«География» боюнча предметтик стандарт: негизги жана предметтик компетенттүүлүктөр, компетенциялар, мазмундук тилкелер, күтүлүүчү натыйжалар, көрсөткүчтөр
Сессия 5
Предметтик компетенттүүлүктөр, компетенциялар, күтүлүүчү натыйжалар, күтүлүүчү натыйжалардын кѳрсѳткүчтѳрү (индикаторлору)
Бул сессиянын аягында катышуучулар:
компетенттүүлүктөрдүн, предметтик компетенттүүлүктөрдүн (негизги компетенттүүлүктөр менен байланышын), алардын өнүгүү денгээлдерин сүрөттөй алышат;
стандарттан сабакка максат коюунун негизги кадамдарын жана анын артыкчылыктарын сүрөттөй алышат;
география боюнча предметтик стандартты колдонуп сабактын максатын (күтүлүүчү натыйжаларды) жана күтүлүүчү натыйжалардын кѳрсѳткүчтѳрүн (индикаторлорун) аныктай алышат.
-
Географияны окутуунун максаты
жаратылыштык, жаратылыштык-техногендик, социалдык-экономикалык кубулуштар жана жараяндар жөнүндө билимдердин негизинде географиялык компетенциялардын топтомуна ээ болгон, дүйнөгѳ руханий - баалуулук мамилеси калыптанган, реалдуу географиялык мейкиндикте ыңгайлашууга жана иштөөгө жөндөмдүү инсанды калыптандыруу болуп саналат.
Географияны окутуунун милдеттери
Географияны окутуунун милдеттери
Географияны окутуунун милдеттери
Компетенттүүлүк жана компетенция:Окшоштуктар жана айырмалар
Негизги компетенттүүлүк – окуучунун социалдык тажрыйбасына негизделип жана окуу предметтеринин негизинде жүзөгө ашырылган көп функциялуулукка ээ болгон предметтен жогору турган коомдук, мамлекеттик, кесиптик заказдарга ылайык аныкталган, ченелүүчү билим берүүнүн натыйжасы.
Компетенттүүлүк – инсандын интегралдык мүнөздөмөсү, ал билимди, окуу жана турмуштук тажрыйбасын, шыктуулугун жана баалуулуктарын пайдалануу менен реалдуу турмуш кырдаалдарында пайда болгон маселелерди жана көйгөйлөрдү чече билүү жөндөмдүүлүгүн аныктайт.
Компетенция (латын сөзүнөн competentia) – бул билим аракети, инсандын алган билимин жана көндүмүн практикада пайдалануу, ачык эместик шарттарда чечим кабыл алып жана аларды ишке ашыруу жөндөмдүүлүгү.
Негизги компетенттүүлүктөр
1. Маалыматтык
2. Социалдык-коммуникациялык
3. “Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү” компетенттүүлүгү
Предметтик компетенттүүлүктөр
1. Географиялык компетенттүүлүк.
Предметтик компетенттүүлүктөрдүн мүнөздөмөсү
1. Географиялык компетенттүүлүк | Окуучунун дүйнөнүн бүтүндүү сүрөтүн көрүү, чечилүүчү маселелерге жана бар болгон жагдайларга карата географиялык мейкиндиктин көп түрдүү жараяндары жана кубулуштары жөнүндө билимди пайдалануу жана ыңгайлашуу жөндөмдүүлүгү. |
2. Геоэкологиялык компетенттүүлүк | Окуучунун адамдардын, аймактардын жана жаратылыш чөйрөсүнүн ортосундагы өз ара байланыштардын татаал системасын баалоо, жаратылыштык-социалдык дүйнөгө нарктуу мамилени жаратуу жөндөмдүүлүгү. |
3. Социалдык-инсандык компетенттүүлүк | Окуучунун реалдуу географиялык мейкиндикте ыңгайлашуу жана аракеттенүү, инсандык максаттарды жана маанилерди аныктоо, аларды өз жашоосунда долбоорлоо жана жүзөгө ашыруу жѳндѳмдүүлүгү. |
Негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдүн байланышы
Биринчи деӊгээл: Түшүнүү;
Мазмундук тилкелер
Мазмундук тилкелер предметтин окуу материалынын мазмунун чагылдырат, анын негизги ядросу болуп эсептелинет.
