Транспорт географиясы
Оценка 4.7

Транспорт географиясы

Оценка 4.7
Образовательные программы
doc
география
10 кл—11 кл +1
08.08.2020
Транспорт географиясы
1. Транспорт - материалдык өндүрүштүн жетектөөчү үчүнчү тармагы. Транспорт - эмгекти географиялык бөлүштүрүүнүн негизи. Транспорттук ташуулардын көлөмү жана түзүлүшү, эреже катары, экономиканын деңгээлин, транспорттук торлор жана ташуулардын географиясы-өндүргүч күчтөрдүн жайгашуусун көрсөтөт. Транспорт ишканалардын адистешүүсүнө жана кооперативдешүүсүнө таасирин тийгизет. Ансыз материалдык байлыкты өндүргөн жер менен керектелчү жердин аралыгындагы маселелерди чечүү мүмкүнчүлүгү болбой калат, ошондой эле адамдардын бири-бири менен катташуусу кыйындайт. Бардык жолдор, транспорттук ишканалар жана каражаттар дүйнөлүк транспорттук системаны түзөт. Анын масштабы зор. Мисалы, дүйнөлүк транспортто 100 млндон ашык киши иштейт. Транспорттук жолдордун узундугу (деңизден башка) 42 млн км. Жылына транспорт менен 100 млрд тоннадан ашык жүк, триллиондой жүргүнчү ташылат. Бул ташууларда миллиондогон транспорт каражаттары катышат.
транспорт.doc

§ 17. Транспорт географиясы

1.       Транспорт - материалдык өндүрүштүн жетектөөчү үчүнчү тармагы.

Транспорт - эмгекти географиялык бөлүштүрүүнүн негизи. Транспорттук ташуулардын көлөмү жана түзүлүшү, эреже катары, экономиканын деңгээлин, транспорттук торлор жана ташуулардын географиясы-өндүргүч күчтөрдүн жайгашуусун көрсөтөт. Транспорт ишканалардын адистешүүсүнө жана кооперативдешүүсүнө таасирин тийгизет. Ансыз материалдык байлыкты өндүргөн жер менен керектелчү жердин аралыгындагы маселелерди чечүү мүмкүнчүлүгү болбой калат, ошондой эле адамдардын бири-бири менен катташуусу кыйындайт. Бардык жолдор, транспорттук ишканалар жана каражаттар дүйнөлүк транспорттук системаны түзөт. Анын масштабы зор. Мисалы, дүйнөлүк транспортто 100 млндон ашык киши иштейт. Транспорттук жолдордун узундугу (деңизден башка) 42 млн км. Жылына транспорт менен 100 млрд тоннадан ашык жүк, триллиондой жүргүнчү ташылат. Бул ташууларда миллиондогон транспорт каражаттары катышат.                                                                                ИТРдин таасири транспортко да тийип, транспорттун түрлөрүндө «эмгекти бөлүштүрүүнү» жүргүзгөн. Натыйжада, жолдордун өткөрүү мүмкүнчүлүгү жогорулап, транспорттун жаңы каражаттары пайда болуп, алардын сыйымдуулугу артып, ылдамдыгы тездеди. Темир жолдорду электрлештирүү уланып жатат. Эң тез магниттик аба жаздыгынын үстү менен жүргөн поезддер пайда болду. Автомобиль транспортунда электр, дизель, газ менен иштеген кыймылдаткычтарга көнүл бурула баштады.   Суу транспортунда атом кыймылдаткычтуу, суу астында канат коюлган, аба жаздыктын үстү менен жүргөн кемелерди жана автомобилдерди ташуучу кемелерди иштетүү башталды.                                                                     Сыйымдуулугу 300-500 кишилик аэробустар уча баштады. Кийинки кездерде үндөн ылдам учуучу учактарда жүргүнчүлөрдү ташууга көнүл бурула баштады. Жүктү контейнерлоо ташуунун мүмкүнчүлүгүн 7-10 эсеге арттырды.                                                                                          

