Орто Нарын ороонунун ландшафты чарбада пайдалануу проблемалары
Оценка 4.8

Орто Нарын ороонунун ландшафты чарбада пайдалануу проблемалары

Оценка 4.8
Научно-исследовательская работа +1
doc
география +1
9 кл—11 кл +1
07.08.2020
Орто Нарын ороонунун ландшафты чарбада пайдалануу проблемалары
Ортоңку Нарын өрөөнүнүн таманынын деңиз деңгээлиенен бийик жатышы, ошондой эле ойдуң баардык тараптан бийик тоолор менен курчалып турушу анын ландшафтарынын өтө ар түрдүүлүгүнө жана татаалдыгына алып келген. Ландшафтардын пайда болушу бул жердин ургалдуу тектоникалык активдүүлүгү фонунда жүрүп, анын өрчүп өнүгүшүнө эрозия, гравитация, мөңгүнүн иш-аракети, көчкү, сел ж.б геоморфологиялык процесстер таасирин тийгизген ландшафтардын бийиктик алкактуулугу ачык жана так байкалат.
статья оргинал.doc

География, экология жана аларды от.

                                               кафедрасынын магистранты

                                                            Сүйүндүкова Мейизгүл Иманалиевна

 

Ортоңку  Нарын өрөөнүнүн   ландшафты  жана  ландшафттык    структурасы.

 

                Ортоңку Нарын өрөөнүнүн таманынын деңиз деңгээлиенен бийик  жатышы, ошондой эле ойдуң баардык тараптан бийик тоолор менен курчалып турушу анын  ландшафтарынын  өтө ар түрдүүлүгүнө жана татаалдыгына алып келген. Ландшафтардын пайда болушу бул жердин ургалдуу тектоникалык активдүүлүгү  фонунда жүрүп, анын өрчүп өнүгүшүнө эрозия, гравитация, мөңгүнүн  иш-аракети, көчкү, сел ж.б геоморфологиялык процесстер таасирин тийгизген ландшафтардын бийиктик алкактуулугу ачык жана так байкалат. Алардын структурасына тоо капталдарынын багыттары, ойдуңдун таманынын көтөрүлүп жатышы өрөөндү курчаган тоо кыркаларынын кеңдик жана ага жакын багытта созулуп жатышы, о.э. климатынын кескин жана  күнгөй капталдардын ландшафттары бири-биринен кескин айырмаланат.

            Өрөөндүн ландшафтарынын бийиктик алкактуулугу өзүнүн мүнөзү боюнча Кыргызстандын аймагындагы ички Теңир-Тоо зоналдуулук тибине кирет. Жалпысынан алганда төмөнкүдөй бийиктик зоналары: тоо этегиндеги талаа темгилдери бар чөл жана жарым чөл, тоо этегиндеги жана бөксө тоодогу кургак талаа жана талаа; орто бийиктиктеги тоолордогу шалбаа жана шалбаалуу токой, бийик тоолуу  шалбаалар жана шалбаалуу талаа, бийик тоолуу сырт, гляциалдык-нивалдык ландшафтар кездешет. Бирок, тереңирээк изилдей келгенде өрөөндүн бийиктик зоналдуулугунунун структурасы өтө татаал. Себеби, тоолуу рельефтин шартында бийиктик ландшафтык зоналары бири-бирине өтүп кетишет жана өзүнүн  жергиликтүү  спектирлерин да пайда кылат. Өрөөндүн ландшафтары тоо ландшафтары классына киргени менен рельефтин ярустуулугу боюнча төмөнкүдөй подкласстарга бөлүнөт: тоо арасындагы ойдундуу, бөксө тоолуу, орто бийиктиктеги тоолордун, бийик жана өтө бийик тоолордун ландшафтары.

              Ойдуңдун  материктин түпкүрүндө, бийик тоолордун курчоосунда орун алышы ландшафтарынын жалпы аридүүлүгүн шарттайт. Мында ксерофиттик, галобриттик жана ксерофиттик ландшафтар кенири тараган. Алар капталдардын багытына карата контрастуулугу менен мүнөзөлөт.

               Өзгөчө тоо капталдарынын жана тоо арасында жаткан түздүктүн ландшафтары абдан айырмаланып турушат. Биринчи типтеги ландшафтар литогендик негизинин кыймылдары, жуулуп кетүү процесттеринин басымдуулук кылышы, жергиликтүү  тектердин жер үстүнө  чыгып жатышы, тилмеленген мунөздөгү рельефи менен айырмаланат. Экинчи типтеги ландшафтар өтө терең аккумлятивтик тектерге ийилген тектониалык төмөн түшүүлөрдө калыптанышат жана ландшафтарынын анча көп түрдүүлүгү менен айырмаланат.

1. Тоо арасындагы түздүктүн ландшафттары.

            Туш тарабынан тоо кыркалары менен курчалып, дениз денгээлинен 1500-2300 м бийиктикте жаткан ойдундун ландшафтары кургактыгы менен мүнөздөлөт. Бийик жатканына карабастан жылдык жаан-чачындын өлчөмү  200 - 500 мм ден ашпайт. Ойдундун таманында талаа темгилдери бар жарым чөл жана талаа ландшафтары шалбаалуу-талаа ландшафтары менен айкалышып жатышат. Рельефтик шарттары жана кургактык мүнөзү, ошондой эле ланшафтардын суу менен камсыз болушу бул ланшафтарды сугарып иштетүүгө мүмкүндүк берет. Ортонку Нарын өрөөнүнүн түздүгүнүн 30% дыйканчылык ишине тартылган. Бүгүнкү күндө ушул пайдаланылып жаткан ойдундун негизги проблемасы болуп ирригациялык эрозияга каршы жана топурактын экинчи ирээт шордолуусуна каршы күрөшүү  болуп саналат.

        Тоо арасындагы түздүктүн негизги ландшафтык типтери өзгөчө изилдөөнү  жана терең  мамиле кылууну талап кылат. Себеби,  алар ойдунда негизги тоют базасы катары кызмат кылышат. Тоо этегиндеги чөл ландшафтары анча чоң  эмес темгил түрүндө өрөөндүн батыш тарабында, Нарын дарыясынын  шор топурактуу өрөөндөрүндө (баялыштуу чөлдөр) жана өрөөндүн батыш тарабынан ээлеген чаптуу бөлүктөрүндө (шыбак баялыштуу чөл) анча чоң  эмес аянттарды ээлеп жатат. Чөл ландшафтарынын калыптануусуна  анын  географиялык алган орду жана климаттык шарттар чоң таасир берген.   Доминант өсүмдүктөрү  болуп теңир тоо шыбагы, сублессинга шыбагы, баялыштар каспий күүдүрүгү (поташнин) ж.б. эсептелет. Андан тышкары  бетеге, ак кылкан, чий, ал эми таш шагылдуу топурак басымдуулук кылган жерлерде тикенекүү  өсүмдүктөр жана суккленттер кездешет.  Бул өсүмдүктордүн алдында шордуу жана шортоң, ачык боз топурактар калыптанган.

           Өрөөндө чөл ландшафты табыгый түрүндө өтө аз кездешет. Негизинен, алар сугарылып, дыйканчылык ишине пайдаланылат.

2.Тоо этегиндеги жарым чөл ландшафты.

         Өрөөндүн  1500-2000 м бийиктикте орун алып, чөл  ландшафтына караганда көп аймакты ээлеп жатат. Туздуу палеоген жана неоген тектеринин үстүндө калыптанган шордуу жана шортоң боз топурактар бул ландшафтын тибине мүнөздүү болуп эсептелет. Рельефтин түз  жерлеринде, байыркы тектирлерде ачык күрөң топурак басымдуулук кылат. Мындай жерлерди шыбак-кылкан шор өсүмуктүү жарым чөл ландшафты ээлейт. Өсүмдүктөрүнүн  курамында  шыбактар арбын, андан кийин каркас, кыргыз ак кылкандары, жылтыркан,  кемпир - муштум,  тарак баш,  кылкансыз түбү бош терскен ж.б. Эски арык бойлорунда колоттордо жана грунт суулары жакын жаткан жерлерде чий жыш өсөт.

