Ош мамлекеттик педагогикалык университети
Ырысбаева Айсырга Алмаматовна-окутуучу.
E-mail:aisyrga160209@mail.ru
Байланыш үчүн тел:0772621772
ПАНДЕМИЯ МЕЗГИЛИНДЕГИ QR-КОД ТЕХНОЛОГИЯСЫНЫН КОЛДОНУЛУШУ.
Аннотация: Өтө тездик менен өнүгүп жаткан технология тармагында QR код технология да өзүнүн ордун тапкан. QR код жөнөкөй жана коопсуз технология. QR код бардык чөйрөлөрдө колдонулат: Мисалы, веб-сайттарда, пакеттерде, визиткаларда, соодада, өндүрүштө, көчө белгилеринде, колдонмо китептеринде, жарнамаларда, басма сөз каражаттарында. Көптөгөн компаниялар жана адамдар ушул коддорду айрым маалыматтарды сактоо жана жайылтуу үчүн колдонушат. Ошондой эле корановирус пандемиясынын кесепетинен 2020-жылдын март-апрель айларында бир катар өлкөлөр QR кодду жарандардын кыймылын көзөмөлдөө максатында киргизе башташты. Мындан тышкары, QR коддорун колдонуп, саламаттыкты сактоо тармагы популярдуу тиркемелердин ичинде мини-программасын ишке киргизди. Демек, бул технологияны мобилдик телефонуңузга жүктөңүз жана анын артыкчылыктарын толугу менен пайдаланыңыз.
Негизги сөздөр: QR код, Штрих код, интернет, web-сайт, шилтеме, генератор
Ырысбаева Айсырга Алмаматовна-преподаватель.
Ошский государственный педагогический университет
ПРИМЕНЕНИЕ ТЕХНОЛОГИИ QR-КОДА В ПАНДЕМИИ
Аннотация: Технология QR-кода также нашла свое место в быстро развивающейся технологической индустрии. QR-код – это простая и безопасная технология. QR-коды используются во всех сферах: например, на веб-сайтах, упаковках, визитках, торговле, производстве, уличных знаках, руководствах, рекламе, печатных СМИ. Многие компании и частные лица используют эти коды для хранения и распространения определенной информации. Также в результате пандемии Коран вируса в марте – апреле 2020 года ряд стран начали вводить QR-коды для отслеживания передвижения граждан. Кроме того, с помощью QR-кодов отрасль здравоохранения запустила мини – программу в популярных приложениях. Итак, загрузите эту технологию на свой мобильный телефон и воспользуйтесь всеми ее преимуществами.
Ключевые слова: QR код, Штрих код, интернет, web-сайт, ссылка, генератор
Yrysbaeva Aisyrga Almamatovna- teacher.
Osh state pedagogical university
APPLICATION OF QR CODE TECHNOLOGY IN THE PANDEMIC
Annotation: QR code technology has also found its place in the fast – growing technology industry. QR code is a simple and secure technology. QR codes are used in all areas: for example, on websites, packaging, business cards, trade, manufacturing, street signs, manuals, advertising, print media. Many companies and individuals use these codes to store and distribute certain information. Also, as a result of the Covid-19 pandemic in March- April 2020, a number of countries began to introduce QR codes to track the movement of citizens. In addition, the healthcare industry has launched a mini-program in popular applications using QR codes. So, download this technology to your mobile phone and take full advantage of it.
