Туштук Батыш Тянь - Шань
Оценка 5

Туштук Батыш Тянь - Шань

Оценка 5
Образовательные программы
doc
география
8 кл—9 кл
08.08.2020
Туштук Батыш Тянь - Шань
ТҮШТҮК-БАТЫШ ТЯНЬ-ШАНЬ АЯНТЫ - 26,0 МИҢ КМ2 ТҮНДҮКТӨН - ТҮШТҮККӨ КАРАЙ - 370 КМ БАТЫШТАН - ЧЫГЫШКА КАРАЙ - 150-160 КМ ЭҢ БИЙИК ЖЕРИ – ҮЧ-СЕЙИТ (4818 М )
Туштук Батыш Тянь-Шань.doc

10.6. Түштүк-Батыш Тянь-Шань

Физикалык георафиялык абалы. Кыргыз Республикасыдын аймагынын физикалык-географиялык ири бөлүнүшү. Фергана өндүрү тоолуу областына кирет. Талас Ала-Тоосунун, Чаткалдын, Ат-Ойноктун жана Фергана тоо  тизмегинин Фергана өрөөнүнө караган капталдарын, Чаткал суусунун алабын камтыган бүткүл Түндүк Фергана өндүрүн ээлейт. Аянты 26 миң км2. Табигый чек аралары түндүгүндө Пскем кырка тоосу менен Талас Ала-Тоонун кырлары аркылуу өтөт. Ат-Ойнок тоосунан Нарындын өрөөнүнө түшөт. Нарындын кууш капчыгайынан кайра көтөрүлүп, Фергана тоо тизмегинин кыры менен Алай кырка тоосунун чыгыш учуна барып такалат. Ал жердеги Фергана тоо тизмгинин эң бийик жери Үч-Сейит (48188) чокусунан Алай-Куунун өрөөнүн бойлойт.  Тар суусуна келип, анын өрөөнү менен Өзбекстандын чегине барып такалат. Андан ары мамлекеттик чек аралар аркылуу кайра Пскем тоосуна такалат.

               

https://edu-nlsit.jet.kg/media/Geografiya_8-kl/00141.png

 

 

Сүрөт. Түштүк-Батыш Теңир-Тоо  жана Фергана провинциялары.

 

Орографиясы. Орографиялык түзүлүшүнүн негизин Талас-Фергана тектоникалык жаракасын бойлоп жайгашкан. Талас Ала-Тоосунун батыш бөлүгү жана Фергана тоо тизмеги түзөт. Тоо кыркалары 3500-4000 м ге көтөрүлөт. Эң бийик жери Фергана тоо тизмегинин түштүк-чыгышындагы Үч-Сейит чокусу 4940 м ге жетет. Аталган  морфоструктуралар асимметриялык түзүлүштө. Фергана жана Ат-Ойнок кырка тоолорунун түштүк-батыш капталдары жазы келет. Талас Ала-Тоосунан түштүк-батышка ири тоо кыркалары Чаткал-Курама тоо системасы созулуп жатат. Ал тоолор Фергана өрөөнүн түндүк-батышы менен батышынан курчап, анын тоскоол болуп турушунан провинциясынын ландшафты башкаларынан айырмаланат. Бардык орографиялык элементтери түштүк-батышка, Фергана өрөөнүнүн борбору тарапка жапыздайт.  Башка морфоструктуралык тоолордон таралган көптөгөн кырка тоолор менен өрөөндөр бири-бирине жарыш созулуп, провинциянын татаал рельефин түзөт. Бийик аскалуу, өтө тилмеленген рельеф башкы кырка тоолорго, андан тармакталып кеткен каптал тоолорго мүнөздүү.(Бабаш-Ата, Чандалаш, Ак-таш, Согон-Таш ж.б.). Орто бийик тоо зоналарында массивдүү, жылмаланган тектоникалык-денудациялык кумпа сымал чокулуу тоолор( Чаткал, Бозбу-Тоо, Кең-Кол, Коду, Зындан, Серүүн-Дөбө ж.б.) жана өрөөндөр жайгашкан.

Алар чополуу жана кремнийлүү сланецтерден, кумдуктардан, чанда магма жана метаорфизмделген тектерден турат. Кырка тоолордун чет жакалары (1500-2000 м бийиктикте) юра, бор андан кийинки мезгилде пайда болгон кумдук конгломерат аки таш чөкмө тектеринен турат. Өтө тилмеленген жалча дөңсөөлүү. Рельеф  жапыз тоолор( Афлатун жана Кара-Суу сууларынын ортосунда жалчалар, Бабаш-Ата мене Алаш Ала-Тоонун этектериндеги, Көгарт суусунун оң куймаларынын алабында жапыз тоолор) жайгашкан.

