Сабактын темасы: Кургактыктагы суулар, дарыя , шаркыратмалар
Сабактын максаты:
а) окуучулар суунун турмуштагы мааниси, кургактыктагы суулар, дарыялар, шаркыратмалар жөнундө кеңири маалымат алышат.
б) Кургактыктагы суулардын, суусу мол дарыялар, шаркыратмаларды бири менен салыштырышат.
В) Табиятка болгон сүйүүлөрү калыптанат,жаратылышты коргоого тарбияланышат.
Сабактын методу: интерактивтүү метод
Сабактын тиби: жаны материалдарды окуп үйрөнүү сабагы
Сабактын жабдылышы: Дүйнөнүн физикалык картасы, глобус, карточкалар, контур карта
Сабактын жүрүшү:
1.Уюштуруу
2.Жагымдуу маанай
3.өтүлгөн теманы кайталоо
4.Жаны тема
5.Сабакты бышыктоо
6.Окуучуларды баалоо
7. үйгө тапшырма
1.Жагымдуу маанай:
Кана балдар сабагыбызды баштоодон мурда бири-бирибизге жагымдуу создорду тартуулайлы.
Келгиле айтылган комплименттер учун кол чаап коелу.
Сабагыбызды баштаарда алтын эрежени эске алып өтулгөн темаларга жооп беребиз.
1.Океан менен деңиздердин өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсу жөнүндө айтып бергилечи.
2.Дүйнөлүк океандын суусун коргоо боюнча кандай иш-чаралар көрүлүүдө.
3.Адамдын океан тереңдиктерин үйронүүсү жөнундө айтып бергилечи.
Жаны тема:
Өзөндөр менен дарыяларда, агын сууларда , көлдөрдө, саздарда топтолгон, кар –мөңгүлөрдөгү, о.э топурак менен тоо тектеринин жылчыктагыларындагы, боштуктарындагы суулар өз ара байланышта болушуп, кургактыктын сууларын түзүшөт. Ал эми аймактыктагы жер бетиндеги суулардын жыйындысы аймактын суулар тармагы деп аталат.
1.Дарыялар деген эмне? Өзүн пайда кылган нук менен дайыма бир багытта агып турган сууларды айтабыз. Дарыялардагы агып жаткан суулар бир кездеги кургактыктын бетине түшкөн жаан-чачын. Картаны карап көрөлү айрым аймактарда дарылардын көгултүр желелери жыш, башка жерлерде таптакыр жок. Көгүлтүр сызыктар да ар түрдүү жоондукта (Амозонка менен Чүй дарыясын салыштыргыла) демек,дарыянын суусу мол болушу климатка жараша болот. Ысык аймактарда дарыя жыл бою тоңбойт, Сибирдеги Енисейдеги 6-7 ай калың муз каптап жатат.
Баардык дарыялардын башаты, б.а. башталган жери бар экенин билесинер. Дарыянын башталган жери саз, көл, жер алдынан чыккан булак болушу мүмкүн. Биийк тоолордо дарыялар мөңгүдөн башталат. Дарыя ийри-буйру болуп агат да ага куймалар кошулуп отуруп, суусу мол жана жазы дарыяга айланат.
2.Дарыя системасы. Кандай гана дарыя болбосун, анын куймалары болот. Жаан-чачын коп болгон аймактарда куймалар көп болот, жаан-чачын аз болгон жерлерде куймалар аз, кээде болбойт. М. Нил дарыясы Сахара чөлүн түндүктөн түштүккө кесип өтсө да дээрлик куймасы жок. Куймалар адатта башкы дарыядан кыска келет. Башкы дарыяга оң жагынан куйган куймалары оң жак куймасы, сол жагынан куйган куймалар сол куйма деп аталат. М. Европанын чоң дарыясы- Волганын оң куймасы-Ока, сол куймасы Кама. Нарындын оң куймасы-Көкөмерен, сол куймасы Кара-Дарыя. Дарыя өзүнүн баардык куймалары менен биригип дарыя системасын түзөт.
