СУБД объекттери жана алар эмне үчүн жаралып, кантип башкарылаарын түшүндүрүү.

5

·         “Маалыматтар базасы” түшүнүгүн киргизүү.

·         Маалымат базаларын уюштуруунун үч моделин карап чыгуу.

·         Окуучуларга таблица түзүү, жазылгандарды киргизүү жана оңдоо эрежелерин үйрөтүү.

·         Окуучуларды отчёттордун жана сурамдардын формаларын  түзгөнгө үйрөтүү.

 

 

Текшерүү иши

1

 

 

2-чейрек

16

 

 

3 бөлүм

Программалоо  (7 тема)

 

 

 

 

 

3.1

Татаал шарттар: and, or, not

·         Татаал шарттарды программалоодо and, or, not операторлорунун колдонулушун үйрөнүү.

3

·         “Татаал шарттар” жана “логикалык операторлор” түшүнүгүн киргизүү.

·         and логикалык операторунун колдонулушун жана анын жазылышын карап чыгуу (логикалык көбөйтүү).

·         or логикалык операторунун колдонулушун жана анын жазылышын карап чыгуу (логикалык кошуу).

·         not  логикалык операторунун колдонулушун жана анын жазылышын карап чыгуу (логикалык төгүндөө).

 

3.2

Тизмелер, кортеждер жана сөздүктөр

·         Тизмелерди, кортеждерди жана сөздүктөрдү түзүүнү өздөштүрүү (программага бир түрдүү маалыматтарды киргизүү)

4

·         “Элемент”, “тизме”, “кортеж”, “сөздүк” түшүнүктөрүн киргизүү.

·         Тизмелердин, кортеждердин жана сөздүктрдүн синтаксисин изилдөө.

·         Берилген структуралардын элементтери менен болгон базалык операцияларды карап чыгуу.

 

3.3

Циклдык алгоримдер

·         While жана for циклдарын колдонууну кененирээк карап чыгуу

4

·         Python программалоо тилинде while жана for циклдарын колдонуп, практикалык маселелерди чыгаруу.

·         Колдонуучу компьютер каткан санды табууга мажбур болгон программа-оюнду талдоо.

3.4

Камтылган шарттуу амалдар жана циклдер

·         Камтылган шартуу операторлор менен циклдарды колдонууну үйрөнүү.

4

·         Тышкы жана ички циклдер менен таанышуу,тышкы циклдын ички циклды чакырышынын мисалдарын карап чыгуу.

·         Шарттуу операторлор менен тиркелген циклдерды колдонуп, практикалык маселелерди чыгаруу.

 

Текшерүү иши

1

 

 

 

3-чейрек

20

 

 

3.5

Функциялар

·         Python программасында функцияларды колдонууну үйрөнүү.

6

·         Киргизилген функциялар жана өз алдынча жаралган функциялар тууралуу түшүндүрмө берүү.

·         Аргументтердин функцияга өткөрүлүшүн карап чыгуу.

·         Глобалдык жана локалдык өзгөрмөлөрдү колдонууну өздөштүрүү.

·         Маанилерди функциядан кайтаруу, return колдонуу.

 

3.6

Массивдер

·         Массивдер, массивге маалымат кантип киргизилээри жана массивдин айрым элементтери менен иштөө жөнүндө түшүнүктү калыптандыруу.  

5

·         “Массив”, “массивдин элементи” түшүнүктөрүн киризүү.

·         Python тилинде массивдер менен иштөө үчүн тизмелер колдонулаарын окуучуларга маалымдоо.

·         Массивге маалыматты киргизүү ыкмалары, ошондой эле тизмелердин генераторлорун пайдаланып, randint функциясын колдонууну үйрөнүү.

·         Белгилүү аракеттерди ишке ашыруу үчүн тизмедеги элементтерди топтоо.  

 

3.7

Саптар жана алар менен болгон амалдар

·         Саптар, кесиктер менен иштөө жана саптардын ыкмалары жөнүндө түшүнүктү калыптандыруу.

