Тоо кен онор жайынын географиясы
Оценка 4.8

Тоо кен онор жайынын географиясы

Оценка 4.8
Образовательные программы
doc
география
10 кл—11 кл +1
08.08.2020
Тоо кен онор жайынын географиясы
Тоо-кен өнөр жайы. Кийинки кездерде тоо-кен өнөр жайынын дүйнөлүк чарбадагы мааниси төмөндөп бара жатса да таасирин жогото элек жана эл аралык эмгектин географиялык бөлүштүрүлүшүндө, өнөр жайдын географиясында азырынча мааниси зор. Тоо-кен өнөр жайы биринчи кезекте кен чыккан жер менен кен керектелүүчү жайдын айырмачылыктарын жоюу, континенттер аралык жүк ташуу жана жаңы жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү маселелери менен байланышкан. КМШнын аймагын эсепке албаганда дүйнөдө 10 миңге жакын отун энергетикалык, руда жана руда эмес кен байлыктар иштетилет. Кен байлыктардын ассортименти эң эле көп, алардын көлөмү да ар түрдүү. Жалаң эле көмүр менен нефть жылына 10 млрд тоннага жакын өндүрүлүп алынат. Темир кен-ташын казып алуу да ошол деңгээлге жакындап калды. Миллиондогон тонна боксит, фосфорит, марганец, күкүрт, жез, миңдеген тонна калай, никель, уран, кобальт, алтын ж.б. казылып алынат. Өткөн кылымдын 70-жылдарынын ортосуна чейин минералдык чийки заттарды өнүккөн өлкөлөргө чыгарып турган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр болгон. Бирок, 1970-жылдардан кийин чийки заттардын кризисинен тартып, Батыштын минералдык чийки заттар чарбасы олуттуу кайра кароого дуушар болду. Алар чийки заттарды үнөмдөө, өз ресурстарына таянуу жолуна түштү. Натыйжада Канада, Австралия жана ТАРда чийки заттардын мааниси өсө баштады. Бүгүнкү күндө Батыш Европа. АКШ жана Япония өзүлөрүнүн минералдык чийки заттарга болгон керектөөлөрүнүн 1/3 бөлүгүн өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн алат, калган бөлүгүн өз аймагынан казылып алынган чийки заттар менен жана Канада, Австралия, ТАРдан алып келип, канааттандырат. Жылына дүйнөлүк рынокко 450 млн т темир кенташы түшөт. Эң ири экспорттоочулар Бразилия, Индия, Венесуэла, экинчи жагы Канада, Австралия жана ТАР. Деңизде темир кенташы «көпүрөсүнүн» калыптанышы алар менен байланыштуу. Эмгектин эл аралык географиялык бөлүнүшүндө дүйнөлүк чарбада кен байлыгы боюнча сегиз «улуу өлкө» калыптанган. Экономикасы жакшы өнүккөн өлкөлөрдөн буларга АКШ, Канада, Австралия, ТАР, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн Бразилия, Индия, ал эми өткөөл экономикалуу өлкөлөрдөн - Кытай менен Россия кирет. Бул өлкөлөргө Украина, Казакстан, Мексика жакындайт. Үчүнчү «эшелонду» кен байлыктын бир түрү менен белгилүү өлкөлөр түзөт. Мисалы, Чили, Перу жана Замбия үчүн жез өндүрүп алуу өнөр жайы, Малайзия үчүн - калай, Гвинея менен Ямайка үчүн - боксит, Марокко үчүн - фосфорит казып чыгаруу. ИТР кендин запасына, анын концентрациясына, экономикалык - географиялык абалына, ачык казып алуу мүмкүнчүлүгүнө катуу талаптарды койду. Бирок, ачык казып алуунун айлана чөйрөгө тийгизген тескери таасирлерин да эске алуу керек.
Тоо кен онор жайынын географиясы.doc

 Тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы

  5. Тоо-кен өнөр жайы. Кийинки кездерде тоо-кен өнөр жайынын дүйнөлүк чарбадагы мааниси төмөндөп бара жатса да таасирин жогото элек жана эл аралык эмгектин географиялык бөлүштүрүлүшүндө, өнөр жайдын географиясында азырынча мааниси зор. Тоо-кен өнөр жайы биринчи кезекте кен чыккан жер менен кен керектелүүчү жайдын айырмачылыктарын жоюу, континенттер аралык жүк ташуу жана жаңы жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү маселелери менен байланышкан.