Шаркыратмалар. Эгерде дарыя өзүнүн жолунда тик урчукка туш келсе, суу андан тик ылдый агып түшүп шаркыратманы пайда кылат. Дүйнө жүзүндө эң бийик шаркыратма-Анхель Түштүк Америкадагы Ориноконун куймасы болгон Чурун дарыясында. Анын биийктиги 1054 м. Африкадагы бийик шаркыратманын бири-Замбези дарыясындагы Виктория. Бул дарыянын суусу 120 м бийиктиктен түшөт. Шаркыратманын айланасынын бардыгы суу чачырандыларына бөлүнгөн. Дагы бир шаркыратма Түндүк Америкадагы Ниагара дарыясында. Урчугунун бийиктиги 51 м, жазылыгы 1 кмден ашык. Шаркыратманын күркүрөгөн үнү 25 кмден угулат. Кыргызстандын аймагында шаркыратмалар көп кездешет, бирок дээрлик көпчүлүгү кичине шаркыратмалар. Алардын ичинен Ысыккөл өрөөнүндөгү-Барскоон, Фергана кырка тоосундагы-Арстанбап, Кичи Алай тоо кыркасындагы –Абшир-Сай шаркыратмалары.
Сабакты бышыктоо:
Окуучуларды баалоо:
Үйгө тапшырма: Дарыянын бассейни, суу бөлгүч-деген теманы окуп класстер түзүп келүү
Сабактын темасы: Күн- күндүзгү жылдыз
Сабактын максаты:
а) Күн - деген эмне, Күндүн сырткы катмарынын түзүлүшү жөнүндө кенири
маалымат алышат. Күндүн адам баласынын жашоосуна тийгизген таасирин түшүнүшөт.
б) Жашоого болгон көз караштарын өнүгөт.
в) Күн- бул жашоо. Окуучуларды сейрек жашоо мүнөздөрү калыптанат жана алдыга туура максат коюп, жакшы жашоого тарбияланышат.
Сабактын методу: интерактивтүү метод
Сабактын тиби: аралаш сабак
Сабак аралык байланыш: Кыргыз тили, мекен таануу, астраномия, сүрөт,
Сабактын жабдылышы: алтын эреже, сүрѳттѳр, ватман, маркер
Сабактын жүрүшү: 1-кадам уюштуруу иши
2-кадам мээ чабуулу
3-кадам жаны теманы түшүндүрүү
4-кадам бышыктоо
5-кадам окуучулардын билимин баалоо
6-кадам үйгө тапшырма берүү
Сабактын жүрүшү: 1-кадам: уюштуруу иши
Ø Класстын климатын түзүп алуу.
Ø Саламатсыңарбы балдар. Келгиле бири-бирибизге жакшы маанай түзүп алалы: балдар бири-бирине жакшы сөздөрдү айтышып, жанындагы коңшусунун колуна жылдыз же күн, ай беришет.
Ø Келгиле айтылган комплименттер үчун кол чаап коелу.
Ø Кана балдар, жаркыраган күндөр бул партага, айдай сулуулар бул жерге, ал эми жылдыз болуп жымылдагандар бул партага отургула. (топко бөлүнүшөт)
Ø Балдар, силер өзүнөрдүн бөлүнгөн топторуңар боюнча ырларды билесиңерби?
Ø Алтын эрежени эске алып төмөнкү суроолорго жооп беребиз
2-кадам мээ чабуулу. Суроо берүү:
1. Силер сүрөттөн эмнени көрүп турасыңар?
2. Жайлоого бардынар беле?
3. Келгиле бул жайлоого ат коелу.
4. Бул сүрөттө эмнелер жетишпей жатат, табышмактар аркылуу жайлоону көркүнө чыгаралы, сүрөттөрдү доскага чаптайбыз.
