10.3. Ысык-Көл ойдуңу
Ысык-Кѳл провинциясы Кыргыз Республикасынын түндүк чыгыш бѳлүгүндѳ жайгашкан Ысык-Кѳл ойдуӊун ээлейт. Ал түндүгүнѳн Күнгѳй, түштүгүнѳн Тескей Ала-Тоолору менен чектешет. Ɵрѳѳн чыгыштан батышты карай 275км ге түндүктѳн түштүккѳ 118км ге чейин созулуп жатат. Таманында деӊиз деӊгээлинен 1069м бийиктикте Ысык-Кѳл жайгашкан. Алабынын аянты 22080.
Кѳлдү курчап турган тооолордун эӊ бийик жерлери Күнгѳй Ала-Тоодо 4771м (Чок-Тал чокусу), Тескей Ала Тоодо 5216м (Каракол чокусу) Тоолордун кырлары чокулардын чыгышы, батышты кѳздѳй жапыздайт.Бул тоолордун кѳл деңгээлинен бийиктиги 2500-3617м. Күнгѳй Ала-Тоонун узундугу 285км, Тескей Ала-Тоонуку 354км.
Геологиялык түзүлүшү. Геологиялык түзүлүшү боюнча провинциянын жеринин бетинин ѳнүгүп-ѳсүүсү Түндүк Теӊир-Тоодогу геологиялык процесстер менен тыгыз байланышкан. Аймакта палеогенге чейинки мезгилдеги аз кыймылдуу платформалык режим өкүм сүргѳн.Палеогендин аягынан баштап кайра жаӊыруу процесси жүрѳ баштаган. Бул мезгилде тоолор ѳсүп,ойдуӊдар тѳмѳн негизинде калыптанган. Ойдуӊдун таманы жана тоо этектери бийик тоолордон талкаланып аланып келинген ар кандай борпоӊ тектерден түзүлгѳн. Көлдү кумдардан майда жумуру таштардан,камдашкан кумдуктардан турган ичке жээк тилкеси курчаган. Көл жээгиндеги түздүктөрдүн туурасы 1км ден 50км ге чейин созулат. Түздүктөр жана тоо этектери мезозой,кайнозой замандарынын тектеринен турат. Күнгөй жана Тескей Ала-Тоолорунун кырларында капталдарында протерозойдун метаморфизделген жана магмалык тектери таралган. Ысык-Кѳл жайгашкан мегасинклинорий-тектоникалык чункур.Анын өнүгүшү протерезойдо башталып, азыркы сѳлѳкѳтү палеоген-неогенде калыптанган. Көл плаценде жайгашкан.
Кен байлыктары Ысык-Көл өрөөнүндө таш көмүр, күрөӊ көмүр, коргошун, гипс, акиташ, жасалгалоо таштары, кирпич чопосу, сырьесу бар. Мындан башка радондуу жана аз минералдашкан кремнийлүү көптөгөн жылуу суулардын чыккан жеринде Ак-Суу, Жети-Ɵгүз, Жыргалаӊ ж.б курорттор иштейт. Ɵрөөндө дары баткактардын ири кендери Жыргалаӊ, Күрмѳнтү, Кызыл–Суу, Ула-Кѳл, Тамга, Кара-Ой. Чолпон –Ата, Чокталда табылган. Булар бальнеологиялык мекемелерде керектелет.
Рельефи. Рельфи өтө татаал. Бийик тоолуу аймакка мөңгү баскан аска-зоолор, тик капчыгайлар, тепши сымал минералдык түрлөр, кеңири цирктер, карлар мүнөздүү. Ɵрөөндүн капталдарында жана тамандарында корумдар кеӊири таралган.
