МЕКТЕПТЕ ГЕОГРАФИЯ ПРЕДМЕТИН ОКУТУУДА КОМПЕТЕНЦИЯЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ
Оценка 5

МЕКТЕПТЕ ГЕОГРАФИЯ ПРЕДМЕТИН ОКУТУУДА КОМПЕТЕНЦИЯЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ

Оценка 5
Повышение квалификации
doc
другое
Взрослым
09.08.2020
МЕКТЕПТЕ ГЕОГРАФИЯ ПРЕДМЕТИН ОКУТУУДА КОМПЕТЕНЦИЯЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ
Учурдагы мектепте билим берүүнун инсанга багытталган окутуунун негизги максаты – бул күн сайын коомдун өзгөруп жаткан процесстерине жана кубулуштарына туруштук бере алган, өз алдынча иш-аракет жасай алган активдуу инсанды даярдоо. Демек, окуучулардын окуу процессинде алган билимдер алардын практикалык ишмердүүлүгүнүн фундамента, б.а., билимдин дайыма аракетте болушун көздөйт. Мындай учурда мугалимдин иш-аракети окуучуларга даяр эле билимди берип тим болбостон, ошол алган билимдерин күнүмдүк турмуш тиричилигине керек болгудай кылып калыптандырышында. Окутуунун ушундай мүнөздө болушу билим берүүнүн нарктуулук түзүлүшүн билдирет. Бул нарктуулук түзүлүштүн негизин психология жана дидактика илиминде компетенция деп аташат. «Компетенттүүлүк» түшүнүгү боюнча педагогикалык- психологиялык адабияттарда көп көз караштар менен ырасталып келген. Бул көз караштарда «компетейттүүлүк» турмушта билимди пайдалануу үчүн болгон билимдер дин, билгичтиктердин, тажрыйбанын, теориялык-прикладдык сапаттарга даяр инсан деген аныктаманы беришет. Мисалы, педагогикалык сөздүктөрдө төмөндөгүдөй айтылат: «Компетенттүүлүк - инсандын илимий жанапрактикалык ишмердүүлүгүндө кандайдыр бир маселелерди натыйжалуу жана адисттик тараптан чечүү үчүн зарыл болгон билимдердин жана инсандык сапаттардын жыйындысы
МЕКТЕПТЕ ГЕОГРАФИЯ ПРЕДМЕТИН ОКУТУУДА.doc

МЕКТЕПТЕ ГЕОГРАФИЯ ПРЕДМЕТИН ОКУТУУДА

КОМПЕТЕНЦИЯЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ

         Учурдагы мектепте билим берүүнун инсанга багытталган окутуунун негизги максаты – бул күн сайын коомдун өзгөруп жаткан процесстерине жана кубулуштарына туруштук бере алган, өз алдынча иш-аракет жасай алган активдуу инсанды даярдоо. Демек, окуучулардын окуу процессинде алган билимдер алардын практикалык ишмердүүлүгүнүн фундамента, б.а., билимдин дайыма аракетте болушун көздөйт. Мындай учурда мугалимдин иш-аракети окуучуларга даяр эле билимди берип тим болбостон, ошол алган билимдерин күнүмдүк турмуш тиричилигине керек болгудай кылып калыптандырышында. Окутуунун ушундай мүнөздө болушу билим берүүнүн нарктуулук түзүлүшүн билдирет. Бул нарктуулук түзүлүштүн негизин психология жана дидактика илиминде компетенция деп аташат.

        «Компетенттүүлүк» түшүнүгү боюнча педагогикалык- психологиялык адабияттарда көп көз караштар менен ырасталып келген. Бул көз караштарда «компетейттүүлүк» турмушта билимди пайдалануу үчүн болгон билимдер дин, билгичтиктердин, тажрыйбанын, теориялык-прикладдык сапаттарга даяр инсан деген аныктаманы беришет. Мисалы, педагогикалык сөздүктөрдө төмөндөгүдөй айтылат: «Компетенттүүлүк - инсандын илимий жанапрактикалык ишмердүүлүгүндө кандайдыр бир маселелерди натыйжалуу жана адисттик тараптан чечүү үчүн зарыл болгон билимдердин жана инсандык сапаттардын жыйындысы (4).

        Биз«компетенция» жана «компетенттүүлүк» түшүнүгүн талдоо үчүн ар кандай дүйнө элдеринин сөздүктөрүнө кайрылууга туура келди:

- Competere (лат.) - жетишүү, ылайыкташуу;

- Competent (франц.) - компетенттүү, укуктуу; Competence (англ.) -

зээндүү (компетенция) Kompetenz (bereich) (нем.) - укуктуу,

компетенция.