5. Табышмактар:
а) Кылымдап көчмөн элге,
Баш маанек болгон эмне? (боз үй)
б) Багып жаткан дүйнө Күн,
Асылы ким дүйнөнүн? (адам)
в) Адамдар жылда чечкендей булаган,
Ал эмне кийими жалаң буладан? (Кой)
г) Бактырып колун кылымдап карап,
Жаралган эмне адамга канат? (жылкы)
д) Жел ичкенден ак курап,
Басып жүргөн ак булак? (уй)
е) Мажбурлап соодагерчилик көчтүк мудаа
Кербендей чиркештирип удама-удаа,
Ал эмне, жолуна тоо, эрме чөлдүн
Турмушу сан кылымдын кылган унаа? (Төө)
ж) Уйдай туруп, үн чыгарып курулдап,
Аяз, карда не семирип кулпунмак? (топоз)
З ) Кечинде таруу септим,
Эртен менен жыйнап кеттим (жылдыздар)
к) Турмуш канып үрөп, тарткан санга кайрык,
Алды үстү: жандуу-жансыз сан байлык (Тоо)
л) Буту жок басат,
Канаты жок учат (булут)
Анда эмесе бизге эмне жетпей жатат?
Ааламга жүрөк,
Албыра жанып
Айланып жүрөт,
Таратып жарык бул эмне? (күн)
Эмесе балдар, бүгүнкү биздин сабагыбыздын темасы «Күн- күндүзгү жылдыз» деп аталат. Бул сабакта силер Күн -деген эмне экендигин түшүнөсүнөр, Күндүн сырткы катмарынын түзүлүшү жөнүндө кенири маалымат аласынар, о.э. Күн- бул жашоо. Сергек жашоо мүнөздөрүнөр калыптанат жана алдыга туура максат коюп, жакшы жашоого тарбияланасынар .
КҮН — КҮНДҮЗГҮ ЖЫЛДЫЗ
3-кадам: Жаңы теманы түшүндүрүү
Силер кандай ойлойсуңар, Күн болбосо биз жашай алабызбы?
Албетте жок. Күн Жерди ысытып жана жарык кылып турат. Кундүн жылуулугу болбосо өсүмдүктөр өспөй, дарактарга жалбырактар чыкпай, талаалар жашылданбай калмак. Күндүн нурларынан канаттуулар, айбанаттар албетте — биз менен силер — адамдар да кубат алып, кубанабыз.
Күн деген эмне?
Күн — күндүзү көрүнүүчү бизге жакын турган жылдыз. Күн өтө чоң . Анын диаметри Жердин диаметринен 109 эсе чоң. Күндүн массасы Жердин массасынан 333миң эсе чоң Күндүн температурасы 6 миң °С ге жакын.Күндүн түпкүрүндө температура алда канча жогору жана борбордук зонасында 15 млн.°С ге жетет. Жогорку температуранын натыйжасында Күндөгү заттар газ турүндө болушат, ал эми түпкүрүндө химиялык элементтер атомдук ядролорго жапа эркин кыймылдашкан электрондорго «ажырап кетишкен». Күндөгү бардык газ түрүндөгү масса анын борборуна тартылгандыктан, анда кармалып турат. Сырткы катмарлары өзүнүн салмагы менен терендегилерин кысышат, катмар улам терендеген сайын кысылуу чоңоё баштайт. Жердеги атмосферанын басымына салыштырмалуу, Күндүн түпкүрүндө басым жүз миллиард эсе чоң.
Бул Күндүн түпкүрүндө термоядролук реакциянын жүрүшүнө мүмкүндүк берет, анда ядролук энергиянын бөлүнүшү менен суутек гелийге айланат. Бул энергия акырындык менен күндөгү тунук эмес затты тешип өтүп сырткы катмарга «сиңип», мындан дүйнө мейкиндигине таралат. Натыйжада Күндүн борбордук бөлүгүндө гелийдин саны акырындык менен көбөйүп, ал эми суутектин саны азаят. Окумуштуулар Күн дайда болгон 4—5 миллиард жылдын ичинде анын так борборунда болжол менен суутектин жарымы гелийге айланып кетти деп эсептешет.
