Сабактын планы
Оценка 5

Сабактын планы

Оценка 5
Документация
docx
математика
9 кл
19.12.2021
Сабактын планы
9-класстарга сабак берген жаш мугалимдерге жардам
9- кл Пл_к_Ариф. прог.docx

_____________________________                                                                                   9-класс

 

Сабактын темасы:  Арифметикалык прогрессия   (2 саат)

 

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: Арифметикалык прогрессияны чыгарууда анын берилиш жолдоруна карата чыгарууну түшүндүрүү  жана көндүм кылып калыптандыруу:

 

Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулардын арифметикалык прогрессияны чыгаруу көндүмдөрүн өнүктүрүү;

 

Тарбия берүүчүлүк:  Окуучулардын эсептерди чыгарууда салыштырып чыгаруу менен дүйнөгө болгон көз карашын калыптандыруу, тазалыкка, методдорду пайдалануу менен туура  жана так аткара билүүгө тарбиялоо

 

Сабактын тиби: Жаны билим берүү менен окуучулардын билимин, билгичтигин, көндүмүн калыптандыруу жана өркүндөтүү сабагы

 

Сабактын ыкмасы: мугалимдин жетекчилиги менен окутуу жана эсептерди чыгаруу  ишин жүргүзүү

 

Жабдылышы: китеп, доска, бор, электрондук журнал

 

Уюштуруу моменти:

Саламдашуу, окуучулардын сабакка даяр болуусу,  жагымдуу маанай түзүү менен балдардын сабакка болгон максатын түшүндүрүү

 

Үй тапшырмасын текшерүү:

 

Билимдерин актуалдаштыруу:   Прогрессия  деген сөзгө түшүнүк берүү;

Мисал келтирүү.

Окуучулар берилген суроолорго жооп берип, логикалык схема түзүү менен бүгүн сабакта кандай тема өтүлө түргандыгын жана анан максатын аныкташат: Доскага число, тема жазылат.

Бүгүнкү сабактын темасы: Арифметикалык прогрессия

Билим берүү жана аларды алгачкы өздөштүрүүлөрү:

Аныктама: Арифметикалык прогрессия деп экинчи мүчөсүнөн баштап улам кийинки мүчөсү мурункусуна бир эле турактуу санды кошкондон пайда болгон сан удаалаштыгын айтабыз.

Аныктамадан арифметикалык прогрессиянын (n+1) – жана  n- мүчөсүнүн айырмасы n дин бардык маанилери үчүн бипбирдей сан экендиги келип чыгат.

Ал сан арифметикалык прогрессиянын айырмасы деп аталат да, d тамгасы менен белгиленет,  б.а.

a1, a2, a3, … an,

сан удаалаштыгы, эгер бардык натуралдык  n  үчүн

an+1 = an + d

шарты аткарылса, анда арифметикалык прогрессия болуп эсептелет, мында  d - арифметикалык прогрессиянын айырмасы.

 

Теорема: Эгер  a1, a2, a3, … an, … айырмасы d болгон арифметикалык прогрессия болсо, анда анын n- мүчөсү

an = a1 + (n+1)d  (1)

формуласы менен эсептелет.

 

Көнүгүүлөрдү чыгаруу менен алган билимдерин бышыкташат.  №11;  №12 (оозеки);  №13 (в,  г); №15

Сабакты жалпылоо жана рефлексия.

Өзүн – өзү текшерүү өзүн баалоо, бири-бирин текшерүү аркылуу бирин-бири баалоо.

Сабакты жыйынтыктоо.

Үй таппшырманы жазуу:  III глава  § 2.  № 14 -№20


 

Сабактын темасы : Арифметикалык прогрессия (2 саат)

Сабактын темасы : Арифметикалык прогрессия (2 саат)
Материалы на данной страницы взяты из открытых истончиков либо размещены пользователем в соответствии с договором-офертой сайта. Вы можете сообщить о нарушении.
19.12.2021