Сан удаалаштыгы
Оценка 4.6

Сан удаалаштыгы

Оценка 4.6
Документация
docx
математика
9 кл
19.12.2021
Сан удаалаштыгы
9-класска сабак берген жаш мугалимдерге жардам
9- кл Пл_к_сан удаал.docx

_____________________________                                                                               9-класс

 

Сабактын темасы:  Сан удаалаштыгы   (1 саат)                                

 

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: Сан удаалаштыгын  чыгарууда анын берилиш жолдоруна карата чыгарууну түшүндүрүү  жана көндүм кылып калыптандыруу:

 

Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулардын сан удаалаштыгын чыгаруу көндүмдөрүн өнүктүрүү;

 

Тарбия берүүчүлүк:  Окуучулардын эсептерди чыгарууда салыштырып чыгаруу менен дүйнөгө болгон көз карашын калыптандыруу, тазалыкка, методдорду пайдалануу менен туура  жана так аткара билүүгө тарбиялоо

 

Сабактын тиби: Жаны билим берүү менен окуучулардын билимин, билгичтигин, көндүмүн калыптандыруу жана өркүндөтүү сабагы

 

Сабактын ыкмасы: мугалимдин жетекчилиги менен окутуу жана эсептерди чыгаруу  ишин жүргүзүү

 

Жабдылышы: китеп, доска, бор, электрондук журнал, таратма материал (Математикалык диктант)

 

Уюштуруу моменти:

Саламдашуу, окуучулардын сабакка даяр болуусу,  жагымдуу маанай түзүү менен балдардын сабакка болгон максатын түшүндүрүү

Үй тапшырмасын текшерүү.

Билимдерин актуалдаштыруу:   Турмуштагы удаалаштык деген сөзгө түшүнүк берүү;

Мисал келтирүү.

Окуучулар берилген суроолорго жооп берип, логикалык схема түзүү менен бүгүн сабакта кандай тема өтүлө түргандыгын жана анан максатын аныкташат: Доскага число, тема жазылат.

Бүгүнкү сабактын темасы: Сан удаалаштыгы  

Билим берүү жана аларды алгачкы өздөштүрүүлөрү:

Биз балдар, удаалаштык деген сөздү математика илимине алып келсек, 5-класстан өткөн натуралдык сандардын катарын жаза алабыз.

1, 2, 3, 4,..., n, n+1, …

Же ар бир натуралдык санга өзүнүн квадраты туура келсин дейли:

1, 4, 9, 16,..., n2, n+12, …

Натуралдык сандарга тескери сандар:

Булардын ар бири удаалаштык болуп эсептелет: 1) натуралдык сандардын удаалаштыгы;

2) натуралдык сандардын квадраттарынын удаалаштыгы; 3) натуралдык санга тескери сандын удаалаштыгы деп аталат.

Эгер, ар бир  n  натуралдык санга кандайдыр бир an чыныгы саны туура келе турган эрежени кабыл алсак, анда

a1, a2, a3, ..., an, an+1, ...

сан удаалаштыгы берилди деп айтабыз.

Ар бир an саны удаалаштыктын мүчөсү, ал эми  n болсо анын катар номери деп аталат.

Сан удаалаштыгын n-мүчөсү аркылуу туюнтууга болот:

1)      n+1, n=0,1, ...

2)      n2, n=0,1, ...

3)   n=1, 2, ...

 

Көнүгүүлөрдү чыгаруу менен алган билимдерин бышыкташат.  №1;  №2 (а,б; г; е; ж; и);  №3 (в,  г).

Сабакты жалпылоо: Математикалык диктант №1 жүргүзүү  жана рефлексия.

Өзүн – өзү текшерүү өзүн баалоо, бири-бирин текшерүү аркылуу бирин-бири баалоо.

Сабакты жыйынтыктоо.

Үй тапшырманы жазуу:  III глава  § 1.  № 4 -№10

 

 

Математикалык  диктант №1

«Удаалаштык» темасы боюнча

 

1.      3 кө эселүү болгон удаалаштыктын алгачкы беш мүчөсүн жазгыла.

Жооп: ______________________________ .

2.      10 го эселүү удаалаштык чектүүбү же чексизби?

Жооп: ______________________________ .

3.   удаалаштыгынын  жана  мүчөлөрүнүн ортосунда жайланышкан мүчөлөрдү жазгыла.

         Жооп: ____________________________ .

4.        удаалаштыгынын   жана  мүчөлөрүнүн ортосунда канча мүчө бар?

         Жооп: ____________________________ .

5.      Удаалаштык   формуласы менен берилген.  - мүчөсүн жазгыла.

         Жооп: ____________________________ .

6.      Үч орундуу жуп сандардын акыркы мүчөсүн жазгыла.

         Жооп: ____________________________ .

7.      Эгерде  жанаболсо,  удаалаштыгынын алгачкы үч мүчөсүн тапкыла.

Жооп: ______________________________ .

_____________________________________________________________________________


 

Сабактын темасы : Сан удаалаштыгы (1 саат)

Сабактын темасы : Сан удаалаштыгы (1 саат)

Сабакты жыйынтыктоо. Үй тапшырманы жазуу:

Сабакты жыйынтыктоо. Үй тапшырманы жазуу:
Материалы на данной страницы взяты из открытых истончиков либо размещены пользователем в соответствии с договором-офертой сайта. Вы можете сообщить о нарушении.
19.12.2021