Предмети : Кыргыз тили Классы : 8-класс
Сабактын темасы : Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү.
Сабактын максаттары :
Билим берүүчүлүк |
Өнүктүрүүчүлүк |
Тарбия берүүчүлүк |
Окуучулар сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү тууралуу кеңири маалымат алышат. |
Окуучулар сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрүн катыштырып сүйлөм түзүүнү жана көнүгүүлөр менен иштөөнү өздөштүрүшөт.
|
Окуучулар сабаттуу жазууга жана адабий тилдин нормасында өз оюн кенири айта алууга көнүгүшөт. |
Көрсөткүчтөр :
Билим берүүчүлүк |
Өнүктүрүүчүлүк |
Тарбия берүүчүлүк |
Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрүн жана анын мүнөздүү белгилерин үйрөнүшсө: |
Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрүн сүйлөм ичинен таба билүүнү жана аларды катыштырып сүйлөм түзүүнү өздөштүрүшсө;
|
Көнүгүүлөр аркылуу сабаттуу жазууга жана мекенчил болууга тарбияланышса; |
Окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр :
Тилдик компетенттүүлүк |
-сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрүн таба билишет жана анын мүнөздүү белгилерин билет. |
Кептик компетенттүүлүк |
-өзүнүн кебине байкоо жүргүзүү аркылуу өз оюн кенен түшүнүктүү бере алат.Кебинде сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрүн колдоно алат. |
Маданий компетенттүүлүк |
-кебинин бай жана орундуу болуусуна аракеттенет. |
Сабактын жабдылышы : окуу китеби,интерактивдүү доска,ноутбук,таблица,таркатмалар.тесттер
Сабактын тиби : жаңы билимди берүү сабагы
Сабактын усулу : окуп-үйрөнүү ишмердүүлүгүн уюштуруу усулу.
Сабактын жүрүшү :
Сабактын этаптары |
Убак тысы |
Мугалимдин ишмердүүлүгү |
Окуучунун ишмердүүлүгү |
НК |
ПК |
Баалоо |
||||||||||
Уюштуруу |
3мин |
Мугалим окуучулар менен саламдашат. Класстын тазалыгын көзөмөлдөйт. Жагымдуу маанай түзөт. « Өз элиңди,өз тилиңди,өз жериңди,өз ата-салтыңды үйрөн,бил жана аны көздүн карегиндей сакта! Ал сенин өмүрүң, көрөр күнүң,ичер сууң!» К.Тыныстанов
|
Окуучулар мугалим менен саламдашышат.
|
НК 3 |
ПК 2 |
|
||||||||||
Өтүлгөн теманы кайталоо |
5мин |
Мугалим суроолорду берүү менен өтүлгөн теманы кайталап,артка чегинүү жасайт. Сабактын урааны : Кайда болбоюн,кандай болбоюн,окуйм,изденем,үйрөнөм!»
|
Окуучулар өтүл-гөн теманы бышыкташат.
|
НК2 |
ПК2 |
|
||||||||||
Жаңы те-маны тү-шүндүрүү |
10 Мин
|
Бирдей суроолорго жооп берип,сүйлөмдө бирдей милдет аткарып,бири-бири менен байламталар же интонация аркылуу байланышкан сүйлөм мүчөлөрү сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү деп аталат. М : Атам,апам,агам жана мен конокко жөнөп жатабыз. Кыргыз тилинде бир өңчөй мүчөлөр өз ара эки жол аркылуу байланышат. 1) Интонация аркылуу: М: Айжандын өңү сулуу,жылдыздуу эле. 2) Байламталар аркылуу: жана,менен,же,же болбосо,ары,бирде
|
Окуучулар сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү, анын мүнөздүү белгилери тууралуу кеңири маалымат алышат.
|
НК1 |
ПК2 |
|
||||||||||
Өтүлгөн теманы бышыктоо |
10 мин
|
Мугалим окуучуларга ырааттулук менен көнүгүүлөрдү иштетет. 183-көнүгүү Элибиз эзелтеден ынтымакты,достукту жогору баалашат. 185-көнүгүү Сөз айкашынын тутумундагы сөздөр бири-бири менен байланыштын ....,......,.....,...... жолдору аркылуу тутумдашат. |
Окуучулар ырааттуулук менен көнүгүүлөрдү иштешет. |
НК1 |
ПК2,3 |
|
||||||||||
Талкуулоо үчүн суроолор
|
10 мин |
Мугалим окуучуларга тесттерди иштетет.суроолорду берет. 1. Сүйлөмдөн бир өңчөй мүчөлөрдү тап. Алайдан,Оштон,Баткенден коноктор келишти. А) Алайдан Б) Алайдан,Оштон,Баткенден В) коноктор Г) келишти 2. Сүйлөм мүчөлөрүнүн байланы- шуу жолдору. А) интонация Б) байламталар В) интонация жана байламталар Г) синтаксистик
|
Окуучулар тесттерге жооп беришет. |
НК2,3 |
|
|
||||||||||
Сабакты жыйынтык тоо
|
5мин |
Мугалим сабакты жыйын- тыктоо максатында таркатмаларды таркатат. |
Окуучулар таркатмалардагы суроолорго жооп беришет. |
НК3 |
ПК2,3 |
|
||||||||||
Үйгө тапшырма |
2мин |
Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрүн катыштырып 5 сүйлөм түзүп келүү.
|
Сүйлөм түзүп келишет. |
|
|
|
© ООО «Знанио»
С вами с 2009 года.