Key words: QR Code, Barcode, Internet, Website, Link, Generator
QR-код англис тилинен алынып «Quick Responce - тез жооп коду» дегенди түшүндүрөт. QR-код - эки өлчөмдүү штрих-код. Көрүнүшү ак фондо, төрт бурчтуу торчого жайгаштырылган. Камералар менен тез окууга жана таанууга ылайыкташтырылган кара төрт бурчтуктардын жыйындысы. QR коддорун атайын тиркемелерди жана онлайн кызматтарын колдонуу менен түзүү оңой. Натыйжада, сиз кара чекиттерден жана боштуктардан турган чарчы аласыз. QR код форматы 1994-жылы япониялык Denso компаниясы тарабынан иштелип чыккан жана алгач заводдордогу процесстерди автоматташтыруу үчүн колдонулган. 2000-жылдары QR-код камералары бар смартфондордун пайда болушунан улам кеңири жайылган. Кадимки бир өлчөмдүү штрих-коддон айырмаланып, бир топ чоң маалыматтарды камтыйт. Башкача айтканда 7089 сандарга чейин же 4296 тамга жана атайын белгилерди камтыса болот. Ошондой эле, QR коду камера бир бурчун көрсө да окуй берет. QR коду веб-сайттарда, пакеттерде, визиткаларда, жарнамаларда, басма сөз каражаттарында пайдаланса болот. Көптөгөн компаниялар жана адамдар ушул коддорду айрым маалыматтарды сактоо жана жайылтуу үчүн колдонушат. 2010-жылдары, алгач Кытайда, андан кийин башка өлкөлөрдө төлөм системасын аткарууда QR кодду пайдалануу популярдуулукка ээ боло баштаган.Ошондой эле транспортто да кеңири колдонулат. Алардын жардамы менен билеттин номерин кодировкалоо мүмкүн, аны турникет же контроллер терминалды колдонуп окуйт. Биз эң көп колдонгон учур ватсап тиркемесин компьютерде окуу учурунда пайдаланабыз.
Интернеттен алынган маалыматтарга караганда төмөндөгү мамлекеттер пандемия учурунда QR коддун мүмкүнчүлүгүн пайдаланышкан.
Биринчи жолу COVID-19 пандемия учурунда QR коддорунун технологиясы Кытайда колдонула баштады, буга чейин бул технология орнотулган төлөм системалары бар мобилдик тиркемелерде колдонулуп келген. Кытай калкынын инсандык күбөлүктөрүн QR кодун окуу функциясы бар тиркемелерге кошумча байланыштырылды. Мындай QR коду транспорттун же мекеменин кире беришинде, ошондой эле коомдук жайларда (соода борборлору, базарлар, кафелер, парктар ж.б.) сканерден өткөрүлүшү керек. Маалымат көзөмөлдөөчү органдардын маалымат базасына кирет, бул адамдын коронавирустун белгилерин бар жарандар менен болгон байланыштары, анын өзгөчө жуккан аймактарга барышы же карантиндик шарттарды бузгандыгы жөнүндө билүүгө мүмкүндүк берет.
Францияда апрель айынан баштап жарандар QR кодун пандемияга байланыштуу өлкөдө киргизилген өзүн - өзү изоляциялоо шарттарында үйүнөн чыгып кетүү мөөнөтүн тастыктоочу паспорттор катары колдоно башташкан. Жарандар он күндүн ичинде QR коддору буга чейин киргизилген кагаз түрүндөгү уруксат кагаздарын толугу менен алмаштырышы керек болгон. Коддорду Ички иштер министрлигинин же өкмөттүн веб-сайтынан алуу жана PDF форматында смартфонго басып чыгаруу же жүктөө керек. Кагаз түрүндөгүдөй эле, интернетте аты жөнү, фамилия, дареги, үйдөн чыгуу себеби, кеткен күнү жана убактты көрсөтүү керек. Текшерүү учурунда QR кодун милицияларга көрсөтсө болот.
Малайзиянын эң ири штатында - Саравакта бардык конокторго жекелештирилген QR коду бар билерик берилген. Алар күнүнө эки жолу QR кодун сканерлөө менен абалын жана жайгашкан жерин билдиришип туруусу керек. Тунисте QR коду өлкөгө кирген туристтерди каттоодо колдонулат.[2]
QR коду менен штрих – коддун айырмасы
1-сүрөт
1) формасы жана көрүнүшү
Штрих коддор көбүнчө тик бурчтуу формада жана сканерлөөчү апараттар тарабынан горизонталдык түрдө окулат. QR код төрт бурчтук түрүндө түзүлүп, маалыматтарды туурасынан көрсөтөт.
