Канада
Оценка 4.7

Канада

Оценка 4.7
Образовательные программы
doc
география
10 кл—11 кл +1
08.08.2020
Канада
Канада (англисче – Canada; французча – Le Canada) – Түндүк Америкадагы мамлекет. Материктин Түндүк бөлүгүн жана ага жакын жайгашкан көптөгөн аралдарды – Ванкувер, Шарлотта канышасы (батышында), Канадалык Арктика архипелагы (түндүгүндө), Ньюфаундленд, Антикости, Эдуард канзадасын (Түштүк-чыгышында) камтыйт. Түштүк-батышынан Тынч океан, түндүгүнөн Түндүк Муз океан жана анын Бофорт деңизи, чыгышынан Атлантика океаны жана анын деңиздери – Баффин, Лабрадор, ошондой эле Гудзон булуңу менен чулганат. Жээк сызыгынын узундугу 243 миң км (аралдардын жээктерин кошо; дүйнөдөгү эң узун жээк). Түштүгүндө жана түндүк-батышында кургактык аркылуу АКШ менен чектешет (чек арасынын узундугу 8,9 миң км, анын ичинде Аляска менен 2,5 миң км). Аянты 9984,7 миң км2 (анын ичинде ички сууларыныкы 891,2 миң км2); аянты боюнча дүйнөдө Россиядан кийинки 2-орунда. Калкы 33,1 млн (2008). Борбору – Оттава шаары Расмий тилдери – англис жана француз тилдери. Акча бирдиги – канада доллары. Канада – 10 провинциядан жана федерацияга баш ийген 3 аймактан турган федерация Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008): Канада – Бириккен Улуттар уюмуна (1945), Эл аралык Валюта Фондуна (1945), Эл аралык peконструкция жана өнүгүү банкына (1945), 1949-жылдан Түндүк Атлантика Келишим Уюмуна (НАТО), 1973-жылдан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна (ЕККУ), Азия – Тынч океан экономикалык кызматташтыгына (1989), Америка өлкөлөрүнүн уюмуна (1990), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (1995) мүчө. Мамлекеттик түзүлүшү. Канада – федеративдик мамлекет. Негизги документи Британдык Түндүк Америка жөнүндө акт (1867. 1871. 1886. 1907. 1915), Конституцициялык акт (1982) жана Вестминстер статуту (1931) эсептелет. Бaшкapуу формасы – кoнституциялык монархия. Мамлекеттин расмий башчысы – британдык монарх (1952-жылдан Елизавета II Канада королевасы титулунa да ээ). Анын милдетин Англия кopoлу Канада премьер-министринин кеңеши менен дайындаган генерал-губepнaтop аткарат. Мыйзам чыгapуу бийлиги монархка жана эки пaлaтaлуу парламентке таандык. Төмөнкү палата – Общиналар палатасы. Общиналар палатасынын дeпутaттapы жалпы шайлоодо 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Жогорку палата – Сенат. Ceнaтopлopду премьер-министрдин кеңеши боюнча гeнepaл-губepнaтop региондордон дайындайт. Аткapуу бийлиги монархка таандык бoлгoну менен өкмөт – министрлер кабинети иш жүзүнө ашырат. Министрлер кабинетин премьер-министр башкарат. Ал Общиналар палатасындагы көпчүлүк opунду ээлеген партиянын лидерин дайындайт. Өкмөт Общиналар палатасынын алдында жооптуу. Провинцияларды бaшкapуу лeйтeнaнт-губepнaтopлop тарабынан ишке ашырылат. Аларды провинциялык өкмөттүн сунушу боюнча генерал-губepнaтop дайындайт. Провинцияларда бир пaлaтaлуу мыйзам чыгapуу жыйыны иштейт. Жергиликтүү өз алдынча бaшкapуу органдарына графтык жана oкpугдук кеңештер, муниципaлитeттep кирет. Канадада негизинен көп пapтиялуу система opун алган. Саясий партиялары – Либералдар партиясы. Консерваторлор партиясы. Квебек партиясы. Жаңы демократиялык партия.
Канада.doc

Канада

https://edu-nlsit.jet.kg/media/Geografiya_11-kl/00024.png

 

Канада (англисче – Canada; французча – Le Canada) – Түндүк Америкадагы мамлекет. Материктин Түндүк бөлүгүн жана ага жакын жайгашкан көптөгөн аралдарды – Ванкувер, Шарлотта канышасы (батышында), Канадалык Арктика архипелагы (түндүгүндө), Ньюфаундленд, Антикости, Эдуард канзадасын (Түштүк-чыгышында) камтыйт. Түштүк-батышынан Тынч океан, түндүгүнөн Түндүк Муз океан жана анын Бофорт деңизи, чыгышынан Атлантика океаны жана анын деңиздери – Баффин, Лабрадор, ошондой эле Гудзон булуңу менен чулганат. Жээк сызыгынын узундугу 243 миң км (аралдардын жээктерин кошо; дүйнөдөгү эң узун жээк). Түштүгүндө жана түндүк-батышында кургактык аркылуу АКШ менен чектешет (чек арасынын узундугу 8,9 миң км, анын ичинде Аляска менен 2,5 миң км).

Аянты 9984,7 миң км2 (анын ичинде ички сууларыныкы 891,2 миң км2); аянты боюнча дүйнөдө Россиядан кийинки 2-орунда. Калкы 33,1 млн (2008). Борбору – Оттава шаары Расмий тилдери – англис жана француз тилдери. Акча бирдиги – канада доллары. Канада – 10 провинциядан жана федерацияга баш ийген 3 аймактан турган федерация Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008): Канада – Бириккен Улуттар уюмуна (1945), Эл аралык Валюта Фондуна (1945), Эл аралык peконструкция жана өнүгүү банкына (1945), 1949-жылдан Түндүк Атлантика Келишим Уюмуна (НАТО), 1973-жылдан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна (ЕККУ), Азия – Тынч океан экономикалык кызматташтыгына (1989), Америка өлкөлөрүнүн уюмуна (1990), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (1995) мүчө.

Мамлекеттик түзүлүшү. Канада – федеративдик мамлекет. Негизги документи Британдык Түндүк Америка жөнүндө акт (1867. 1871. 1886. 1907. 1915), Конституцициялык акт (1982) жана Вестминстер статуту (1931) эсептелет. Бaшкapуу формасы – кoнституциялык монархия. Мамлекеттин расмий башчысы – британдык монарх (1952-жылдан Елизавета II Канада королевасы титулунa да ээ). Анын милдетин Англия кopoлу Канада премьер-министринин кеңеши менен дайындаган генерал-губepнaтop аткарат. Мыйзам чыгapуу бийлиги монархка жана эки пaлaтaлуу парламентке таандык. Төмөнкү палата – Общиналар палатасы. Общиналар палатасынын дeпутaттapы жалпы шайлоодо 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Жогорку палата – Сенат. Ceнaтopлopду премьер-министрдин кеңеши боюнча гeнepaл-губepнaтop региондордон дайындайт. Аткapуу бийлиги монархка таандык бoлгoну менен өкмөт – министрлер кабинети иш жүзүнө ашырат. Министрлер кабинетин премьер-министр башкарат. Ал Общиналар палатасындагы көпчүлүк opунду ээлеген партиянын лидерин дайындайт. Өкмөт Общиналар палатасынын алдында жооптуу. Провинцияларды бaшкapуу лeйтeнaнт-губepнaтopлop тарабынан ишке ашырылат. Аларды провинциялык өкмөттүн сунушу боюнча генерал-губepнaтop дайындайт. Провинцияларда бир пaлaтaлуу мыйзам чыгapуу жыйыны иштейт. Жергиликтүү өз алдынча бaшкapуу органдарына графтык жана oкpугдук кеңештер, муниципaлитeттep кирет. Канадада негизинен көп пapтиялуу система opун алган. Саясий партиялары – Либералдар партиясы. Консерваторлор партиясы. Квебек партиясы. Жаңы демократиялык партия.