Күндүн сырткы катмарынын түзүлүшү
Күндүн бети катуу катмарга ээ эмес. Бизге көрүнгөн Күндүн бети фотосфера деп аталат. Фотосферанын калыңдыгы анча деле чоң эмес, болгону 100—200 километр. Анын үстүндө калындыгы 20000 километрге чейин болгон хромосфера катмары жайгашкан. Хромосфераны биз толук Күн тутулуу болгондо гана көрө алабыз. Азыркы учурдагы куралдар хромосфераны Күндүн толук тутулуусун күтпөй эле, аба ырайы ачык убакта көрүүгө мүмкүндүк берет.
Хромосферада газдардын жогору көтөрүлгөн жана төмөн түшүп туруучу кыймылы болуп өтөт. Айрым учурда хромосферада бийиктиги 250000 километрге жеткен газдардын жарылуусу — протуберанцтар пайда болуп турат (61-сүрөт).
Протуберанцтар хромосферадай эле толук Күн тутулуу болгон учурда көрунөт. Хромосферанын үстүндө 2000000 километр аралыкка созулуп жаткан Күн таажысы жайгашкан. Таажы — байкоо үчүн таң калаарлык кооз объект (62-сүрөт). Тилекке каршы биз аны Күн тутулуунун толук фазасында, Ай Күндүн дискасын жапкан учурда гана көрө алабыз.
Күн бир жылда жылдыздарга салыштырмалуу чоң тегеректи сызып өтөт. Ошол чоң тегерек эклиптика деп аталат. Эклиптика басып өткөн топ жылдыз-дар зодиактык топ жылдыздар деп аталышат (гректин «sodiak» — деген сөзүнөн алынып жаныбарлар дегенди түшүндүрөт).
Алар төмөнкүдөй аталышат:
Кой (21-март — 19-апрель)
Торпок (20-апрель — 21-май)
Эгиздер (22-май —21-июнь)
Чаян (22-июнь — 21-июль)
Арстан (22-июль — 21-август)
Кыздар (22-август — 22-сентябрь)
Тараза (23-сентябрь — 22-октябрь)
Бөйөн (23-октябрь — 21-ноябрь)
Жаачы (22-ноябрь — 21-декабрь)
Too эчки (22-декабрь — 20-январь)
Суу куйду (21-январь — 19-февраль)
Балык (20-февраль — 20-март
4-кадам: Сабакты бышыктоо үчүн суроолор:
1. Күндүн чоңдугу Жерге салыштырмалуу кандай экен?
2. Кундүн сырткы түзүлүшү кандай ?
3. Эклиптика деген эмне?
4. Зодиактык топ жылдыздар кайсылар ?
5.
