10.2. Түндүк Тянь-Шань
Географиялык жайгашуусу. Түндүк Теңир –Тоо провинциясы түндүгүнөн жана батышынан Казакстан Республикасынын мамлекеттик чек арасы,түштүгүнөн Күнгөй Ала-Тоосунун табигый чеги болгон суу бөлүктөрү менен чектешет. Бул провинциянын аймагына кырка тоолордун түндүк капталдары, аталган кырка тоолордун түндүк капталдары,Иле,Чүй-Иле, Ала-Тоолорунун түштүк капталдары, Кичи-Кемин,Талас,Чоӊ-Кемин,Чүй өрөндөрү кирет. Провинциянын батышынан чыгышына чейинки созулган узундугу 535 км ден ашык, туурасы 40-60км, эӊ кенири жери 105км. Аянты 26миң км2 .Эӊ бийик жери батышынан Ала-Мүдүн чокусу (4895м) эң жапызы Чүй ѳрѳѳнүндѳгү Камышановка айылына жакын аймакта жайгашкан (530м).
Геологиялык түзүлүшү жана рельефи
Рельефиндеги негизги кырка тоолор батыштан чыгышты карай созулат. Бул тоолордун каптал беттери меридионалдык багыттагы тереӊ капчыгайлар менен тилмеленген.Капчыгайлардын тоо этегидеги өрөөндөргө чыга беришинде шилендилерден пайда болгон конус формасындагы жантайыӊкы түздүктѳр жайгашкан.
Түндүк Теңир-Тоо Кыргыз Республикасынын түндүк геотектоникалык облусунда жайгашкан.Анын негизги тектоникалык структуралары, каледон тоо катталыш мезгилинде калыптанган. Кырка тоолордун суу бѳлгүчтѳрүндѳ тѳмѳнкү палеозой мезгилине чейинки кристаллдашып метаморфизмделген тоо текери жердин үстүнѳ чыгып жатат. Тоо системаларынын чет жактары жана тоо этектери жогорку юра,бор,палеоген жана неоген жашындагы тектерден турат. Алардын ичинен акиташтар,кумдактар,флиттер жана чополуу-мергел катмарлары көп кездешет. Тоо ичиндеги өрөөндөр четки түздүктөр төртүнчүлүк мезгилдин чөкмө тектеринен турган калыӊ катмары менен капталган.
Провинциянын азыркы мезгилдеги рельефинин формалары альпы тоо катталышында түзүлгөн. Бул орогендик катталыш убагындагы вертикалдык кыймылдар антиклинорийлерди бийик тоолорго, синклинорийлерди жапыз өрөөндөргө айландырган өрөөндөр менен тоо этегиндеги түздүктөр неогендик, антропогендик мезгилдердин талкалануу жана эрозиялык процесстеринин натыйжасында пайда болгон тоо тектери менен капталган. Катмардын калыӊдыгы 3-4 кмге чейин жетет.
Климаты. Түндүк Теңир-Тоонун климаты континенталдуу. Жыл бою батыштан жана түндүк- батыштан келген аба массалары үстөмдүк кылат.Рельефтин таасири климаттын бийиктик боюнча жана батыштан чыгышка ѳзгѳрүүсүнѳн байкалат.
Жаан-чачындын орточо жылдык саны тоо этектеринде 270-350мм, 2500-3000м бийиктикте-1000 км ге жетет. Январдын орточо температурасы төмөнкү өрөөндөрдө-8,-10,эӊ тѳмѳнкүсү -40 -43; июлдуку +24 +25 эӊ жогоркусу +40 +44. Бийик тоолордо бул көрсөткүчтөр январда -11-12 , июлда +7+8 .
Чон-Кемин өрөөнүнүн батышы ачык чыгышы бийик тоо менен курчалгандыктан климаттык көрсөткүчтөрү башкача. Ɵрөөндүн кышы суугураак,жайы салкын. Январдын орточо жылдык температурасы-9-10
июлдуку+16+17.Жаан- чачындын орточо жылдык саны 450-600мм.