   Жарым чөл ландшафты менен бирге өтө каксоо чополуу жерлерде арал түрүндө, ал эми Ортонку Нарын, Алабуга өрөөндөрүнүн  чаптуу бөлүктөрүнүн көп аянттарында шыбак баялыштуу чөл ландшафты бар. Шорлуу топурактарда баялыштар, регел  симпегмасы күдүрөөк  көбүрөөк.

3.Тоо этегиндеги талаа  ландшафты.

        Өрөөндүн түндүк гана бөлүктөрү эмес, Нарын дарыясынын сол жээктерин же өрөөндүн түштүк аймактарын да ээлеп жатат. Өрөөндө ландшафтын бул тибинин кенири таралышына кескин континенттик кургак климат, узакка созулган кыш мезгили кыска,  ысык  жайы гана  атмосфералык жаан-чачындын азыраак жаашы (жыл ичинде 200-500 мм) шарттайт.

    Бул типтеги ландшафт эрозия - аккумлятивтик чөкмөлөрдүн  үстүндө, жантайынкы шлейф түздүктөрүндө калыптанган. Зонанын жарым чөл менен чектешкен төмөнкү бөлүгүндө  шыбактардын өсүмдүктөрү  жана түркүн чөптуу кургак талаалар бар. Талаалардын негизги өсүмдүктөрү бетеге, ак кылкандар алар менен аралаш жылтыркан, шыбак, коңур баш, тарак баш өсөт. Жазында жана жайында шыбак бат өсүп  жетилип, кыртыштын бетин көбүрөөк ээлеп,  талааларга бозоргон түр берет. Эфемер, эфемероиддер жана бир жылдык өсүмдүктөр да жакшы дүркүрөп өөрчүйт.

           Бул жагынан талаалар жарым чөл жана чөл ландшафтарына окшошуп кетет. Кургак талааларда конур топурак кенири тараган, континенттик климаттык шартта калыптанып, профили жукараак, суклеттүү, эрозияга көбүрөөк чалдыгат. Гумустун өлчөмү 2-3 %.  Кургак талаалар жана жарым чөлдөр менен чектеш жерлерге шыбак-бетегелүү, ак кылкан бетегелүү талаалар өрчүгөн. Мындай талаалардын мүнөздүү участкалары Нарын дарыясынын куймаларын бойлой жаткан үстүнкү  тектирлерде байкалат. Кургак талаалардын чөбүнүн гектарына 7 ц.ге чейин түшүм алат. Талаа зонасынын сугат жерлеринде ар түрдүү  айыл- чарба өсүмдүктөрү көбүнчө  дан эгиндери жана көп жылдык тоют чөптөрү  эгилет.  Суу жетпеген кургак талаалар жайыт катары пайдаланылат.

     Тоо этегиндеги шалбаалуу-талаа ландшафты кенири аймакты ээлеп жатат. Анда талаа  кылкандары менен катар шалбаа өсүмдүктөрү: гарень кадимки миң жалбырак, жылан баш жана башкалар кездешет. Бадалдуу талааларда жана шалбааларда калыптанган конур күрөң  жана кара топурактар кумурскага бай.  Туруктуу чөп  катмары болгондуктан, талаага караганда эрозияга азыраак дуушарланган. Тоо этегиндеги шалбаа талаа ландшафты кенири аймакты ээлеп жатпайт. Себеби кургак жана кескин континенталдуу климат шалбаалардын өнүгүшүнө жолтоо болуп, анын кенири таралышын чектейт. Мындан сырткары дарыя  өрөөндөрүндө,  нымдуу аймактарда жунгар оскасы, вейник каземный ондонгон өсүмдүктөрдөн турган узун чөптүү, жайылма өрөөңдүү шалбаалар тараган.  Бул  шалбаалар чарбада чабык жана жаздык-күздүк  жайыт катары пайдаланылат.

 

4.Тоо капталдарынын ландшафтары.

             Тоо капталдарынын ландшафтары негизинен тоо талаалуу, тоо-токойлуу, тоо шалбаалуу, тоолуу, аска - нивалдуу ландшафттары менен берилген. Негизинен бул ландшафттын типтери бийиктикти карай температуранын, жаан-чачындын, күн нурунун  жерге жетүү мүмкүнчүлүгүнүн  өзгөрүшүнө жараша өсүмдүктөр менен топурактардын мүнөздөру өзгөргөндүктөн  ландшафтар да бийиктик зоналдуулук  мыйзам ченемдүүлүгүно баш ийип жайгашкан. Ландшафтардын калыптануусуна тоо капталдарынын экспозициялары да өтө  чон роль ойнойт.

        Негизинен тоо капталдарынын ландшафтары өтө жогору денгээлдеги активдүүлүктүн фонунда  калыптанышкан. Палеогенден тартып тоо кыркаларынын  көтөрүлүшү жана ойдундардын төмөн түшүү процесси  жүрүп жатат.  Бул  процесс интенсивдүү  денудация жана өрөөндөрдө жуулган, ташылган продуктулардын топтолушу менен коштолуп жүрүүдө.

        Тоо капталдарынын активдүү көтөрүлүүсүнүн натыйжасында ландшафтардын литогендик негизи которулуп турат. Ал эми ландшафтары болсо, чон жана кичине динамитүүлүгү  жана жыштыгы  менен мүнөздөлөт.

          Ландшафтардын өнүгүшүнө эрозия процесстери, гравитациялык жылышуу, ташылуу, мөнгүлөрдүн иш - аракети, жер көчкүлөр чон таасир тийгизет. Бул  процесстер сейсмикалык өтө активдүү кыймылдар менен коштолуп жаратылыш комплекстеринин үзгүлтүксүз кайра курууларын шарттайт. Тоо капталдарындагы  ландшафттык структураларды өзгөртүп турууучу табигый процесстер  жана кубулуштар 3 зонага ээ. Бул  пайда кылуучу транзит жана аккумляция зоналары болуп эсептелет. Буга жараша ландшафтары да айырмаланат.

Мисалы: пайда кылуучу зонада бийик тоолуу нивалдык жана  субнивалдык, транзит зонасында – тоо капталдарындагы токой, талаа жана башка, ал эми аккуляция зонасында тоо этегиндеги жана  тоо арасындагы өрөөндөрдүн ландшафтары калыптанган. Тоо этегиндеги талаа ландшафты 2400-2700 м бийиктиктеги адырларда жана бөксө тоолордо калыптанган. Рельефи эрозия - аккумлятивтүү болуп эсептелет да, формаларынын  көп түрдүүлүгү менен айырмаланат. Жергиликтүү   тектер өтө калың лесс сымал чопо катмарынын  астында жаткандыктан,  өтө  тик капталдар  да көпчүлүк  жерлерде  жантайынкы мүнөзгө ээ. Нымдануу режимине  карата  өрөөңдө чым көңдүү жана майда чым көңдүү  талаа  ландшафтары деп ажыратат. Күңүрт коңур жана кара топурактарда  тик чактуу жана бетеге – кылкандуу өсүмдүктөр  өсөт. Орто бийиктиктеги тоолордун талаа  ландшафтары негизинен  Байбиче, Нарын кырка тоолорунун капталдарында кеңири тараган түрү. Тоолуу шалбаа ланшафтары 2700-3000 м бийиктик тилкесиндеги нымдуурак капталдарда таралган. Өсүмдүктөрү өтө  продуктивдүү келип, составы ар түрдүү. өтө сейрек жыгач-бадал өсүмдүктөрү бар. Шалбаалуу талаа ландшафтары жайкы жайыт үчүн тоют жана чп чабык катары чарбада кеңири пайдаланылат.