Мазмундук тилкелер
1. Географиялык мейкиндик.
2.Геомаданий ар түрдүүлүк.
3.Социалдык-экономикалык өнүгүү
Күтүлүүчү натыйжалары
Окуучуларды окутуунун күтүлүүчү натыйжаларын төмөнкүдөй кодировкасы пайдаланат:
- биринчи сан – окутуу классы;
- экинчи сан – мазмундук тилкенин номуру;
- үчүнчү сан – предметтик компетенттүүлүктүн номуру;
- төртүнчү сан – күтүлүүчү натыйжанын саны.
Мисалы: 10.1.2.2.
«10» – онунчу класс;
«1» – мазмундук тилке: «Географиялык мейкиндик»;
«2» – предметтик компетенттүүлүк: «Геоэкологиялык»;
«1» – күтүлүүчү натыйжа: 10.1.2.2. Дүйнөлүк табигый ресурстардын жайгашуусундагы мейкиндиктик айырмачылыктарды сүрөттөйт
Окуучуларды окутуунун күтүлүүчү натыйжалары (баскычтар жана класстар боюнча)
Мазмундук тилке жана компетенттүүлүккө ылайык билим берүүчү натыйжалар | |||
Мазмундук тилке /Компетенттүүлүк | 10-класс | 11-класс | |
Географиялык | 1.Географиялык | 10.1.1.1. Тарыхый доорлордун жана заманбап саясий жараяндардын дүйнөнүн саясий картасынын түзүлүшүнө жана дүйнө өлкөлөрүнүн көп түрдүүлүгүнө таасирин талдайт | 11.1.1.1. Аймактык жана геосаясий параметрлер боюнча дүйнө аймактарынын жана өлкөлөрүнүн ордун талдайт |
Көрсөткүчтөр
Көрсөткүчтөр – бул аракет жана байкоо жүргүзүлгөн жүрүм-турум же башка маалыматтар, алар стандарт менен байланыштуу болгон кээ бир элементтердин катышуусун, абалын жана ишке ашыруу шарттарын көрсөтөт.
Мазмундук тилке | Компетенттүүлүк | Күтүлүүчү натыйжалар | Деңгээлдер | Окуучу бул натыйжаларга жетишет, эгерде: |
Географиялык мейкиндик | 1. Географиялык | 10.1.1.1. Дүйнөнүн саясий картасынын, дүйнө өлкөлөрүнүн көп түрдүүлүгүнүн калыптануусуна тарыхый доорлордун жана заманбап саясий жараяндардын таасирин талдайт | | Саясий картанын калыптануусунун баскычтарын мүнөздөсө, кагылышуулар болуп жаткан аймактарды атаса, мисалын келтирсе. |
|
| | Конкреттүү мисалдарда дүйнөнүн саясий картасындагы сандык жана сапаттык өзгөрүүлөрдү тааныса. | |
|
| | Кандайдыр-бир белгилер боюнча өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрүн өз алдынча аныктаса жана типологиясын ишке ашырса. |
“Баш катырма”
??? Эмгектин эл аралык географиялык бөлүштүрүлүшүн, дүйнөлүк чарбанын тармактарынын өнүгүүсүндө илимий-техникалык прогресстин ролун баалайт
??? Географиялык
??? «Айрым факторлордун жана илимий-техникалык прогресстин өндүрүштүн жайгашуусуна таасири» темасында көйгөйлүү билдирүү даярдайт.
??? Социалдык-экономикалык өнүгүү
1. Мазмундук тилке
2. Компетенттүүлүк
3. Күтүлүүчү натыйжа
4. Кѳрсѳткүчтѳр
Предметтик стандарт жана сабактын планы, алардын байланышы – предметтик компетентүүлүк, мазмундук тилкелер, күтүлүүчү натыйжалар
6 - сессия
Сабакты пландаштыруу: максаты
*…« окутуу натыйжалуу болушу үчүн окуучуларды уюштуруу, мейкиндик, убакыт жана материалдарды камсыз кылуу» ”*
Эки негизги максаттар ...
