Сессиянын күтүлүүчү натыйжалары. Угучуулар:
предмет боюнча окутуунун түрмѳгүндѳгү баалоонун ордун аныкташат;
максатка жараша балоонун стратегияларын түшүндүрүшѳт;
баалоонун түрлѳрүн айтышат жана алардын ѳзгѳчѳлүктѳрүн белгилешет;
деӊгээлге жана максатка ылайык баалоонун методдорун жана техникаларын тандашат;
бири-бирине кайтарым байланыш беришет;
баалоонун чен-өлчөмдөрүн (критерий) аныкташат;
баалоонун планын иштеп чыгышат.
Окутуунун түрмѳгү: негизги компоненттер
Эмне үчүн окутабыз? (максаттар, күтүлүүчү натыйжалар, билим берүүнүн баалуулуктары – окуу процессинин ѳзѳктүү компоненти)
Эмнени окутабыз? (мазмун)
Кантип окутабыз? (методдор, шыктандыруучу окутуу чѳйрѳ, ресурстар)
Окутуунун натыйжаларын кантип аныктайбыз? (баалоо: коюлган максаттарга тийиштүү мазмундун жана окутуунун методдорунун натыйжалуулугун ченейт).
Окутууга жаӊы мамиле баалоонун жаӊы стратегиясын талап кылат
Баалоонун системасын киргизгенге чейинки билим берүүнүн натыйжаларын жана алардын жетишкендиктерин аныктайт.
Сабак берүү жана окутуу процессин мыктылоого багыт.
Баалоонун процедураларына, инструментарийге окуучуларды даярдоо деӊгээлине бирдей талаптарды иштеп чыгат.
Мамлекеттик жана предметтик стандарттарда бекитилген окутуунун натыйжасы менен окуучулардын жетишкендиктерин баалоо куралдарынын дал келиши.
Баалоо системасын ишке ашыруу жана иштеп чыгуу процессине мугалимдерди кошот.
Баалоонун чен-өлчөмдөрүнүн (критерий) процедураларынын тунуктугун, билим берүү процессинин бардык субъектиси үчүн натыйжалардын түшүнүктүүлүгүн камсыз кылат.
Баалоонун системасын дайыма жакшыртуу
Кыргыз Республикасынын орто жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты
(Кыргыз еспубликасынын Өкмөтүнүн 2014 ж. 21 июлунан № 403 токтому менен бекитилген)
Баалоонун негизги принциптери:
Баалоонун системасын иштеп чыгууда төмөнкү негизги принциптерди жетекчиликке алуу зарыл:
Обьективдүүлүк. Обьективдүүлүк принциби бардык окуучулар окшош шарттарда бирдей текшерүүлѳргѳ кабылышын талап кылат. Маалыматтарды иштетүүнүн обьективдүүлүгү окуучуга да, мугалимге да белгилүү болгон баа берүүнүн так, ачык чен-ѳлчѳмдѳрүн болжолдойт.
Ишенимдүүлүк – бул педагогикалык ченѳѳнүн так даражасы. Эгер ошол эле касиеттин кайталап текшерүүсү ошондой эле жыйынтыкты берсе, ишенимдүү болуп саналат.
Валиддүүлүк же баалоо усулунун шексиздигин аныктайт, ал чынында эле өлчөнүүгө тийиш болгон нерсе же башка нерсе өлчөнүп жатканын көрсөтөт.
-
7
Баалоонун стратегиясы
Баалоонун стратегиясы – максаттарды жетүү даражасын ченөө үчүн ,белгилүү ырааттуулук жана план боюнча мугалим жана окуучулар менен колдонулган ыкмалардын системасы
Баалоонун стратегиясы, баалоонун максаты кандай экендигинен, кандай натыйжа пландаштырылганынан жана ченөөлөрүнөн көз каранды.
Окуу ишмердүүлүгүнүн ар кандай баскычтарында ар башка бааалоонун стратегиялары колдонулат. Баалоонун тиги же бул стратегияларын пайдалануу менен, ал эмнеге максатталгандыгын, кандай натыйжаларга жетишебиз, окуучуга анын окуудагы ийгиликтери жөнүндө ой жүгүртүүсүнө кантип жардам берип жатканыбызды түшүнүү аябай маанилүү.
8
Жалпы стратегия
Окутуунун ченөөлүчү натыйжаларын аныктоо (эгерде максаттарды ченөөлүчү натыйжаларга которуу керек болсо)
Окуучулардын окуу жетишкендиктеринин деңгээлдерин аныктоо (билим? колдонуу? балоо)?