КМШнын аймагын эсепке албаганда дүйнөдө 10 миңге жакын отун энергетикалык, руда жана руда эмес кен байлыктар иштетилет. Кен байлыктардын ассортименти эң эле көп, алардын көлөмү да ар түрдүү. Жалаң эле көмүр менен нефть жылына 10 млрд тоннага жакын өндүрүлүп алынат. Темир кен-ташын казып алуу да ошол деңгээлге жакындап калды. Миллиондогон тонна боксит, фосфорит, марганец, күкүрт, жез, миңдеген тонна калай, никель, уран, кобальт, алтын ж.б. казылып алынат.

Өткөн кылымдын 70-жылдарынын ортосуна чейин минералдык чийки заттарды өнүккөн өлкөлөргө чыгарып турган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр болгон. Бирок, 1970-жылдардан кийин чийки заттардын кризисинен тартып, Батыштын минералдык чийки заттар чарбасы олуттуу кайра кароого дуушар болду. Алар чийки заттарды үнөмдөө, өз ресурстарына таянуу жолуна түштү. Натыйжада Канада, Австралия жана ТАРда чийки заттардын мааниси өсө баштады. Бүгүнкү күндө Батыш Европа. АКШ жана Япония өзүлөрүнүн минералдык чийки заттарга болгон керектөөлөрүнүн 1/3 бөлүгүн өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн алат, калган бөлүгүн өз аймагынан казылып алынган чийки заттар менен жана Канада, Австралия, ТАРдан алып келип, канааттандырат.

 Жылына дүйнөлүк рынокко 450 млн т темир кенташы түшөт. Эң ири экспорттоочулар Бразилия, Индия, Венесуэла, экинчи жагы Канада, Австралия жана ТАР. Деңизде темир кенташы «көпүрөсүнүн» калыптанышы алар менен байланыштуу.

Эмгектин эл аралык географиялык бөлүнүшүндө дүйнөлүк чарбада кен байлыгы боюнча сегиз «улуу өлкө» калыптанган. Экономикасы жакшы өнүккөн өлкөлөрдөн буларга АКШ, Канада, Австралия, ТАР, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн Бразилия, Индия, ал эми өткөөл экономикалуу өлкөлөрдөн - Кытай менен Россия кирет. Бул өлкөлөргө Украина, Казакстан, Мексика жакындайт. Үчүнчү «эшелонду» кен байлыктын бир түрү менен белгилүү өлкөлөр түзөт. Мисалы, Чили, Перу жана Замбия үчүн жез өндүрүп алуу өнөр жайы, Малайзия үчүн - калай, Гвинея менен Ямайка үчүн - боксит, Марокко үчүн - фосфорит казып чыгаруу. ИТР кендин запасына, анын концентрациясына, экономикалык - географиялык абалына, ачык казып алуу мүмкүнчүлүгүнө катуу талаптарды койду. Бирок, ачык казып алуунун айлана чөйрөгө тийгизген тескери таасирлерин да эске алуу керек.

6. Металлургия өнөр жайы: багыттарынын тиби. Көп жылдар бою металл эритүүнүн деңгээли өлкөнүн кубаттуулугунун көрсөткүчү болуп келген. Өткөн кылымдын 70-жылдарындагы энергетикалык жана чийки заттардын кризисинен кийин металлургиянын өнүгүшү кескин төмөндөй баштаган. Биринчи кезекте бул кара металлургияга тийиштүү. 70-жылдардын ортосуна чейин бул тармак тез темп менен өнүгүп жаткан, кийин акырындап темпи төмөндөй баштады.

Ошондой болсо да XX кылымдын аягында XXI кылымдын башында болот эритүү 800 млн т жетти. Мындай төмөндөөнүн себеби биринчи кезекте металлды үнөмдөөнүн негизинде, экинчи айлана чөйрөнү коргоо иштери менен байланышкан.