Бөксө тоолор, адырлар анча бийик эмес суу өрөөндөрү менен тилмеленген. Ɵрөөндүн түштүк батышында Тескей Ала-Тоонун кырына жарыша бөксө тоолор орун алган. Бул тоолордун арасында Коңур–Ɵлөң, Семиз-Бел, Ак-Терек, Темир-Канат ж.б. Ала-Тоонун капталдарында тескейдикиндей тоо аралык өрөөндөр, өзүнчѳ жайгашкан бөксө тоолор байкалбайт. Бийик тоо рельефи акырындык менен төмөндөп Көл боюндагы аккумулятивдик, түздүктөргө өтөт. Бул түздүктөрдүн эӊ чоӊдору Жыргалаӊ жана Түп сууларынн алаптарында жайгашкан. Ысык-Көлдүн түштүгүндөгү жана чыгышындагы түздүктөрдө тоо аралап өрөөндөр менен чектелген неоген-антропогендик жапыз жалчалар менен дөӊсөөлөр: Тасма (2370), Чоң жана Кичи Бөрү-Баш (1811м), Оргочор (2061м), Кичи Оргочор (1747м). Батышында Ак-Ɵлөң түздүгү, жердеги башка түздүктѳр менен бирге кеӊири аянтты ээлейт. Аймакта Боз-Бармак дѳңсѳѳсү жайгашкан.
Ысык-Көлдүн түбүнүн түзүлүшү төрткө бөлүнөт. Биринчи-кургактыктагы рельефтин уландысы жана сайроон (0 дон 50мге чейинки тереӊдикте). Экинчи- айдоот тектер (50м ден 150м ге чейин). Υчүнчү-төмөнкү тектир ( материк каптал) 150м ден -350м ге чейинки тереӊдиктерде жатат. Тѳртүнчү- көл түпкүрүндѳгү (абиссалдык) түздүк. 350-668 м тереӊдиктерде жайгашкан.Биринчи тектирди кургактыкдагы суу өрөөндөрүнүн уландысы тилмеленет. Мисалга, Жыргалаң өрөөнүнүн Көлдөгү уландысы 25км ге, тереңдиги 40м ге, туурасы 2 км ге чейин жетет.
Көл чанагынын сыркы түзүлүшү климаттык өзгөрүүлөргө тыгыз байланышкан. Ысык-Көл ойдуӊунун климаты тегерегин Күнгѳй Тескей Ала-Тоолор курчап тургандыктан жана Ысык –Көл жайгашкандыктан башкалардан өзгѳчѳлѳнүп турат . Себеби тоолор муздак абанын ѳрѳѳнгѳ киришин азайтат, ал эми Көлдүн суусу өрөндүн климатын жумшартат. Жалпысынан өрөөндүн климаты жайы салкын, кышы жумшак, Июлдун орточо температурасы 15-20оС, январдыкы -3-8оС. Жылдык орточо температурасы Караколдо +6оС, Балыкчыда +7оС, Чолпон –Атада +7оС, Тамгада +7,5оС. Ɵрөөндүн чыгышынан Санташ, батышынан Улан шамалдары согот. Ылдамдыгы 25-30м /секундага жетет. Көл жээктеринде бриз шамалдары жүрүп турат .
Ысык-Кѳл өрѳѳнү жаратылыш шарттарынын ѳзгѳчѳлүктѳрүнѳ жараша Чыгыш жана Батыш Ысык-Кѳлгѳ бѳлүнѳт. Чек арасы болжол менен 77030км чыгыш узундук (Барскоон суусунун нугу) боюнча ѳтѳт. Чыгышына табияттын ар түрдүүлүгү мүнѳздүү. Батышында табияттын кургакчылыгы, чөлдүү талаа жана талаа ландшафттары үстөмдүк кылат. Батышынан келген аба агымы чыгышка карай жылган сайын көбүрөөк жаан-чачынды таштайт. Мисалга, Балыкчы шаарында орточо жылдык жаан-чачындын саны 115 мм ди түзѳт. Ал эми Караколдо бул кѳрсѳткүч 410мм ге жетет. Ɵрѳѳндүн батыш бѳлүгүнүн жазы салкын, жайы ысык, күзү узак, кышы суук, Жылдын жылуу мезгили 150-185 күн. Чыгыш бѳлүктѳ жылуу мезгилдин узактыгы 115-150 күн. Бул аймактын жайы салкын, кышы жумшак. Жогоруда айтылгандай климаттык шарттар, таза суу, суунун жылуулугу Ысык-Көлдүн эл аралык маанидеги эс алуучу жай болгонуна шарт түзүүдѳ.