Суулары. Түндүк Теңир-Тоонун суулары Чүй жана Талас дарыяларынын алаптарына кирет. Суулары кар, мөңгү, жаан-чачын,жер астындагы сууларынан куралат. Негизи суулары эриген кар мөӊгү сууларынан куралган Теңир –Тоо тибиндеги дарыялар. Жалаӊ гана жаан-чачындан же кардын суусунан куралган агын суулар жокко эссе.
Аймактын чарбачылык мааниси,суусунун молдуулугу боюнча негизги дарыя-Чүй. Анын Чон-Кемин куйгандан кийинки көп жылдык орточо чыгымы 51сек. Чоӊ –Кемин суусунун чыгымы 22сек. Ɵрөөндө Чүй суусуна бир нече дарыялар куят. Оң тарабынан –Чоӊ Кемин, Кичи Кемин, сол тарабынан Кызыл –Суу, Шамшы, Кегети, Ысык–Ата, Аламедин, Ала-Арча, Ак-Суу, Сокулук, Кара-Балта ж.б. Бул куймалардын кѳп жылдык орточо чыгымдары 1-6сек.
Түндүк Теңир-Тоодогу дарыялардын суусунун молдуулугу боюнча Чүй, Чон-Кемин сууларынан кийинкиси Талас суусу. Ал Каракол жана Уч-Кошой суулары кошулган жерден башталат. Кѳп жылдык орточо чыгымы 20сек. Дарыя сол тарабынан Калба, Беш-Таш, Урмарал, Күмүштак, Кара-Буура, оӊ жагынан Кеӊкол, Нылды куймаларын кошот. Куймалардын көп жылдык орточо чыгымы 2-7сек .
Чүй суусунун алабында 502, Талас Асса сууларынын 165 аянтта алай барыгда мѳӊгүлѳр таралган.
Чүй, Талас ѳрѳѳндѳрүндѳ Чүй, Талас артезиандык суу алаптары жайгашкан. Алардагы жер астындагы суулардын табигый байлыгы 71/сек жана 20,5/сек ны түзѳт.
Түндүк Теңир-Тоонун жаныбарлары, ѳсүмдүктѳрү жана топурагы ар түрдүү. Түздүктѳрдѳгү чѳл, жарым чѳл, бийиктик боюнча талаа, шалбаа, токой комплекстерине, субальпы, альпы шалбалары, шалбалуу талаа жана бийик тоо чөлүнө алмашышат.
Деӊиз денгээлинен 600-1000м бийиктикте маданий ландшафт жана шыбак-эфермелүү чөлдүү талаа жайгашкан. Топурагы –боз топурак.
1000-1500 м бийиктикте кургак талаа,талаа алкактара таркалган. Топурагы-күӊүрт топурак.
1500-2600метр бийиктикте шалбаалуу талаа, бадалдар, тоолордун түндүк капталдарында токойлор, бийик чөптүү шалбаалар алкактары жайгашкан. Негизинен 1800-2800м бийиктикте таркалган. Топурагы-күӊүрт конур, кара топурак, нымдуу жерлеринде токойлуу-тоо, токойлуу тоо –шалбаа топурактары.
2600-3000 бийиктикте субальпы шалбаа талаасы жана шалбаа алкактары таркалган.Топурагы-тоодогу шалбалуу талаа,шалбалуу субальпы топурактары.
3000-3500 бийиктикте альпы шалбаасы жана шалбаалуу талаа алкагы жайгашкан.Топурагы-альпы тоо-шалбаа, жарым-чымдуу.
3500-4000м бийик бийик тоо өсүмдүктөрү.
Мындан да жогору мөӊгү, кар, жылаӊач аскалардан турган гляциалдык-нивалдык алкак жатат.