5-кадам: Окуучулардын билимин баалоо:
6-кадам: Үйгө тапшырма: § 33. Күн менен айдын кандай айырмачылыктары бар? Т - схемасы
Ай
Ай жерге эн жакын жайгашкан асман телосу, Жердин табигый жандоочусу. Ал дайым Жердин айланасындаи айланып турат. Айга чейинки аралык 356 миң кмден 406 мин кмге чейин жетет, анткени Ай Жердин сөлпү-эллипс түрүндө айланат. Ай Жер шарынын кыйла-диаметри-дээрлик 4 эсе, көлөмү 49 эсе кичине. Жер шарынан ар бири Айдын салмагына барабар 81 шар жасоого болоор эле.Жерден куралсыз эле кайсы мезгилде болбосун өзгөрүүсүз бирдей караганда Айдын бетинен дайым бозомук тактар байкалат. Мунун өзү Ай дайыма Жерге бир бети менен гана карайт дегендикти билдирет. Демек, айдагы бир сутка, башкача айтканда өз огунда айлануу мезгили, анын Жердин айланасында айлануу убактысына-27 1/3 суткага барабар. Айдын жерге көрүнбогөн арткы бетин космостук учуучу аппараттардын жардамы менен изилдөөгө мүмкүндүк болду. Ай өзү жарык чыгарбайт. Бирок күндүн нуру айдын бетине чачылат да, түндө жарык берет. Ай бетинен чагылган күн нурунун бир бөлүгү түндө Жерди жарык кылат. Айдын Күн нуру жарык кылган бети толук бойдон Жерди караганда, Ай бизге тегерек болуп көрүнөт. Ошондо Ай толду деп эсептелет. Көбүнчө Жердин Айдын жарык түшкөн бетинин анча мынча гана бөлүгү көрүнөт.Ушул учурда Ай орок сыяктуу жарты жана бөксө болуп көрүнөт. Ай күн менен Жердин ортосуна келген учурда биз Айды такыр көрө албайбыз. Мына ошондо Ай жаныруу мезгили башталат. Кээде ай жаңыруу мезгилинде ал күндү тосуп калат. Мындай учурда күн тутулат. Кээде ай толгон кезде Жер өз көлөкөсүн Айга түшүргөн учуру да болт. Андай мезгилде ай тутулат. Ай жерге окшобогон, жашоо-тиричилиги жок планета. Ай бетиндеги «деңиздер» бозомук жанар тоо тектери менен капталган терен ойдуңдарды элестетет. Анда бийик тоо кыркалары бар, бирок шакек түрүндөгү тегерек тоолор-кратерлер өзгөчө көп. Айдын айрым кратерлери планета аралык мейкиндиктен темир же таш телолордун-метеориттердин келип түшүүсүнөн пайда болгон. Анын эн иир кратерлери жанар тоолордун аталышынан пайда болгон. Окумуштуулар Айдын түпкүрүнөн атылып чыккан газдардын айрым издерин азыр да байкаган учурлары бар. Ай бетинде күндүз ысык 130 градуска жетет. Бирок түнкүсүн -170 гр.суук болот. Ай бетинде күн тийген жер менен көлөкөдөгү температура да кескин айырмаланып турат, анткени Айда температуралардын айырмасын азайтып туруучу аба жок. Айда туруу күчү Жерге караганда 6 эсе аздык кылат. Ошондуктан космос ракетасы Жерге караганда Айдан бир кыйла жеңил учат. Космосттук автоматтар Айды дайыма изилдөөдө. Айдын арткы бетинни толук картасы түзүлгөн.
Жылдыздар.
Асмандагы жылдыздар жөнөкөй көзго жымыңдап кичинекей оттун жарыгы сыяктуу көрүнөт. Чынында ар бир жылдыз-жарк чыгаруучу өтө ысык, чоң шар. Ал негизинен газ абалындагы суутек менен гелийден турат. Күн –ошондой жылдыздардын бири, ал эми жылдыздар бизден өто алыс турган күндөр. Жылдыздардын борборундагы газар өто катуу кысылган абдан ысык. Алардын температурасы миллиондогон градуска жетет. Мындай шартта шартта суутек акырындык менен гелийге айланат. Бул кубулуш ядролук реакция деп аталат. Жылдыздар көлөмдөрү боюнча бири-биринен абдан айырмаланат. Алардын арасында көлөмү жагынан Күндөн миллиард эсе чоңдөру бар. Ал тургай жерден да кичине эргэжээл жылдыздар кездешет. Жылдыздардын көлөмү ар түрдүү болгон менен аладын затынын саны болжол менен бирдей. Эң ысык жылдыздар ак же көгултур болушат. Алардын бетинин температурасы 10 миңден 100 миң градуска чейин жетет. Кээ бир жылдыздар кызгылт алар тигилерге караганда муздагыраак. Анын температурасы 2-3 миң градустан ашпайт. Күн сары жылдыздарга кирет, анын температурасы 6 мин градус. Карангы түндө бутундой асман бетинен куралсыз көз менен 6 миндей жылдыздарды көрүүгө болот.
