ӨЗ ЖЕРИҢДИН ТАБИЯТЫНА АДАМДЫН ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ
1. Табиятка адамдын тийгизген таасири (өз жериңдин мисалында)
Бул параграфты окуп-үйрөнүүнүн максаты силер жашаган жердин табиятына адамдардын тийгизген таасири тууралуу ой бөлүшүү. Бул максатка жетүү үчүн төмөндөгүдөй бөлүктөрдөн турган иштерди аткарууңар керек.
I. Силер жашаган жердин жаратылыш компоненттеринин абалы
1. Силер жашаган жердин жаратылышка адамдардын таасирлери кандай тийип жатат?
2. Жайыттар, тоолор тебеленгенби? Жайыттар туура пайдалануудабы ж.б.?
3. Тебеленип такыр жерге айланган жерлерди калыбына келтирүү боюнча кандай иштер жүрүп жатат?
4. Жер-суу ресурстарынын абалы кандай?
5. Сууну, өсүмдүктөрдү, жаныбарларды коргоо боюнча адамдар та- рабынан кандай иштер жүргүзүлүп жатат?
6. Силер суу ресурстарын калыбына келтирүү же аны сактоо, үнөмдүү пайдалануу боюнча өзүңөр эмне жасай аласьщар?
1. Өз жериндеги табигый кырсыктар
1. Жашаган жериңерде табияттын кандай кырсыктары (жер титирөө, жер көчкү, кар көчкү, суу ташкыны) менен таанышсьщар?
2. Табияттын кырсыктарынан сактануу үчүн алдын-ала кандай иштерди аткарууга болот?
3. Жергиликтүү өнөр жай ишканалары
1. Кандай өнөр жай ишканалары бар?
2. Ал өнөр жай ишканалары айлана-чөйрөгө зыян келтиреби?
3. Өнөр жай ишканасынан чыккан таштандылар кайда кетет? Алар табиятка зыян келтиреби же жокпу?
4. Өнөр жай ишканаларында адамдардын өмүрүн, ден-соолугун сактоо үчүн шарттар түзүлгөнбү?
Суроолор жана тапшырмалар
1. Ата-энелериңерден, кошумча адабияттардан оз жериңердин табиятынын абалы тууралуу сурамжылоо жүргүзгүлө, талкуулагыла.
2. «Силер жашаган жердин өсүмдүктөрүнүн, жаныбарларынын кайсы түрү коргоого муктаж» деген темада дил баян жазгыла.
3.
Силердин жашаган жердин калкынын жашоосу, эс алуусу жана эмгектенүүсү үчүн кандай иш чаралар жүргүзүлөт?
Практикалык иш № 17—18
Өз жериңдин аба ырайы тууралуу материалдарды талдоо жана иштеп чыгуу.
Максаты: окуучулар маалыматтар менен иштөөгө жана табиятка байкоо жүргүзүүгө үйрөнүшөт (абанын температурасынын графигин, диаграммасын түзүү); аба ырайынын абалы тууралуу бүтүм чыгарат, сүрөттөп жазып берет.
Алдын ала аткарылуучу иштер
1. Аба ырайынын байкоо календарын түзүү (таблица 30).
2. Мугалимдин жана окуучунун тандоосу боюнча аба ырайына байкоо жүргүзүүнүн мөөнөтүн (суткалык, жумалык, бир айлык) аныктоо.
3. Аба ырайынын температурасынын графигин түзүү (тандоонун негизинде суткалык, жумалык, бир айлык).
Мисалы, Бишкек шаарынын 13-марттан 19-мартка чейинки аба- сынын орточо температурсанын өзгөрүү графигин түзүү (9б-сүрөт).
4. Жыл ичиндеги мезгилдер боюнча жааган жаан-чачындардын диа- граммасын түзүү (97-сүрөт).
5. Шамал розасын түзүү (98-сүрөт).