 

https://edu-nlsit.jet.kg/media/Geografiya_11-kl/00025.jpg

Табияты. Жээктери Түндүк жана түндүк-чыгышында түздүктүү жана бир аз тилмеленген (айрыкча Гудзoн булуңунун жээктери). чыгышында тик, негизинен фьорддуу (Баффин жарым аралы, Лабрадор жарым аралы, Ньюфаундленд аралы), батышында тоолуу, булуңдар – фьорддор менен терең тилмеленген. Канаданын аймагынын басымдуу бөлүгү түздүктүү рельефи менен өзгөчөлөнөт; батышында жазылыгы 1000 кмге жеткен Канада Кордильерасы тоолуу тилкеси (Түндүк Америка Кордильерасынын бир бөлүгү) созулуп жатат. Бардык жеринде антропогендик муз каптоонун издери кеңири таралган. Азыркы көп жылдык тоң тоо тектери өлкөнүн жарымына жакын аймагын ээлейт. Түндүгүндөгү көп жылдык тоң текши каптаган зонадагы анын калыңдыгы 400 мге жетет. Өлкөнүн Түндүк четинде жайгашкан Канадалык Арктика архипелагынын көптөгөн аралдары кысыктардын татаал системасы менен бөлүнүп, негизинен дөбө-түздүктүү рельеф (Банкс, Виктория жана башка аралдарга) мүнөздүү. Архипелагдын чыгыш бөлүгүнүн аралдары негизинен тоолуу (бийиктиги Элсмир аралында 2926 мге жетет) жана мөңгүлүү (Элсмир, Баффин Жери, Девон, АксельХейберг жана башка). Материктин зор бөлүгүн, Лабрадор жарым аралын кошо Лаврентий дөңсөөсү ээлейт; ага дөбөлүү рельеф (Орточо бийиктиги 200–500 м), арасында бийиктиги 900–1000 мге жеткен калдык дөңсөөлөр кездешет. Мөңгүнүн аракетинен пайда болгон рельефтин формалары (кой маңдай таштар, друмлиндер жана башка), ошондой эле көлдөр жана саздар кеңири таралган. Лаврентий дөңсөөсүнүн батыш жана чыгыш чет-жакаларында ири көлдөр – Чоң Аюулуу көл, Чоң Эрксиз көл, Атабаска көлү, Виннипег, Жогорку көл, Гурон жана башка жайгашкан; алар негизинен мөңгү-тектоникалык жана мөңгүнүн аракетинен пайда болгон көлдөр. Гудзон булуңунун түштүк-батыш жээгинде жазылыгы 500 кмге жеткен өтө саздуу, тегиз түздүк жайгашкан. Канада Кордильерасынын чыгыш этеги менен Лаврентий дөңсөөсүнүн аралыгында Канаданын Ички түздүктөрүнүн тилкеси (Улуу түздүктөрдүн Түндүк бөлүгү) созулуп, батыштан чыгышты карай 1000 мден 200 мге чейин жапыздайт. Катмарлуу түздүктөр, куэста жалдары, дөбөдөңсөөлөр кеңири таралган; Канада Кордильерасынын этек тоолоруна эрозиялык тилмеленүүгө өтө дуушарланган бийик түздүктөр, айрым жерлерине бедленддер мүнөздүү. Өлкөнүн түштүк-чыгышын ээлеген Түндүк Аппалачи тоолорунун (бийиктиги 1268 мге чейин, Нотр-Дам чокусу) жана Ньюфаундленд аралынын рельефинде денудациялык түздүктөр, дөңсөөлөр жа бөксө тоолор (бийиктиги 500–800 м) басымдуулук кылат. Эң түштүгүндө Онтарио жарым аралынын куэста түзүлүштөгү түздүктөрү жайгашкан. Канада Кордильерасы тоолуу алкагына эрозиялык терең тилмеленүү, реликт жана азыркы тоо-мөңгү рельефинин формалары мүнөздүү. Канада Кордильерасынын орографиясына негизинен узатасынан созулган 3 зона мүнөздүү: батыш зонасы – Ыйык Илья тоолору (бийиктиги 5951 мге чейин, Логан чокусу Канаданын эң бийик жери), Жээк кырка тоолору (3994 м, Уоддингтон чокусу); Канада Кордильерасынын Ички платолорун – денудациялык Юкон, лавалуу Фрейзер жана Нечако платолорун камтыйт; чыгыш зонасын — Маккензи жана Аскалуу тоолору түзөт (3954 м, Робсон тоосу).

