Мексика
Оценка 4.8

Мексика

Оценка 4.8
Образовательные программы
doc
география
10 кл—11 кл +1
08.08.2020
Мексика
Мексика, Мексика Кошмо Штаттары – Түндүк Американын түштүк-батышындагы мамлекет. Түндүгүнөн АКШ, түштүк-чыгышынан Гватемала жана Белиз менен чектешет. Батышы менен түштүгүн Тынч, чыгышын Атлантика океандары чулгайт. Аянты 1964,4 миң км2. Калкы 112,3 млн (2011; калкынын саны боюнча Түштүк Америкада Бразилиядан кийинки 2-орунда). Борбору – Мехико. Административдик-аймактык жактан 31 штатка жана Борбордук федерация округуна бөлүнөт. Акча бирдиги – мексика песосу. Мексика – БУУнун (1945-жылдан), ЭВФтин (1945), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1945), Америка өлкөлөрү уюмунун (1948), Латын Америка интеграция ассоциациясынын (1980), Рио тобунун (1989), Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын (1993), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү. Мамлекеттик түзүлүшү. Мексика – федерациялык мамлекет. Конституциясы 1917-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруучу бийликтин жогорку органы – эки палаталуу Генералдык конгресс (депутаттар палатасы жана сенат). Аткаруу бийлигин президент башында турган федералдык администрация ишке ашырат. Мексикада көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары: Институттук-революциялык партия (ИРП), Улуттук кыймыл партиясы, Демократиялык революция партиясы, Экологиялык жашылдар партиясы ж. б. Табияты Аймагынын көпчүлүк бөлүгүн Мексика тайпак тоосу (бийиктиги 1000–2000 м) ээлеп, аны айланта Чыгыш Сьерра-Мадре, Батыш Сьерра-Мадре, туурасынан Жанар тоо Сьеррасы (аракеттеги Орисаба жанартоосу, бийиктиги 5610 м; Попокатепетль, 5465) курчайт. Түштүк-батышында Калифорния жарым аралы, түштүгүндө Чьяпас жана түштүк Сьерра-Мадре тоо массивдери, түштүк-чыгышында ойдуңдуу Юкатан жарым аралы жатат. Климаты деңиз деңгээлинен бийиктигине жараша деңиз жээктеринде нымдуу тропиктиктен, түндүгүндө субтропиктик, тоолорунда мелүүн. Январдын орточо температурасы түндүгүндө жана түндүк-батышында 10°С, түштүгүндө 25°С, июлдуку тайпак тоолорунда 15°С, Калифорния булуңунун жээгинде 30°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны100ммден 3000 ммге чейин.
Мексика.doc

Мексика

https://edu-nlsit.jet.kg/media/Geografiya_11-kl/00027.png                      https://edu-nlsit.jet.kg/media/Geografiya_11-kl/00028.png

Мексика, Мексика Кошмо Штаттары – Түндүк Американын түштүк-батышындагы мамлекет. Түндүгүнөн АКШ, түштүк-чыгышынан Гватемала жана Белиз менен чектешет. Батышы менен түштүгүн Тынч, чыгышын Атлантика океандары чулгайт. Аянты 1964,4 миң км2. Калкы 112,3 млн (2011; калкынын саны боюнча Түштүк Америкада Бразилиядан кийинки 2-орунда). Борбору – Мехико. Административдик-аймактык жактан 31 штатка жана Борбордук федерация округуна бөлүнөт. Акча бирдиги – мексика песосу.

Мексика – БУУнун (1945-жылдан), ЭВФтин (1945), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1945), Америка өлкөлөрү уюмунун (1948), Латын Америка интеграция ассоциациясынын (1980), Рио тобунун (1989), Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын (1993), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү. Мексика – федерациялык мамлекет. Конституциясы 1917-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруучу бийликтин жогорку органы – эки палаталуу Генералдык конгресс (депутаттар палатасы жана сенат). Аткаруу бийлигин президент башында турган федералдык администрация ишке ашырат. Мексикада көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары: Институттук-революциялык партия (ИРП), Улуттук кыймыл партиясы, Демократиялык революция партиясы, Экологиялык жашылдар партиясы ж. б.