     Биийк тоолуу  субальпы шалбаа жана шалбаалуу талаа  ландшафтары 3400-3800 м бийиктик тилкесинде орун алган. Субальп  шалбаалары көбүнчө тоолордун түндүк жана  ага жакыныраак түндүк - батыш, түндүк - чыгыш капталдарында өөрчүйт.  Мында шалбаага аралаш жапалак арча, төө куйрук, кээде жапыз  бойлуу шилби, тал жана карагай өсөт.

      Альпы шалбаасы жана шалбаалуу  талаа алкагы 3500-3800 м бийиктикте орун алган. Июлдун орточо температурасы 10º градустан  төмөн. Жарым жылдан ашык убакыт бою өтө калың  кар катмары каптап жатат, жай мезгилдеринде да жаан-чачындын  көбү  катуу түрдө  түшөт.

Көп жылдык тоңгон тектер менен грунттар үзгүлтүксүз  тарагандыктан өтө жумшак альпылык тоолуу шалбаа топурактары анча терең  эмес  пробрилге ээ. 20-30 см ден кийин  эле алар жергиликтүү тектердин деллювийге  жана жыштуу моренага өтөт. Суук климаттык  шартта, кыска салкын  жай ичинде  өсүмдүктөр  толук өөрчүп  жетише албайт. Өсүмдүктөрү  көбүнчө майда жалбырактуу, гүлдөрү  чоң  аябай жана ачык ачык. Түркүн чөп дан өсүмдүктүү шалбаа тоолордун  тескей беттеринде ташы жок же аз шагылдуу топурактарда да таралган. Нымдуу жерлерди  ыраңдуу шалбаа ээлейт. Күнөстүү капталдарда шалбаалуу талаа  ландшафтары  көбүрөөк кезигет. Өсүмдүктөрдүн составында бетегелер, айрыкча  эдельвейс, жылтыр гүл, ала гул ж.б. басымдуулук кылат. Альпы алкагында  өзгөчө  бийик келген жогору бөлүгүндө  аска - шагылдуу  беттер көп болуп, мында өсүмдүктөр сейрек кездешет.

         Чарбалык жактан альп шалбаасы  жана шалбаалуу талаа  ландшафты  жайыт катарында пайдаланылат.

        Ландшафтын тоо-аскалуу нивалдык тиби 3800 м ден жогорку 4300 м бийиктикте тараган. Тоолордун кыр-жондорун, аскалуу чокуларын, шагылдуу-корумдарын, тор чуңкурларын  мөңгүлөр  менен  көп жылдар бою ээрибей жаткан карлар ээлейт. Климаттык шарты өтө татаал болгондуктан аяздык талкаланып бузулуу  процесстери өөрчүйт, бардык жерде тоң  жатат. Зонанын төмөн жагында гана бирин-серин өсүмдүктөр  тоо хрупкасы, мамык чөп кээде дриадоцвет кезигет. Аска бетинде  жана  корум таштарда  жабышып эңилчек өсөт. 4200 м ден жогору эңилчек, мамык чөп да болбойт. Мөңгү жана кардан суу башаттары башталат.

Адабияты:

1.Бассейн реки Нарын. Физико-географическая характеристика.-Фрунзе., 1960

2.Бакиров Н.Б. «Кыргызстандын бийик тоолуу өрөөндөрүнүн географиясы (Нарын областы)», « Мектеп» басмасы.-Фрунзе, 1972.

3.Койчиев Т. «Тоо арасындагы өрөөндөр» - Фрунзе, «Мектеп», 1985.

4.Кыргыз ССри. Энцклопедия.-Фрунзе, 1985

5.Кыргыз жергеси.Энцклопедия.-Фрунзе.1990.

 

 

 

 

 

 

 

 

География, экология жана аларды от.

                                               кафедрасынын магистранты

                                                            Сүйүндүкова Мейизгүл Иманалиевна

Орто Нарын өрөөнүнүн суу ресурстары жана аларды пайдалануу

 

      Нарын суусунун бассейнинин ортоңку бөлүгүнүн геосистемаларынын сапаттык абалы айыл чарбасында суунун абалына жана аны керектөө байланыштуу. Жаан-чачын аз болгон кургакчыл шарттарда жерлердин биологиялык азыктуулугун жогорулатуунун маанилүү жолдорунун бири сугат болуп эсептелет.  Айыл чарба өсүмдүктөрүн  сугаруу үчүн суу ресурстары сугатка колдонулат.  Булардын көпчүлүк бөлүмүн жылдык орточо чыгымы 0,5 м 3/ сек. Аймактын баардык суулары Нарын дарыясынын алабына кирет. Алардын эң ирилери-Жаман-Даван, куртка, Коргон, Аксай дарыялары. Булардын жылдык орточо көлөмү 245,75 млн м3.  Ал эми вегетациялык көлөмү 153,51 млн м3 түзөт. Негизинен өрөөндүн бардык дарыялары кар мөңгүлөрдөн жана булактардан куралат. Дарыялардын кириши июль-авгус айларына туура келет.  Өрөөндө мал чарбачылыгы өнүккөндүктөн суу алар үчун биринчи орунда.

       Жайында бардык булактардын суусу негизинен сугатка пайдаланылат. Өрөөндөрдөгү суу булактарын ушул аймакта жайгашкан Нарын жана Акталаа райондорунун айыл-кыштактары сугатка пайдаланылат. Нарын райондук  25,5 миң га жери 7 чарба аралык жана 330 ички чарбалык сугат системалары аркылуу сугарылат.

       Бул системалардан суу алыш үчүн көптөгөн каналдар, 1221 суу бөлгүч курулмалар, 139 суу өлчөгүч, 6 туруктуу электештирилген насостук жана 3 суткалык суу сактагыч курулган. Чарба аралык сугат системаларына Чоң Нарын каналы (1984-ж. курулса, узундугу 860 км, суу өткөрүмдүүлүгү 7,0 м3/сек), Куланак каналы (1986-ж. курулган, сууну Нарындан алат, узундугу 33 км, суу өткөрүмдүүлүгү 7,0 м3/сек), Он-Арча 1 каналы (1972-ж. курулган, сууну Он-Арча суусунан алат, узундугу 24,5 км, суу өткөрүмдүүлүгү 5,5 м3/сек), Он-Арча 2 каналы (1974-ж.курулган, сууну Он-Арча суусунан алат, узундугу 14,7 км, суу өткөрүмдүүлүгү 2,0 м3/ сек), Кара-Талаа каналы (1978-ж. курулган, сууну Кажырты суусунан алат, узундугу 10,0 км, суу өткөрүмдүүлүгү 1,5 м3/сек), Кажырты каналы (1964-ж крулуп, сууну Кажырты суусунан алат, узундугу 22,3 м3/сек). Райондогу насостук станцияларга: Куланак (1968-ж. Нарын дарыясына курулган, 4 агрегат коюлган ар бири 1,8 м3/сек сууну 32 м бийиктикке көтөрүп 5,1 миң га жер сугарылат). Көөдөн (1985-жылы Нарын дарыясына курулган 3 агрегаттын ар  бири 0,36 м3/ сек, сууну 126 м бийиктикке көтөрүп, 400 га жер сугарылат). Он-Арча 1 (Он-Арча суусуна курулган, орнотулган агрегаттын ар бири 1,25 м3/ сек, сууну 87 м бийиктикке көтөрүп 2,4 миң га жер сугарылат), Он-Арча 2 (1974-жылы Он-Арча суусуна курулган, 4 агрегаттын ар бири 0,6 м/сек. Сууну 83 м бийиктикке көтөрүп, 1,250 га жер сугарылат), Кажырты (1978-жылы Кажырты суусуна орнотулган, 4 агрегаттын ар бири 0,55 м3 /сек, сууну 94 м бийиктикке көтөрүп, 960 га жер сугарылат).

