Сабактын максаты:
Коомдогу жүрүм-турум жөнгө салган эрежелер менен менен таанышасыӊар.
Жашоо турумушуӊарда эрежелерди, укук жана мыйзамдарды пайдаланууга үйрөнөсүӊөр.
Өзүӊөрдүн укугуӊарды билүү менен милдеттериӊерди дагы эсиӊерден чыгарбайсыӊар.
Адамдын коомдогу жүрүм-туруму
Адамдар эӊ байыркы доордон бери эле биргелешип жашайт.
Адамдын калыптанышына үй-бүлөдөгү, мектептеги, коомдук турмуштагы баарлашуулар чоӊ таасир этет.
Коомдо жашап туруп, андан эркин болуу мүмкүн эмес. Анткени,адамдын жеке кызыкчылыктары коомдук кызыкчылыктар менен чектелип турат.
Силер ар кандай кичине жана чоӊ топтун же үй-бүлөнүн, өзүӊор окуган класстын, мектептин мүчөсү болосуӊар.
Мындан тышкары ар кандай спорттук командаларга кирип, ар түрдүү кружокторго катышасыӊар.
Ал эми ата-энеӊер кесибине жараша эмгек жамаатына кирет.
Мындан сырткары коомдо жашоонун жалпыга тиешелүү эрежелери бар.
Адамдын коомдогу жүрүм-турумун жөнгө салган эрежелер коомдо жашоонун эрежелери болуп саналат.
Коомдо жашоонун эрежелери байыркы доордо эле пайда болуп, мезгилдин талабына ылайык өзгөрүп, өнүгүп келген. Мындай эрежелер социалдык эрежелер деп аталат.
Мораль жана укук.
Коомдун өнүгүшү менен адамдардын ортосундагы мамилелерди жөнгө салган эрежелер биротоло калыптанат.
Жүрүм-турум эрежелери улуу муундан кийинки муунга, ата-энеден балага өтүп, салтка айланат.
Адамдарда жүрүм - турумга байланыштуу «жакшылык» жана «жамандык», «туура» жана туура эмес» деген түшүнүктөр пайда болот.
Бул түшүнүктөр моралдын жана моралдык ченемдердин жаралышына негиз болгон.
Мораль латын тилинне которгондо «адеп», «мүнөз» дегенди билдирет.
Мораль-адамдын жакшы жана жаман, жакшылык жана жамандык, акыйкаттык, милдеттүүлүк, ар намыс сыяктуу түшүнүктөрүнө негизделген жүрүм-турум эрежелеринин жыйындысы.
Моралдык эрежелер мыйзам менен бекемделбейт. Алардын аткарылышын коомчулук көзөмөлдөйт. Маралдык эрежелер адамдын жүрүм-турумун жөнгө салып тескейт. Моралдын алтын эрежеси «өзүӊө каалабаганды башкага жасаба» деп айтылат. Бул адамдарды бири-бирин колдоого, ынтымакка чакырат. Моралдык ченемдерди бузгандарды коомдук пикир ашкерелейт.
.
Укук жана мыйзам
Укук адамдардын ортосунда социалдык теӊсиздик жаралган байыркы доордо пайда болгон.
Социалдык жактан ар кандай абалдагы адамдардын мамилелерин жөнгө салып келген салттарды мыйзамдаштырып, ал эрежелерди аткарууга бардык калкты милдеттендирген.
Мыйзамды бузгандар күнөөсүнө жараша жазаланган. Ошентип, коомдо укуктук ченемдер пайда болгон.
Укук эрежелери мыйзам менен бекитилип, жазуу жүзүндө тастыкталат.
Укук-мамлекет тарабынан бекитилген, бардык адамдар милдеттүү түрдө аткара турган жүрүм-турум эрежелерин жыйнагы.
Мыйзам-мамлекет же эл тарабынан кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин камтыган ченемдик-укуктук документ.
Адамдардын укуктары жана милдеттери:
Ар бир адам төрөлгөндөн баштап улутуна, жынысына, тилине, материалдык жана социалдык абалына карабастан башка адамдар менен бирдей укукка ээ.
Милдеттери:
Жашоого, ден соолугун сактоого, билим алууга, айлана – чөйрөнү коргоого, маданияттуу болууга ж.б.у.с.
Өзүӊөдүн билимиӊерди текшергиле.
Адамдардын жана балдардын укуктары кандай документтерде аныкталган?
«Адам укуктарынын жалпы декларациясында» 1948-жылы 10-декабрда кабыл алынган. Анда адамдын 30 укугу жазылган.
Баланын укугу жөнүндөгү конвенцияда (54-берене)
Жүрүм-турумдун оӊ жана терс жактарына мисалдарды келтиргиле.
Жакшы окуу, жоопкерчиликтүү, сабырдуу
Сабакка кечигүү, тапшырма аткарбагандык ж.б.
Мораль деген эмне?
Адамдардын жүрүм-турумун жөнгө салуучу коомдук ченем, эрежелер.
© ООО «Знанио»
С вами с 2009 года.