Канаданын басымдуу бөлүгүнүн аймагын байыркы Түндүк Америка платформасынын Түндүк бөлүгү ээлейт. Платформанын кембрийге чейинки кристаллдык фундаменти анын Борбордук жана чыгыш бөлүктөрүндө жер бетине чыгып, Канада калканын түзөт. Ал чыгышынан Каледон (Түндүк Аппалачи), түндүгүнөн Иннуит бүктөлүү структуралары (Канадалык Арктика архипелагынын Түндүк аралдары) менен чектешет. Өлкөнүн батышындагы Канада Кордильерасы мезозой-кайнозой тектоникалык структурасына таандык. Канада түрдүү кен байлыктарга бай: цинк (жалпы запасы боюнча дүйнөдө Австралиядан кийинки 2-орунда), вольфрам (Кытайдан кийинки 2-орунда), уран (Австралия, Казакстандан кийинки 3-орунда), коргошун (Австралия, АКШ, Казакстандан кийинки 4-орунда), нефть (Сауд Арабиясынан кийинки 2-орунда), газ, никель, жез, темир, алтын, калий тузу, молибден, алмаз ж. б. Канаданын аймагынын басымдуу бөлүгү субарктика жана мелүүн климаттык алкактарда, түндүк чети гана арктика алкагында жайгашкан. Климаттын сезондуулугу даана байкалат, батыштан соккон аба массасы үстөмдүк кылат, аба ырайы кескин өзгөрүп турган циклондук аракет мүнөздүү. Арктика аба массасы чыгыштагы түздүктүү аймактарга зор таасир тийгизет, ага ошондой эле кургактыкка терең (50–51о түндүк кеңдикке чейин) булуңу да өбөлгө түзөт. Январдын орточо температурасы Канадалык Арктика архипелагынын түндүгүндө –35оСден Атлантиканын жээктеринде –7... –12оСге, Тынч океандын жээктеринде 0–4оСге чейин; июлдун орточо температурасы жогорку тартипте 4оС, 18–21оС, 13–16оС. Аскалуу тоонун этектеринде (Маккензи өрөөнүндө) жайкы температура ошол эле кеңдиктердеги чыгыш аймактардан 2–6оСге жогору. Канада Кордильерасынын түштүк бөлүгүндөгү деңиз таасиринен алыс жайгашкан тоо аралык өрөөндөрдө жа этек тоолордо сутка ичиндеги орточо температура 32оСден жогору болушу мүмкүн. Жаан-чачын мол жааган жерлери – Тынч океандын жээги (2500 мм) жана Атлантика жээгиндеги аймактар (1000–1200 мм), калган жерлеринде 500 мм, арктика аралдарында 150 ммден аз. Кар катмары өлкөнүн бардык аймагында байкалат, калыңдыгы 150 см жана андан ашат (Лабрадор жарым аралында). Канаданын 70%ке жакын аймагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн бышып жетилүү чегинен түндүк тарапта жайгашкан; бирок түштүк аймактарында арктика абасы киргенде үшүк жүрүшү, ошондой эле түштүк-чыгышындагы түздүктөрдө кургакчылык болушу да мүмкүн. Азыркы муздуктарынын жалпы аянты 195 миң км2, анын 146,5 км2и Канадалык Арктика архипелагында. Тоо мөңгүлөрү Ыйык Илья, Жээк жана Аскалуу тоолордо жайгашкан. Дарыя тармактары жыш. Алар негизинен кар-жамгыр сууларынан куралат, түздүктөрүндө суусу жазында кирип, Кордильерада жайында ташкындайт. Дарыяларын түштүгүндө 2,5–3 ай, түндүгүндө 8–9 ай муз каптайт. Канаданын жеринин 2/3 син түзгөн түздүктүү аймагы Атлантика жа Түндүк Муз океандарынын алаптарына кирет. Мында татаал көл-дарыя системасы түзүлүп, зор аймакта агымды пайда кылат. Алардын ирилери: Ыйык Лаврентий дарыясы. Улуу көлдөр менен кошо (Канадага анын акваториясынын 1/3и гана таандык), жалпы узундугу 3 миң кмден ашык; Финли – Пис-Ривер – Эрксиз – Макензи дарыясы Кичи Эрксиз, Атабаска, Чоң Эрксиз көлдөрү менен кошо; Боу – Саскачеван – Нельсон дарыялары Боу, Сидар, Виннипег, Виннипегосис, Манитоба, Кросс көлдөрү менен кошо. Тынч океандын алабына кирген тоолуу батыштын дарыялары адатта кыска, өрөөндөрү кууш жана терең; ирилери – Фрейзер жана жогорку агымдары Канадага таандык – Юкон, Колумбия дарыялары. Канаданын тоо жана түздүк дарыялары кеме каттоого негизинен ыңгайсыз, бирок суу энергиясына бай. Өлкөнүн жалпы гидроэнергетикалык потенциалы 50–65 млн кВт чамасында, анын 25 млн кВттан ашыгы пайдаланылат. Бардык дарыяларынын жылдык агымынын көлөмү 1207 км3. Көлдөрдүн көптүгүнөн дарыя агымдары жакшы жөнгө салынган. 200дөн ашык ири көлү бар. Түздүктөгү көлдөр негизинен реликт, мөңгүнүн аракетинен же мөңгү тектоникалык, тоо көлдөрү – тектоникалык жана мөңгү-тектоникалык кыймылдардан пайда болгон.

https://edu-nlsit.jet.kg/media/Geografiya_11-kl/00026.jpg

Өлкөнүн Түндүк четин (Канадалык Арктика архипелагынын Түндүк аралдарын) ээлеген арктикалык чөл зонасында сейрек эңилчек жана айрым чөп өсүмдүктөрү өсөт. Ал түштүгүрөөктө мамык чөп-эңилчектүү жана мамык чөп-бадалчалуу тундра зонасы менен алмашат. Тундра зонасы Канадалык Арктика архипелагынын Түштүк аралдарын жана материктик жээкти ээлейт. Андан түштүктө Кордильеранын этегинен Атлантиканын жээгине чейин тоң-тайга, көбүнчө таштак топурактуу токойлуу тундра жана сейрек токой зонасы созулуп жатат. Токойлуу тундра түштүктө күл, айрым жерлеринде саз топурактуу, ак жана кара карагай, америка кара карагайы (лиственница), Банкс кызыл карагайы, бальзам көк карагайы басымдуулук кылган тайга зонасы менен алмашат. Борбордук аймагынын түштүгүн токойлуу талаа жана талаа зоналары ээлейт; алардын түндүгүнө парк сымал таралган байтеректүү токой мүнөздүү, түштүгүндө кургак талаа өсүмдүктөрү (ак кылкан, грам чөбү) басымдуу. Бул аймактагы күрдүү токойдун боз, шалбаанын кара, кара жана каштан топурактары айыл чарбасында кеңири пайдаланылат. Талаа зонасынын жарымынан ашыгы айдалат. Өлкөнүн түштүк-чыгыш чет-жакасында, тайгадан түштүгүрөөк күл жана токойдун коңур топурактары мүнөздүү ийне-жазы жалбырактуу токой зонасы жатат. Мында токой салыштырмалуу жетүүгө татаал жерлерде (Аппалачи дөңсөөлөрүндө) сакталган, ал эми күрдүү топурактуу түзөң аймактары (Ыйык Лаврентий дарыясынын түздүктүү өрөөнү жана Онтарио жарым аралы) айыл чарбасында пайдаланылат же курулуш текши ээлейт. Кордильера тоолоруна топурак, өсүмдүктөрдүн бийиктик алкактуулугу мүнөздүү. Түндүгүндө өрөөндөрдүн тоо-тайга токою тоо капталдарында тоо-тайга сейрек токою менен алмашып, андан жогору тоо тундрасына өтөт. Түштүктө, ички тоолуу аймактарда өрөөндөр тоо талаасы менен капталган, ал өйдө карай тоонун токойлуу талаасы (парк токойлору), тоонун ийне жалбырактуу токою, субальп ийне жалбырактуу токою жана альп шалбаасы зоналары менен алмашат. Кордильера тоолорунун Тынч океанды караган капталдары этегинен кырларына чейин бийик өскөн жээк токойлору (бийик туя, батыш гемлогу, дугласия көк карагайы, ситхин карагайы, бийик көк карагай жана башка өтө продуктулуу түрлөрү) менен капталган. Токой өлкөнүн жалпы аянтынын 1/3 бөлүгүнөн ашыгын, ал эми өнөр-жайлык мааниси бар баалуу токой 1/4 ин ээлейт. Канадалык Арктика архипелагын жана материктин тундра зонасын карибу бугусу, мускус бодосу, ак аюу, көгүш түлкү, лемминг, арктика коёну, тундра чили, уюл үкүсү, тайганы, ошондой эле токойлуу тундраны багыш, токой бугусу, бизон, кызыл тыйын чычкан, абырган, чүткөр, коён, суусар, аюу, сүлөөсүн, кызыл түлкү, карышкыр, куну, өлкөнүн чыгыш бөлүгүндөгү ийне-жазы жалбырактуу токойду виргиния бугусу, уапити бугусу, суур, коён, жанат, боз тыйын чычкан, кызыл сүлөөсүн, түштүктөгү токойсуз аймактарды бугу, айры мүйүз антилопа, тыйын чычкандар, кандек чычкан, ач күсөн, талаа түлкүсү, кашкулак, койот мекендейт. Кордильера тоолорунда айбанаттардын бийик тоолордо жашаган түрлөрү басымдуу: тоо теке, тоо эчки, гризли аюусу, пума. Дарыялары, көлдөрү, ошондой эле жээк суулары балыкка бай.