      Суткалык суу сактагычтар: Куланак (1969-жылы курулган, сыйымдуулугу 450 миң км, бетинин аянты 4, 7 км) Кажырты (1977-жылы сууну Кара-Талаа каналынан алат, сыйымдуулугу 80 миң км, бетинин аянты 3,2 км 3); Ленинчил Жаш (1978-жылы Карабүк каналынан алат, сыйымдуулугу 83 миң м, бетинин аянты 2,0 км 3 ). Ирригациялык курулуштар Нарын районунун сугат тармак башкармалыгына карайт. Акталаа районунун ирригациялык курулмалары райондун 17,3 миң га жери төрт чарба аралык сугат системасы, 10 ички чарбалык каналдар жана 3 туруктуу насостук станция менен сугарылат. Чарба аралык сугат системаларына: сууну Терек суусунан алуучу Жаман-Даван системасы (2 канал Эски-Чегиртке, узундугу 27 км, Жаңы Чегиртке узундугу 12 км)   жана Чоң Бактыгул системасы(узундугу 10 км) кирет. 16 ички чарбалык каналдардын жалпы узундугу 616, 1 км. Мындан тышкары 3 насостук станция иштейт. Алабуга  насостук станция 1984-жылы курула баштаган. Ошондон бери 1132 га жер өздөштүрүлүп, 6,7 млн сомдук курулуш монтаждоо иштери аткарылган. Стациянын кубаттуулугу 5000 кВт, өндүрүмдүүлүгү 4,8%.  Жерге-Тал насостук станциясына 3 насос коюлган, алардын ар бири 300 м сек. Сууну 72 м бийиктикке чыгарып жалпы 365 га жер сугарылат. Балансында 70,3 км чарба аралык, 468 км. Ири чарбалык каналдары бар ал 658 км.аралыгына лотоктор коюлган. 3 электр насостук станция ИБСР 15962 га сугат аянтын ээлейт.

Таблица 1

Нарын облусунун агроклиматтык зоналарынын мүнөздөмөсү.

 

Зонанын индекси

Деңиз деңгээлинин бийиктиги

Кыртыштын басымдуулук кылуучу тиби

Айлардын ичинде нымдын жетишсиздиги

Зоналык коэффициентК3

ЦЖ

1200-1600

Ачык боз топурактуу

650

1,18

ЦЗ

1600-2000

Ачык боз топурактуу

350

1,00

ЦИ

1800-2400

Кара коңур, өтө эле каракоңур

450

0,82

ЦК

2400-3000

Өтө эле кара коңур, тоо-шалбаалык кыртыш

350

0,64

ЦЛ

2800-3200

Тоолордогу талаа шалбаалуу-талаа жана шалбаалык субальпий кыртыштар

250

0,45

ЦМ

3000-3600

Бийик тоолордогу талаа, Дерново-жарым торфтуу кыртыштар

 

 

(Нарын облусунун дыйканчылыгынын илимий 1 жактан негизделген системалары)

      Жер ресурстарынын шор топуракка, саздак жерге айланышынын, суу ресурстарынын булганышынын негизги себептери болуп саналат. Нарын облусунда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сугаруунун өтө ылайыктуу режимин түзүү үчүн агроклиматтык зона термикалык шарттарынын өзгөчөлүктөрү, жаан-чачындарынын өлчөмү, жер кыртышынын катмары, деңиз деңгээлинен  канчалык бийиктикте тургандыгы менен айырмаланат. Агроклиматтык зоналарды бөлуштүрүүдө жер астындагы суулардын жер астын жайгашуусунун деңгээли эсепке алынды. Жер астындагы суулар айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сугаруунун режимин жана ыкмаларын аныктап турат.

                             

Таблица 2

                    

Облустун гидромодулдуу райондору боюнча айыл чарба өсүмдүктөрунүн сугаруунун ылайыктуу режимдери

 

А/ч өсүмдүктөрү

Гидромодулдуу район

Сугаттардын саны

Сугаттык норма м3/га

Сугат мезгили

Башталышы

Аякташы

Жаздык эгиндер

Автоморфтуу

53

4900-4600

16.04

25.07

Полигидроморфтуу

42

3900-3300

21.04.

25.07

Гидроморфтуу

32

3100-2500

26.04.

25.07

Көп жылдык чөптөр

Автоморфтуу

75

9800-9100

11.04

30.09

Полигидроморфтуу

74

7700-6500

16.04

30.09

Гидроморфтуу

63

6100-5000

21.04

30.09

Картошка

Автоморфтуу

53

5200-4800

1.05.

30.08

Полигидроморфтуу

74

7700-6500

16.04

30.08

Гидроморфтуу

63

6100-5000

21.04

30.08

Жашылчалар

Автоморфтуу

75

7700-7200

1.05

10.09

Полигидроморфтуу

53

6100-5100

6.05

10.09

Гидроморфтуу

53

4800-4000

11.05

10.09

Отургузулган көп жылдык өсүмдүктөр

Автоморфтуу

84

8000-7400

11.04

30.09

Полигидроморфтуу

63

6300-5300

16.04

30.09

Гидроморфтуу

53

5000-4100

21.04

30.04

 

(Нарын облусунун дыйканчылыгынын илимий жактан негизделген маалыматы боюнча)

   Гидромодулдуу кылып райондондоштурууда 4-автоморфтуу, 3 полугидроморфтуу район бөлүнгөн, ошонун негизинде азоттук жер семирткичттердин эн ылайыктуу нормалары иштелип чыккан, бул норма картошка үчүн гектар сайын 0,3 кг/ц, дан эгиндери үчүн -2,3 кг/ц, жаздык буудай үчун 3,1 кг/ц, жашылча өсүмдүктөру үчүн 0,3 кг/ц түзөт.

  Нарын бассейнинин ортоңку бөлүгүнүн жер ресурстарынын абалына тоо кендери казып чыгаруучу өнөр жайы терс таасирин тийгизүүдө.

 

1-сүрөт.

    Пайдалуу кендерди казып алуунун технологиясы өркүндөлбөгөндүктөн айлана-чөйрө булганууда, биоценоз жок кылынып жатат. Тоо  кендерин иштетүүдөн улам бузулуп аянычтуу абалга келип калган жаратылыш ландшафттарын калыбына келтирүү үчүн рекультивациялык жумуштарды жүргүзүү зарыл.  «Макмал алтын кен комбинатынын аймагындагы алтынды казып алуу учурунда жумуштар аяктаганга чейин кыртыштын асылдуу катмарын өзүнчө казып алып, бир жерге чогултуп үйүп коюу, кен казуу жумуштары бүтүрүлгөндөн кийин кыртыштын асылдуу катмарын калыбына келтирүү зарыл. Анын асылдуу катмарын калыбына келтирүү үчүн ал жерге беде айдоо, бак-дарактардын жана бадалдардын көчөттөрүн отургузуу органикалык-минералдык жер семирткичтерди чачуу менен бул жумуштарды жүргүзүүдө гидрогеологиялык шарттар эсепке алынууга тийиш.

Адабияты:

1.      Абылгазиев Б. Водные ресурсы Киргизии и их охрана. Фрунзе, 1975

2.      .Бакиров Н.Б. «Кыргызстандын бийик тоолуу өрөөндөрүнүн географиясы (Нарын областы)», « Мектеп» басмасы.-Фрунзе, 1972.

3.      Большков М.Н. Водно-энергетический ресурсу Кырг. ССР.Фрунзе.; 1960

4.       Лагужин Е.И. Жер астындагы суулар. Кыргызстандын жайыттары. Фрунзе, 1976.

 

География, экология жана аларды от.