Ошол эле убакта Түштүк менен Түндүк өлкөлөрүнүн арасындагы пропорция да өзгөрдү. Азыр дүйнөлүк эритилген болоттун 2/5си Түштүктүн өлкөлөрүнө (Кытай кошо) туура келет. Мындай кара металлургиянын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү карай «миграциясы» бир жагынан алардын индустриалашуусун, экинчиден «булганыч» өндүрүштүн Япониядан, Батыш Европадан жана АКШдан алыстатылышын мүнөздөйт. Дүйнөдө болот эритүү боюнча Чет өлкөлүк Азия (Кытай, Япония, Индия, Корей Республикасы) алдыңкы орунда. Мисалы, өзгөчө тез арымы менен кара металлургия Кытайда өнүгүп жатат. КЭР болуп, 1949-жылы жарыяланган мезгилде кара металлургия өлкөдө такыр жок болчу. 1970-жылы болот эритүү 15 млн т, 1980-жылы 37 млн т, ал эми 1996-жылы болсо 100 млн тоннага жетти. Азыр бул көрсөткүч боюнча Кытай дүйнөдө биринчи орунга чыкты.

Болот эритүү боюнча алдыңкы орундарда Чет өлкөлүк Европа (ГФР, Италия, Франция, Улуу Британия), Түндүк Америка (АКШ, Канада), КМШ өлкөлөрү (Россия, Украина).

Кара металлургия, адатта таш көмүр бассейндеринин базасында калыптанган, мисалы, АКШ, Чет өлкөлүк Европа, Украина, Россия, Кытайда. Экинчи кезекте алар темир кенташы бассейндеринин базасында калыптанган. Бирок, ИТР убагында тармактын маанисинин жалпы төмөндөшү байкалды. Алгач коксталуучу таш көмүр жана темир кенташын ташууга багытталуу күчөдү. Натыйжада, Япониянын, Батыш Европанын жана АКШнын кара металлургиясы деңиз портторуна жакын жайгашты. Кийинки жылдарда керектөөчү райондорго багытталып, чон комбинаттардын ордуна чакан заводдор курула баштады. Дүйнөлүк рынокко жылына 200 млн тоннага жакын кара металлдардын прокаты түшөт. Аларды экспорттоочу негизги өлкөлөр: ЕСке мүчө өлкөлөрү, Япония КМШ өлкөлөрү, импорттоочулар - АКШ, Кытай.

Түстүү металлургия өзүнүн өлчөмү боюнча кара металлургиядан 20 эсе аз. Түстүү металл, легирлелген жана баалуу металлдар эреже катары, кен- таш аз санда болгондуктан анын борборлорун кен чыккан жерлерге жакын жайгаштыруу ыңгайлуу. Ошондуктан, Азия, Африка жана Латын Америка өлкөлөрүндө түстүү металлургия колониялык убактан бери калыптанып калган. Мисалы, Борбордук Африкада жез өнөр жайынын зор тармагы өнүккөн. «Жез алкагы» деп аталган кен байлыктын чордону Конго Демократиялык Республикасынын аймагынан Замбияга чейин 500 кмге созулуп жатат. Ошол жерде казылып алынып, эритилип, тазартылбаган жез ташылып кетет. Оор металлдарга караганда женил металлдардын (алюминий) рудадагы үлүшү көп болгондуктан ташууга ыңгайлуу. Дүйнөдө казылып алынган бокситтин 1/3 бөлүгү экспорттолот. Деңиз аркылуу ташуунун орточо алыстыгы 7 миң км. Бокситтин эң зор запасы Австралиянын түндүгүнөгү Йорк жарым аралында. Боксит бул жерде ачык түрдө казылып алынып, башка өлкөлөргө ташылып кетет. Кийинки жыйырма-отуз жылдын ичинде Батыш Европа, АКШ, Японияда түстүү металлургиянын өнүгүү арымы басандай баштады. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө тескерисинче, тез арымы менен өнүгүүдө. Аны менен Азия, Африка, Латын Америкасынын постиндустриялуу өлкөлөрүндө жаңы өздөштүрүлгөн райондор пайда болду. Бирок, жаратылышты коргоо иштери «булганыч» өндүрүштү экономикалык жактан жакшы өнүккөн өлкөлөрдөн алыстатуу, экологиялык кырдаалды оңдоо аракеттерине байланыштуу.


Тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы 5

Тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы 5

Ошол эле убакта Түштүк менен Түндүк өлкөлөрүнүн арасындагы пропорция да өзгөрдү

Ошол эле убакта Түштүк менен Түндүк өлкөлөрүнүн арасындагы пропорция да өзгөрдү
Материалы на данной страницы взяты из открытых истончиков либо размещены пользователем в соответствии с договором-офертой сайта. Вы можете сообщить о нарушении.
08.08.2020