Окуучулардын класстагы бардык сабактарда кызматташуусуна ѳбѳлгѳ түзүү.
Маанилүү жана продуктивдүү жумушчу чѳйрѳсүн тузүү.
*“Первые Дни Школы”, Вонг.
Сабакты пландаштыруу: Негизги суроолор
Сабактын аягында окуучулар эмнени билип жана жасай алышы керек?
Бул окутууну чакыруу үчүн эмне кылам?
Бул окутууну жеӊилдетүү үчүн окуучулар эмне кылышат?
Бул окутуунун ишке ашкандыгын кантип баалайм?
Баа берүүнүн натыйжасы менен ѳтпѳй калгандар менен кандай иш–аракеттерди кылам?
23
Күтүлүүчү натыйжаларга жетишүү
Мазмундук
тилке
Предметтик компетенттүүлүк
Күтүлүүчү натыйжалар
Кѳрсѳткүчтѳр(индикатор)
Жаӊы стандарттын негизинде сабактын пландары: кайтарым дизайн
Айрым маанилүү сабактарды пландаштырууда кайарым дизайн методу пайдалуу методдордун бири болуп саналат. Мында биринчи кезекте натыйжага ѳзгѳчѳ кѳӊүл бурулат:
Күтүлүүчү натыйжаларды аныктагыла.
Окуучулардын окуп жаткандыгынын далилин аныктагыла.
Иш – аракеттерди аныктагыла ( максатка жетүү үчүн кандай аракет кылуу керек).
Окуу мазмунун (контент) аныктагыла.
Сабактын планын иштеп чыккыла.
Шыктандыруучу билим берүүчү чөйрө
Заманбап шарттарда шыктандыруучу билим берүүчү чөйрө татаал, көп деӊгээлдүү кубулуш катары каралат, ал өзүнө бир нече аспектилерди камтыйт:
материалдык (класстардын жана мектептин абалы);
уюштуруучулук (окуу процесси кантип уюштурулган, класстан тышкаркы ишмердүүлүк);
психологиялык (колдоо жана мотивацияларды түзүү, мугалим жана окуучулар ортосундагы мамилелер, профилдик билим берүүнүн мааниси);
педагогикалык (мугалимдин жана окуучунун деӊгээли);
технологиялык (класстын, мектептин материалдык-техникалык базасы).
Шыктандыруучу физикалык чөйрөнү түзүү:
Физикалык
(мейкиндиктик) чөйрө
канчалык ыӊгайлуу
уюштурулса, ошончолук
инсандын
интеллектуалдык
жана инсандык өнүгүүсүнүн,
анын тарбиялануусунун
деӊгээли,
эмоционалдык
абалынын көрсөткүчтөрү
көз каранды экендигин
изилдөөлөр көрсөтөт.
Шыктандыруучу физикалык чөйрөнү түзүү:
Классты кооздоодо (жасалгалоодо) түстөрдүн окуучулардын психологиялык, физикалык абалына таасирин эске алуу керек.
Бул жерден төмөнкү педагогикалык шарттарга көӊүл буруу керек:
А) окуучулардын курагы;
Б) түстү кабыл алуу мыйзамдары;
В) маани (мазмундук) жүктөм
Шыктандыруучу психологиялык чөйрө түзүү:
Сабактагы психологиялык коопсуздуктун керектүү шарттары болуп:
бири - бирине (мугалим - окуучу, окуучу - окуучу) ишенимдүү мамиле;
сыйлоо жана кунт койгон өз ара мамиле эсептелет.
Коопсуз психологиялык чөйрөнү түзүүдөгү маанилүү принциптер:
өнүктүрүүчү окутууга таянуу;
психологиялык коргоо
жана колдоо;
ой жүгүртүүнүн,
талдоонун жана чечимди кабыл алуунун өз алдынчалуулугун тарбиялоо жана калыптандыруу.
Шыктандыруучу академиялык билим берүүчү чөйрө:
Сабактарда инсанга багытталган окутуу технологияларын пайдалануу менен шыктандыруучу академиялык билим берүүчү чөйрөнү түзүү мүмкүн болот.