Окутуунун натыйжаларына тийиштүү окутуунун мазмунун жана балоонун техникаларын тандоо (мисалы, компетентүүлүктү билим текшерген тест аныктай албайт)
Максатка ылайык окутуунун методдорун тандоо
Балоонун колдонуу жана максатка жетишүүго баа берүү (калыптандыруучу же жыйынтыктоочу): кайтарым байланыш түрмѳгүн бекитүү.
Баалоонун стратегиялары
Окутуунун натыйжаларын аныктоо.
Окуучулардын окуу жетишкендиктеринин деңгээлдерин аныктоо (билим, колдонуу, талдоо, топтоштуруу, баалоо).
Окутуунун натыйжаларына тийиштүү окутуунун мазмунун жана баалоонун техникаларын тандоо (мисалы, компетентүүлүктү билим текшерген тест аныктай албайт).
Максатка ылайык окутуунун методдорун тандоо.
Баалоону колдонуу жана максатка жетишүүгө баа берүү.
.
Баалоо, Баа берүү, Баа (белги)синонимдерби?
Баалоо – окуучунун окуу жана билүү ишмердүүлүгүн байкоо процесси, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында окуучу жөнүндө маалыматты интерпретациялоо, чогултуу, сүрөттөп берүү процесси.
Баа берүү – баалоо процессинин натыйжасы, баалоо боюнча ишмердүүлүк же иш - аракет, кайтарым байланыштын сандык жана сапаттык маалыматы.
Баа (белги) – символ, шарттуу-формалдуу, цифралар, тамгалар жана башка белгилер менен окуучунун окуу жетишкендиктерин баалоонун сандык туюнтулушу.
Баалоонун негизги түрлөрү
Окуучулардын жеке жетишкендиктерин жана прогрессин ченөө үчүн баалоонун үч түрү колдонулат:
Алдын алуу (диагностикалык) баалоо
Калыптандыруучу (формативдик) баалоо
Жыйынтыктоочу (суммативдик) баалоо
Учурдагы баалоо
Аралык баалоо
Жыйынтык баалоо
Диагностикалык баалоо (I)(претест максаттарынын тизмеси)
Зарыл билимдин, тажрыйбанын жана көндүмдөрдүн
диагностикасы;
Болгон билим менен тажрыйбаны актуалдаштыруу;
Болгон билим менен тажрыйбаны проблематизациялоо (Алардын чектелгендигин көрсөтүү );
Окуучулардын өзүнө баа коюу
Окуучулардын көз карашы менен предметтин маанилүү аспектилерин бөлүп чыгаруу
Алдыда турган курсту изилдөөгө кызыгууну «чакыруу»
Алдыда турган курсту изилдөөдөн окуучулардын күтүүлөрүн коюү
II
Жаӊы тема боюнча окуучулардын компетентүүлүгүнүн калыптануу деӊгээлин текшерүү;
Претест->посттест.
Калыптандыруучу (формативдик) баалоо
Максат: Окутуу процессинде мугалим менен окуучулардын ишмердүүлүгүн оӊдоо - түзөтүү. Окутуунун натыйжасын жакшыртуу үчүн окуучулар менен бирге же мугалимдин маселе коюусун болжолдойт.
Мугалимге: Баштапкы баскычтарда окуу процессин оӊдоп түзөтүүгө, окуучулардын максаттарына жетишүүсүн караганга.
Окуучуга: Өзүнүн билим алуусуна чоӊ жоопкерчиликти сезгенге.
Мүмкүнчүлүк берет:
Күнүмдүк практикада кездешет (ар бир сабакта, күнүгө)
Окуучуга, ошондой эле мугалимге кабыл алына турган формада кездешет
Калыптандыруучу (формативдик) балоо
Окуп-үйрөнүү процессинин негизги бөлүгү.
Окуучу жана мугалим биргелешип окутуунун максаттарын аныкташат.
Окуучулардын окуу стандарттарын түшүнүп билүүсүнө багытталган.
Окуучулар менен натыйжалуу кайтарым байланышты камсыз кылат.
Окуучу окуу процессине активдүү катышат.
Баалоонун натыйжаларын эске алуу менен окуп-үйрөнүүнү ыңгайлаштырат.