Америка Кошмо Штаттары
Сабактын максаты:
а) АКШнын экономикалык-географиялык абалы жөнүндө кенири маалымат алышат
б) Африканын, Чет өлкөлүк Европанын өлкөлөрү менен салыштыруу жургузушөт
в)Ата-Мекенди сүйүүгө, аны коргоого тарбияланышат.
Сабактын методу: интерактивтүү метод
Сабактын тиби: аралаш сабак анын ичинен жаны материалдарды окуп үйрөнүү сабагы
Сабактын жабдылышы: Дүйнөнун эконом. геогр. картасы, атлас
Сабактын жүрүшү: 1-кадам уюштуруу иши
2-кадам мээ чабуулу
3-кадам жаны теманы түшүндүрүү
4-кадам бышыктоо
5-кадам окуучулардын билимин баалоо
Үйгө тапшырма берүү
Сабактын жүрүшү: 1-кадам: уюштуруу иши
Класстын климатын түзүп алуу.
Саламатсыңарбы балдар. Келгиле бири-бирибизге жакшы маанай түзүп алалы:
Келгиле айтылган комплименттер үчун кол чаап коелу.
Алтын эрежени эске алып төмөнкү суроолорго жооп беребиз
2-кадам мээ чабуулу. Суроо берүү:
1. Силер сүрөттөн эмнени көрүп турасыңар?
2.
АКШ.
Жеринин аянты- 9363200 км 2
Калкы 271600000 адам
АКШ-батыш жарым шардагы ири өлкө Анын жери негизинен Түндүк Америкада АКШ аймагынын чыгышын Атлантика океаны, батышын Тынч океан чулгайт. Климаты жалпысынан мээлүүн жана субтропиктик. Бирок нагыз тропиктери да бар-ал тынч океандагы Гавай аралдары, бул АКШнын бир штаты. Ал эми түндүктөгү Аляска штатында кышкысын арктика суугу болот. Олкөнүн борбордук түздүктүү бөлүгү улам биийктеп, батыш жагында аскалу тоолордун мөнгү баскан заңкайган тоо кыркаларына, ал эми чыгышында анчалык ьийик эмес Аппалачи бөксө тоосуна өтөт. Америка тоолорунан, айрыкча Аппалачтан көмүрдүн, нефтинин, табигый газдын, темирдин, түстүү металдардын бай кендери табылган. Американны ири дарыялары- Миссисипи жана анын куймасы Миссури. 16 кылымда Колумб Американы ачкандан кийин, европалытар Түндүк Америкага көчүп келе башташкан. Алар Америка континенттин эзелтеден мекендеген индейлерди аесуз кырышкан. Тирүү калган индейлер кунарсыз эрме чөлдөрдөгү аймактарга-резервацияларга сүрүлгөн. АКШда негрлер да бар, алар Африкадан Америкага зордук менен алынып келген кулдардын укум-тукумдары. 18-кылымдын аягында 13 колония Англиянын үстөмдүгүн жоюп, өздөрүнүн көз каранды эмес мамлекетин –АКШтын түзүшкөн. Ошондуктан АКШнын мамлекеттик желегинде 13 ак жана кызыл тилке бар. Желегининин жогорку сол бурчундагы көк төрт бурчтуктун ичинде 50 ак жылдызча тартылган, Алар АКШнын азыркы кездеги штаттардын санын билдирет. Учурда баардык ө.ж тармактары, өзгөчө автомобиль жасоо, нефть, химия, атом О.Жайлары өнүкөн. Айыл чарбасы да өркүндөгөн. Бардык тармактарында техника кенири колдонулат. АКШ отө өнүккөн индустриалдык-агрардык өлкө. Дан өсүм.-жүгөрү, соя, буудай, пахта ж.