Ошондой эле Россиянын окумуштуу-педагогу  Г.К. Селевко негизги компетенциялардын классификациясын төмөндөгүдөй берген: Сандар менен иштөө.

- Коммуникация.

- Маалыматтык технологиялар.

- Өз алдынча окуу, өзүн-өзү өстүрүү.

- Командада иштөө.

- Проблемаларды чечүү.

- Адам болуу.

Географиялык билим берүүдө компетенциялык багытты ишке ашыруу мектеп

географиясынын маанисин жаңыча түшүнүүгө мүмкүн берүүчү жаңы багыт.                             

 

 

 

          Анткени азыркы мезги лдеги география коомдун территориялык уюштуруу маселелерин окуп-үйрөнүү менен бирге коомдогу жашоонун маселелерин чечүүнүн жолдорун сунуш кылат. Ошондуктан «окуучуларды

мезгилдин талабына ылайык географияны кандай максат менен окутабыз?» деген суроого жооп берүү эн маанилүү болуп эсептелет. Бул суроого мектепте калыптандырып жаткан географиялык билимдин практикалык иш-аракеттин дайыма аракетте болуп турган фундамента болуп, ал эми билгичтиктер, көндүмдөр (таанып-билүүчүлүк, практикалык) - негизги компетенциялардын калыптануусунун негизи болушу керек (1-схема).

1-схема

Окуучулардын негизги компетенцияларынын калыптанышы

Географиялык билимдерди, билгичтиктерди колдонуу, таанып билүү, коомдук, эмгек, тиричилик, маданият ишмердүүлүктөрүндө

Окуучулардын таанып билүү жана практикалык билгичтиктеринин калыптанышы. Ишмердүүлүктөрдүн ыктарына ээ болуу, бөлүп алуу, сүрөттөп жазуу жана түшүндүрү, табуу, талдоо, мисалдарды келтирүү, география-мүнөздөмө түзүү, аныктоо, прибор жана аспаптарды пайдалануу

            Жогоруда схемадан көрүнүп тургандай, мектеп географиясы инсандын баалуулук- нарктуулук сапаттарды калыптандырууда маанилүү экендигин тастыктайт. Ошондуктан мектепте географияны окутууда компетенттүүлүк багытты көздөшү учурдун талабына жооп берет жана күнүмдүк окуу процессинде окутуунун практикалык багытына басым жасоо дегенди билгизет.

Мындай окутуунун практикалык багытталышы мугалимдер арасында тааныштай эле көрүнөт. Анткени бул багытта көпчүлүк мезгилде мугалимдер практикалык сабактын сааттарын  көбөйтүп койсок эле болот деген түшүнүктөр менен ойлонуп алышат.

          Бүгүнкү күндө географияны практикалык багытта окутуу - бул жөн эле педагогикалык жана методикалык категория эмес, географиялык билимдерге жана билгичтиктерге ээ болуп, аны күнүмдүк жашоодо колдонууну камтыган окутуунун принциби. Практикалык багытты дидактикалык принцип катары күчөтүү мугалимди географияны окутуудагы ишмердүүлүк ыктарын пайдаланууга багыт берет.

         Ишмердүүлүк ыктарын пайдаланып окуу процессинде ишке ашыруу учун практикалык иштерге көбүрөөк көнүл буруш керек.

Практикалык иштер окуучулардын ишмердүүлүк тажрыйбаларынын, чыгармачылык өз алдынча аткаруу, жаны билимдерге ээ болуу жана жаүы көндүмдөрдү калыптандыруунун негизин мектеп географиясынын практикалык багытын күчөтүүгө багытталган иштердин түрлөрү болуп төмөнкүлөрдү эске алуу зарыл.

   Алар:

- окуу китеби, географиялык жана илимий кеңири тараган адабияттар менен иштөө;

- карта жана картосхемалар менен иштөө;

- статистика лык материалдар менен иштөө;

- географиялык аянтчаларда иштөө;

- маршруттук байкоо, ченөөлөрдү жүргүзүү;

- айлана-чөйрөгө байкоо жүргүзүү;

- практикумдар, ачык жайлардагы сабактар;

- интернет жана географиялык-маалымат системаларынын ресурстары менен иштөө;

- окуу долбоорлору.

Мындай практикалык иштердин түрлөрү «окутуп, үйрөтүү- машыгуу-жыйынтыктоочу- чыгармачылык компетенттерин» камтыган этаптар менен өтүлүшүн көздөйт. Бул этаптардын баардыгы бири-бири менен тыгыз байланышта темадан темага, бөлүмдөн бөлүмгө татаалданып турушу керек.

Компетенттүүлүк билим берүүнүн принциптерин ишке ашыруу үчүн практикалык сабактардын кээ бир мисалдарын келтиребиз.