                           

   https://edu-nlsit.jet.kg/media/Geografiya_8-kl/00142.png             https://edu-nlsit.jet.kg/media/Geografiya_8-kl/00143.png

60-сүрөт. Бабаш-Ата кырка тоосу.

 Провинциянын эң жапыз бөлүгүн (1000-1500м) рельефтин тектоникалык-денудациялык-аккумуляциялык жана тектоникалык-аккумуляциялык типтери ээлейт. Мында тыгыз тектерден турган чөлдүү жапыз тоолор-жалча адырлуу дөңсөөлөр. Антропогенде пайда болгон мергель-конгломераттан турган жана лёсстуу чопо катмары каптап жаткан дөңсөөлүү тоо этектери, адырлар бар. Алардын ортосунда жайылма-тектирлүү тоо аралык өрөөндөр жатат. Антропогендин лёсс-шагыл таштуу шилендисинен, соңку аллювий-пролювий чөкмөлөрүнөн турган тоо этегиндеги түздүктөр жайгашкан.

Климаты. Провинциянын климаттык шарттары бүткүл Фергана өндүрүнө мүнөздүү жалпы факторлорго байланыштуу. Тоолордун орографиялык түзүлүшү арктикалык жана континенттик суук аба массаларынын таасирин басаңдатууга шарт түзөт. Бийик кырка тоолор жылдын жылуу мезгилинде Орто Азия менен Борбордук Азиянын ысык чөлдөрүнүн табиятка тийгизген зыяндуу таасирин азайтат. Ысар-Алай, Чаткал-Курама тоолорунун тоскоол болуп турушуна карабастан соккон нымдуу аба массалары Чыгыш жана Түндүк Ферганага( түштүк-батыш менен түндүк батыштан) жетип турат. Жердин бийиктигине, тоо капталдарынын экспозициясына, рельефтин өзгүчөлүгүнө жараша жайы ысык, жылуу, салкын же суук болушу мүмкүн. Июлдун орточ температурасы 25-22°С, жапыз тоолордо 22-15°С, орто бийик тоолордо 15-10°С, бийик тоолордо 10-5°С, нивалдык зонада 5-0°С.                                              

Жайдын биринчи жарымы  жаан-чачындуу, экинчи жарымы жана күз айлары кургакчыл. Кышы негизинен мелүүн-суук, январдын орточо температурасы -3°С дан -15°С га чейин. Эң төмөнкү температура муздак аба көпкө туруп калган бийик тоо өрөөндөрүндө (Тар өрөөндөгү Кызыл-Жарда -40,9°С, Чаткалда -39,8°С, ал эми Ошто -25,9°С, Караванда 1280 м бийиктикте-26,1°С) байкалат. Атмосфералык жаан-чачындын таралышы бийиктик алкактуулукка жана тоо капталдардын экспозициясына байланыштуу. Жаан-чачындын эң көбү Орто Азиянын башка аймактарындагыдай эле тоолордун айдарым беттерине туура келет. Ферган, Ат-Ойнок жана Талас Ала-Тоолорунун түштүк батыш капталдарында жаан-чачын жылына 500-900 мм андан да көп түшөт. Мелүүн жана нымдуу жер ортолук деңиздик типтеги климат мүнөздүү болгон токой-шалбаалуу талаа алкагынын жылдык жаан-чачыны 500-1000 мм. Жылдык жаан-чачындын эң көбү кыш-жаз мезгилине, эң аз август-сентябрь айларына туура келет.

Суулары. Түндүк Фергана өндүрү суу тармактарынын жыштыгы жана алардагы суулардын молдугу менен айырмаланат. Агын сууларынын бардыгы Сыр-Дарыянын алабына кирет. Түндүк батышындагы Чаткал суусу Чырчык дарыясынын негизги түзүүчүсү : Кара-Суу , Пача-Ата, Нарын дарыясынын оң куймалары. Ала-Бука, Касан-Сай жана Сумсар Сыр-Дарыяга куюшат. Ферган тоо тизмегинен агып чыккан Майлы-Суу, Кара-Үңкүр, Көгарт жана Жазы Кара-Дарыянын оң куймалары. Кара-Кулжа менен Тар суусу Кара-Дарыянын түзүүчүлөрү.

 Түштүк Батыш Теңир–Тоо  агын сууларынын жыштыгы жана суу чогултуучу аянттарынан. Ар бир чарчы км нен агып чыккан сууларынын көлөмү боюнча  Кыргыз Республикасыдын аймагында биринчи орунда турат. Агын сууларынын суу булактары кардан эриген, жазгы жааган жамгырлардын суулары.  Чаткал мене Тар суулары гана мөңгүлөрдөн кошумча суу алат. Чаткалдын алабындагы мөңгүлөрдүн аянттары 51 км2, Тардын алабында 90 км2 га жакын.