Канаданын өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү ландшафттын антропогендик өзгөрүүсүнөн кыйла жапа чеккен (айрыкча өлкөнүн түштүгү). 21-кылымдын башталышында өлкөнүн 25%ке жакын аймагынын табияты өзгөрүүгө дуушарланган. Экологиялык эң татаал кырдаал Онтарио жарым аралынын түздүктөрүндө жана Ыйык Лаврентий дарыясынын өрөөнүндө түзүлгөн, анткени ал жерлерде Канаданын калкынын 1/2и жашап, эң ири шаарлары жана негизги өнөр-жай борборлору орун алган. Мындагы табигый жазы жалбырактуу токою айыл чарба өсүмдүктөрү жана курулуш менен алмашкан. Эң актуалдуу проблема – атмосферанын, суунун жана топурак кыртышынын булганышы; ага кислоталуу жаан-чачын да кошулат, анын жарымы АКШнын чыгыш аймактарынан келет. Көл суусунун булгануусу, балыкты ашыкча кармоо жана анын урук таштоо жайынын бузулушу, жырткыч миноганын каналдар системасы аркылуу таралып, баалуу промыселдик балыктарды (жилингир, сига) жеп салышы Улуу көлдөрдүн ихтиофаунасынын жалпы деградациясына алып келди. Натыйжада суу жээктеринде жашаган жаныбарлар популяциясы (кундуз, америка суу суусары) кыскарып, куштардын көп түрлөрү жоголуп кетти. Атлантиканын жээк сууларынын булганышы деңиз балыкчылыгынын өнүгүүсүнүн негизин түзгөн – тресканын азайышына өбөлгө түздү. Урбанизациянын күчөшүнөн калкты ичүүгө жарамдуу таза суу менен камсыз кылуу проблемасы пайда болду. Тайгадагы негизги экологиялык проблема – жыгач даярдоого жана кислоталуу жаан-чачынга байланыштуу токой массивдеринин деградациясы. Кордильера тоолорундагы бийик өскөн дарактардан жыгач көп даярдалгандыктан, токой аянты кескин кыскарууда. Өлкөдө жылына 100 млн м3 жыгач даярдалат. Тоо этегиндеги талааларда ландшафттын антропогендик өзгөрүүлөрү басымдуулук кылат. Мында айдоо жердин 60%и, жайыттын 80%и жайгашкан, кен казылып алынат, ири шаарлар жайгашкан, көптөгөн транспорттук коммуникациялар жана куурлар өтөт. Кургакчыл климаттын жана антропогендик жогорку басымдын шартында топурак кыртышынын эрозиясы, курулуш жана коммуникация үчүн тартып алынган күрдүү жерлерди жоготуу экологиялык жактан өтө коркунучтуу. Канадалык Арктикада жергиликтүү элдердин салттуу промысели (балык кармоо, деңиз промысели жана бугу чарбасы) үчүн экологиялык коркунучту атмнын жалпы циркуляциясынын натыйжасында жааган радийактивдүү заттар, ошондой эле тирүү организмдердин ткандарында топтолгон органикалык туруктуу булгагычтар түзөт. 1970-жылы кабыл алынган Арктика сууларын коргоо законуна ылайык нефть-газ кендерин казып алуу токтотулгандыгына жана Канадалык-Арктика архипелагынын кысыктары аркылуу нефть менен газды ташууга тыюу салынгандыгына карабастан, али да болсо деңиз сууларынын нефть продуктулары менен булгануу коркунучу бар; анын үстүнө Маккензи дарыясынын өрөөнүндө да нефть кендери өздөштүрүлүп жатат. Канаданын коргоого алынган табигый аймагы кургактыктын 98,3 млн гасын, жээкке жакын деңиз акваториясынын 3,8 млн гасын ээлейт (2005); анын ичинде өлкөнүн аянтынын 7%и улуттук жана провинциялык парктарга таандык. Коргоого алынган ири аймактардын көбү Түндүк тарапта жайгашкан; аларга Баффин жериндеги Вуд-Баффало (дүйнөдөгү ири парктардын бири), Ауюиттук (аянты 2 млн гадан ашык), Түндүк Юкон (1 млн га), Аскалуу тоолордун Тынч океандык капталындагы Йохо улуттук парктары кирет. Аянты эң чоң – Райдинг-Маунтин (1,332 млн га), Саутвест-Нова (1,546 млн га), ошондой эле 2000-жылдарда уюшулган Гурон көлүнүн жээгиндеги Жоржия бухтасы, өлкөнүн атлантикалык бөлүгүндөгү Фанди жана МакуаганУабишка резерваттары ЮНЕСКОнун 15 биосфералык коругуна кирет. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине Вуд-Баффало, Наханни, Мигуаша, Грос-Морн улуттук парктары, Дайносор провинциялык паркы, Канада Аскалуу тоолорунун парктары, ошондой эле АКШнын аймагында жайгашкан – Клуэйн, Врангель тоолору, Ыйык Илья тоолору, Глейшер-Бей парктары жана резерваттары, Уотертон-Глейшер эл аралык тынчтык паркы кирген. Канада экологиялык коопсуздук, токой ресурстарын пайдалануу жана башкаруу боюнча эл аралык эрежени түзүү, деңиз чөйрөсүн жана жээк зоналарын коргоо боюнча маселелерди эл аралык деңгээлде курч коюуда.