6. Жыйынтыктоо, бүтүм чыгаруу.
Практикалык ишти аткаруу үчүн сунуштар:
1. температуранын жылдык графигин түзүү үчүн маалыматты жергиликтүү метеостанциядан же интернет булактарынан алса болот;
2. жаан-чачындын жылдык орточо санын аныктоо үчүн жергиликтүү метеостанциядан же интернет булактарынан колдонсо болот;
3. шамал розасы аба ырайына байкоо жүргүзүү күндөлүгүнүн негизинде түзүлөт;
4. интернетти, компьютерди пайдалануу.
Үлгу: 1.Аба ырайынын температурасынын графиги
1.
сүрот. Кандайдыр бир жердин 13-марттан 19-мартка чейинки
абасынын суткалык орточо температурасынын озгорүшү.
Үлгу.
2. Жыл ичиндеги мезгилдер боюнча жааган жаан-чачындардын
диаграммасы
Жаан-чачын, мм
А
80 -I
70
60
50
40
30
20
10
Үлгү 3. Аба ырайына байкоо жүргүзүү күндөлүгү
Шамалдын багыты жана ылдамдыгы
Үлгү 4. Шамал розасы
Туш. Б.
Түш.
5. сүрөт. Шамал розасы
Кандайдыр бир жерде басымдуу болгон шамалдардын багытын көрсөттсөн диаграмма шамал розасы деп аталат.
Шамал розасын түзүүнүн кадамдары
1. Горизонттун жактарын чийебиз.
2. Графиктеги бир кесинди сызьш шарттуу түрдө ргандайдыр бир күндүн санын көрсөтөт. Мисалы 1 сызык =1 күнгө же 1 жумага.
3. Байкоо күндөлүгүнөн шамалдын санын багыттары менен өзүнчө таблицага чийип алабыз (таблица 31).
4. Горизонттун жактарын көрсөткөн сызыктарга, анын борборунан шамал болгон күндөрдүн санына ылайык, шамалдын багыттары менен дал келтирип, чердаттер коюлат.
5. Сызыктарда коюлган чекиттерди ыраатуулук менен бириктирилет.
6. Графиктин борборуна тегеректи чийип, шамал болбогон күндөрдүн санын жазат.
Таблица 31
Шамал болгон күндөрдүн саны, багыттары
Шамалдын багыты |
Түн. |
Түш. |
Ч. |
Б. |
Түн. Ч. |
Түн. Б. |
Түш. Б. |
Түш. Ч. |
Шамал болбогон күндөр (штиль) |
Күндөрдүн саны |
2 |
4 |
3 |
5 |
1 |
7 |
4 |
3 |
2 |
Практикалык иш № 19
Өз жериңдин суу су н, күн энергиясын, топурагын үнөмдүүпайдалануу- нун жолдору боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
Мисалы, шаардагы ичуучу сууларды унөмдөө боюнча сунуштар:
1. Суу аккан түтүктөрдүн оң иштеп жаткандыгына көз салуу.
2. Адам сууга түшкөндө душ менен жуунуу. Анткени, ваннага суу толтуруу үчүн суунун көп көлөмү талап кылынат.
3. Чайды кайнатууда зарыл болгон көлөмдөгү суунун кайнатуу (канча киши чай иче турганын эске алуу).
4. Крандагы суу менен идиш-аяк жууганда тынымсыз агызбоо керек. Өзүнчө чоң идишке керектүү сууну алып жуу сунушталат.
Практикалык иш № 20
«Өз жеримди кантип жашылдандырууга болот?» темасында сунуштарды иштеп чыгуу.
Мисалы:
1. Жыл сайын жаш көчөттөрдү отургузуу.
2. Аларды тынымсыз сугаруу (тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонуу).
3. Алардын топурагын жумшартып, органикалык заттар менен азыктандыруу ж. б.
Скачано с www.znanio.ru
© ООО «Знанио»
С вами с 2009 года.