Кожо–Ата суусунун боюнда Чаткал кырка тоосунун Ат-Ойнок кырка тоосунун алабында жайгашкан эң уникалдуу, эң кооз көлү бар. Ал Сары-Челек көлү жайгашкан. Суунун үстүңкү бетинен түбүнө карай минералдык туздар көбөйөт. 1 литр сууда 200м/г дан 500м/г га чейин жетет. Сууда карбонат катиону, сульфат аниону, жез, магний катиондору бар. Тереңдиктен кийин күкүрттүү суутектин сасык жыты байкалат. Сары –Челек көлүнүн айланасындагы жердин кооздугун, табигый шартынын ар түрдүүлүгүн, байлыгын, дүйнөнүн башка жеринде болбогон өсүмдүктөрдун, айбанаттардын, алардын чарбачылык жана илимий жактан баалуулугун эске алып, бул аймактын табиятын ары сактоо үчүн 1959 - жылы Сары-Челек биосфералык коругу уюшулган.

                 https://edu-nlsit.jet.kg/media/Geografiya_8-kl/00144.png https://edu-nlsit.jet.kg/media/Geografiya_8-kl/00145.png 

     Ландшафтары. Провинциянын эң нымдуу бөлүгүнүн ландшафты төмөнкү бийиктик алкактуулук структурасына бөлүнөт.  Күңүрт боз жана боз күрөң, агыш топурактуу сейрек токойлуу талаа, бийик адырдагы жана жапыз тоолордогу эфемерлүү талаа жана шалбаа зонасы(900-1100-1300м). Жалчалуу жапыз тоолор менен орто бийиктиктеги тоолордогу токой-шалбаалуу талаа зонасы (1100-1300-2500-2800м).  Эки алкакка бөлүнөт. Төмөнкү алкагында кара күрөң  тоо токой топурагында жаңгак, ак чечек, алма, алчадан турган токой өсөт. Шалбаалуу талаада күрөң тоо топурагы таралган. Жогорку алкагында ак чечек, карагай жана ак карагайлуу токой, түркүн чөптүү дан өсүмдүктөрү шалбаа жайгашкан. Тоолуу шалбаа зонасы бадал-шалбаалуу субальп жана шалбаа-жаздык сымал өсүмдүктүү альп алкактарынан турат. Андан бийик гляциалдык-нивалдык зона жатат.

 Түштүк Батыш Теңир-Тоонун токойлору эң баалуу генофонд.  Жер шарында табигый өскөн жаңгак токойлору ушул аймакта гана өсөт. Жаңгак токойлору суу алабын коргоодо, тоо капталдарын эрозиядан сактоодо чоң мааниге ээ.

 Мөмө-жаңгак токоюунун  табигый жана чарбалык мааниси эске алынып, ал жерде корук уюштурулган. Сары-Челек коругу ЮНЕСКО тарабынан биосфералык корук катары коргоого алынган.

Түштүк-Батыш Тенир-Тоонун табигый ресурстарынын ичинен эң интенсивдүү пайдаланылган турлөрү-жер жана ресурстары. Кен байлыктардын ичинен көмүр, нефть жана газ пайдаланылат.

 


Түштүк-Батыш Тянь-Шань Физикалык георафиялык абалы

Түштүк-Батыш Тянь-Шань Физикалык георафиялык абалы

Фергана жана Ат-Ойнок кырка тоолорунун түштүк-батыш капталдары жазы келет

Фергана жана Ат-Ойнок кырка тоолорунун түштүк-батыш капталдары жазы келет

Бабаш-Ата кырка тоосу. Провинциянын эң жапыз бөлүгүн (1000-1500м) рельефтин тектоникалык-денудациялык-аккумуляциялык жана тектоникалык-аккумуляциялык типтери ээлейт

Бабаш-Ата кырка тоосу. Провинциянын эң жапыз бөлүгүн (1000-1500м) рельефтин тектоникалык-денудациялык-аккумуляциялык жана тектоникалык-аккумуляциялык типтери ээлейт

Ферган, Ат-Ойнок жана Талас Ала-Тоолорунун түштүк батыш капталдарында жаан-чачын жылына 500-900 мм андан да көп түшөт

Ферган, Ат-Ойнок жана Талас Ала-Тоолорунун түштүк батыш капталдарында жаан-чачын жылына 500-900 мм андан да көп түшөт

Жалчалуу жапыз тоолор менен орто бийиктиктеги тоолордогу токой-шалбаалуу талаа зонасы (1100-1300-2500-2800м)

Жалчалуу жапыз тоолор менен орто бийиктиктеги тоолордогу токой-шалбаалуу талаа зонасы (1100-1300-2500-2800м)
Материалы на данной страницы взяты из открытых истончиков либо размещены пользователем в соответствии с договором-офертой сайта. Вы можете сообщить о нарушении.
08.08.2020