Калкы. 1901–2001-жылы Канаданын калкы дээрлик 6 эсеге (5,4 млндон 31,0 млнго чейин) өскөн. Ошого жараша жана иммигранттардын көбөйүшүнө (20-кылымда 50%ке өскөн) байланыштуу төрөлүүнүн саны да өскөн (1950-жылдардын 1-жарымында 1000 адамга 28,0 бала). 1970-жылы төрөлүүнүн азайышынан (1971-жылы 1000 адамдан 16,8 бала төрөлсө, 2007-ж. 1000 адамдан 10,8 бала төрөлгөн) калктын табигый өсүүсү да төмөндөгөн (1971-жылы 1000 тургунга 9,5 адам туура келсе, 2007-жылы 1000 тургунга 3,0 адам гана туура келген). Өлүм-житим 1000 тургунга 7,8 адам туура келген. Канаданын калкынын курактык структурасында өнүккөн башка өлкөлөргө салыштырмалуу 14 жашка чейинки балдардын саны кыйла көбөйгөндүгү (17,3%) жана 65 жаштан өткөндөрдүн саны азайгандыгы (13,4%) байкалат; эмгекке жарамдуу курактагы (15–64 жаштагы) калктын үлүшү 69,2%. Калкынын орточо жашы 39,1 жыл. Орто эсеп менен 100 аялга 98 эркек туура келет (1970-жылдарга чейин аялдарга караганда эркектер көп болгон). Адам өмүрүнүн күтүлгөн орточо узактыгы 80,3 жыл (эркектердики 76,9, аялдардыкы 83,8 жыл); бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири. 21-кылымдын башында Канаданын калкынын жалпы санынын өсүшүндө иммиграциянын мааниси зор болгон. 1991–2001-жылы Канаданын калкынын саны 3 млнго (анын 1,6 млну иммигранттар), 2006-жылдын июлунан 2007жылдын июнуна чейин 311,7 миңге (238,1 миңи иммигранттар) өскөн. 20-кылымдын 2-жарымынан иммигранттардын улуттук курамы да кыйла өзгөргөн: 1950-жылы чейин Канадага келгендердин ичинен европалыктар басымдуулук кылган (анын 25%тейи Улуу Британиялыктар болгон); 21-кылымдын башында Канадага келгендердин 60%ин азиялыктар (анын 25%тейи кытайлар), 20%тейин европалыктар, 8%тейин африкалыктар, 6%тен ашыгын Борбордук америкалыктар түзгөн. Иммигранттардын басымдуу бөлүгү – атайын адистиги бар, эмгекке жарамдуу адамдар. Ал эми калктын эмиграциясы төмөн (жылына 40–50 миң адам). Калкынын орточо жыштыгы төмөн, 1 км2 жерге 3 адам туура келет. Алар аймак боюнча өтө ар түрдүү отурукташкан: 90%и АКШ менен чектешкен тилкеде (жазылыгы 160 кмдей) топтолгон. Канадалыктардын 2/3 синен ашыгы өлкөнүн 5% аянтында, анын түштүк-чыгышында (Онтария провинциясынын түштүк-чыгышында, Квебек провинциясынын түштүк-батышында; жыштыгы 1 км2 жерге 100 адам) жашайт; анда ири шаарлардын басымдуу бөлүгү (Торонто – Оттава – Монреаль урбанизацияланган тилкеси) жайгашкан. Түндүк аймакта (өлкөнүн аянтынын 70%тейи) жашагандар (негизинен аборигендер, ошондой эле рудниктерде вахтада иштегендер) калктын 1,5%ин түзөт. Шаар калкы 80%тен ашык; айылда жашагандардын 3/4ү айыл чарба өндүрүшүндө иштебейт. Ири шаар агломерациялары: Торонто (2007-жылы калкы 6324,5 миң), Монреаль (3763,7 миң), Ванкувер (2254,4 миң), Оттава (1152,7 миң), Калгари (1140,9 миң), Эдмонтон (1031,9 миң). Канаданын калкынын 77%и христиандар, анын ичинде 43,6%и католиктер, 29,2%и протестанттык түрдүү деноминациялардын өкүлдөрү, 1,6%и православныйлар; ошондой эле 2%и мусулмандар, 1,1%и иудейлер, 1%и буддисттер, 1%и индустар жана башка.

Чарбасы Канада дүйнөдө экономикасы өнүккөн башкы өлкөлөрдүн тобуна кирет. Ички дүң продукциясынын (ИДП) жалпы көлөмү (1266 млрд АКШ доллары) боюнча Канада дүйнөдө 13-орунда; ИДПнин көлөмүн киши башына бөлүштүргөндө (38,4 миң доллар) Канада ири мамлекеттердин ичинен АКШдан кийинки орунду ээлейт. Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,961 (2005; дүйнөдөгү 177 өлкөнүн ичинен 4-орунда). 1990-жылдардын ортосунан дүйнөдөгү алдыңкы 5 өлкөнүн бири. ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 69%, өнөр-жайыныкы жана курулуштуку 29%, айыл, токой жана балык чарбаларыныкы 2% (2006). ИДПнин өсүүсү 2,5% (2007). Канаданын чарбалык системасына таасирин тийгизген негизги факторлор: АКШ менен чектеш жайгашып, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык интеграциянын туруктуу өнүгүүсү; аймагынын чоңдугу жана калкынын салыштырмалуу аздыгы; табигый ресурстарга байлыгы; капитал импортунун жана иммиграциянын маанилүүлүгү. Түндүк Америкада дүйнөдөгү эң ири аймактык чарбалык комплекс Канада менен АКШнын ортосундагы Эркин соода макулдашуусу күчүнө киргенден (1989) тез өнүгө баштады. 1994-жылдан АКШ, Канада жана Мексиканын катышуусу менен Эркин соода жөнүндө Түндүк Америка келишими (НАФТА) иштеп, Канаданын экономикасында АКШнын таасири күчөй баштады.

Өнөр жайы. Өнөр-жайынын эң өнүккөн тармактары: казып алуу, энергетика, түстүү металлургия, машина куруу (негизинен транспорттук), химиялык жана нефть-химиялык, токой, жыгач иштетүү жана кебез-кездеме өнөр-жайы. Казып алуу өнөр-жай – өлкөнүн негизги тармактарынын бири, негизинен экспортко багытталган (казып алынган сырьёнун 80%и сыртка сатылат) минералдык сырьёнун 60ка жакын түрүн чыгарат. Канада энергия ресурстарына болгон ички муктаждыгын толук камсыз кылат. Энергия пайдалануу структурасында нефтинин үлүшү 30,6%, табигый газдыкы 27,0%, гидроэнергияныкы 24,6%, таш көмүрдүкү 10,8%, атом энергиясыныкы 7,0% (2006). 2006-жылы 151,3 млн т нефть (дүйнөдө 8-орунда), 190 млрд м3 газ казылып алынган (дүйнөдө Россия, АКШдан кийинки 3-орунда). Нефть менен газ казып алынуучу негизги региону – Альберта провинциясы. 2006-жылы 62,9 млн т таш көмүр казылып алынган; казылып алынуучу негизги аймактары: Альберта (50%и), Британия Колумбиясы (30%и), Саскачеван (15%и) провинциялары. Канада уран рудасын казып алуу (12,6 миң т ) жана анын концентратын өндүрүү боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда. Дүйнөлүк урандын 30%ке жакыны Саскачеван провинциясынан казылып алынат; башка ири кендери: Мак-Артур-Ривер, Раббит-Лейк, Мак-Клин-Лейк, Сигар-Лейк (запасы боюнча дүйнөдөгү ири кендердин бири). Электр энергиясын өндүрүү боюнча (616 млрд кВт.с; 2006) Канада дүйнөлүк алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирет. Электр энергиясынын 62%и ГЭСтен, 20%и ЖЭСтен, 15,6%и АЭСтен, калган бөлүгү башка энергия булактарынан өндүрүлөт. Канада – электр энергияны ГЭСтен өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидер (ГЭСтердин жалпы кубаттуулугу 67 млн кВттан ашык). Дүйнөдөгү эң ири гидрокурулуш – 8 ГЭСтен турган каскад (кубаттуулугу 16 миң МВттан ашык) Ла-Гранд дарыясында жана анын куймаларында (Квебек провинциясында) курулган. Ири ЖЭСтер жайгашкан шаарлар: Нантикок (кубаттуулугу 4000 мВттан ашык; Түндүк Америкадагы эң ири ЖЭС, көмүрдө иштейт; Онтарио провинциясында), Ламбтон (2000 МВт чамасында; көмүрдө иштейт; Квебек провинциясында), Леннокс (2140 МВт; газда иштейт; Онтарио провинциясында). Атомдук энергетика өлкөнүн өзүнүн сырьёсунда иштейт. Эң ири АЭСтери Онтарио провинциясында жайгашкан.