4

·         “Сап”, “кесик” түшүнүктөрүн киргизүү.

·         Саптарды жасалгалоо үчүн кесиктерди пайдаланууну үйрөнүү .

·         lower, split, join, find, replace, reverse ж.б. саптардын ыкмаларын изилдөө.

·         Саптардын ыкмалары, саптарды салыштыруу жана сорттоо боюнча практикалык маселелерди чыгаруу.

 

3.8

Саптарды форматтоо

·         Саптарды форматтоо ыкмаларын үйрөнүү.

4

·         “Шаблон” түшүнүгүн киргизүү.

·          format() жана оператор % функцияларын колдонуудагы айырмачылыкты карап чыгуу.

·         int, float, str стандарттык функцияларды колдонуу менен сандарды саптарга жана саптарды сандарга өзгөртүү ыкмаларын териштирүү.

 

 

Текшерүү иши

1

 

 

 

4-чейрек

14

 

 

3.9

Python тилинде графика менен иштөө

·         Python тилинде графикалык объекттер кантип түзүлөөрү жөнүндө маалымат берүү.

6

·         Программада  # белгисинен кийин эле жазылчу комментарийлерди колдонуу мүмкүнчүлүгүн эске салуу.

·         Turtle модулун орнотуу, калемди иштетүү, графика үчүн терезечеде жөнөкөй геометриялык фигураларды жаратуу.

·         Текстти киргизип, ошондой эле графика үчүн терезечеде аны форматтоо.

·         Өнүккөн графиканы жаратуу үчүн Tkinter модулунда иштөө (баскычтар, чек-бокстор, рандомдук жол менен тандалган диаметрлер жана түстөр менен тегеректерди тартуу).

 

4 бөлүм

Компьютердик тармактар жана интернет

 

 

 

4.1

Компьютердик тармактар

·         Окутулуп жаткан негизги түшүнүктөр боюнча маалымат берүү: компьютердик тармактар, интернеттин архитектурасы, пакеттер менен алмашуу, сервер, кардар.

2

·         “Компьютердик түйүн”, “пакеттер”, “DNS”, «IPдарек», «сервер» түшүнүктөрүн киргизүү.

·         Интернет түйүнүндө маалыматтарды таратуу схемасын карап чыгуу.

·         Практикалык иш: Wi-Fi роутерин ырастоону өздөштүрүү (үйдө, класста)

4.2

Интернет протоколдорунун түрлөрү

·         Интернет желесинин протоколдорунун түрдүү үлгүлөрү жана негизги мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу 

1

·         Интернеттеги протоколдордун иштөө принциптерин карап чыгуу: TCP/IP, HTTP, FTP, SMTP, POP3, IMAP.

·         Алар эмне үчүн жана кайда колдонулаарын түшүндүрүү.  

 

4.3

Стилдердин каскаддык таблицалары (CSS)

·         Веб-конструкциялоонун куралдары жана ыкмалары, веб-баракчаларда маалыматты жайгаштыруу үчүн стилдердин каскаддык таблицаларын колдонуу тууралуу билимди кеңейтип жана тереңдетүү.

3

·         Окуучуларга HTML-баракчасын жаратууда  тексттерди форматтоо ишин жеңилдетүү үчүн CSS колдонулаарын түшүндүрүү.

·         «Стиль» жана «селектор» түшүнүктөрүн киргизүү.

·         CSSтеги синтаксисти карап чыгуу.

·         HTML-документке стилдерди кошуу ыкмаларын изилдөө.

 

 

Текшерүү иши

1

 

 

 

Резерв

2 саат

 

 

9 класс (34 саат)

Тема

саат

Аткарылчу окуу тапшырмалары

 

1-чейрек

7

 

 

1 бөлүм

Информатика жана маалымат

(3 тема)

 

 

 

1.1

Маалыматтык сабаттуулук

·         Маалыматтык сабаттуулук тууралуу түшүнүктү бекемдеп, интернетти жоопкерчиликтүү пайдаланган колдонуучу болууга үйрөтүү.

