Усул, ыкма, стратегия, технология жөнYндө тYшYнYк
Усул | Грек тилинен «методос» - ыкма, каражат, изилдөө деген сөзүнөн алынып, бир ишти аткаруу каражаты, жолу дегенди билдирет. |
Окутуу ыкмалары | Окутуу усулдарынын бир бөлYгY же бир жагы болуп эсептелет да ага кызмат кылат. |
Окутуу усулу | Окуучуларга ББКны берYYгө, аларды тарбиялоо жана өнYктүрYYгө багытталган мугалим менен окуучулардын биргелешип аракеттенYY ыкмасын айтабыз. |
Методология | Байыркы грек сөзунон келип чыгып, «методос»-изилдоо, ишмердуулук, ал эми «логос»-окуу, теория деген маанини тушундурот жана «ишмердуулук жонундо окуу, изденуу» деген маанини билдирет. |
Технология | Грек тилинен «техно» – искусство, чеберчилик, аткаруучулук, «логос» – окуу, Yйрөнүү дегенди билдирет. |
Технология | Бул мугалимдин чыгармачылыгынын, чеберчилигинин, жөндөмдүүлүгүнүн негизинде корсотмо куралдарды пайдалана билуусу, эмгекчилдиги. |
Педагогикалык технология | Мугалимдин алдыга койгон максатын ишке ашырууда колдонгон иш - аракеттеринин жыйындысы. |
Окутуу технологиясы | Бул дидактикалык системанын процессуалдык составдык болугу |
Технология, усул | Бул экоонун айрымасы, «технология»-бул оз ишин жакшы билген иш билги мугалимдин аракети, ал эми «методика»-бул окутуунун усулдары жана ыкмалары |
Пассивдүү(демилгесиз) усулдарга-аңгеме, лекция, чечмелөө, түшүндүрүү, экскурсия, көрсөтүү ыкмалары(окуучулар көрүп уга турган маалыматтар) кирет
Ал эми активдүү (демилгелүү) усулдарга-китеп (текст) менен иштөө, тапшырмаларды, көнүгүүлөрдү аткаруу, тест алуу, маселе чыгаруу, өз алдынча чыгармачылык менен иштөө ж. б. ыкмалары кирет.
Жаңы идеяларды жаратуучу усулдар
2. Бири-бирин окутуу усулдары
Ротация усулу
3. Талкуулап, пикир алышуу усулдары
ПСМТ усулу
ПСМТ (Позиция-себеп-мисал-тыянак) усулун колдонуу балдардын талкууга катышы билүүсүн өнүктүрүү үчүн эң мыкты ыкма болушу мүмкүн. Мындай ыкма балдардын инсандарга эмес, идеяларга көңүл бургандай кылып өз пикирлерин айтышына багыт берет.
Пикирлерин айтып жатканда балдардан төмөндөгүдөй ырааттуулукту сактоону өтүнүңүз. Бул үчүн жөнөкөй бир мисал келтирели:
1.Позиция
Окуучу өз позициясын билдирет: “Чылым чеккенге тыюу салуу керек дегенге мен макулмун”
2.Себеп
Окуучу эмне үчүн башкача эмес, дал ушундай пикирде экендигинин себебин айтат:
“Чылым чегүүдөн өпкө рак оорусуна чалдыгат”
3.Мисал
Окуучу мисал келтирет: “ Төлөмүш байкем былтыр өпкө рагынан каза болду”
4.Тыянак
Окуучу өз аргументтерин жалпылаштырат: “Мына ушул себептен мен элибиздин ден-соолугу чың болушу үчүн мен чылым чеккенге тыюу салуу керек деп ойлойм».