Түндүк Теңир-Тоонун жаратылыш шарты жана байлыктары айыл-чарбасы, гидроэнергетиканы, казып алуучу өнөр жайды, туризмди өнүктүрүүгө жакшы шарт түзөт. Орто бийик тоо аймагындагы тоолуу талаа менен шалбаа, жапыз тоолордогу кургак талаа,жарым чөлдөр жайыт жана чөп чабынды катары пайданылат. Тоо этектерин,жарым чөлдүү түздүктѳрдү сугат жана кайрак жерлер ээлейт. Провинция рекреациялык ресурстарга бай. Уникалдуу кооз тоо ландшафттары корукка алууну жана сарамжалдуу пайдаланууну талап кылат. Провинциянын жаныбарлары ар түрдүүлүгү менен айырмаланат. Тоолордо коен, түлкү, карышкыр, суу, тоо эчки, аркар, кундуз, кездешет. Канаттуулардан улар, кыргоол, кекилик, көгүчкөн, бактек, бүркүт жана башкалар бар. Сууларында ондатра, сазан, ала буга, чортон балык, щаян, балыктары бар.
Түндүк Теңир-Тоо физикалык географиялык айырмачылыктары боюнча Талас, Чүй, Кемин үч округуна бѳлүнѳт.
Талас округуна Талас өрөөнү, Талас жана Кыргыз Ала-Тоолорунун өрөөндү караган капталдары кирет.Аянты 300ден ашык. Ɵрөөндүн таманы неоген-палеоген антропогендик чѳкмѳ тектеринин калыӊ катмарынан турат. Таманынын абсолюттук бийиктиги 800м ден 1700 м ге чейинки бийиктикте жатат. Жеринин бети Орток- Тоо, Кара-Жылга, Эчкили –Тоо, Ак-Таш тоолору менен тилмеленген. Ɵрөөндүн эӊ бийик жери Манас чокусу (4482м).Талас өрөөнүнүн узундугу 250км,туурасы 75кмге чейин. Аянты 300.
Талас өрөөнүнүн климаты континенталдуу. Абанын температурасы жана жаан-чачындын саны батыштан-чыгышты карай өзгөрүлѳт. Январдын орточо температурасы батышында -85 , чыгышында -80 июлдуку батышында +22 , чыгышында +20. Жылдын орточо жаан-чачыны батышында 160-180мм, чыгышында 500мм. Эӊ көп жаан- чачын Талас Ала-Тоосунун жогорку бөлүмүндө байкалат (1000мм). Жаан-чачындын көпчүлүк бөлүгү март-июнь мезгилине туура келет. Υшүксүз күндөрдүн саны 140-170күн.0оС жогору температурасы бар күндѳрдүн саны 280-290 күн .
Дарыялары. Талас жана Асса дарыяларынын алаптарында аянты 146,7км 270тен ашык мөӊгү жайгашкан. Эң ирилери Вокруг Света, Манас, Муз-Бел, Күрүчкө, Ак-Таштуу. Кар чеги 3500-3600 м деӊиз денгээлинен бийиктикте жайгашкан.
Суулары Талас жана Асса дарыяларынын алабына кирет. Негизги дарыясы –Талас, анын узундугу Кыргыз Кара-Буура суу сактагычы курулган.Суусу сугат жерлерге берилет .Кара –Буура суу сактагычынын көлөмү 550мм, орточо аянты 26,5, байламтасынын бийиктиги 83м.
Ɵрѳѳндүн негизги дарыялары Беш –Таш, Калба, Кара-Буура, Кенкол, Күмүштак, Күркүрѳѳ, Күмүштак, Нылды, Урмалар жана башкалар. Булардын коп жылдык чыгымы 1-8,5/С.
Талас өрөөнүндө 50 гө жакын майда көлдөр бар.Жалпы аянты 2,64.Негизгилери Беш-Таш, Табылгыты, Айдын Көл, Ор-Казган,Жылкыбай жана башкалар.
Ɵрөөндүн 1000м ге чейинки бийиктик бөлүгүндө түздүктүн боз топурактары, 1400-2600 метр бийиктиктерде ачык-конур, кара конур,кара топурактар таркалган. Токойлордо каралжын күнүрт түстөгү токой топурактары мүнѳздүү. 2800-4300 м бийктиктердеги ландшафтарга шалбалуу субальп, субальп шалбалуу талаа, альп шалбаа топурактары мүнөздүү.
