Окутуунун формаларынын башка турлору
Оценка 4.7

Окутуунун формаларынын башка турлору

Оценка 4.7
Домашняя работа +1
doc
другое +1
5 кл—11 кл
08.08.2020
Окутуунун формаларынын башка турлору
Окуу экскурсиясы-окуучулардын уйронуло турган объектини, кубулушту, тарыхый эстеликтерди, орундарды жана технологиялык, ондуруштук процесстерди туздон-туз барып таанышуусу менен аны уйронуу жана изилдоо ишмердуулугун уюштурулушу.
Экскурсия.doc

Окутуу формаларынын башка түрлөрү

Экскурсия

     Окуу эксурсиясы -окуучулардын үйрөнүлө турган объектини, кубулушту, тарыхый эстеликтерди, орундарды жана технологиялык, өндүрүштүк процесстерди түздөн –түз барып таанышуусу менен аны үйрөнүү жана изилдөө ишмердүүлүгүн уюштурулушу.

Экскурсия (лат. excursio – жол жүрүү) – окуу, тарбия ишин уюштуруунун бир калыпы. Мында жаратылышка, музейге ж. б. табыгый шарттын тиричилик аракетиндеги бир бүтүн турпатын кабыл алуу, үйрөтүү үчүн ал жерге окуучулар атайын даярдалып, уюшуп барат. Мында окуучуларга өз алдынча изденүүгө, изилдөөгө, байкап талдоого шарт түзүлөт. Ошондуктан мектеп пайда болгондон баштап эле экскурсияга сабак сыяктуу көңүл бурулат.

        Улуу франциялык ойчул Ж. Ж. Руссо 18-кылымда эле анын тарбиялык маанисин далилдеп, аны мектепке киргизүүнү негиздеген. Ал өзүнүн эмгектеринде (1762-ж.) мамлекет да, мектеп да табияттын мыйзамын үйрөнүп, ошого негизделүү керектигин белгилеген. Тарбияны жаратылыш шартында алып баруу баланын табигый өзгөчөлүгүн билүүгө мүмкүндүк берет дейт да, же ар бир адамдын өзгөчөлүгү анын айлана-чөйрөдөн келип чыгарын белгилейт. Ошондуктан бала жаратылыш менен бир болуп, өзүн эркин сезип, өз алдынча ой жүгүртүп, өз жөндөмүн өнүктүрүүдө экскурсия зор роль ойной турганы көпчүлүк педагогдор, методисттер (Б. Е. Райков, Н. М. Верзилин, Н. А. Рыков) тарабынан изилденип аныкталган.

          Экскурсия көпчүлүк учурда бир эле сабактын ичинде өтөт. Эгерде биология, география, физикалык материалдар бир темага бириктирилсе, анда комплексттик болот.

       Экскурсияга баруу, ага педагогдун даярдыгы жана анын окуучулардын да даярданышынан башталат. Ал эми экскурсия өткөрө турган жерге баргандан кийин аны өткөрүү төмөндөгүдөй тартипте:
1. Экскурсия өтө турган аймакты мүнөздөө (географиялык абалы, биргелештик шартты ж. б.
2. Максаты аныкталат.
3. Нуктаны тиешелүү материал сабак өткөндөй эле түшүн-дүрүү.
4. Өз бетинче ишти уюштуруу.
5. Окуучулар 20–25 мүнөт материал чогултушат, байкоо жүргүзүшөт.
6. Чогулган материалдарды топ-топ (
орус. группа) болуп отурушуп кайрадан иштеп чыгышат.
7. Эсеп үчүн тапшырма алышат.
8. Тамактанып түштөнүшөт жана сөзсүз түрдө ар түрдүү ыр-бий менен коштолуучу кызыктуу оюн өткөрүлөт.
9. Бул экскурсиянын жыйынтыгы (көргөзмө конкурс өткөрүү менен кийинки жумаларда) мектепте чыгарылат.

      Экскурсия окуу формасынын натыйжалуу формасы болуп саналат жана ал системалуу түрдө жүргүзүлүшү  керек.  Эгерде экскурсия системалуу орун алса, анда анын эӊ натыйжалуу формасы-узак мөөнөттөгү экспедицияны дагы уюштурууга болот.


Скачано с www.znanio.ru

Окутуу формаларынын башка түрлөрү

Окутуу формаларынын башка түрлөрү

Экскурсияга баруу, ага педагогдун даярдыгы жана анын окуучулардын да даярданышынан башталат

Экскурсияга баруу, ага педагогдун даярдыгы жана анын окуучулардын да даярданышынан башталат
Материалы на данной страницы взяты из открытых истончиков либо размещены пользователем в соответствии с договором-офертой сайта. Вы можете сообщить о нарушении.
08.08.2020