Табияты Аймагынын көпчүлүк бөлүгүн Мексика тайпак тоосу (бийиктиги 1000–2000 м) ээлеп, аны айланта Чыгыш Сьерра-Мадре, Батыш Сьерра-Мадре, туурасынан Жанар тоо Сьеррасы (аракеттеги Орисаба жанартоосу, бийиктиги 5610 м; Попокатепетль, 5465) курчайт. Түштүк-батышында Калифорния жарым аралы, түштүгүндө Чьяпас жана түштүк Сьерра-Мадре тоо массивдери, түштүк-чыгышында ойдуңдуу Юкатан жарым аралы жатат. Климаты деңиз деңгээлинен бийиктигине жараша деңиз жээктеринде нымдуу тропиктиктен, түндүгүндө субтропиктик, тоолорунда мелүүн. Январдын орточо температурасы түндүгүндө жана түндүк-батышында 10°С, түштүгүндө 25°С, июлдуку тайпак тоолорунда 15°С, Калифорния булуңунун жээгинде 30°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны100ммден 3000 ммге чейин. Ири дарыясы – Рио-Браво-дель Норте (же Рио-Гранде, АКШ менен болгон чек арасы аркылуу агат). Эң чоң көлү – Чапала. Түндүк-батышына боз жана чөл, тоолуу аймактарына күрөң тоо топурагы мүнөздүү. Мексиканын ысык жана нымдуу бөлүгүндө дайыма жашыл тропик токою, Түндүк жана түштүгүндөгү тоолорунда аралаш жана ийне жалбырактуу токой, кургакчыл аймактарында жарым чөл жана чөл өсүмдүктөрү өсөт. Мексика биологиялык деңгээли жана ландшафтынын ар түрдүүлүгү боюнча дүйнөдө алдынкы орунду ээлейт. Фаунасынын курамында 500дөн ашык сүт эмүүчүлөр (анын ичинде 31%и эндемик, 18%и жоголуп кетүү алдында), 1100дөн ашык канаттуулар (11; 5), 800гө чукул сойлоочулар (48; 12), 350дөн ашык жерде-сууда жашоочулар (45; 58) кездешет. Жаныбарлардын сейрек кездешүүчү түрлөрүн (деңиз таш бакасы, ача мүйүз антилопа, барибала) сактап жана көзөмөлгө алуу боюнча мамлекеттик долбоорлор иштейт. Мексиканын деңиз экосистемасы да ар түрдүүлүгү [шуру (коралл, 60–80 түрү) рифтери, жээк лагуналары, мангр саздары жана өсүмдүктөрү] менен өзгөчөлөнөт. Мексикада 170ге жакын коргоого алынган табигый аймак (өлкөнүн аянтынын 12%и, анын 18,7 млн гасы кургактыкта, 4,5 млну деңизде) бар. Көптөгөн улуттук парктар (67) уюштурулган. Сиан-Каан биосфера резерваты (Юкатан ж. аралынын чыгыш жээги), Марипоса-Монарка (Жанартоо Сьеррасында сейрек кездешүүчү данаида монарх көпөлөгү кыштайт), Калифорния булуңу (дүйнөдөгү кит сыяктуулардын жана 900дөн ашык балыктын түрү кездешет) жана Эль-Вискаино резерваты (деңиз сүт эмүүчүлөрү жана таш бака) Бүткүл дүйнөлүк мурастын, коргоого алынган 36 табигый аймагы ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилген; 17си (аянты 1,9 млн га) эл аралык маанидеги Рамсар конвенциясынын чегинде коргоого алынган. Өлкөнүн аймагынын ¼ бөлүгүнөн ашыгын агроландшафт ээлейт. Суу эрозиясынын натыйжасында топурагы деградацияга учуроодо. Экологиянын негизги көйгөйлөрүнүн бири токойлорунун кыйылып жок болушу, абанын булганышы болуп эсептелет.

Калкы Калкынын негизин мексикалыктар түзөт. Ошондой эле индейлер (юто-ацтек жана отомангдар, майя, тотонак менен тепеуалар, михесоке, тарасктар, хока элдери, англис тилдүү кикапу ж. б.), Америкалыктар, испандар да жашайт. Расмий тили – испан тили (нахуатль, майя, отоби жергиликтүү тил катары кеңири колдонулат). Католик динин тутат. Орточо жыштыгы 1 км2ге 57 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники – 72,9 жаш, аялдарыныкы – 77,6. Төрөлүүнүн деңгээли орточо (1000 кишиге 17,5), өлүм-житим төмөн (1000 кишиге 5,0, жаш балдардыкы 1000ге 13,7). Шаар калкы 77,8%. Ири шаарлары: Мехико, Экатепек, Гвадалахара, Пуэбла, Хуарез.