 

 

 

 

Тема: «Атмосфера», «Абанын жылдык температурасынын жүрүшү».

 6-класс:

Максаты: Жылдык температуранын жүрүшүн, температурасын, орточо айлык

температураны эсептөө жана жылдын ичинде абанын температурасынын өзгөрүү себептерин калыптандыруу.

Үйгө тапшырма (машыгуу-практикалык иштер). Графикти пайдаланып:

1. Абанын температурасынын орточо жылдык санын, айдын эң муздак жана жылуу көрсөткүчүн, температурасын аныктагыла.

2. Алган маалыматыңарды өзүнөрдүн жериңер менен салыштырып, бүтүн чыгаргыла.

3. Күн сайын аба ырайына байкоо жүргүзүп, аба ырайынын календарына жазгыла.

Өзүңөрдүн жериңердин абанын температурасынын өзгөрүшү тууралуу аңгеме даярдагыла.

4. Абанын температурасы жөнүндөгү маалыматтын зарылчылыгы

эмнеден экендигин ойлонуп, маалыматтын кайсы кесиптеги адамдарга

керектигин айткыла. (Ар кандай билимдин булактары-китептерди, маалымат

каражаттарын, ата-энелер менен маектешүүнү пайдалангыла).

 

 

Тема: Арктикалык жана Антарктикалык жаратылышын салыштыргыла. Уюлдагы аймактарды адамдардын пайдалануусу жөнүндөгү долбоорлорду коргоо.

7- класс.

Максаты: Жердин уюлдарынын жаратылышын салыштыруу. Аймактардын жаратылыш

байлыктарын жана жаратылыш шарттарын алдына алып айтууга жана баалоого үйрөнүү.

Антарктиканын жаратылыш байлыктары боюнча долбоор жазуу жана коргоо.

Колдонулуучу материалдар жана билимдин булактары: атлас, Арктиканын,

Антарктиканын контур карталары, түстүү карандаштар, маркер, ватман.

Этаптары:

(Жумуштар кичи топторго бөлүнүп берилет). Арктика жана Антарктика боюнча тапшырмалар.

1. Атластагы карта ларды жана мурдагы билиңерди пайдаланып, контур

картага же схемалар менен океандагы чарбачылык иштерди, объектилерди

түшүргүлө.

2. Түзүлгөн Арктиканын жана Антарктиканын моделинин картасын талдап жана жаңы өздөштүрүлгөн райондорду шарттуу белгилер менен белгилегиле.

3. Арктиканын жана Антарктиканын картасынын моделин класстагы башка окуучулар менен тааныштыргыла.

Экологдор үчүн Арктика жана Антарктиканы салыштыруу үчүн тапшырмалар.

Салыштыруу учун суроолор Арктика Антарктика

Жаратылыш компоненттери

(рельеф, климат, муздар); Адамдын чарбачылыгына пайдаланып жаткан жаратыльпптын компоненттерин аныктагыла.

Жаратьшыш байлыктарын санагыла.


МЕКТЕПТЕ ГЕОГРАФИЯ ПРЕДМЕТИН ОКУТУУДА

МЕКТЕПТЕ ГЕОГРАФИЯ ПРЕДМЕТИН ОКУТУУДА

Анткени азыркы мезги лдеги география коомдун территориялык уюштуруу маселелерин окуп-үйрөнүү менен бирге коомдогу жашоонун маселелерин чечүүнүн жолдорун сунуш кылат

Анткени азыркы мезги лдеги география коомдун территориялык уюштуруу маселелерин окуп-үйрөнүү менен бирге коомдогу жашоонун маселелерин чечүүнүн жолдорун сунуш кылат

Мындай практикалык иштердин түрлөрү «окутуп, үйрөтүү- машыгуу-жыйынтыктоочу- чыгармачылык компетенттерин» камтыган этаптар менен өтүлүшүн көздөйт

Мындай практикалык иштердин түрлөрү «окутуп, үйрөтүү- машыгуу-жыйынтыктоочу- чыгармачылык компетенттерин» камтыган этаптар менен өтүлүшүн көздөйт

Тема: Арктикалык жана Антарктикалык жаратылышын салыштыргыла

Тема: Арктикалык жана Антарктикалык жаратылышын салыштыргыла

Адамдын чарбачылыгына пайдаланып жаткан жаратыльпптын компоненттерин аныктагыла

Адамдын чарбачылыгына пайдаланып жаткан жаратыльпптын компоненттерин аныктагыла
Материалы на данной страницы взяты из открытых истончиков либо размещены пользователем в соответствии с договором-офертой сайта. Вы можете сообщить о нарушении.
09.08.2020