1.                       Дүйнөлүк транспорттук системадагы географиялык айырмачылыктар:өлкөлөрдүн жана регнондордун эки тобу. Жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуунун географиясы бирдей эмес. Экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөрдүн транспорту, эреже катары, техникалык деңгээли жогору жана транспорт тармактарынын жакшы иштегени менен айырмаланат. Бул өлкөлөргө жүк жана жүргүнчү ташуунун 70-80%. ы туура келет. Транспорттук торлор менен камсыз болуу, анын жыштыгы жана калктын кыймылдуулугу боюнча да ал өлкөлөр алдыда.                                                                                                      

Кийинки жылдарда өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө да көп өзгөрүүлөр болду. Ошондой болсо да ал өлкөлөрдүн транспорту артта калууда. Бул өлкөлөрдөгү транспорттук системалардын жакшы өнүкпөгөндүгү алардын өнүгүп кетишине, жаратылыш байлыктарын өздөштүрүүгө, экономикалык райондордун калыптанышына тоскоолдук кылууда. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө транспорттун бир түрүнүн өнүгүшү мүнөздүү. Мисалы, Индияда, Пакистанда, Бразилияда темир жол, Жакынкы жана Ортоңку Чыгышта куур транспорту, Тропиктик Африкада дарыя транспорту өнүккөн, ушул убакка чейин поездди паровоз менен сүйрөтүү кала элек. Калктын кыймылы өнүккөн өлкөлөргө караганда бир нече эсе аз. Ушул убакка чейин жүк ташууга мал жана киши пайдаланылат.  Дүйнөлүк транспорттук системаны экиге бөлгөндөн башка, региондук транспорттук система жөнүндө сөз кылууга болот. Алар КМШнын, Түндүк жана Латын Америкасынын, Чет өлкөлүк Европа менен Азиянын транспорт системалары. Транспорттун бардыгы мааниси жана өнүгүүсү боюнча эле топтоштурулбастан, колдонуунун географиялык чөйрөсү боюнча да биригип, кургактык, суу жана аба транспорту болуп бөлүнөт.                                                                                                                      

2.       Кургактык транспорт жана анын негизги үч түрү.

 Автомобиль транспортун чыныгы XX кылымдын транспорту десе болот. Ал өткөн кылымдын башында түзүлүп, азыркы кезде цивилизациянын ажырагыс элементи болуп калды. Автомобиль жолдорунун узундугу 28 млн /кмге жетти жана дагы узарууда. Ал жолдордун жарымы беш өлкөнүн - АКШ, Индия, Бразилия, Кытай жана Япония аймагына тиешелүү. Алардан кийин Россия, Канада жана Франция турат. Автомобиль транспортуна, менчик автомобилдерди кошкондо жүргүнчүлөрдү ташуунун 4/5 бөлүгү туура келет. Бирок, автомобилдештирүүнүн деңгээли боюнча өлкөлөр бири-биринен кескин айырмаланат. Мисалы, Германия менен Италияда ар 1000 кишиге 500 жеңил машина, АКШ, Франция, Швеция, Канада, Японияда 400дон 500ге чейин, Россияда - 140, Африкада (ТАРды кошпогондо) - 10, ал эми Кытайда - 5 машина туура келет. Бул абал автомобиль транспортунун өнүгүүгө дагы көп мүмкүнчүлүгү бар экендигин көрсөтөт жана XXI кылымда ал өсө берет.