б. АКШнын калкы негизинен шаарларда жашашат. Нью-Йорк-Америкадагы эң чоң шаар, ири өнөр жай борбору жана деңиз порту. Бул шаар Атлантика океанынын жээгинде жайгашкан жана 110 кабатка чейинки асман тиреген 400 метрден ашык бийик үйлөрдүн болгондугу менен өзгөчөлөнүп турат. Нью-Йорктун ортосунда, Манхеттен аралында америкалык эң ири ишканалардын башкармалары, мамлекеттик жана шаардык мекемелер, банктар орун алган. Нью-Йорктон темир жол аркылуу 5 сааттык жерде, Потомак дарыясынын боюнда АКШнын борбору Вашингтон. Бул шаарга АКШнын алгачкы президенти-Жорж Вашингтондун аты коюлган. Америкадагы Улуу көлдөрдүн бири-Мичиган көлүнүн жээгинде Чикаго деген өнөр жайлуу чоң шаар бар. Ага жакын жерде Детройт шаары турат. Ал Америкадагы автомобиль жасалуучу эң ири борборлордун бири. Тынч океандын жээгиндеги чоң шаарлар Лос-Анжелестин жандооч шаары болгон Голивудда америкалык фильмдердин дээрлик бардыгы даярдалып, жасалып чыгарылат. Гүлдөгөн Колифорния өрөөнүндөгү Сан-Франциско шаары Американын батышындагы ири порт жана өнөр жай борбору болуп саналат. АКШ көптөгөн улуу адамдардын мекени. Корүнүктүү саясий ишмерлердин Бенжами Франклин жана Авраам Линкольн, ойлоп чыгаруучулардан Роберт Фултон, Томас Эдисон, жазуучулардан Марк Твен, Жек Лондон ж.б ушул өлкөнүн тургундары болушкан.
Канада , Австралия
Салыштыруу мүнөздөмө
Сабактын максаты:
а) Австралия, Канада мамлекеттери жөнүндө кенири маалымат алышат.
б) Австралия менен Канаданы салыштыруу жургузушөт
в) Жаратылышты сүйүүгө, аны коргоого тарбияланышат.
Сабактын методу: интерактивтүү метод
Сабактын тиби: жаны материалдарды окуп үйрөнүү сабагы
Сабактын жабдылышы: Дүйнөнун эконом.геогр.картасы, атлас
Сабактын жүрүшү: 1-кадам уюштуруу иши
2-кадам мээ чабуулу
3-кадам жаны теманы түшүндүрүү
4-кадам бышыктоо
5-кадам окуучулардын билимин баалоо
Үйгө тапшырма берүү
Жаңы тема: Жеринин аянты- 7700000 км2 калкы 17600000 адам. Тагдыры таң калтырган укмуштуу материк. Муну европалыктардын Америкадан бир кыйла кеч ачкандыгы тан калтырбайт. Алыскы Австралияны өздөштүргөндөрдүн арасында Англиядан сүргүнгө айланган кылмышкерлердин болгондугу да тандантпайт. Жок! Анын адамды тан калтырган окуясы алда канча Австралия тегерегиндеги аралдары менен бирге кургактыктан бөлүнгөн кезде-болжолу менен 100 млн жыл мурда башталган. Австралия материгин бир гана мамлекет- Австралия ээлейт. Негизинен англистердин тукумдары, алар англис тилинде сүйлөшөт. Айыл чарбасында, шахталарда жана кен чыгаруучу жерлерде, металлургия заводдорунда, кездеме токуучу жана бут кийим тигүүчү фабрикаларда иштешет.
Жалпы маалымат: Австралия-бүткүл бир континентти ээлеген мамлекет жана ал аймагы жагынан гигант өлкөлөрдүн катарына кирет. Бул «түштүктөгү белгисиз жер» голландиялыктар тарабынан 17 -кылымдын башында ачылган, бирок 18-кылымдын аягында англичандар тарабынан өздөштүрүлө баштаган. 1901-жылы Англиянын доминону-Австралия Союзу пайда болгон. Автралия мамлекеттик түзүшү боюнча эгемдүү
© ООО «Знанио»
С вами с 2009 года.