2) Шифрленген маалыматтын көлөмү
QR коду штрих-кодго караганда көбүрөөк маалыматтарды жана шифрленген белгилерди камтыйт.
3) Маалыматтардын түрү
Продукция жөнүндө негизги маалыматтар адатта штрих-коддордун артында жашырылат: баасы, өндүрүүчүсү ж.б. QR код пассивдүү, бирок көлөмдүү маалыматты камтыйт, мисалы, жарнамалар үчүн URL даректер жана веб-сайттын ачылуучу барактары.
2-сүрөт.
Азыркы учурда Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө жүрүп жатат. Эмдөө алган жарандарга QR код сунуштаймын. Бул QR код паспорт сыяктуу берилет. QR кодко эмдөө алгандыгы тууралуу маалымат камтылат. Эмдөө алгандыгы тууралуу талап кылган жерге өзүнүн кол телефонунан деле сканерлеп көрсөтүп койсо болот. Эми ушул QR кодун жасап көрөлү, мен кирүү үчүн Google браузерин тандап, издөө кызматынан QR кодун түзүүнү суранам. Издөө натыйжаларында, мен QR коддорун түзүү боюнча көптөгөн кызматтарды алам, QR coder. ru шилтемесин сунуш кылам, анткени ал абдан тез, жөнөкөй жана ишенимдүү, бул QR коду кызматына шилтеме болуп саналат жана биз QR кодун генераторуна киребиз.
3-сүрөт
Бул жерде бир канча билдирүүлөр бар. Ушул билдирүүлөрдүн ичинен врач жазган справканы сүрөт, текст кылып QR коддун ичине камтып койсок болот. QR кодунун өлчөмүн тандап алгандан кийин, анын өлчөмү сүрөттүн чоңдугун түшүндүрөт. Өлчөмдү тандап, кодду жаратабыз, ошондо бир секундага жетпеген убакытта QR кодун түзүп, биз жүктөп алабыз, андан кийин оң баскычынан сүрөттү сактап алабыз. Эми даяр болгон сүрөттү паспорт сыяктуу принтерден чыгарып, Эмдөө алган жарандарга берсек болот. 4-сүрөт
Жыйынтыгында 4-сүрөттөгүдөй QR кодун алабыз. Бул чындыгында QR кодун түзүүдө эч кандай татаал нерсе жок. тексттик маалыматты коддоо андан да оңой, сизге керектүү текстти киргизип, QR кодун түзүү үчүн тандайбыз жана иш жүзүндө бүттү, сиз даяр QR кодун аласыз.
Жыйынтыктап айтканда, бул QR коддорунун ар кандай түрлөрүн иштеп чыгуу үчүн колдонсоңуз болот. Максатыңызга жараша генератор аркылуу QR коддорун түзүп, вебсайт ачуу, PDF файлын көрүү, музыка угуу, Youtube видеолорун көрүү, сүрөт файлдарын сактоо, WiFi тармагына туташуу жана башка көптөгөн нерселерди жасай аласыз.
Онлайн кызматтар:
· ua.qr-code-generator.com/
· qrcoder.ru/
· qrcode.tec-it.com
· qr-code-generator.online/
· qr-code.com.ua
· imgonline.com.ua
· qrcode.website
адабияттар:
1) Леонид Бугаев. Мобильный маркетинг. Как зарядить свой бизнес в мобильном мире. — М.: Альпина Паблишер, 2012. — 214 с. — ISBN 978-5-9614-2222-1.
2) ГОСТ Р ИСО/МЭК 18004-2015 Информационные технологии. Технологии автоматической идентификации и сбора данных. Спецификация символики штрихового кода QR Code
3) Евгений Онегин» — теперь и в QR-коде
Скачано с www.znanio.ru
© ООО «Знанио»
С вами с 2009 года.