Металлургия — иштеп чыгуучу өнөр-жайынын негизги тармактарынын бири; жергиликтүү сырьёлордо иштеп, продукциясы негизинен экспортко чыгарылат. Темир кен таштары (17,9 млн т металл) Кэрол-Лейк (Ньюфаундленд, Лабрадор провинцияларында) жана Маунт-Райт (Квебек провинциясында) кендеринен казылып алынат; темир концентраты, окатыш, чоюн, болот, феррокуйма, прокат өндүрүлөт. Түстүү металлдардан кобальттуу жезникель, полиметалл, жез-молибден кен таштары казылып алынат. Түстүү металлдардан цинк (дүйнөдө Кытай, Австралия, Перудан кийинки 4орунда), жез, никель (Россия, Австралиядан кийинки 3-орунда), коргошун, молибден, кобальт, күмүш, селен казылып алынат. Алгачкы алюминийди өндүрүү (2,9 млн т ; Бразилия жана Австралия сырьёлорунда иштейт) маанилүү орунда; негизинен Квебек провинциясынын түштүк-чыгыш бөлүгүндө, ошондой эле Китмат шаарында өндүрүлөт. Калий тузун казып алуу (10,6 млн т ) боюнча дүйнөдө 1-орунду ээлейт; жалпысынан 10 ири кени бар; алардын негизгилери Саскачеван жана Нью-Брансуик провинцияларында. 2005-жылы 243 млн т асбест казылып алынган (Россия, Кытай жана Казакстандан кийинки 4-орунда); кендери негизинен Квебек провинциясынын Түштүк бөлүгүндө жайгашкан. Алмаз казып алуу (12,3 млн т ; 2005) боюнча дүйнөдө Ботсвана, Россия жана Австралиядан кийинки 4орунда; негизги кендери: Дайавик, Экати, Жерико, Снап-Лейк.

Машина куруу өнөр-жай (иштеп чыгаруучу өнөр-жай продукциясынын наркынын 1/4 ин түзөт) негизинен транспорт каражаттарын, авиакосмос техникасын, электрондук продукцияларды, телекоммуникация жабдууларын чыгарууга адистешкен. Автомобиль куруу ишканалары (өнөр-жай продукциясынын 12,5%и) негизинен Онтарио провинциясынын Түштүк бөлүгүндө топтолгон. 2005-жылы 2,5 млн жеңил автомобиль чыгарган (продукциясынын наркы 65 млрд доллардан ашык). Жүк ташуучу оор автомобиль, шасси жана автобустар (продукциясынын наркы 3,7 млрд доллардан ашык) 35 ишканада чыгарылат. Канада авиакосмос техникаларын (аэробус, самолёт, самолёт-амфибия), ылдам жүрүүчү поезд жана темир жол кыймылдуу курамын (ылдам жүрүүчү экспресс жана анын локомотивдерин, метрополитен үчүн кыймылдуу курам) чыгарат. Электрондук өнөр-жай да тез өнүгүүдө: телекоммуникация жабдууларын, компьютер жана башка офис техникаларын чыгарат, ошондой эле кеме куруу жана кеме ремонттоо да өнүккөн. Машина куруу ишканалары, ошондой эле электр-энергетика, казып алуучу тармактар, токой өнөр-жай ишканалары үчүн жабдууларды чыгарат. Химиялык жана нефть-химия өнөр-жай өзүнүн сырьёсу менен иштейт. Органикалык синтездин (этилен, пропилен, түрдүү полимерлер, синтетикалык була, пластмасса жана башка) жана негизги химиянын түрдүү продукцияларын, минералдык жер семирткич жана башка чыгарат. Канада минералдык жер семирткич чыгарган дүйнөдөгү башкы өлкө болуп саналат; ишканаларынын 80%тен ашыгы Альберта провинциясында жайгашкан. Минералдык жер семирткичтин жарымынан көбү (86%и АКШга) экспорттолот. Токой, жыгач иштетүү жана целлюлоза-кагаз өнөр-жай үчүн токой ресурстары арбын. Токой негизинен мамлекеттик менчикте; 21-кылымдын башында 190 миң м3ге жакын жыгач, анын ичинде 150 миң м3 таарынды жана бекемдөөчү материалдар, 30 миң мЗден ашык целлюлоза үчүн жыгач даярдалган. Целлюлоза-кагаз өнөр-жай ишканалары (бардыгы 155тен ашык, көбү ири ишканалар) кагаз менен картондун түрлөрүн чыгарат (продукциясынын наркы 25 млрд доллардан ашык). Ишканаларынын 2/3 си өлкөнүн түштүк-чыгыш бөлүгүндө (ири ГЭСтерге жакын), ошондой эле Канаданын Түштүк-батышында (Британия Колумбиясынын аймагында) топтолгон. Тармактын продукциясынын негизги кардары –кийим, булгаары буюмдар жана бут кийим өндүрүштөрү Монреалда (50%тен ашыгы), ошондой эле Торонто, Ванкувер, Виннипег шаарында топтолгон.

Тамак-аш өнөр-жай негизинен өзүнүн айыл чарба сырьёлорун (эт, сүт, дан) иштетүүгө багытталган. Ошондой эле пиво, этил спиртин жана спирт ичимдиктерин (виски, ром, жин, ликёр) чыгарат. Балык иштетүүчү көптөгөн ишканалары өлкөнүн чыгыш жана түштүк-батыш жээк аймактарында жайгашкан. Канада – айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү дүйнөдөгү ири өлкөлөрдүн бири; азык-түлүктүн негизги түрлөрү боюнча ички муктаждыкты толук камсыз кылат. Агрардык продукцияны экспорттоо боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт (айыл чарба продукциясынын 1/2и экспорттолот). Канаданын агрардык секторуна – адистешүүнүн жогорку деңгээли, өндүрүшүнүн топтолушу (иштетилүүчү жердин 75%ке жакыны түштүктөгү Манитоба, Саскачеван, Альберта провинцияларындагы талааларга туура келет), механикалаштыруу жана эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жогорулугу мүнөздүү. Айыл чарбага жарактуу жеринин аянты 68 млн га (Канаданын аймагынын 7,4%и), анын 53%и айдоо, 47%и шалбаа жана жайыт. Фермер чарбалары басымдуу (алардын саны 2006-жылы 229 миңден ашык болгон); фермерлердин 95%тен ашыгынын жеке менчик жерлери бар, калгандары жерди ижарага алып иштетет. Айыл чарба продукцияларын негизги өндүрүүчүлөр – адистешкен ири чарбалар; ферма жеринин орточо өлчөмү 300 га. Азыркы айыл чарба техникалары кеңири пайдаланылат, бирок фермалардын жеринин өтө чоңдугуна байланыштуу 1000 га жерге туура келген трактордун саны боюнча (1000 га жерге 16 трактор) жогорку өнүккөн өлкөлөрдөн өтө артта калган. Башкы тармагы – мал чарбасы (айыл чарба продукциясынын наркынын 60%тен ашыгы); анда эт жана сүт багытындагы мал, чочко, үй кушу жана кой асыралат. 2007-жылы 15,9 млн бодо мал (сааны 1,5 млн), 14,5 млн чочко, 0,6 млн кой, 660 млндон ашык үй кушу болгон. Мал чарбасы өндүргөн продукциялардын негизги түрлөрү: 7,6 млрд л сүт (каймагы менен кошо), 32,6 млн т уй эти, 1,5 млн т торпок эти, 50 млн т чочко эти, 2,2 млн т кой эти, 58 млн т дан ашык куш эти, 6,9 млрд даана жумуртка даярдалган. Териси баалуу айбанат чарбасы (продукциясынын наркы 90,2 млн доллар; 2006) жана тери промысели (31,4 млн доллар) да өнүккөн. Айбанат асыроочу фермалары негизинен суу суусарын өстүрүүгө адистешкен (негизинен суу суусарынын, ошондой эле түлкүнүн терилерин даярдайт). Ошондой эле териси үчүн калтар чычкан, куну, суусар, тыйын чычкан, койотко аңчылык кылынат.