                                               кафедрасынын магистранты

                                                            Сүйүндүкова Мейизгүл Иманалиевна

 

Орто - Нарын өрөөнүнүн  табигый ландшафттарынын учурдагы абалы

 

Орто  Нарындын аймагындагы тоолуу ландшафттардын азыркы мезгилдеги абалын анализдөө бардык бийиктик деңгээлдеринде антропогендик таасирдин жогорулаганын аныктайт. 

Азыркы учурда калктуу пункттардын пайда болушу жана дыйканчылыктын өнүгүшүнө байланыштуу  Нарын жана Тогузторо ойдуңдарында жана тоо этектериндеги табигый геосистемалардын  структурасында тынымсыз өзгөрүүлөр жүрүп жатат, чарбачылыкта колдонулбаган табигый ландшафттар дээрлик калбай калды.

Ошондуктан жер, суу, минералдык ресурстарга бай Орто-Нарын аймагынын табигый жана антропогендик ландшафттарынын учурдагы абалын, адамдын жашоо тиричилигинде пайдаланылышын комплекстүү изилдөө актуалдуу болуп саналат.

Орто Нарын физикалык-географиялык районуна Нарын жана Тогузторо ойдуңдары ошондой эле аларды карап курчаган тоо кыркалары тиешелүү. Ички Теңир-Тоодо Эки Нарындан тартып Ак-Шыйрак кырка тоосуна чейин созулуп жатат. Узундугу 170 км.  Түндүктөн  Нура, Арча-Таш, Баук, Молдо-Тоо, түштүктөн  Нарын - Тоо, Ала-Мышык, Кара - Тоо, Байбиче-Тоо,  Жаман - Тоо  тоо кыркалары курчап турат.

Бул аймактын тоо кыркалары жана ойдуӊдары  Тянь-Шандын ортоңку жана түштүк бутактарын бөлүп туруучу бирдиктүү тектоникалык иймектин бир бөлүгү болуп саналат. Мындан тышкары эки ойдуңдун табигый шарттары окшош. Алар чаптардын жана өзөндөрдүн кеӊири таралышы, климатынын кургакчылыгы, ошондой эле какыраган талаа жана кумдак ландшафтарынын басымдуулугу менен айырмаланат.

Жер бетинин түзүлүшү жагынан бири-биринен айырмаланып турган бул эки ойдуңду физикалык-географиялык бир районго бириктирүү жана геологиялык өнүгүшүнүн жалпылыгы В.М.Чупахиндин (2) жана В.А.Благобразовдун (1960) эмгектеринде ачык-айкын негизделген.

Ошол эле учурда, алгач ойдуңдардын түбүнүн ар түрдүү абсолюттук бийиктиги менен байланышкан айырмачылыктарды дагы эске алыш керек. Тогуз-Торо ойдуңунун түбү, Нарын ойдуӊунукуна караганда 1000 метрге ылдый, ушуга байланыштуу бул жерде жай мезгили ысык жана анын ылдыйкы бөлүктөрү Орто Нарын районунун башка бөлүктөрүндө кездешпеген  боз топурактуу келет.

Кескин континенталдуу климаты, бийик жайгашышы, дарыялар жана алардын куймалары, мөӊгүлөр азыркы учурдагы рельефинин морфологиялык мүнөздүү белгиси болуп саналат.

Орто Нарын өрөөнүнүн климаты кескин  континенталдуу, бул жерге кышкысын кар аз жаайт жана суук. Кыштын узактыгы 4,5-5 айга созулат, абанын температурасы -20-250 чейин төмөндөйт,  орточо температурасы +25 0С барабар. Өрөөндө абанын салыштырма    нымдуулугу   декабрь-март айларында   70-78%,    ал    эми    жылуу мезгилде    апрель-октябрда   43-54%ке    чейин    өзгөрөт.   

Бирдей бийиктикте жайгашкан түндүк жана түштүк жантаймаларында абанын температурасы жана нымдуулугу боюнча эң чоң айырмачылыктар байкалат.

Ички Тянь-Шандын Ортоңку Нарын өрөөнүндөгү ландшафттык ар түрдүүлүгү жана татаалдыгы анын рельефинин өнүгүү тарыхы, орографиялык түзүлүшү, гипсометрикалык абалы,  баардык тараптан бийик тоолор менен курчалып турушу жана деңиз деңгээлинен ар түрдүү бийиктикте жайгашышы менен шартталган. Ландшафтардын пайда болушуна жана өрчүп өнүгүшүнө эрозия, мөңгүнүн  иш-аракети, көчкү, сел ж.б геоморфологиялык процесстер таасирин тийгизип, алардын бийиктик алкактуулугу ачык жана так байкалат.

Жалпысынан алганда Орто Нарын өрөөнүнүн ландшафттары тоо ландшафттары классына киргени менен рельефтин алкактуулугу боюнча төмөнкүдөй бийиктик зоналарында: тоо этегинде - талаа темгилдери бар чөл жана жарым чөл, тоо этегинде жана бөксө тоолордо - кургак талаа жана талаа; орто бийиктиктеги тоолордо - шалбаа жана шалбаалуу токой, бийик тоолуу аймактарда - шалбаа жана шалбаалуу талаа, бийик тоолуу аймактарда- сырт, гляциалдык-нивалдык ландшафттар кездешет [3]. Бирок, тереӊирээк изилдей келгенде өрөөндүн бийиктик алкактуулугунун структурасы өтө татаал. Себеби, тоолуу рельефтин шартында бийиктик ландшафттык зоналар бири-бирине өтүп кетишет жана өзүнүн  жергиликтүү  спектрлерин да пайда кылат.

Табигый ландшафттар ар кандай адамдын чарбачылык иш аракеттеринин таасиринин натыйжасында өзгөрүп антропогендик ландшафттардын калыптанышына алып келет. Антропогендик ландшафттар табигый ландшафтар сыяктуу эле адамдын иш-аракеттерине жараша классификацияланат.

Нарын жана Тогузторо ойдуңдары, Нарын жана Жалалабад облустарынын негизги айыл чарба райондорунун  бири болуп саналат. Мында өздөштүрүлгөн жерлер орто эсеп менен 40% ти түзөөрүн Э.К. Азыкова [1]  белгилеген. Азыркы мезгилде Орто - Нарын өрөөнүндө чарбачылыкта колдонулбаган табигый ландшафттар дээрлик калбай калды.

Калктуу пункттардын пайда болушу жана дыйканчылыктын өнүгүшүнө байланыштуу  Нарын жана Тогузторо ойдуңдарында жана тоо этектериндеги ландшафттар түп тамырынан бери өзгөрүп бара жатат. Орто тоолордогу токой-талаа-шалбаа жана субальпы ландшафттары, алардын түзүлүшү мал жаюунун жана дарактарды, бадалдарды кыркуунун натыйжасында өзгөрүп баратат. Бийик тоолуу-альпы ландшафттары жана гляциалдык-нивалдык зоналарга жетүү кыйын болгондуктан адамдар тарабынан өздөштүрүлбөгөн ландшафттар болуп саналат. Орто - Нарын аймагы социалдык-экономикалык маанисине жараша төмөндөгүдөй ландшафттар кездешет: өнөр жай (техногендик), айыл чарба (айдоо жерлери жана жайыттар), урбандаштырылган, транспорттук, токой, суу  чарба, рекреациялык, корулуучу ландшафттар (4).

Учурда Орто  Нарындын аймагындагы тоолуу ландшафттардын жалпы ксерофитизациялоо тенденциясы өсүп бараткандыгын көрсөтөт. Топурак кыртышынын жана өсүмдүктөрдүн физикалык-химиялык, биологиялык касиеттери өзгөрүп, геосистемалардын түшүмдүүлүгү азайып бара жатат. Каралып жаткан райондо агротехникалык ыкмаларды пайдалануу деңгээлинин төмөндүгү, жерди иштетүүнүн өнүгүшү топурак кыртышынын шор топуракка айланышына мүмкүндүк берет. Жерлерди жыл сайын бир эле маданий өсүмдүктөрдү айдоо жердин асылдуу катмарынын төмөндөшүнө, отоо чөптөрдүн, зыянкеч кемирүүчүлөрдүн жана курт-кумурскалардын көбөйүшүнө алып келет. Каралган райондогу орто жана бийик тоолордун арасы ири мүйүздүү малдар жана кой эчкилер үчүн жайыт катары пайдаланылат.