Баалоо окуучулардын өзүн сыйлоосуна жана сабакка кызыгуусуна терең таасир тийгизет, бул өз кезегинде окууга да олуттуу таасир этет.
Окуучулар бири-биринин жана өз билимдерин баалай билиши керек.
Жыйынтыктоочу (суммативдик) баалоо
Жыйынтыктоочу (суммативдик) баалоо белгилүү убакыт аралыгында теманы, бөлүмдү аяктоо учурунда билимдердин, билгичтиктердин жана көндүмдөрдүн калыптануу деңгээлин аныктоого арналган. Жыйынтыктоочу баалоо ар түрдүү текшерүүчү иштердин (тест, текшерүү иши, лаборатордук, изилдөө иши, дилбаян, эссе, долбоор, оозеки презентация ж.б.) жыйынтыктары боюнча жүргүзүлөт. Текшерүү иштерине коюлуп жүргөн баалар жыйынтыктоочу бааларды коюу үчүн негиз болуп саналат.
Жыйынтыктоочу (суммативдик) баалоонун максаты – белгилүү убакыт аралыгында окуучулардын билимдерди өздөштүрүү, билгичтиктеринин жана көндүмдөрүнүн калыптануу деңгээлин белгилөө жана алынган натыйжалардын стандарт талаптарына шайкештигин аныктоо.
Калыптандыруучу (формативдик) баалоонун техникаларын презентациялоого тапшырма:
1. Колдоно турчу методдун максаттарын жана негизги мүнөздөмөлөрүн айтып бергиле (билүүгө жана түшүнүүгө, көндүмгө, өз ара байланыштарга баа берүү, рефлексия ж.б.) ?
2. θз сабагынарда колдонгон ыкма жана методдорду көрсөткүлө.
3. Пайдаланууда эмнеге көнүл буруу керек экендигин сунуштагыла.
Мүмкүн болгон жыйынтык тапшырмалар
Тема: Кыргызстандын дары өсүмдүктөрү
Б.Блумдун таксономиясынын кайсы деӊгээлине туура келет?
Окуу китептеги бардык дары өсүмдүктөрдү атагыла.
Берилген тема боюнча реферат жазгыла.
Дары өсүмдүктөрдү (5 түрдөн аз эмес) чогултуп аларды колдонуу жолдорун көрсөткүлө.
Эӊ популярдуу дары өсүмдүктөр жөнүндө слайд-шоу даярдагыла.
Билим,
Түшүнүү
Колдонуу
Анализ/Баа коюу
Кайтарым байланыш
Кайтарым байланыш – максатка эң жакшы жол менен жетишүүгө өбөлгө түзүүчү конкреттүү иш-аракеттер, кырдаалдар, талаш суроолор жөнүндө билдирүү жана түшүндүрмөлөрдү (сын пикирлерди) алуу процесси.
«Калыптандыруучу баалоо – окуучулар менен дайыма жүргүзүлүүчү үзгүлтүксүз кайтарым байланыш», «маалыматты дагы да терең өздөштүрүүгө жол ачуу үчүн, окуучулардын түшүнүүдөгү мүчүлүштүктөрүн жоюуга жардам бергидей орундуу жана таасын түшүндүрмөлөр».
Кайтарым байланыш мугалимге окутуу процессинин жүрүшү, окуучулардын жетишкендиктери жана кемчиликтери тууралуу маалыматтарды берет. Кайтарым байланыш өз ара сыйлашуу жана жаркын маанайда жүргүзүлүп, окуучулардын туура жооп бериши, каталарын оңдошу же ойлонуу багытын өзгөртүшү үчүн убакыт берет да, ийгиликке өбөлгө түзөт.
Кайтарым байланыш алгылыктуу болушу зарыл, бирок ал окуучу аткарылган иштин кемчиликтерин билбеши керек дегендик эмес.
Окуучулар менен жүргүзүлгөн сапаттуу кайтарым байланыш таанып-билүү милдеттерин түшүнүүгө багытталат да, окуучу эмне үчүн жана кандайча түшүнүп же түшүнбөй жатканы жөнүндө маалымат берет, ошондой эле окуучунун илгерилешине көмөктөшүүчү жолдорду табууга мүмкүндүк түзөт.
Бул ыңгайдагы кайтарым байланыш сереп салууга, окуучунун иштерин багыттоого жана түшүндүрмө берүүгө, аны белгиленген натыйжаларга жакындатууга багытталган.