Мөӊгү-суулары. Ысык-Кѳлдүн алабында 650 км2 аянты мөӊгүлѳр ээлейт. Анын ичинен Күгѳй Ала –Тоо 140км2,Тескей Ала-Тоодо 510км2 жайгашкан. Күнгѳй Ала-Тоодогу мөӊгүлөрдүн негизги топтолгон жери Чоӊ Ак-Суу суусунун башталышы. Тескей Ала-Тоодогу мөӊгүлөр Түргөн-Ак-Суу, Каракол, Жети-Ɵгүз, Чоӊ–Кызыл-Суу, Жууку, Барскоон, Тосор, Тоң, Ак-Сай сууларынын өрөндөрүндө жайгашкан. Ысык-Көлдүн алабынын жалпы аянты 22080км2, анын ичинен 6247км2 көлгө тийиштүү. Көлгө 118ден агын суулар куят. Суулары негизинен убактылуу же мезгилдүү. Дайыма куюп туруучу суулардын саны 80ден ашпайт. Агын суулар кар, мѳӊгү, жер астындагы суулардан, жаан-чачындан куралат. Сууларынын молдуулугу алабынын аянтына, жааган жаан-чачындын санына жана мөӊгү-кардын көлөмүнө, абанын температурасына жараша болот. Эң ири суулары: Жыргалаң, Түп, Каракол, Жууку, Жети-Ɵгүз, Чоӊ Ак-Суу, Чоӊ Кызыл-Суу, Түргѳн-Ак-Суу, Барскоон, Ак-Суу, Ак-Терек, Ак-Сай, Туура-Суу. Орточо жылдык чыгымдары 3төн 22,5км3/С га чейин.
Ысык-Кѳлдүн алабында 12,6 км2 аянтты ээлеген анча чоң эмес 279 кѳл бар. Алардын эң чоңу Ала-Кѳл Каракол суусунун башталышында 3532 м бийиктикте жайгашкан . Деңиз деңгээлинен 1620м бийиктикте. Кѳлдүн суусун тѳмѳндѳшүнѳн пайда болгон 16 реликт кѳлдѳрү жайгашкан. Алардын бирѳѳ Кара-Кол (батыш) кѳлү, суусунун туздуулугу 100-155г/л.
Ысык –Кѳлдүн узундугу -178км туурасы – 60,1км, терең жери 668 м ,аянты 6247, суусунун кѳлѳмү 1738 км3, суусунун туздулуугу 6,6г/л, Кѳлдѳ балыктын 25 түрү жашайт, анын ичинен 14 түр жергиликтүүлѳр.
Ысык-Кѳл ойдунунун ландшафттарынын ар түрдүүлүгүн бийиктик алкактуулук, меридионалдык багыттагы климаттын ѳзгѳрүүсү аныктайт. Ойдундун ландшафтары тоолуу болуп эсептелинет. Алар тоо капталдарынын жана Кѳл жээгиндеги түздүктѳрдүн ландшафтарына бѳлүнѳт. Тоо капталдарында бийик тоолуу тундра (3400-4300м), альпы шалбаасы жана шалбаалуу талаа(3100-3400м) субальпы шалбаасы жана шалбалуу талаа (2900-3400м), токойлуу шалбалуу талаа (1800-2900м) жана талаа ландшафтары (1800-2500м) таралган. Ойдундугунун батышында климаттын кургактыгына байланыштуу кѳл жээгинен баштап чѳл ландшафты, жарым чѳл, токойсуз шалбалуу-талаа алкактарына ѳтѳт, Ойдундун жакшы камдалган чыгышында токойлуу-шалбаалуу талаа алкагы тоо этегинен башталат.
Ɵрѳѳндүн таманында батышынан чыгышты карай таштуу бозомук күрѳң,ачык күрѳн, ачык кара конур, күңүрт кара коңур, кара топурактар таралган. Тоо капталдарында бийиктик боюнча таралган ар бир ландшафтан алкакка ылайык топурактар жайгашкан .