Ортонку Нарын ойдуӊунда  табигый  -  аймактык комплекстерге өзгөчө таасир этүүчү төмөнкү факторлорду бөлүп кароого болот:

1. Айыл чарбасы, анын ичинен мал чарбачылыгы жана дыйканчылык;

2. Сугат иштери жана таза суу проблемасы

3. Токойлордун кыркылышы

Азыркы учурда жер ресурстары натыйжасыз колдонулуп жатат. Айдоо аянттарынын (анын ичинен сугат жерлеринин) маанилүү бөлүгү алардын чарбачылыктагы мааниси эске алынбастан өнөр – жай, маданий-тиричилик ж.б. объектилерди курууга жумшалып жатат. Өзгөчө Нарын шаарынын, райондук борборлордун, ири калк жашаган пункттардын айланасында байкоого болот.

Орто Нарын районунун жерди иштетүү зоналарында 50 миң га жакын айдоо аянттары бар, анын ичинен 35 миң га сугат жерлер. Үч райондун (Нарын, Акталаа, Тогузторо) айыл-чарба жерлеринин структурасында айдоо аянттары 4 % ин ээлейт. Жерлердин аз айдалышы мүнөздүү. Кошумча айдоо аянттарына колдонулуучу жер ресурстары абдан аз. Жер иштетүү мал чарбачылыгында жана керектүү жер жемиштерди (картошка, жер жемиштер) өстүрүүдө колдонулат. 

Нарын  облусунда жерди иштетүүгө топурактын суу жана шамал эрозиясы чоң зыян келтирүүдө. Нарын (84,3%), Тогузторо (80,6%) жана Акталаа (71,9%) райондорунун айдоо аянттары көп эроззияга учурап жараксыз абалга келип жатат. Дээрлик  бардык айдоо жерлери тоолордун этектерине жайгашкан, ушунун өзү суу эрозиясынын күч алып өөрчүшүнө мүмкүндүк берет. Туура эмес сугаруунун натыйжасында жердин үстүңкү асылдуу катмары жуулуп кетет да,  топурак кыртышынын  ирригациялык эрозиясы өнүгөт. Акталаа районунда топурактын бир кыйла бөлүгү шамал эрозиясына учураган, натыйжада топурактын майда топурактуу алда канча асылдуу катмарын шамал учуруп кетет.

Маданий өсүмдүктөр   ландшафттардын биологиялык азыктуулугунун азайышынын негизги себептеринин бири болуп саналат, анткени алар кыртыштан аш болумдуу заттарды сиңирип алышат, табигый биологиялык алмашууну бузушат.

Сугат жерлеринен мелиоративдик абалы жылдан-жылга начарлоодо. Бул суу  жасалгаларынын, скважиналарынын бузуктугунан каржылоонун жетишсиздигинен  жана буудай, арпа өсүмдүктөрүнөн алынган түшүмдүн баасы төмөндөп кеткендигинен улам болууда.

Каралган райондун аймагында 90-жылдардан бери минералдык, органикалык жер семирткичтер дээрлик пайдаланылбайт, агротехниканын алдыңкы ыкмалары колдонулбайт.

Бул  аймакта шор топурактуу аймактардын аянты жылдан-жылга көбөйүүдө, анткени он жыл ичинде кыртыштын шор топуракка айланышынын алдын-алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн эмес.  Шор топурактуу жерлерди өздөштүрүү белгилүү кыйынчылыктарды жаратат. Шор топурактуу аймактарда сугатты жетишсиз жүргүзүү экинчи ирээт кыртыштын шор топуракка айланышына алып келет. Куланак массивинин аймагында тоо этектериндеги ойдуӊдардагы туздуу топурак кеӊейип, палеоген- неогендик туздуу катмарларга жакындаган сайын шор топуракка айланып бара жатат. Бул катмарлар Куланак ойдуӊунун кыртышынын шор топуракка айланышынын негизги себеби болуп саналат.  

Мамлекет тарабынан каржыланбай, айыл чарба мониторинги жүргүзүлбөй, жерлердин жеке менчикке өтүшү жана калктын экологиялык аң-сезиминин деңгээлинин төмөндүгү буга чоң себепкер болгон.

Айыл чарба жерлерин туура эмес сугаруунун натыйжасында жердин сазга айланышы күч ала  баштаган. Кыргыз агрохимстанциясынын маалыматы боюнча Нарын облусунда саздак ландшафттар 28,1 миң га  аянтты ээлейт. Сугат жерлери болсо 0,5 миң га түзөт (2005-жылда). Жер астындагы суулардын деңгээлинин жогору көтөрүлгөн жерлерде нымдуулук бууланып, туздарды кыртыштын үстүнө алып чыгат. Жер астынан көтөрүлгөн суулардын деңгээлин облустук масштабда жоюу үчүн дренаждык тармактар иштейт, азыркы учурда аларды тазалоо жумуштарын жүргүзүү талап кылынууда.

Нарын  районунун бассейнинин ортоңку бөлүгүндөгү ойдуӊдарда жер ресурсттарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн топурактын асылдуулугун жогорулатууга багытталган айыл чарба иш-чараларынын комплексин жүргүзүү зарыл. Топурактын асылдуулугун жогорулатуунун негизги жолдору - бул илимий жактан негизделген  которуштуруп айдоону колдонуу  жана өздөштүрүү,  минералдык жана органикалык жер семирткичтерди туура колдонуу, топуракты негизги иштетүүнү жана айыл чарба өсүмдүктөрүн багып өстүрүү боюнча агротехникалык бардык иш чараларды, ошондой эле топуракты эрозиядан коргоо жана аны мелиорациялоо боюнча иш чараларды да талаптарга ылайык өз убагында жүргүзүү болуп эсептелет. Эрозияга каршы иш-чаралар биринчи кезекте эрозияга алып келген себептерди четтетүүгө багытталууга тийиш

Жер семирткичтерди туура колдонуу түшүмдүүлүктү 50% жакын көтөрүүгө мүмкүндүк бермек. Тогузторо ойдуңуна минералдык жер семирткичтерди жеткирүүнүн кыйынчылыгын эске алып, биринчи кезекте жергиликтүү жер семирткичттерди – кык, кампост ж.б. колдонуу зарыл. Алардын запасын туура пайдалануу чарбалардын муктаждыктарын толук канаттандырат.

Нарын жана Тогузторо ойдуңдарынын сугат жерлеринин кыртышынын структурасын түзүү үчүн көп жылдык чөптөрдү  айдоо зарыл. Аны жазында отоо чөптөрү жок таза аянттарга өстүрүү керек. Көп жылдык чөптөрдүн түшүмдүүлүгүн арттыруу талааларда тоют өндүрүүнүн негизги резерви болуп саналат.

Шор топурактуу кыртышка органикалык жер семирткичтерин, гипсти чачуу жакшы натыйжаларды берет. 2000- жылдан   бери иштеп жаткан Куланак гипс цехи шор топурактуу участоктордун тузун кетирүү боюнча дурус натыйжаларды берип жатат. Жыл сайын цех тарабынан 40-50 тонна жогорку сапаттагы гипс өндүрүлүүдө, бирок  айыл чарбасында  ага карата суроо- талап жок. 

Жайыттарды туура эмес пайдалануу тоолордун беттериндеги кыртыштардын начарлай баштоосунун жана эрозиясынын күчөшүнүн маанилүү  себептеринин бири болуп саналат. Өзгөчө тоо этектериндеги жайыттарды рационалдуу пайдалануу үчүн жер  участокторун айдоого, сугарууга болбойт, малдарды жайытка улам-улам жая берүү жарабайт. Жайыттарды пайдаланууну туура уюштуруу, алардын абалын жакшыртуу зарыл. 