Ɵсүмдүктөрү да бийиктик алкактуулукка мыйзам ченемдүүлүгүнө баш ийет. Төмөнкү бөлүгүндө Эфемер , шыбак өсүмдүктөрү үстөмдүк кылат.Талааларда 40 тан ашык өсүмдүктөрдүн түрү кезигет. Алардын ичинен ак кылкан, бетеге, шыбак, көнүр баш, кызыл от өсүмдүктөрү кенири таркалган. Шалбаалуу талаа өсүмдүктөрүнүн 115ке жакын түрү бар. Бийик тоолордун, капталдарында (2020-3000м) карагай, семенов, көк карагайы, арча, бадалдардан турган токой өсөт. Субалып шалбаасы таркалган аймактарда тогуз төбөл , каз таман, арлёмистүү өсүмдүктөр, ишмүүр, чекилдек, алтай троллиусу үстөмдүк кылат. Альп шалбаасы аймагында ыраң, кара гүлдүү ыраң, примула, казтаман таралган. Бийик тоолуу альп талааларына бетегелүү, бетеге – жылгамдуу өсүмдүктөр мүнөздүү.
Ѳрөөндүн жаратылышын коргоо үчүн Беш-Таш жаратылыш паркы жана эки заказник уюштурулган.
Талас ѳрѳѳнүн жаратылыш шарты жана жаратылыш ресурстары айыл чарбаны ѳнүктүрүүгѳ ыңгайлуу.Ѳрѳѳдүн негизи айыл чарба ѳсүмдүктѳрү: тамеки, тѳѳ буурчак, пияз, сарымсак.
Чүй округу Кыргыз Республикасынын түндүгүндѳ жайгашкан. Ал түштүгүнѳн Кыргыз – Ала – Тоосу, түндүк – чыгышынан Иле тоосу, Чүй дарыясы, батышынан Ашмара суусу менен чектешет. Чүй ѳрѳѳнүнүн таманы 500 – 1400м бийиктикте жайгашкан. Узундугу 220 км, эң кеңири туурасы 75км. Ѳрѳѳн 3,5 – 4км калындыктагы мезозой жана тѳртүнулүк мезгилдин борпоң тетиктери менен капталган. Бул катмарда жер астындагы сууга бай Чыгыш Чүй артезиандык алабы түзүлгѳн. Суунун орточо запасы 146млрд.
Чүй ѳрѳѳнү түндүк – батышты карай эңкейиш келип, батыш жана ортонку бѳлүктѳрү тѳмѳнкү жагында жайык туздуккѳ айланат. Түштүктү кѳздѳй абсолюттук бийиктиги жогорулап адырларга, бѳксѳ тоолорго, бийик тоолорго ѳтѳт.
Кыргыз Ала – Тосунун узундугу 450км. Эң бийик жери Аламүдүн чокусу, 4485м. Түндүк капталы Чүй дарыясынын сол куймаларынын терең тоо ѳрѳѳндѳрү менен тилмеленген. Ѳрѳѳндѳрдун тереңдиги 2500м ге чейин жетет. Тоо суулары буркан – шаркандап аккандыктан ѳзү менен кошо тоо тектеринин талкаланган шилендирин агызып келет. Ала – Тоодон чыга бериште конус сымал рельефтин формаларын түзгѳн. Тоо этегинде жапыз дѳңсѳѳлѳрдүн аймагы жайгашкан. Алар Байтиктин Боз бѳлтѳгү, Чоң Далы, Кичи Далы ѳрѳѳндѳрү менен бѳлүнгѳн.
Ѳрѳѳндүн климаты кантиненталдык, жайы ысык, кышы анча суук эмес. Июлдун жылдык орточо температурасы С, эң жогоркусу Январдыкы , эң тѳмѳнкүсү -. Климаттык кѳрсѳткүчтѳр бийиктик боюнча ѳзгѳрѳт.
Жылдын орточо жаан чачындын саны 270-350мм, басымдуу кѳпчулүк бѳлүгү жылуу мезгилде жаайт. Тоо капталдары бийиктеген сайын абанын температурасы тѳмѳндѳп, жаан-чачындын ѳлчѳмү кѳбѳйѳт. 2000 – 3000м бийиктикте 1000мм ге чейин жаан-чачын түшѳт. Мисалы, тѳмѳнкү жадыбалда температуранын, жаан-чачындын ѳзгѳрүүсү кѳрсѳтүлгѳн.