Фермалардын көбү Канаданын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Канада буудай жыйноо боюнча (2007-жылы 26,8 млн т ) 5–6-орунду ээлейт. Жыйналган буудайдын 80%ке жакыны экспорттолот. Ошондой эле арпа, канола, жүгөрү, соя, нокот, жашылча, кара күрүч, күн карама, кара буудай жана башка да эгилет. Өлкөнүн түштүгүндөгү айрым жерлерде алма, алмурут, шабдалы, өрүк, алча, гилас өстүрүлөт; жүзүмчүлүк да өнүккөн. Накта канадалык продукт – ак чечек ширеси (2006-жылы 30 млн л өндүрүлгөн; дүйнөлүк өндүрүштүн 80%ке жакыны); ширенин 70%ке жакыны Квебек провинциясында өндүрүлөт. Айыл чарба өндүрүшүнүн башкы аймагы – Манитоба, Саскачеван, Альберта провинцияларынын Түштүк бөлүктөрү; негизги адистешүүсү – дан эгиндерин өстүрүү (буудайдын 50%тен ашыгы Саскачеван провинциясынан жыйналат); жайытта багылган эт багытындагы мал жана эт-жүн багытындагы кой чарбалары. Экинчи маанилүү аймагы — Квебек, Онтарио провинцияларынын түштүгү, анда саан уй басымдуулук кылган мал чарбасы, жашылчачылык жана бакчылык (негизинен Ниагара жарым аралында) өнүккөн. Адистешкен айыл чарба бар башка аймактар – Эдуард канзада аралы жана Нью-Брансуик провинциясы (картөшкө), Жаңы Шотландия провинциясы (Аннаполис дарыясынын өрөөнүндө канада алмасынын түшүмүнүн 10%и жыйналат), Британия Колумбиясы провинциясынын түштүгү (Оканоган дарыясынын өрөөнүндө – бакчылык жана жүзүмчүлүк, саан уй), Британия Колумбиясынын Борбордук бөлүгү (негизинен эт багытындагы мал чарбасы). Балыкчылыктын да мааниси зор. 2004-жылы 600 миң т дан ашык деңиз балыгы (негизинен треска, сельд, лосос, палтус) жана 530 миң т чамасында деңиз продуктулары (краб, омар, устрица) кармалган. Балыкчылык чыгыш провинцияларында жана батышында (кармалган балыктын 1/3 и Британия Колумбиясы провинциясына туура келет) өнүккөн. Канада – тоңдурулган балыкты экспорттоо боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири. Өлкөнүн экономикасынын ири сектору – тейлөө чөйрөсү. Эң маанилүүлөрү – финансы жана ишкердик жактан тейлөөлөр. Финансылык тейлөөлөрдү банк-кредит сектору, камсыздандыруу бизнеси, биржалар жүргүзөт. Ишкер сектору – бухгалтер-аудитор, маалымат-кеңеш берүү, инженер-техникалык, компьютердик, юридикалык жана башка боюнча тейлөөнү камтыйт. Рекреациялык тейлөөнүн жана аны менен байланыштуу мейманкана, ресторан бизнестеринин мааниси зор. 2005-жылы Канадага келген 36 млн туристтин 14,4 млну АКШлыктар; Кытайдан келген туристтердин саны тез өсүүдө. Туризмден түшкөн киреше 14 млрд долларды түзөт. Туризмдин негизги борборлору: Квебек, Монреаль, Торонто, Ванкувер. Туристтерди, ошондой эле табигый объектилер кызыктырат: Ниагара шаркыратмасы (Канаданын аймагындагы – Така сымал шаркыратманын жазылыгы 800 м, бийиктиги 48 м чамасында), Аскалуу тоолордогу Колумбия мөңгүсү, көл ландшафттары. Альберта, Британия Колумбиясы провинцияларында жайгашкан улуттук парктардагы жана коруктардагы экологиялык туризм тез өнүгүүдө. Канаданын транспорт системасынын өзгөчөлүктөрүн анын чарбасынын жана калкынын аймак боюнча жайгашуу структурасынын бөтөнчөлүгү түзөт: аянты чоң башка өлкөлөргө салыштырмалуу Канадада жүк ташуу чыгымы кыйла жогору, ал эми жүргүнчүлөрдүн каттоосунун Орточо узактыгы төмөн. Өлкөнүн түштүгүндө негизги транспорттук коридор-тилке (Атлантика менен Тынч океанынын жээктериндеги портторду байланыштырган жана жарыш жаткан бир нече темир жана автомобиль жол магистралдары) түзүлгөн. Ошол коридорду жээктей көптөгөн ири транспорт түйүндөрү жайгашып, негизги транспорт агымдары өтөт.