Жайкы жайыттардын түшүмдүүлүгү малдын кайтарылышынын даражасына түздөн-түз байланыштуу. Жайытты эс алдырбай малдарды бир эле жерге кайра-кайра жая бергендиктен, такырайып тапталып калат

Мында жайлоолордун түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн чөптөрдүн вегетациялык эрежелерин сактоо керек.

Тоо этектериндеги ландшафттарга малды кайта-кайта жая берүүдөн жер кыртышынын структурасы бузулуп,  башкача айтканда жазгы-күзгү жайыттар отоо чөптөргө басылып, эрозияга дуушар болууда. Жазгы-күзгү жайыттардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жер семирткичтер таптакыр пайдаланылбайт.

Жайыттардын арасында түшүмдүүлүгү боюнча Тогузторо району айырмаланып турат, анын жаратылыш шарттары Нарын бассейнинин ортоңку бөлүгүнүн калган райондоруна караганда мыкты, анын үстүнө малдары жайлоого аз чыгарылат, ошондуктан жайыттардын түшүмдүүлүгү жылдын бардык мезгилинде жогору.

Акталаа районунда кышкы жайыттар жаратылыш шарттары боюнча жарды, мындан тышкары чөбү тапталып, жайыттарынын көп жеринин оту кетүүдө.

Жайыттарды туура эмес пайдалануунун  натыйжасында  жаратылыштын эң  негизги байлыктарынын   бири болгон топурак кыртышы көп жапа чеккен. Өрөөндүн жайыттарынын жылаңач 20%тен ашык нымдалган кезде койлордун, алардын туяктарынын астында  ныкталышат да, ичине аба өткөзбөй калат. Союз тарагандан тартып мал санынын кескин азаюуусу оттуулугу төмөндөп, кунары кетип бара жаткан жайкы жайыттардын жакшырылышына өбөлгө түздү .

Ал эми жазгы - күзгү жайыт катары пайдаланган ички жайыттардын Шабыр, Ак - Терек, Кыргоо, Узун - Булак, Сары  - Жыгач,  Жон -Булак,  Бел - Булак, Көк-Тоо сыяктуу бөксө  тоолуу жайыттардын абалы барган сайын начарлап, чөптөрдүн ботаникалык составы азайып, аларда  мал жебей турган уулуу чөптөр  көбөйүүдө. 

Айрыкча кийинки жылдарда күйүүчү майдын, транспорттук финансы каражаттарынын жетишсиздигинен   улам  фермерлер алыскы жайлоолорго көчүп  бара алышпай  жай  мезгилинде  да жазгы - күзгү  жайыттарды  пайдаланышууда. Натыйжада, бул жайыттардын сапаты начарлап, такырга айланууда.

Жайыттарды рационалдуу пайдалануу жана  алардын азыктуулугун жогорулатуу үчүн төмөнкүдөй иш-чараларды пайдалануу зарыл:

1.     Бир катар жылдар бою белгилүү жайыт участогунда пайдалануу сезондорун алмаштырып туруу. Биринчи жылда аймакты жазгы күзгү жайыт катары, ал эми кийинки жылда кышкы жайыт катары пайдалануу.

2.     Бир  сезондун чегинде малды жаюучу участокторун кездештирүү, мында жайытты белгилүү участокторго бөлүп кезек менен улам бирине жоюу керек.

3.     Жарактуу   жерлерди  комбинацияланган чөп чабык-жайыт катары пайдалануу.

Жайыттардын абалын жакшыртуу үчүн пайдалуу аянттарын кеңейтүү максатында таштарын терүү да зарыл. Чөптөрү эң суюк жайыттарга өзгөчө беде, кара беденин  уругун себүү жакшы натыйжаларды берет.

Сазга айланып бараткан ландшафттардын чөптөрүн чаап алуу алардын кургоосуна мүмкүндүк берет. Малды бир эле жерге жая берүү саздак жердин пайда болушуна алып келет. Жайыттардын  чөп чабыктарды туура эмес сугаруу кыртышты шор топуракка жана саздак жерге айлантаарын эске алуу зарыл. Төмөнүрөөк жакка жайгашкан участоктор саздак жерге айланбасын үчүн атайын арык казып пайдаланылган сууну бөлөк жакка бурууну уюштурууга болот.

Саздак жерге айланган жайыттарда кургатуучу иш чараларды көрүү зарыл, бул иш-чараларга керексиз дарактарды кыюу, бадалдарды жок кылуу, ал жерге көп жылдык чөпттөрдү эгүү кирет. Нарын жана Алабуга сууларынын жээктерине бойлото ит мурун жана талдарды отургузуп, токой тилкелерин түзүү талапка ылайык.

Нарын суусунун бассейнинин ортоңку бөлүгүнүн ландшафттарынын сапаттык абалы айыл чарбасында сууну пайдалануудан көз каранды. Айыл чарба өсүмдүктөрүн  сугаруу үчүн суу ресурстары сугатка колдонулат.  Аймактын баардык суулары Нарын дарыясынын алабына кирет. Алардын эң ирилери – Жаман - Даван, Куртка, Коргон, Аксай дарыялары. Булардын жылдык орточо көлөмү 245,75 млн м3.  Ал эми вегетациялык көлөмү 153,51 млн м3 түзөт. Негизинен өрөөндүн бардык дарыялары кар мөңгүлөрдөн жана булактардан куралат.

Туура эмес сугаруу, сууну үнөмсүз пайдалануу суу ресурстарынын булганышынын, шорлошунун, саздакталышынын негизги себептери болуп саналат.

Сугат арыктары аркылуу сугарууда алардын узундугун, туурасын, сугаруу мөөнөтүн жана суунун сарпталышын эске алуу керек. Ички чарбалык каналдардын начар абалынын кесепетинен техникалык коромжулуктар арбып бараткандыгы байкалат, ушундан улам суунун жасалма түрүндөгү тартыштыгы пайда болууда. Насостук станциялар техникалык жактан эскиргендиктен, аларды жанылоо талап кылынат.

Жер үстүндөгү жана жер астындагы суулардын абалына байкоо жүргүзүү жана көзөмөлдөө үчүн экологиялык мониторинг уюштуруу зарыл. Суу тазалоочу курулуштарды куруу суу ресурстарын коргоо боюнча негизги иш-чаралардын бири болуп саналат. Нарын шаарындагы жана пгт Достуктагы тазалоочу курулуштары абдан эскирип бүткөн.

Жер астынагы сууларды коргоо үчүн алгач таштандылардын жайгашышына, өзгөчө Нарын шаарында көӊүл буруу зарыл. Жер үстүндөгү жана жер астындагы суулардын булганышынын алдын-алуу үчүн таштанды ташталуучу жерди башка жакко которуу керек.

Изилденип жаткан аймактын гидроэнергетикалык ресурстары (Ат – Башы ГЭСи) экологиялык жактан таза тармак болуп саналат. Бирок плотиналардын начар абалы айыл-чарба айдоо аянттарынын суу астында калуу коркунучун туудурат. Ошондуктан аларды абалын дайыма дыкат көзөмөлдөп туруу зарыл.

Тоо беттеринде чөбү тапталып, кунары кеткиче малды жая берүү, токойлору өздөрүн өзү билип отунга  кыйып кетүү тоо беттеринин кыртышы жуулуп, эрозияга учуроонуна, катып калуусуна жана сел жүрүү алып келет.

Экономикалык каатчылыктын кучөп жатышы, отундун, курулуш материалдарынын жетишсиздиги токой ресурстарынын массалык түрдө кыйылып жатышынын негизги себеби болуп саналат.