бир эле жумушка өтө көп түшүндүрмө жасай бербегиле;
түшүндүрмөлөр окуучуларга окуп-үйрөнүү максаттарына ылайык кандай иштегендиги жана ишин жакшыртууга эмне кылышы керектиги жөнүндө маалымат бериши керек;
түшүндүрмөлөр иштелип чыккан чен-өлчөмдөргө (критерий) ылайык жасалышы керек.
Кайтарым байланышка тапшырма
Баалоо үчүн мисалдар | Баалоонун түрлөрү |
1. Чейректин аягында коюлуучу баа ... | |
2. Алынган жазуу иштеринде мугалим кемчиликтерди белгиледи, бирок ... | |
3. Мугалим окуучулардын жөндөмү боюнча оозеки баалайт. | |
4. Мугалим окуучулардан тест алды, журналга баа коюлган жок. | |
5. Мугалим окуучулардын жумушчу дептерин карап, алардын жакшы түшүнбөгөндүгүн байкап, дагы бир жолу түшүндүрүп, бирок эч кандай баа койгон жок | |
Жыйынтыктоочу (суммативдик) баалоо
Жыйынтыктоочу (суммативдик) баалоо – окуучулардын жыйынтыктоочу баасы окутуунун ар бир баскычы үчүн пландаштырылган натыйжаларга окуучунун жетишүү даражасын аныктоо үчүн колдонулуп, күндөлүк, аралык жана жыйынтык баалоодон келип чыгат.
Күндөлүк (утурумдук) баалоо теманы сабакта өздөштүрүүдө жүргүзүлөт. Анын негизги милдеттери болуп: теманы түшүнүү жана баштапкы өздөштүрүү деңгээлин аныктоо, анын айрым элементтери менен мурунку темалардын мазмуну ортосундагы байланыштарды белгилөө эсептелинет. Күндөлүк баалоо окуучулардын окуу материалын өздөштүрүүдөгү жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, предметтик стандарт тарабынан сунушталган баалоонун чен-ѳлчѳмдѳрүнѳ (критерийлери) ылайык жүргүзүлөт. Күндөлүк баалоону мугалим, ошондой эле жуптардагы жана топтордогу өз ара көзөмөл, өзүн өзү көзөмөлдөө аркылуу окуучулар ишке ашырат.
Орто аралык баалоо предметтик стандартта аныкталган күтүлүүчү натыйжаларга, мазмундук тилкелерге ылайык жана иштин төмөнкү негизги түрлөрү аркылуу жүргүзүлѳт:
байкоо жүргүзүү жана объектини математикалык баяндоо;
лабораториялык-практикалык иштер;
ар кандай булактар менен иштөө (аныктагычтар менен иштөө);
жазуу иштери (математикалык диктант, өз алдынча иштер, тесттик тапшырмалар, таяныч конспект-схемаларын түзүү);
оозеки жооп/презентация;
эксперимент ѳткѳрүү;
долбоор, изилдөө иштери, иштин ѳзгѳчѳлѳнгѳн түрлөрү;
портфолио (жетишкендик папкасы).
Иштин бардык түрлөрү баалоонун чен-ѳлчѳмдѳрүнүн жана нормаларынын негизинде жүргүзүлүп, милдеттүү болуп саналышат жана мугалим тарабынан календардык-тематикалык планды иштеп чыгууда пландаштырылат.
Жыйынтыктоочу баалоо мектеп календарына (чейрек, жарым жылдык, окуу жылы), окуу-тематикалык планына (темалар боюнча баалоо) ылайык өткөрүлүп, төмөнкү формаларда болот:
Зачет, текшерүү иш, тандалган тема боюнча реферат, презентация, слайддарды даярдоо; баа коюу.
Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо чен-ѳлчѳмдѳрү
Чен-ѳлчѳмдѳрдү биргелешип иштеп чыгуу окуучулардын баалоого болгон позитивдик мамилесинин калыптанышына жана натыйжага жетишүү үчүн жоопкерчилигинин жогорулашына мүмкүнчүлүк берет.
Баалоонун чен-ѳлчѳмдѳрүн иштеп чыгууда сабактын максаттарын жана мазмунун дайыма эске алуу зарыл.
Чен-ѳлчѳмдѳрдү биргелешип иштеп чыгуунун процедуралары (мугалим – окуучу)
Теманы баштоонун алдында сабактын максаттарын жана милдеттерин окуучуларга тааныштыргыла.