Эгер баланы кызыктуу сабак же оюн түрүндө окутса, анда окуган жеӊил болот. Адатта окуучулар окутуунун көнүлсүз (суз), кызыксыз методдорунан тез тажашат жана алар окууга кызыгууну жоготушат.
Өнүктүрүүчү окутуу методдорун пайдалануу менен, силер окутууга кызыгууну пайда кыласыӊар жана баланы көп жана тереӊ шыктандыра аласыӊар.
Шыктандыруучу академиялык билим берүүчү чөйрө:
Окуучулар (мугалимдер) үчүн жеткиликтүү максаттарды коюу жөн гана жакынкы келечекте жетише турган абалды ачык гана көрсөтпөстөн, кийинчерээк жетишкендиктерди ченөөгө жардам берет.
Максаттарды ишке ашыруу окуучуларга канааттануу жана ишенимдүү сезимин пайда кылат жана аларга жаӊы максаттарга жетишүүгө шыктандырат.
Академиялык чөйрөнү түзүүдөгү баалуулуктар:
Окутуунун мааниси
Окутууда демилгелөө, жардам берүү, колдоо
Мактоо жана колдоо
Мугалимдин инсандыгы
Жумушчу окутуу чөйрөсү
Жакшы жумушчу, оптималдуу чөйрө окутууга шарт түзөт.
Ызы-чуу, туура эмес уюштуруу балдардын көнүл буруусун төмөндөтөт жана окутууда кыйынчылыктарды туудурат
Сабактагы академиялык чөйрөнүн эмпирикалык көрсөткүчтөрү Эмпирикалык -тажрыйбанын негизинде практикалык гана ишмердүүлүккө негизделген билимдерЭмоционалдык фондун көрсөткүчү:Вербалдык: окуучулар менен өз ара аракеттенүү процессине оптимистик багыт алууну сөз менен көрсөтүү;Вербалдык эмес: жылуу жылмаюу, күлүү, шашпаган жана позитивдүү тон.
Сабактагы академиялык чөйрөнүн эмпирикалык көрсөткүчтөрү 2. Кызматташууга жөндөмдүүлүктүн көрсөткүчү:Вербалдык: окуучуларга тактоочу суроолор менен кайрылуу(Сен кантип ойлойсуӊ? Бул сага жагабы?), башкалардын оюна жана пикирине кызыгууну билдирүүВербалдык эмес: көӊүл коюп угууну көрсөтүү
Сабактагы академиялык чөйрөнүн эмпирикалык көрсөткүчтөрү 3. Өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугунун көрсөткүчү:Вербалдык: маселелерди чыгаруунун сөз менен тастыкталышы, жыйынтык менен канааттануу; Вербалдык эмес: аткарган иштен анын жыйынтыгын чыгарууда, канааттануу алганды көрсөткөн жандоолор.
Жыныс жана гендер
Жыныс - адамдын биологиялык мүнөздөмөсү
Гендер тигил же бул жыныстын өкүлдөрүнүн белгилүү маданиятта кабыл алган коомдук мүнөздөмөсүнүн жыйындысы катары
Гендердик мүнөздөмөлөр тукум куучулук болуп эсептелбейт же биологиялык шартталган эмес. Алар тарыхый калыптанат, олутуу болуп жаткан саясий жана экономикалык кырдаалдан көз каранды. Мына ошентип, бул мүнөздөмөлөр эмгекти бөлүштүрүү жана салттык жазуулар менен байланышкан коомдо кабыл алынган коомдук ролдордун жыйынтыгы катары көрсөтүлөт (Мисалы, орто кылымдагы, СССР жана азыркы күндөгү аял тууралуу түшүнүктөр).
Укук суроолору
Эркек үчүн дагы, аял үчүн дагы карьераны жана жашоо образын тандоо үчүн, ошондой эле инсандык жана кесипкөлүк өсүү үчүн теӊ укуктар жана мүмкүнчүлүктөр камсыз кылынышы керек.