90-жылдардан тартып токой ресурстарын сарамжалсыз пайдаланылышына жана географиялык экологиялык  принципттердин сакталбагандыгына байланыштуу жаратылыш кырсыктары (сел, жер көчкү) болуп жаткандыгы айдан ачык байкалууда.

Ошентип, бул райондогу ландшафттар табигый закон ченемдүүлүктөрдүн негизинде калыптанып жана өнүгүп, адамдын жаратылышка тийгизген таасиринин натыйжасында жаӊы нукка өзгөрүп бара жаткандыгы изилдөөлөрдүн натыйжасында далилденди. Ошондуктан каралып жаткан аймакта табигый ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, жаратылышты коргоо иш – чараларын жүргүзүү бул уникалдуу, кооз, чарбачылыкта маанилүү табигый геосистемаларды сактап калууга шарт түзөт.

Жыйынтыктар:

1.     Ички Тянь-Шандын Орто Нарын ойдуңунда табигый ландшафттар бийиктик алкактуулугу боюнча жиктелген. Жалпысынан алганда төмөнкүдөй бийиктик зоналарында: ойдуңда - чөл жана жарым чөл талаалары, тоо этегинде жана бөксө тоолордо - кургак талаа жана талаа; орто бийиктиктеги тоолордо - шалбаа жана шалбаалуу токой, бийик тоолуу - шалбаалар жана шалбаалуу талаалар, бийик тоолуу аймактарда - сыртттар, гляциалдык-нивалдык ландшафттар кездешет.

2.     Табигый ландшафттарга бийиктик алкактуулугуна жараша климаттык шарттары, геологиялык өзгөчөлүктөрү жана биологиялык ар түрдүүлүгү мүнөздүү.

3.     Орто Нарын аймагындагы социалдык-экономикалык маанисине жараша төмөндөгүдөй антропогендик ландшафттар кездешет: өнөр жай (техногендик), айыл чарба (айдоо жерлери жана жайыттар), калк жашаган пункттар (шаар жана айыл кыштактар), транспорттук, токой, суу  чарба, рекреациялык, корулуучу ландшафттар.

4.     Изилденген аймак минералдык, энергетикалык жана жер суу табигый ресурстарына бай.

5.     Табигый жана антропогендик геосистемаларды өздөштүрүү, чарбачылыкта пайдалануу топурак кыртышынын жана өсүмдүктөр катмарынын начарлашына (топурактын суу жана шамал эрозиясы, шорлонуу, жайыттардын деградациясы), калк жашаган пункттарда, өнөр – жай ландшафттарында айлана – чөйрөнүн булганышына алып келген.

6.      Орто-Нарын ойдуңунун табигый ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, жаратылышты коргоо максатында комплекстүү изилдөөлөрдү жана иш-чараларды жүргүзүү зарыл.

Адабияты:

1.     Азыкова Э.К. Географические основы рационального использования и охраны горных геосистем Кыргызстана. Автореф. дисс... докт. геогр. н. – Бишкек, 1993. – 71 б.

2.     Азыкова Э.К., Криницкая Р.Р. Ландшафты Киргизии. Развитие географических наук в Киргизии - Фрунзе, 1980.  С. 103 – 137б

3.     Атлас Киргизской ССР. – Москва, 1987

4.     Атышев К. Кыргызстандын туризм географиясы. – Бишкек, 1996

5.     Баженов Н.К. Засоленные почвы Киргизии и пути их мелиорации. –Фрунзе, 1973. – 148 б.

6.     Бокоева Э.Т. Геосистемы внутреннего Тянь-Шаня, их рациональное использование и охрана (на примере средней части бассейна реки Нарын): автореферат дисс…. к.г.н. – Бишкек, 2008. – 24 б.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 


География, экология жана аларды от

География, экология жана аларды от

Биринчи типтеги ландшафтар литогендик негизинин кыймылдары, жуулуп кетүү процесттеринин басымдуулук кылышы, жергиликтүү тектердин жер үстүнө чыгып жатышы, тилмеленген мунөздөгү рельефи менен айырмаланат

Биринчи типтеги ландшафтар литогендик негизинин кыймылдары, жуулуп кетүү процесттеринин басымдуулук кылышы, жергиликтүү тектердин жер үстүнө чыгып жатышы, тилмеленген мунөздөгү рельефи менен айырмаланат

Тоо этегиндеги жарым чөл ландшафты

Тоо этегиндеги жарым чөл ландшафты

Кургак талаалардын чөбүнүн гектарына 7 ц

Кургак талаалардын чөбүнүн гектарына 7 ц

Тоо капталдарындагы ландшафттык структураларды өзгөртүп турууучу табигый процесстер жана кубулуштар 3 зонага ээ

Тоо капталдарындагы ландшафттык структураларды өзгөртүп турууучу табигый процесстер жана кубулуштар 3 зонага ээ

Түркүн чөп дан өсүмдүктүү шалбаа тоолордун тескей беттеринде ташы жок же аз шагылдуу топурактарда да таралган

Түркүн чөп дан өсүмдүктүү шалбаа тоолордун тескей беттеринде ташы жок же аз шагылдуу топурактарда да таралган

География, экология жана аларды от

География, экология жана аларды от

Мындан тышкары 3 насостук станция иштейт

Мындан тышкары 3 насостук станция иштейт

Көп жылдык чөптөр Автоморфтуу 75 9800-9100 11

Көп жылдык чөптөр Автоморфтуу 75 9800-9100 11

География, экология жана аларды от

География, экология жана аларды от

Орто Нарын районунун башка бөлүктөрүндө кездешпеген боз топурактуу келет

Орто Нарын районунун башка бөлүктөрүндө кездешпеген боз топурактуу келет

Нарын жана Тогузторо ойдуңдары,

Нарын жана Тогузторо ойдуңдары,

Орто Нарын районунун жерди иштетүү зоналарында 50 миң га жакын айдоо аянттары бар, анын ичинен 35 миң га сугат жерлер

Орто Нарын районунун жерди иштетүү зоналарында 50 миң га жакын айдоо аянттары бар, анын ичинен 35 миң га сугат жерлер

Бул катмарлар Куланак ойдуӊунун кыртышынын шор топуракка айланышынын негизги себеби болуп саналат

Бул катмарлар Куланак ойдуӊунун кыртышынын шор топуракка айланышынын негизги себеби болуп саналат

Куланак гипс цехи шор топурактуу участоктордун тузун кетирүү боюнча дурус натыйжаларды берип жатат

Куланак гипс цехи шор топурактуу участоктордун тузун кетирүү боюнча дурус натыйжаларды берип жатат

Айрыкча кийинки жылдарда күйүүчү майдын, транспорттук финансы каражаттарынын жетишсиздигинен улам фермерлер алыскы жайлоолорго көчүп бара алышпай жай мезгилинде да жазгы - күзгү жайыттарды пайдаланышууда

Айрыкча кийинки жылдарда күйүүчү майдын, транспорттук финансы каражаттарынын жетишсиздигинен улам фермерлер алыскы жайлоолорго көчүп бара алышпай жай мезгилинде да жазгы - күзгү жайыттарды пайдаланышууда

Негизинен өрөөндүн бардык дарыялары кар мөңгүлөрдөн жана булактардан куралат

Негизинен өрөөндүн бардык дарыялары кар мөңгүлөрдөн жана булактардан куралат

Жыйынтыктар: 1. Ички Тянь-Шандын

Жыйынтыктар: 1. Ички Тянь-Шандын

Баженов Н.К. Засоленные почвы

Баженов Н.К. Засоленные почвы

Орто Нарын ороонунун ландшафты чарбада пайдалануу проблемалары

Орто Нарын ороонунун ландшафты чарбада пайдалануу проблемалары
Материалы на данной страницы взяты из открытых истончиков либо размещены пользователем в соответствии с договором-офертой сайта. Вы можете сообщить о нарушении.
07.08.2020