Станция |
Бийиктик, м |
Орточо жылдык температура,
|
Орточо жылдык жаан чачын, мм |
Чуй |
596 |
8,5 |
406 |
Бишкек |
823 |
10,3 |
471 |
Чоң-Арык |
1110 |
8,8 |
696 |
Камышановка |
350 |
8,4 |
350 |
Байтик |
1579 |
6,2 |
596 |
Ала-Арча |
2945 |
-1,0 |
1000 |
Тѳѳ-Ашуу |
3090 |
-1,7 |
1003 |
Жылдын жылуу мезгилининин узактыгы түндүгүндѳ – 185, түштүгүндѳ – 177күн.
Округдун суулары Чүй дарыясынын алабына карайт. Негизги куймалары Кыргыз Ала – Тоосунан башталган суулар. Жалпы чыгымы 88,5/сек. Сугатка кеңири пайдаланылат. Чүйдүн жер астындагы суулар менен тамактанган жалгыз Кызыл-Суу. Өрѳѳндүн таманында суунун керектѳѳчүлѳргѳ жеткирүү үчүн кѳптѳгѳн каналдар, суу саптагычтар курулган. Булар: Чоң Чүй каналы тармактары менен, Ат-Башы, Боролдой, Кызыл – Суу каналдары, тѳмѳнкү Ала – Арча, Чѳмүч, Спартак суу курулмалары.
Чүй ѳрѳѳнүнүн тѳмѳнкү түзѳң бѳлүктѳрүндѳ, тоо этектеринде боз топурак кеңири тараган. Бул жерде шыбактуу талаа, саздуу шалбаа, камыштуу жана бадалдуу аймактар кездешет. Мындан жогору бийиктиктер боюнча ачык коңур, кара коңур , кара каралжын, күрѳн шалба топурактуу талаа жана токой – шалбаалуу алкактары жатат. Күнгѳй беттерде талаа ѳсүмдүктѳрү, тескейде шалбаа, бадал жана токой басымдуулук кылат. 2500 – 3500м бийиктиктерде субальпы жана альпы шалбаа ѳсүмдүктѳрү, кыска бойлуу бадалдар басымдуу. Андан жогору гляциалдык, нивалдык алкак жатат. Өрѳѳндүн сугат жерлеринде дан эгиндери, кант кызылчасы, тоют, жашылча, жемиш, бакча ѳсүмдүктѳрү ѳстүрүлѳт.
Чүй ѳрѳѳнү рекреакциялык ресурстарга бай. Алар дарылануучу, эс алуучу жайларды жайгаштырууга, туризмди ѳнүктүрүүгѳ ыңгайлуу. Мисалга, Ала–Арча улуттук жаратылыш паркы эс алуу, альпинизм үчүн, Ысык–Ата курорту дарыланууга пайдаланылууда. Мындан башка убактылуу коргоого алынган Ак–Суу, Жарды–Кайыңды жайлары уюшулган.
Кемин ѳрѳѳнү округдун чыгышында жайгашкан. Ал түндүгүнѳн Иле Ала – Тоосу, түштүгүнѳн Күнгѳй Ала – Тоосу, батышынан Чүй суусу менен чектешет. Өрѳѳн Чоң – Кемин жана Кичи – Кемин сууларынын алаптарынан турат. Чоң – Кемин ѳрѳѳнүнүн узундугу 120км, туурасы 1 – 20 км га чейин ѳзгѳрѳт. Таманынынын деңиз деңгээлинен бийиктиги 1340м ден 3200м ге чейин деңиз кѳтѳрүлѳт. Өрѳѳндүн ортоңку жана тѳмѳнкү бѳлүктѳрүндѳ айыл кыштактар жайгашкан. Бул аймактагы жерлерде картошка, тоют ѳсүмдүктѳрү ѳстүрүлѳт. Кѳп аянтты мѳмѳ-жемиш бактары ээлеп жатат.
Өрѳѳндүн геологиялык түзүлүшүндѳ протерозой, палезойдун метаморфизделген сланецтери,гнейстер,мраморлор кѳп кездешет. Чоң – Кемин району сейсмикалык жактан активдүү район. Өткѳн кылымдын 1911 – 1938 жылдарындагы катуу катуу титирѳѳлѳр ѳрѳѳндү чоң кыйроолорго дуушар кылган.