ЖАШЫРЫЛГАН КУРРИКУЛУМ (СТАНДАРТ)
(ПЛАН ЖАНА ПРОГРАММА)
Жыныстык жана үй-бүлөлүк ролдорго мамиле эмнеден көз каранды?
Инклюзивдик чөйрө
Социалдык адилеттүүлүк теӊчилик түшүнүгү жөнөкөй каралбайт, ал өзүнө төрөлгөн жери, жынысы, расасы, этникасы жана башка адамдын өзүнө көз каранды эмес факторлор менен байланышкан шарттарды жана турмуштук кырдаалдардын болгон көп түрдүүлүгүн камтыйт, мамлекеттин жана башка коомдук институттардын жардамы менен коомдук ресурстарды бөлүштүрүүнү талап кыларын түшүндүрөт.
МЕКТЕПТИК ЧӨЙРӨ
Физикалык чөйрө (дараатканалар, кийим чечүүчү жайлар ж.б.)
Окуу процесси жана ар түрдүү предметтерди окуп - үйрөнүүгө мотивация
Кесипкөйлүк багыт алуу
Социалдык жана психологиялык чөйрө (гендердик стереотиптерди, дискриминацияны жок кылуу, гендердик ролдорду өзгөрүү) окуу ишмердүүлүгү жана класстан тышкаркы иш (өзүн өзү башкаруу, спорт, искусство ж.б.)
Билим берүүчүлүк стандарттар …
Билим берүүчүлүк стандарттар, окуу китептери жана окуу материалдары социалдык, маданияттык нормаларды калыптандырууда жана алдыга жылдырууда чоӊ роль ойнойт. Андыктан, алар гендердик теӊчилик, социалдык инклюзия жана маданият аралык толеранттуулук нормаларын өзүнө камтыган чен-өлчөмдөргө жооп бериши керек.
Чөйрөнү уюштуруунун компоненттери
Окуу ишмердүүлүгү, предмет боюнча мугалимдердин рефлексиясы
Кесипке багыт алуу - ишмердүүлүктүн ар түрдүү түрлөрүн демилгелөө
Класстан тышкаркы иштерди жана коомдук жашоону (коммуникация) уюштуруу
Ой жүгүртүү үчүн суроолор
Мектепте канчалык реалдуу өзүн өзү башкаруу өнүккөн?
Ал жакка эркек балдар жана кыздар кантип тартылышат?
Анда ар түрдүү кружоктор жана секциялар барбы?
Ар башка этникадагы же ар түрдүү жыныстагы балдар үчүн бул секция жана кружоктор жеткиликтүүбү?
Мектепте өзүнүн көйгөйүн же көйгөйлүү кырдаалды коркпой келип жана талкуулай турган адам же орган барбы?
Күтүлүүчү натыйжалар:
катышуучулар сессиянын аягында:
шыктандыруучу билим берүүчү чөйрөнү түзүү үчүн талаптар тууралуу билишет;
сабактын планын ишке ашыруу үчүн керектүү убакытты жана ресурстарды көрсөтө алышат.
Сессия 6.1. Практикалык сессия
Сессия 6.1 Практикалык сессия1-кадам
Тренер тѳмѳнкүдѳй нускама берет:
7 - сессия
Метод – «окуучулардын таанып билүүчүлүк жана практикалык ишмердүүлүгүн, алар тарабынан билим берүүнүн мазмунун ѳздѳштүрүүсүн уюштурган мугалимдин максаттуу багытталган аракеттери жана … окутуунун максаттарына жетишүүсү» (Я.И. Лернер и М.Н. Скаткин).
Ыкма – бул конкреттүү ишмердүүлүк, сабактын бир үзүндүсү.
Стратегия – белгилүү план боюнча, белгилүү иреттүүлүктѳ, белгилүү максатка жетишүү үчүн мугалим жана окуучулар тарабынан пайдаланган окуу материал менен иштѳѳ ыкмаларынын системасы. Мугалим жана окуучунун аракеттеринин так планы.
Материалы на данной страницы взяты из открытых источников либо размещены пользователем в соответствии с договором-офертой сайта. Вы можете сообщить о нарушении.