   Темир жол транспорту жүк ташууда өзүнүн мүмкүнчүлүгүнүг 10% га азайганына карабай, дагы эле кургактыктагы эң маанилүү транспорттун тармагы катары бааланат. Дүйнөлүк темир жол тармагы XX кылымдын башында эле калыптанып калган. Темир жол 140 өлкөдө болсо дагы, алардын ½ и он өлкөгө - АКШ, Россия, Канада, Индия, Кытай, ГФР, Аргентина, Австралия, Франция жана Мексикага таандык. Ошону менен катар айрым зор аймактарда темир жол сейрек же такыр эле жок. Бирок, XXI кылымдын башында трансконтиненттик темир жол магистралдары долбоорлонуп жатат. Мисалга, Стамбул, Ташкент аркылуу Пекинге чейин Улуу Жибек жолун кайталаган узундугу 10 миң км келген темир жол магистралы салына баштады. Азия, Тынч океандык магистралы Сингапур - Бангкок - Пекин - Якутск - Беринг кысыгынын астынан туннель казылып - Ванкувер - Сан- Франциско багыты боюнча долбоорлонуп жатат.

Куур транспорту нефть жана газ өнөр жайынын тез өсүшүнүн натыйжасында жана аларды өндүрүп алган жерлер менен керектөөчү калктуу пункттардын аймактык айырмачылыгынан пайда болгон. Нефть газ куурларынын дүйнөдөгү узундугу 2 млн км. Эң узун куур магистралынын узундугу 4-5 мин км келип, КМШ, АКШ, Канада, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө курулган.

3.       Суу транспорту. Деңиз транспортунун өзгөчө ролу. Суу транспорту деңиз жана

дарыя транспортторунан турат. Деңиз транспорту дүйнөлүк транспорттук системанын эң маанилүү бөлүгү. Деңиз транспортунун өнүгүшү менен Дүйнөлүк океан континенттерди, өлкөлөрдү бөлүп гана турбастан ошондой эле, жакындаштырат. Ал эл аралык сооданын 4/5 бөлүгүн тейлейт.

Деңиз жолдорунун узундугу миллиондогон км менен өлчөнөт. Деңиз кемелери негизинен суюк (нефть, нефть продуктуларын), сапырылма кургак (көмүр, кенташтар) жүктөрдү 10 миңдеген км аралыкка ташыйт. «Контейнердик революция деңиз транспорту менен башка жүктөрдү - даяр буюмдарды, чала бүткөн буюмдарды ташууга мүмкүндүк берди. Болжол менен мындай жүктөрдүн ½ и контейнерлер менен ташылат.

Контейнердик ташуулардын Жер шарын курчаган жолдору же болбосо дайыма иштөөчү «көпүрөлөр» бар. Мындай «көпүрөлөр» Япония менен Батыш Европаны, Япония менен АКШны байланыштырып турат.

Деңиз ташууларын деңиз соода транспорту камсыз кылат. Анын жалпы жүк сыйымдуулугу 550 млн т. 1970-жылдарга чейин сыйымдуулуктун жарымы танкерлерге тийиштүү болучу. Азыр алардын үлүшү азайды. Деңиз кемелери 160 өлкөнүн желеги менен сүзүп жүрөт. Мында башкы ролду «биринчи он өлкө» ойнойт. Башында Панама менен Либерия турат. Анткени Панама, Либериянын желектери менен АКШнын, Япониянын, Грециянын, Норвегнянын, ГФРдин, Улуу Британиянын, Италиянын, Швециянын кемелери сүзүп жүрөт. Мындай абал кеме ээлеринин салыктан жана моряктардын айлыктарынан акчаны үнөмдөө үчүн жасаган аракетинин натыйжасы. Демек, чыныгы флот ээлери өнүккөн өлкөлөр, ал эми өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө салыктын аздыгынан, кемелер ошол өлкөлөрдө катталган.

Дүйнөдө ири жана орто деңиз портторунун саны 2,2 миңге жакын. Эң чоң жылына 50 млн т дан ашык жүк жөнөткөн порттор 40ка жетет. Өнүккөн өлкөлөргө ар түрдүү жүктү жөнөтүп жана кабыл алып турган универсалдык порттор мүнөздүү. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө, ошондой эле Канадага, Австралияга, ТАРга көбүнчө экспортко адистешкен порттор мүнөздүү. Географиялык улуу ачылыштардын мезгилинен бери дүйнөлүк кеме жүрүү боюнча Атлантика океаны алдыда. Азыркы күндө, анын жээгинде 70ке жакын өлкө,1.5 млрд калк жайгашып, бардык деңизде жүк ташуулардын ½ ин камтыйт. Анын ичинде дениз портторунун 2/3си, дүйнөдө жүк ташуу боюнча экинчи орундагы (Сингапурдан кийинки) - Роттердам бар.