1

·         Окуучуларды конкреттүү маалыматка болгон муктаждыктарын өз алдынча аныктоого үйрөтүү.

·         Ишенимдүү маалымат булактарын таап, фейк менен спамдарды айырмалай билүү.

·         Маалыматтын сапатын кылдат анализдеп, баалап көрүү.

·         Өзүнүн жана башкалардын маалыматын натыйдалуу жана этиканын чегинен чыкпай колдонууга үйрөтүү.

·         Өздүк жеке маалыматты коргоого үйрөтүү.

 

1.2

Шифрлөө жана электрондук-санариптик кол тамга

·         Шифрлөө менен электродук-санариптик кол тамга (ЭСК) деген эмне, ал кандайча түзүлөт жана каякта колдонулаары тууралу маалымат берүү.

1

·         Санарип технологиялар менен электрондук документтердин доорунда адамды идентификациялоонун негизги жолу бул - ЭСК экенин окуучуларга түшүндүрүү.

·         “ЭСК”, “электрондук документ”, “аутентификация”, “криптография” түшүнүктөрүн кигизүү.

·         Симметриялык жана асимметриялык шифрлөөнүн механизмдери, алардын коопсуздук деңгээли менен колдонуу аймактарын изилдөө.

 

1.3

Графикалык маалыматты коддоо

·         Окуучуларды “мейкиндиктик дискретизация” түшүнүгү менен тааныштырып, компьютердин эсинде сүрөттөрдү сактоо принциптерин түшүндүрүп, графикалык сүрөттөрдүн маалыматтык өлчөмүн эсептөөгө үйрөтүү.

3

·         “Компьютердик графика”,  “дискретизация” түшүнүктөрүн киргизүү.

·         Вектордук, фракталдык жана растердик сүрөттөрдүн айырмачылыктарын көрсөтүү.

·         Растер сүрөттөрү үчүн түстү берүү жана коддоонун үч негизги системасын карап чыгуу: HSB, RGB жана CMYK.

·         Окуучуларды RGB жана CMYK режимдеринде түстүн сандык жазылышын, сүрөттүн маалыматтык өлчөмүн, өңдүн берилген тереңдиги үчүн колдонулган түстөрдүн максималдуу санын, берилген өңдөрдүн саны үчүн түстүн муктаж болгон тереңдигин аныктоого үйрөтүү.

 

2 бөлүм

Компьютер жана программалык камсыздоо (2 тема)

 

 

 

2.1                                          

Компьютердик графика

·         Окуучуларга заманбап жашоодо компьютердик графика кандайча жана каякта колдонулаары тууралуу түшүнүк берүү.

1

·         Компьютердик графиканы колдонуу тармактарын талдоо.

·         Маалыматтык маселелерди чыгаруу үчүн компьютердик графиканы тандоого кызыктыруу максатында, анын түрүн аныктоого үйрөтүү.

·         3 – өлчөмдүү графика 3D – моделдөөдөн эмнеси менен айырмаланаарын карап чыгуу.

 

 

Текшерүү иши

1

 

 

 

2- чейрек

8

 

 

2.2

Робототехниканын негиздери

·         Робототехниканын негиздерин билүү, роботтордун түлөрүн жана аларды программалоо мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу.

4

·         Роботтордун түрлөрүн карап чыгуу.

·         Arduino платасы, жарык диоддор жана резисторлор менен таанышуу.

·         Arduino IDE прграммалоо чөйрөсүндөгү негизги функцияады изилдөө: voide setup жана voide loop.

·         Жарык диодду платага туташтырып, тиешелүү программаны жазуу боюнча практикалык иш.

 

3 бөлүм

Программалоо

(4 тема)

 

 

 

 

3.1

Рекурсия

·         Рекурсия, аны колдонуу жана жаздыруу ымалары тууралуу түшүнүктү калыптандыруу.

3

·         “Рекурсия” жана “фрактал” түшүнүктөрүн киргизүү, адамдын жашоосундагы рекрусиянын мисалдарын карап чыгуу.