Климаты кантиненталдык. Тоо капталдары бийиктеген сайын абанын температурасы тѳмѳндѳп, жаан – чачын кѳбѳйѳт. Январдын орточо температурасы -105, июлдуку 17 . Жылдык орточо жаан – чачындын саны 408мм, тоо капталдарында 600 – 700мм. Негизги дарыясы Чоң – Кемин. Узундугу 116 км, алабынын аянты 1890. Жылдык орточо чыгымы чатында 21,7/с, эң кѳбү 83,9/c, эң азы 7,17/с. Ири куймалары: Калмак – Суу, Кашка – Суу, Орто – Кайыңды, Дара, Тегирменти, Ичке – Суу, Жаңырык, Бузулган – Сай, Алматы, Каскелең жана башкалар. Өрѳѳндѳ жер кѳчкүлѳрдүн же мореналардын сууну бѳгѳп калышынан пайда болгон 8 кѳл жайгашкан. Негизгилери: Кѳл – Тѳр, Жашыл кѳл, Челек. Азыркы мезгилдеги мѳнгүлѳрдүн жалпы аянты 124 . Кар чеги 3850м бийиктикте.
Чоң – Кемин ѳрѳѳнүнүн ландшафты бийиктик алкактуулук боюнча ѳзгѳрѳт. Таманындагы конур, кара конур топурактары бийиктеген сайын кара топуракка, альпы, шалбалуу субальпы топурактарына алмашат.
Чоң ѳсүмдүктѳрүнѳн шыбак, бетеге, тоо сулуусу, айгыр жыгар, буудайык, шибер, кѳй жалбырак, ишмүүр кеңири таркаган. Карагай, бадалдар 1600 – 2400м бийиктикте жайгашкан. Карагат менен кошо арча шилби, ит мурун, табылгы, бѳрүү карагат, четин ж.б кездешет. Тоонун 3500 – 3800м ден бийик бѳлүгүндѳ эңилчек, доңуз сырты, мамык чѳп ж.б ѳсѳт.
Өрѳѳндѳгү Кѳк – Ойрок жайлоосунда. Кыргыз Республикасыдын жана Казакстандын малы жайлайт. Чоң – Кемин ѳрѳѳнүнүн түзѳң бѳлүктѳрүндѳ негизинен картошка, дан ѳсүмдүктѳрү ѳстүрүлѳт.
Чоң – Кемин ѳрѳѳнүнүн табияты кооз, адамдардын жаратылышта эс алуусун уюштурууга абдан ыңгайлуу. 1998-жылы Бор – Жетпес суусунан Тегирменти айлына чейинки шалбаалуу, токойлуу аймакта Кемин мамлекеттик жаратылыш паркы уюштурулган.
Кичи – Кемин суусунун алабы Чүй ѳрѳѳнүнүн түндүк – чыгыш тарабында жайгашкан. Кемин жанан Костек тоолорунун аралыгында Иле Ала – Тоосунун түштүк капталын камтыган ѳрѳѳн. Климаты континенталдуу. Бийиктик алкактуулук боюнча температура жана жаан – чачын ѳзгѳрүлѳт. Негизги суусу Кичи – Кемин дарыясы. Узундугу 81км, алабынын аянты 614 . Жылдык орточо чыгымы 2,10/сек. Эң кѳп чыгымы 8,63/с, июль айында, эң азы 0,46 февралда байкалат. Топурагы, ѳсүмдүктѳрү бийиктик алкактуулук мыйзам ченемдүүлүгүнѳ баш ийет. Негизинен коңур, кара коңур, кара топурактар, шалбаалуу алыпы, шалбаалуу субальпы топурактары тараган. Өсүмдүктѳрү Чоң – Кемин ѳрѳѳнүнүкүнѳ окшош. Өрѳѳндүн таманында негизги айыл кыштактар жайгашып, тегерегиндеги жерлерде кызылча, карошка, дан эгиндери ѳстүрүлѳт.
© ООО «Знанио»
С вами с 2009 года.