Автомобиль жолунун узундугу 1408,8 миң км (2006); анын 7,3%и – ылдам жүрүү үчүн автомагистралдар жана улуттук шосселер. Өлкөнүн түштүгүндөгү автомобиль жол тармактарынын негизги өзөгү – Трансканада шоссеси (Виктория, Ванкувер аралы/ паромдук катнаш – Ванкувер – Калгари – Режайна – Виннипег – Тандер-Бей – Су-Сент-Мари – Садбери – Оттава – Монреаль – Квебек – Фредериктон – Сидни Майнс / Ньюфаундленд аралына паромдук байланыш) – Чаннел-Порт-о-Баск – Сент-Жонс жана анын Торонто, Галифакс, Эдуард канзада аралына (узундугу 13 км көпүрө аркылуу) кеткен тармактары. Өлкөнүн түндүгүнө меридиан багытында: Руэн – Форт-Жорж (Квебек провинциясы); Виннипег – Гранд-Рапидс – Томпсон – Кинусао (Манитобо провинциясынын түндүгү); Саскатун – Принс-Альберт – Саутенд; Саскатун – Баффало-Нарроус (Саскачеван провинциясынын түндүгү); Эдмонтон – Форт-Мак-Марри — Битьюмаунт (Альберта провинциясынын түндүк-чыгышы) автомагистралдары кетет. Дагы башка маанилүү автомагистралдары арбын. Деңиз транспорту аркылуу сырткы сооданын кыйла бөлүгү өтөт (экспорттун 64%и, импорттун 42%и). Темир жолунун узундугу 74,6 км (2006). Темир жол тармагы трансканадалык 3 магистралдан турат: Галифакс – Квебек – Кокран – Виннипег – Саскатун – Эдмонтон – Принс-Жорж – Принс-Руперт; Квебек-Монреаль – Торонто – Садбери – Тандер-Бей – Виннипег – Режайна – Калгари – Камлупс – Ванкувер; Квебек – Монреаль – Каприол – Виннипег – Эдмонтон – Ванкувер. Торонто менен Монреалда метрополитен иштейт. Түтүк транспортунун жалпы узундугу 360 миң кмден ашык, анын 316,8 миң кми газ, 45,7 миң кми нефть жана нефть продукту өткөргүч труба. Кеме каттоо Ыйык Лаврентий жана Улуу көлдөр аркылуу өтүп (узундугу 3,8 км), Атлантика океанынын портторун деңиз кемелери Улуу көлдөрдүн порттору менен байланыштырат. Паромдук байланыштар да арбын. 1300дөн ашык аэропорту бар. Ири аэропорттору: Торонто, Ванкувер, Монреаль, Калгари, Эдмонтон. Канада товарды экспорттоо (дүйнөлүк экспорттун 3,2%и; 2006) жана импорттоо (дүйнөлүк экспорттун 2,9%и) боюнча дүйнөдө 9-орунда. Экспорт наркынын 2/ синен ашыгы (55,6%) иштеп чыгуучу өнөр-жай тармагынын продукциясына туура келет. Экспортко негизинен нефть, газ, көмүр (19,7%), автомобиль куруу өнөр-жайынын продукциялары (16,7%), металлдар жана куймалар (8,1%), токой, жыгач иштетүү жана целлюлоза-кагаз өнөр-жай продукциялары (6,3%), жалпы машина куруу продукциялары (4,9%), авиакуруу продукциялары (4,5%) чыгарылат. Импортунда иштеп чыгаруу өнөр-жай продукциялары басымдуу (78,2%; 2006); анын маанилүүлөрү: автомобиль куруу өнөр-жай продукциялары (19,2%), керектөө товарлары (13,2%), нефть (8,8%), жалпы машина куруу продукциялары (7,6%), химия жана нефтьхимия өнөр-жай продукциялары (7,3%), металлургия өнөр-жай продукциялары (6,9%), айыл чарба жана балык чарба продукциялары (6,1%). Канаданын негизги соода шериги – АКШ (ага экспорттун 79%и, импорттун 54,2%и туура келет; 2007). Башка маанилүү соода шериктери: Кытай (экспорттун 9,4%и, импорттун 2,1%и), Мексика (ирети менен 4,2% жана 1,1%), Япония (3,8% жана 2,1%), Улуу Британия (2,8% жана 2,9%), Норвегия (1,3 жана 0,8%). Канаданын сырткы соода тейлөөсүнүн экспорттук наркы 57,8 млрд доллар, импорттук наркы 71,7 млрд доллар (2006). Эң маанилүүлөрү – туристтик (экспорттун 25,4%и, импорттун 28,6%и) жана транспорттук (ирети менен 18,5 жа 23,6%) тейлөөлөр.

 

 


Скачано с www.znanio.ru

Канада Канада (англисче –

Канада Канада (англисче –

Атк ap уу бийлиги монархка таандык б o лг o ну менен өкмөт – министрлер кабинети иш жүзүнө ашырат

Атк ap уу бийлиги монархка таандык б o лг o ну менен өкмөт – министрлер кабинети иш жүзүнө ашырат

Чоң Аюулуу көл, Чоң Эрксиз көл,

Чоң Аюулуу көл, Чоң Эрксиз көл,

Атлантиканын жээктеринде –7... –12 о

Атлантиканын жээктеринде –7... –12 о

Түндүк четин (Канадалык Арктика архипелагынын

Түндүк четин (Канадалык Арктика архипелагынын

Канадалык Арктика архипелагын жана материктин тундра зонасын карибу бугусу, мускус бодосу, ак аюу, көгүш түлкү, лемминг, арктика коёну, тундра чили, уюл үкүсү, тайганы, ошондой эле…

Канадалык Арктика архипелагын жана материктин тундра зонасын карибу бугусу, мускус бодосу, ак аюу, көгүш түлкү, лемминг, арктика коёну, тундра чили, уюл үкүсү, тайганы, ошондой эле…

Канадалык Арктикада жергиликтүү элдердин салттуу промысели (балык кармоо, деңиз промысели жана бугу чарбасы) үчүн экологиялык коркунучту атмнын жалпы циркуляциясынын натыйжасында жааган радийактивдүү заттар, ошондой эле…

Канадалык Арктикада жергиликтүү элдердин салттуу промысели (балык кармоо, деңиз промысели жана бугу чарбасы) үчүн экологиялык коркунучту атмнын жалпы циркуляциясынын натыйжасында жааган радийактивдүү заттар, ошондой эле…

Адам өмүрүнүн күтүлгөн орточо узактыгы 80,3 жыл (эркектердики 76,9, аялдардыкы 83,8 жыл); бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири

Адам өмүрүнүн күтүлгөн орточо узактыгы 80,3 жыл (эркектердики 76,9, аялдардыкы 83,8 жыл); бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири

Түндүк Америкада дүйнөдөгү эң ири аймактык чарбалык комплекс

Түндүк Америкада дүйнөдөгү эң ири аймактык чарбалык комплекс

Түстүү металлдардан кобальттуу жезникель, полиметалл, жез-молибден кен таштары казылып алынат

Түстүү металлдардан кобальттуу жезникель, полиметалл, жез-молибден кен таштары казылып алынат

Зден ашык целлюлоза үчүн жыгач даярдалган

Зден ашык целлюлоза үчүн жыгач даярдалган

Фермалардын көбү Канаданын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан

Фермалардын көбү Канаданын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан

Канадада жүк ташуу чыгымы кыйла жогору, ал эми жүргүнчүлөрдүн каттоосунун

Канадада жүк ташуу чыгымы кыйла жогору, ал эми жүргүнчүлөрдүн каттоосунун

Импортунда иштеп чыгаруу өнөр-жай продукциялары басымдуу (78,2%; 2006); анын маанилүүлөрү: автомобиль куруу өнөр-жай продукциялары (19,2%), керектөө товарлары (13,2%), нефть (8,8%), жалпы машина куруу продукциялары (7,6%),…

Импортунда иштеп чыгаруу өнөр-жай продукциялары басымдуу (78,2%; 2006); анын маанилүүлөрү: автомобиль куруу өнөр-жай продукциялары (19,2%), керектөө товарлары (13,2%), нефть (8,8%), жалпы машина куруу продукциялары (7,6%),…
Материалы на данной страницы взяты из открытых истончиков либо размещены пользователем в соответствии с договором-офертой сайта. Вы можете сообщить о нарушении.
08.08.2020