·         Рекрусияларды колдонуу мисалдарын изилдөө (факториалды эсептеп чыгуунун үлгүсүндө).

·         Рекрусиянын түз жана тескери жүрүшүнүн мисалдарын карап чыгуу.

·         Түшүндүрүү:  рекрусия качан циклдын ордун ээлей алат.

 

 

Текшерүү иши

1

 

 

 

3- чейрек

10

 

 

3.2

Массивдерди иштеп чыгуу алгоритмдери

·         Массивдерди иштеп чыгуунун негизги алгоритмдерин үйрөнүү: издөө, модификация жана иргөө. 

6

·         Максималдуу элементти издөө, элементтин конкреттүү берилген белгиси, индекси ж.б. боюнча издөө аркылуу масивдеги элементти табуу алгоритмин карап чыгуу.

·         Массив/тизмени модификациялоо үчүн функцияларды изилдөө, практикалык маселелерде колдонуу.

·         Массивдин реверси үчүн функцияларды карап чыгуу.

·         Массивдин элементтерин жылдыруу алгоритмин карап чыгуу.

 

3.3

Тизмелерди сортоо

·         Түрдүү ыкмаларды колдонууда элементтерди сортоо кандайча жүрөөрү (берилген тартипте массивдин элементтеринин ордун алмаштыруу) тууралуу түшүнүк берүү.

3

·         Сорттоо ыкмаларын карап чыгуу: көбүкчө ыкмасы, тандоо ыкмасы, “ыкчам сорттоо”.

·         Алар эмнеси менен аырмаланаарын жана кайсыл жерде колдонуу натыйдалуу болооорун түшүндүрүп берүү.

 

 

Текшерүү иши

1

 

 

 

4- чейрек

7

 

 

3.4

Матрицалар

·         Эки өлчөмдүү массивдер – матрцалар тууралуу түшүндүрмө берип, ошондой эле матрицаларды колдонуп, бир катар маселелерди чыгаруу.

3

·         “Матрица” түшүнүгүн киргизүү

·         Бир өлчөмдүү жана эки өлчөмдүү массивдердин ортосундагы айырманы чагылдыруу.

·         Матрицаны адашкан сандар менен толтуруу боюнча практикалык маселени чыгаруу.

·         Матрицанын элементтерин жылдыруу боюнча маселелерди чыгаруу.

 

4 бөлүм

Компьютердик тармактар жана интернет (2 тема)

 

 

 

4.1

Келечек технологиялар

·         Заманбап маалыматтык технологиялардын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн жана алардын адамдын турмушуна тийгизген таасирин анализдөө.

2

·         “Маалымат” түшүнүгүн кеңетүүнү улантуу, “технология”, “кубаттуу технологиялар”, “маалыматтык технологиялар”, «келечектин технологиялары», “ жасалма интеллект”, “буюмдардын интернети”, “виртуалдуу жана кошумча реалдуулук”, “жашыл энергия” түшүнүктөрүн киргизүү.

·         Топтордун арасында “Адамдын гендик модификациясы этикага жатат деп ойлойсуңарбы?” темасы боюнча дебаттарды өткөрүү.

 

4.2

Санариптик дүйнөдөгү коопсуздук

·         Интернет түйүнүнүн кооптуу жагдайлары жана аларга каршы күрөшүү ыкмаларын талдап чыгуу;  окуучуларга маалыматты коргоо жолдору тууралуу түшүнүк алууга жардам берүү.

1

·         Окуучуларды «маалыматтык коопсузук», «фишинг», «бот» түшүнүктөрү менен тааныштыруу.

·         «Маалыматты коргоо», «эки фактордуу аутентификация» түшүнүктөрүнө эмне кирээрин аныктоо.

·         Желеде маалыматты коргоо ыкмалары, анын ичинде ишенимдүү сыр сөздөр аркылуу сактануу жолдорун өздөштүрүү.

 

 

Текшерүү иши

1

 

 

 

Резерв

2 саат

 

 

 

 

 

 


 

Скачано с www.znanio.ru