4. Өтүлгөн темаларды кайталоо усулдары
Б.Блумдун таксономиясы
Ой жүгүртүүнүн жɵндɵмдɵрү
1.Билим
2. Түшүнүү
3. Колдонуу
4.Талдоо (анализ)
5. Синтез
6. Баалоо
5. Идеяларды графика түрүндө чагылдыруу усулдары
а) кластер (кластер суроолору менен, кластер табышмак)
б) концептуалдык карта
г) жүзүм шиңгили
в) блокторго бөлүштүрүү
д) аныктоо шкаласы
е) долбоор түзүү
Кластердин түрлөрү
(Айылдык билим берүү)
Идеяларды чагылдыруудагы графикалык уюштуруучу. Сызыктуу эмес ойломдук ишти чагылдуруу ыкмасы. Кандайдыр бир темадагы идеяларды эркин жана бат чогултууга жардам берген педагогикалык стратегия. Ал бат унутулуп кала турган идеяларды графикалык сүрөттөө менен кагаз үстүнө белгилөөгө мүмкүндүк берет. Кластердин мүмкүнчүлүктөрү жана түрлөрү ар кандай: <<кластер суроолор менен>> (идеялардын ордуна суроолор жазылат) << кластер – табышмак >> (кластердеги теманын же өзүнчө түшүнүктөрдүн ордулары толтурбай бош калтырылат, ошол тегеректерди толтуруу менен окуучулар теманы же жетишпеген түшүнүктөрдү аныкташы керек)
Кадамдар:
Теманы тандап алуу жана аны тактага же дептерге жазуу
Бардык сөздөрдү, түшүнүктөрдү, ассоциацияларды анализдебей жана сындабай туруп жаздуу. Идеялар теманын тегерегиндеги тегерекчелерге түшкөн сайын жазылып турат.
Жазуу жүргүзүү процессинде түшүнүктөрдүн ортосунда байланыштарды түзүү.
Жазуу ишке берилген убакыт же идеялар түгөнгүчө жүргүзүлөт.
Окуучулар жекече жасаган кластер, түгөйү менен талкууланат жана андан кийин бүт топко айтылат.
Кластерди келээрки иште кантип колдонуу жөнүндө ойлонушу керек.
Кыскача мазумуну: Идеяларды <чогултуп жазуу>. Идеяларды, ойлорду топтоо жана фиксациялоо
6. Окуучулардын ой-жүгүртүүсүн, сынчыл ойломун өнүктүрүүчү усулдар
Негизинен окуучулар менен жүргүзгөн ар бир иш аракет алардын сынчыл ойломун өнүктүрүүсү керек
а) синквейн
б) даймонд
в) инсерт
г) билем, билгим келет, билдим. (ББКБ).
д) сүрөт менен иштөө
8. Суроо бере билүү усулдары
10. Берилген тапшырмага ролдоштуруп ойноо, тууроо аркылуу жооп берүү усулдары
а) ролдук оюн
б) иммитация (тууроо, окшоштуруу)
в) окуу жана окуганды эки экиден бөлүп жыйынтык чыгаруу
Компетенция жана компетенттүүлүктүн бир нече аныктамалары бар. Тɵмɵндɵ алардын жɵнɵкɵйлɵтүлгɵн түрү сунушталды:
Компетенция | • Билим, билгичтик, кɵндүм жана практикалык ишмердүүлүктүн жыйындысы. |
Компетенттүүлүк | • Ал ишмердүүлүктүн жыйындысын колдоно билүү жɵндɵмдүүлүгү. |
Озоктуу компетенттүүлүк (ключевая компетентность) | • Окуучулардын ɵздɵрү үчүн актуалдуу деп эсептелген маселелерди ɵз алдынча чечүү жɵндɵмдүүлүгү . |
1-тема. Мен Адаммын
Өтүү мөөнтү;
Сабактын тиби: Жаңы билимди окуп үйрөнүү,
Сабактын методу: Эки бөлүктүү күндөлүк
Сабактын жабдылышы : Окуу китеби дептер, таблица ж.б.
Негизги компетенттүүлүктɵр: (Жогоруда предметтик стандарттан үзүндүнү караӈыз)
1.Маалыматтык
2. Социалдык- коммуникативдик
3. Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү
Предметтик компетенттүүлүктɵр:
1.Жарандык- укуктук
2. Коомдук-саясий, экономикалык
3.Социалдык-коммуникативдик
1. | Билим берүүчүлүк | “Адам деген ким, ал адам деген атка канткенде татыктуу болот?” деген суроого жооп беришет. Улуу ойчулдардын “Адам болуу” жɵнүндɵ айткан ойлору тууралуу билишет. |
2. | Өнүктүрүүчүлүк | Өз алдынча текст менен иштөө жана талкуулоо кɵндүмдɵрүн ɵнүктүрɵт |
3. | Тарбиялык | Өз алдынча ой жүгүртүү жөндөмдөрүн калыптандырышат. |
Сабактын максаттары:
Материалы на данной страницы взяты из открытых источников либо размещены пользователем в соответствии с договором-офертой сайта. Вы можете сообщить о нарушении.