Экономикасы. Мексика – Латын Америкасындагы Бразилиядан кийинки өнүгүп келе жаткан, экономикалык потенциалы жогору 2-өлкө. Капиталдын эң маанилүү бөлүгү Америкада жашаган мексикалык иммигранттардын акча которуусунан түшөт. ИДПнин көлөмү 1 трлн 567 млрд доллар (2010, АКШ); аны киши башына бөлүштүргөндө 13,9 миң доллардан туура келет. ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 63,3, өнөр жайыныкы30,3, айыл чарбаныкы 3,5. Мексиканын экономикасында нефть-газ өнөр жай башкы ролду ойнойт. Нефть (157 млн тонна, 2009; Венесуэладан кийинки 2-орунда), газ (56 млрд м3; Латын Америкасында 1-орунда), кара металлургия (3-), көмүр, темир (11,7 млн тонна , 2007; 3-орунда), жез, коргошун, цинк, сурьма, висмут, кадмий, молибден, ошондой эле алтын, күмүш казылып алынат. 2008-жылы 231,4 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Өнөр жайынын негизги тармагы – машина куруу (анын ичинде америкалык. «General Motors», «Chrysles», «Ford Motor», германиялык «Volkswagen», япониялык «Nissan» автомобилдерин чогултуу өзгөчөлөнөт; тетиктер, агрегаттар комплектенет;), ошондой эле электртехникалык (тиричилик приборлору), электроника (телевизор, компьютер, уюк телефону ж. б.), кара жана түстүү металлургия, нефть ажыратуу, химиялык, нефть-химиялык (жасалма каучук, химиялык була ж. б.), жыгаччылык, фармацевтика (негизинен антибиотиктер ж. б.), жеңил (жогорку сапаттагы жинсы кездемелери, тигилүү кийимдер, бут кийим), тамак-аш (сүт, кант, жашылча-жемиш консервалары, балык жана деңиз) өнөр жай ишканалары иштейт. Сыртка пиво жана текила, кофе, жемиштер (авокадо, папайя, манго, цитрус өсүмдүктөрү), жашылча (томат) чыгарылат. Агр. секторунда жашылчачылык өнүккөн. Негизги азыгы – жүгөрү (аны чогултуу боюнча дүйнөдө 3орунда). Дан эгиндери, шалы, пахта, бал камыш, агава-хенекен, жер жаңгак, ананас, цитрус, тропиктик жана субтропиктик өсүмдүктөр өстүрүлөт. Мал чарбачылыгы анча жакшы өнүккөн эмес. Бал өндүрүү боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт (2009-жылы 53 миң тонна өндүрүлгөн; негизинен Европа өлкөлөрүнө чыгарылат). Балыкчылык (жылына 1,77 млн тонна) өнүккөн. Автомобиль жолунун узундугу (миң км менен) 360,4 (анын 127,4 асфальтталган, 2008), темир жолунуку 26,7 (2005), куур транспортунуку 39,2 (анын ичинде нефтиники 8,9, газдыкы 16,7; 2006). Тынч океандын жээгиндеги ири порттору: Мансанильо, Ласаро-Карденас, Исла-Седрос, Салина-Крус, Атлантика океанындагылары – Кайо-Аркас, Коацакоалькос, Веракрус. Кайра иштетүүчү өнөр жайынын продукциялары (80%ке жакын), нефть (көлөмү боюнча Венесуэладан кийин 2-орунда), айыл чарба продуктулары, минералдык сырьё экспорттолот. Негизги соода шериктештери: АКШ, Канада, Кытай. Туризм (анын ичинде альпинизм, үңкүр (спелео) туризми) өнүккөн.

 

 

 

 


Скачано с www.znanio.ru

Мексика

Мексика

Ири дарыясы – Рио-Браво-дель Норте (же

Ири дарыясы – Рио-Браво-дель Норте (же

Мексиканын экономикасында нефть-газ өнөр жай башкы ролду ойнойт

Мексиканын экономикасында нефть-газ өнөр жай башкы ролду ойнойт
Материалы на данной страницы взяты из открытых истончиков либо размещены пользователем в соответствии с договором-офертой сайта. Вы можете сообщить о нарушении.
08.08.2020