Чѳлдүү аймакка учтуу куудурое, чекендин, көп жалбырактуу тѳѳ куйрук мунѳздүү. Жарым чѳлдѳ негизинен Теңир –Тоо шыбагы, кавказ ак кыканы, тѳѳ куйрук ѳсѳт. Талаа жеринде бетеге, кыргыз ак кылканы чѳл суусу, ар түркүн чѳптѳр таралган. Шалбалуу талаада талаа ѳсүмдүктѳрү дан ѳсүмдүктѳрү менен аралаш токойлуу шалбаа-талаа алкагында терек, карагайы, бѳру карагат, илеби, ит мурун, карагат ѳсѳт. Алардын арасында түркүн чѳптүү дан ѳсүмдүктѳрү таралган.
Токой аймагы ойдундун чыгышында жайгашкан. Токой Күңгѳй Ала-Тоодо Чон-Кой-Суу суусунан, Тескей Ала-Тоодо Боконбаев айылынан чыгышты коздой тараган. Токойлордун таралуу бийиктиги 2000-2900м. Субальпы алкагында түркүн чѳптүү-бетегелүү шалбалуу –талаа, ыраң, түркүн чѳптүү шалбаа кездешет.
Альп алкагында кыска чѳптүү альп шалбаасы басымдуу. Нивалдык алкакта аска-зоолор, корум, мереке, кар, мѳңгү жатат.
Ысык-Кѳл ойдуңунун жаныбарлар дүйнѳсү ар түрдүү. Ал ойдундун жаратылыш шарты менен тыгыз байланышкан. Ойдуңдун Тѳмѳнкү бѳлүгүндѳгү чѳл, жарым чѳл, талаа аймагындагы жаныбарлардын жашоо шарты катаал.
Бул жерде кескелдирик, таш бака, кара чаар жылан, чычкандын түрлѳрү, коен, түлкү, суур, торгой таранчы, кѳгүчкѳн, үкү кулаалы, жана башкалар кездешет.
Шалбалуу талаа, токой аймактарында жаратылыш шарты жашоого ыңгайлуу болгондуктан жаныбарлардын кѳп түрү таралган. Мисалга, аюу, карышкыр, түлкү, каман, элик, кашкулак кенири таралган. Канаттуулардан кѳгүчкѳн, бактек, чымыктардын түрлѳрү, кекилик, чил, турумтай, күйкѳ кездешет.
Бийик тоолу аймактарда илбирс, суур, аюу, каман, кийиктер, жайлашат. Канаттуулардан улар, бүркүт, жору, ителги, куш, кузгун, чѳкѳ таан жайгашкан.
Ысык-Кѳдүн ѳзүндѳ ѳрдѳк, ак-куу, ак-чардак, ызгыт, чулдук, кашкалдактар жашашат. Кѳлдѳ балыктын 25 түрү жашайт, анын 14ү жергиликтүүлѳр. Негизгилери : чабак, кѳк чаар, каңылтыр.
Ысык-Кѳлгѳ 1932-жылдары севан, форель балыгы алынып келинген.
1960-жылдары пеляд, байкал, омулу, сига, судак, балыктары башка суулардан кѳлгѳ алынып келинген. Форель жана судак балыктары жырткыч болуп башка балыктардын санын азайтып жиберген.
Ысык-Кѳл ѳрѳѳнүнүн жаратылыш шарты жана байлыктары чарбанын кѳптѳгѳн тармактарын онүктүрүүгѳ шарт түзѳт. Кѳл жээк зооналарда буудай, картошка айдалат, алма, ѳрүк алмурут, карагат, марина жана башкалар ѳстүрүлѳт. Бул аймакта белгилүү санаторийлер, пансионаттар жана башка курорттук ишканалар жайгашкан.
Ɵрѳѳндүн жаратылыш байлыгын коргоо үчүн Ысык-Кѳл биосфералык аймагы, Ысык-Кѳл биосфералык аймагы, Ысык-Кѳл коругу, Каракол улуттук жаратылыш паркы жана 10 дон ашык убактылуу корголуучу жерлер уюшулган.
© ООО «Знанио»
С вами с 2009 года.