Жүргүнчүлөрдү ташууда, самолёттордун көбөйүшүнөн, Атлантика океанынын мааниси кескин төмөндөй баштады. XX кылымдын башында Европа менен Түндүк Американын ортосунда эле 2-3 млн жүргүнчүлөр ташылуучу. Эң комфортабелдуу жана тез жүргөн лайнерлер, суу үстүндөгү ак сарайлар - «Нормандия» жана «Франс» (Франция), «Куин Мэри» жана «Куин Элизабет» (Улуу Британия) «Юнайтед Стейтс» (АКШ), «Микеланджело» (Италия). XIX кылымда Атлантиканы тез кесип өткөн кемеге бериле турган байге уюштурулган. Ал байгени «Юнайтед Стейтс» Атлантиканы 3 сутка 10 саат 40 мүнөттө сүзүп өтүп, жеңип алган. Азыркы күндө кемелердин трансатлантикалык жарышы өткөрүлбөйт, кеме лайнерлеринин көбү талкаланып жок болгон.

Деңиз аркылуу жүк ташуу боюнча экинчи орундагы Тынч океандын мааниси күндөн күнгө артууда, үчүнчү орунда Инди океаны. Эң ири жүк ташуулар АКШнын, Япониянын жана Австралиянын жээктеринде жүргүзүлүүдө. Инди океанындагы жүк ташуунун көбү Перс булуңуна топтолгон. Тынч океандын Россия үчүн да мааниси өсүүдө. Деңизде ташуулардын географиясында эл аралык суу каналдардын мааниси зор, анткени алар дүйнөлүк деңиз жолдорунун кесилишинде жайгашкан. Биринчи кезекте бул Европа менен Азиянын аралыгын 2-3 эсе кыскарткан Суэц жана Панама каналдарына тиешелүү. Ошондой эле Ла-Манш, Гибралтар, Ормуз, Малакка кысыктарынын да мааниси зор. Алардын кээ бирлери тайыз болгондуктан, көптөгөн чоң кемелердин өтүү үчүн тар болуп калат.

Ички суу жолдору байыркы транспорттун түрү. Бирок, бүгүнкү күндө ал жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча дүйнүлүк транспорттук системада артта калган тармак. Ички суу жолдордун өнүгүүсү жана жайгашуусу региондун жаратылышына, тактап айтканда кеме жүрүүгө ыңгайлуу дарыялардын жана көлдөрдүн болушуна жараша болот. Амазонка, Парана, Миссисипи, Обь, Енисей, Янцзы, Конго дарыялары жүк өткөрүмдүүлүгү боюнча эң кубаттуу темир жол системасынан жогору турат. Бирок, ал мүмкүнчүлүктү пайдалануу өлкөнүн экономикалык абалына байланыштуу. Мына ошондуктан, дүйнөдөгү ички суу жолун пайдаланууда АКШ, Кытай, Россия, Канада, Нидерландия, Франция, Бельгия алдыда турат. Азиянын, Африканын, Латын Америкасынын эң ири дарыяларына дүйнөлүк жүк ташуунун 5% гана туура келет.

Пайдаланып жаткан ички суу жолдорунун 1/10 бөлүгү  жасалма (шлюздалган дарыялар, каналдар) жолдорго туура келет. Алардын эң маанилүүлөрү АКШ, Россия, Кытай, Чет өлкөлүк Европада.

Көлдөрдөгү кеме жүрүүнүн эң башкысы - АКШ менен Канадада, Ыйык Лаврентий дарыясы аркылуу Улуу Көлдөр Атлантика океаны менен туташат. Бул жол менен деңиз кемелери материктин ичине 4 миң кмге чейин кире алат.