Ар бир окуучуну бир-эки чен-ѳлчѳмдү жазууну сурангыла;
Окуучулар сунуштаган чен-ѳлчѳмдү жазгыла;
Бардык окуучулар сунуштаган чен-ѳлчѳмдѳрдү түшүнгөнүнө ынангыла;
Чен-ѳлчѳмдѳрдү маанилүүлүк даражасы боюнча койгула;
Артыкчылыктуу чен-ѳлчѳмдѳрдү тандагыла;
Ар бир чен-ѳлчѳмдүн (упайын) сандык көрсөтүүсүн аныктагыла жана анын градациясын чыгаргыла;
Андан ары окуучулардын ишин иштелип чыккан чен-ѳлчѳмдѳргѳ гана ылайык баалоо керек.
Чен-өлчөмдүк (критериалдык) баалоонун негизги мааниси
– окуучунун өзүнүн белгилүү, алдын ала иштеп чыккан чен-өлчөмдөрүнүн негизинде көзөмөлдөө жана баа берүү аракеттерин калыптандыруу;
башкалар менен салыштырбастан баланын жекече өнүгүү динамикасын байкоо.
32
Ар бир баалана турган иш үчүн
Идеалда окуу тапшырмасын аткаруу жыйынтыгы кандай болушу керектигине так түшүнүк берилет.
Баалоо окуучу бул максатка жакындоо даражасын аныктоо катары шкаланы билдирет.
Мугалим баалоонун чен-өлчөмдөрүн иш үчүн баа коюлса дагы, коюлбаса дагы баалоонун бардык түрүндө пайдаланышы керек: диагностикалык, калыптандыруучу жана жыйынтыктоочу
Эмне үчүн, мындай деп ойлойсуӊар?
34
Чен-өлчөмдөрдүн мисалы жана упайларды бөлүштүрүү
Көндүм: окуучулардын оозеки жана жазуу | ||
Баалоонун чен-өлчөмдөрү | Максималдуу упай | Алынган упай |
1. Окуучу программалык материалдын кѳлѳмүн жана каралып жаткан түшүнүктөрдүн, кубулуштардын, теориялардын, мыйзамченемдүүлүктөрдүн, өз ара байланыштардынмаңызын өз алдынча ачып көрсөтө алса. | 10 |
|
2. Окуучу негизги жоболорду бөлүп көрсөтө алса, конкреттүү мисалдар, фактылар менен өз алдынча жоопторду тастыктай алса | 15 | |
3. Окуучу ѳз алдынча жана аргументтүү талдаса, жалпыласа жана жыйынтык чыгара алса. | ||
4. Окуучу алган билимдерди тааныш эмес кырдаалда колдоно алса. | 25 | |
5. Окуучу окуу материалын так, байланыштуу, негиздүү, логикалык ырааттуулукта жана катасыз айтып бере алса. | ||
6. Окуучу негизги түшүнүктөрдүн, мыйзамдардын, теориялардын так аныктамасын жана түшүндүрүлүшүн формулировкаласа жана жеке өзүнүн бүтүмүн чыгарса. | 10 | |
Бардыгы | 100 |
.
.
Чен-өлчөмдөрдүн градациясы
Кээ бир учурларда, чен-өлчөм кенен болгон учурда, чен-өлчөмдөрдүн градациясы керек.
Чен-өлчөмдөрдүн градациясы - бул күтүлүүчү жыйынтыктын жетишүүнүн ар түрдүү деӊгээлдеринин баяндалышы
36
Окуу долбоорундагы баалоо (Баалоонун планын иштеп чыгуу)
Долбоордун алдында | Долбоор үстүндө иштеп аткан учурда | Долбоор аяктаганда |
Мээ чабуул | Байкоо журналы | Долбоорду баалоо чен-өлчөмү |
Баалоонун салттуу моделинен калыптандыруучу баалоого
Тапшырма. Баалоонун жаны системасына ийгиликтүү өтүш үчүн эмнени өзгөртүш керек?
Эмнеден | өтөбүз | эмнеге |
Салттуу жазуу иштеринен |
| |
Баалоонун так эмес чен-өлчөмдөрүнөн | ||
Мугалимдин баалоосунан | ||
Конкуренциядан | ||
Натыйжаны баалоодон | ||
Билимди баалоодон | ||
Баанын маанилүүлүгү менен керектүүлүгүнөн | ||
Жыйынтыктоо, суммардык баалоодон |
© ООО «Знанио»
С вами с 2009 года.