4.       Аба жолдор транспорту - эң жаш жана тез өсүп келе жаткан транспорттун

түрү. 1950-жылы 30 млн жүргүнчү аба жолдору менен ташылса, 1990- жылы алардын саны 2,3 млрдга жеткен. Башкача айтканда, дүйнөдөгү ар бир үч кишинин бири жылына бир жолу аба жолдору менен саякатта болгон. Аба жолдорунун торлору 10,5 млн кмди түзөт. Аба жолдору менен жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча алдынкы орунду АКШ, андан кийин Япония, Улуу Британия, Кытай, Франция ээлейт.

Аба транспортунун географиясы аэропорттордун санына жараша болот. Аэропорттордун жалпы саны он миңдеп саналат, эл аралык аэропорттордун саны миңге жакын. Алардын эң чоңдору жылына он миллиондой авиажүргүнчүнү тейлейт. Континенттер аралык жүргүнчүлөрдү ташууда, аба транспорту деңиз транспортун артка таштап, биринчи орунга чыккан. Авиажолдордун көбү Атлантика океанын кесип, анын үстүнөн бир убакта жүздөн ашык авиа-лайнерлер учат.

 6.Транспорт жана айлана чөйрө. Транспорттун табигый шартка байланыштыгы ар түрдүү жана өтө жогору. ИТРдин өнүгүшү менен ал жаңы формага өттү. Кургактыктагы транспорт үчүн тоолор, суулар, чөлдөр, тропик токойлору жана деңиз кысыктары тоскоол болбой калды. Жаратылыштын «жаңылыштыгын» ондоп, жасалма суу жолдорун куруу суу транспортунун өнүгүүсүнө түрткү болду.

Ошону менен бирге транспорттун айлана чөйрөгө болгон терс таасири да артууда. Башкы «булгагыч» - автомобиль транспорту, ал чоң шаарларда абага булганыч заттардын 2/3син бөлүп чыгарат. Аба транспорту атмосфераны булгайт, темир жол транспорту, өзгөчө тепловоздорду пайдаланганда түтүн, чаң чыгарат. Транспорттун бардыгы дүрүлдөп үн чыгарып, чөйрөнү жагымсыз абалга алып келет. Суу транспорту гидросфераны булгоонун булагы. Эң көп булгоолор нефть ташыган жолдордо байкалат.

Көп өлкөдө айлана чөйрөнү транспорттук булгануудан коргоо чаралары иштөөдө. Автомобиль бензининде коргошундун үлүшүн азайтуу, электромобилдерди көбөйтүү, суутекти жана газды пайдалануу чаралары көрүлүп жатат.

 

 

 


Транспорт географиясы 1.

Транспорт географиясы 1.

Транспорттун бардыгы мааниси жана өнүгүүсү боюнча эле топтоштурулбастан, колдонуунун географиялык чөйрөсү боюнча да биригип, кургактык, суу жана аба транспорту болуп бөлүнөт

Транспорттун бардыгы мааниси жана өнүгүүсү боюнча эле топтоштурулбастан, колдонуунун географиялык чөйрөсү боюнча да биригип, кургактык, суу жана аба транспорту болуп бөлүнөт

Контейнердик ташуулардын Жер шарын курчаган жолдору же болбосо дайыма иштөөчү «көпүрөлөр» бар

Контейнердик ташуулардын Жер шарын курчаган жолдору же болбосо дайыма иштөөчү «көпүрөлөр» бар

Янцзы, Конго дарыялары жүк өткөрүмдүүлүгү боюнча эң кубаттуу темир жол системасынан жогору турат

Янцзы, Конго дарыялары жүк өткөрүмдүүлүгү боюнча эң кубаттуу темир жол системасынан жогору турат
Материалы на данной страницы взяты из открытых истончиков либо размещены пользователем в соответствии с договором-офертой сайта. Вы можете сообщить о нарушении.
08.08.2020